Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 202 токтому менен бекитилген |
Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 544, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 333, 2022-жылдын 30-декабрындагы № 724, 2023-жылдын 11-мартындагы № 139, 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 579 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын (мындан ары - ИИО) жол кыймылынын коопсуздугу бөлүктөрү жана транспорт чөйрөсүндөгү транспорттук контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ТКЫО) үчүн төмөнкүдөй бирдиктүү тартипти аныктайт:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо жана аларды адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруу;
- транспорт каражатын мажбурлап эвакуация кылгандан кийин аны кайра берүү;
- айдоочу тарабынан транспорт каражатын токтотуу эрежелери бузулган учурларда ошондой эле Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен өтүү үчүн транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлеринин белгиленген жол берилген ченемдери сакталбаган (ашкан) жана чет өлкөлүк ташуучу тарабынан эл аралык автомобилдик ташуулар уруксатсыз же Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүү үчүн атайын уруксатсыз же болбосо ташуунун түрүнө шайкеш келбеген уруксат менен жүзөгө ашырылган учурларда транспорт каражатынын дөңгөлөктөрүн блокиратордун же жабдыктын башка түрлөрүнүн жардамы менен матоо;
- транспорт каражатынын дөңгөлөгүнөн матоону алуу;
- транспорт каражаттарын сактоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 333, 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
- транспорт каражатынын дөңгөлөгүнөн матоону алуу;
- транспорт каражаттарын сактоо.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
- дөңгөлөктүн блокиратору - бул транспорт каражатынын андан ары кыймылын (дөңгөлөктүн айлануусун) болтурбоо үчүн дөңгөлөгүнө орнотулуучу атайын матоочу түзүлүш. Блокиратор катары дөңгөлөктүн айланышына же транспорт каражатынын кыймылга келишине тоскоолдук кылуучу жабдыктардын башка түрлөрү да колдонулушу мүмкүн (руль дөңгөлөктүн айланышын матоочу, эшиктердин ачылышына, кыймылдаткычтын иштешине ж.б. тоскоолдук кылуучу жабдыктар);
- мажбурлап эвакуациялоо - транспорт каражатын укук бузуу жасалган жерден же жол-транспорт кырсыгы болгон жерден адистештирилген токтотуучу жайга мажбурлап алып баруу;
- дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу - транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181-беренеси, 188-беренесинин 1-бөлүгү, 563-беренесинин 1-бөлүгү, 200-беренесинин 5-бөлүгү менен жоопкерчилик каралган эрежелер жана талаптар бузулган учурларда транспорт каражатынын жүрүү мүмкүндүгүнө (дөңгөлөктүн айланышына) бөгөт коюучу техникалык каражаттарды мажбурлап орнотуу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 544, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 333, 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн мамлекеттик ишканасы тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 724 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен өтүү үчүн транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлеринин белгиленген жол берилген ченемдерин сактабоо (ашыруу) жана чет өлкөлүк ташуучу тарабынан эл аралык автомобилдик ташууларды уруксатсыз же Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүү үчүн атайын уруксатсыз же болбосо ташуунун түрүнө шайкеш келбеген уруксат менен жүзөгө ашыруу үчүн транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо ТКЫОго же башка уюмдарга (жеке жактарга) таандык болгон эвакуациялоо каражаттарын пайдалануу менен ишке ашырылат.
Уюмдарга (жеке жактарга) мажбурлап эвакуациялоо жол-жобосуна жол берүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ачык конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча ТКЫО менен уюмдардын (жеке жактардын) ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 724, 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоодо менчик ээсине "Төлөм" укуктук порталына жана/же ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тиешелүү сайттарына маалыматтарды жайгаштыруу жолу менен транспорт каражатынын турган жери жөнүндө кабарланат.
Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо тууралуу укук бузуулар жөнүндө протоколдо тиешелүү белги коюлат жана бул тууралуу Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин Автоматташтырылган маалыматтык системасына (АМС) маалыматтар киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Мажбурлап эвакуациялоо учурунда, адистештирилген токтотуучу жайда турган учурда транспорт каражатына келтирилген зыян, анын сакталышы үчүн мажбурлап эвакуациялоону ишке ашырган, адистештирилген токтотуучу жайда транспорт каражатын сактаган юридикалык жактар (жеке адамдар), ИИО, ТКЫО кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана/же тартиптик эрежелерге ылайык жооп беришет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 333, 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана аны адистештирилген токтотуучу жайга жеткирүү
6. Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо жөнүндө чечимди укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүү жана иштерди кароо, ошондой эле аларга берилген ыйгарым укуктардын чегинде жаза колдонуу боюнча ыйгарым укуктарга ээ болгон ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүктөрүнүн жана ТКЫОнун кызмат адамдары кабыл алат.
Транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайга мажбурлап эвакуациялоо айдоочунун Жол кыймылынын эрежелеринин 12.4. "Транспорт каражаттарды токтоого жана токтоп турууга тыюу салынат" жана/же 12.5. "Транспорт каражаттарына токтоп турууга тыюу салынат" пункттарында каралган талаптарды бузган учурда ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүктөрүнүн кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ошондой эле транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайга мажбурлап эвакуациялоо төмөнкү учурларда ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүктөрүнүн кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат:
- транспорт каражаты Жол кыймылынын эрежелеринин 8.17 "Майыптар" жол белгиси жана/же 1.24.3 жол чийини менен белгиленген жерлерде токтоп турганда, токтогондо (парковкалоодо), эгерде бул транспорт каражатынын тиешелүү таануучу белгиси жок болсо;
- транспорт каражаты Жол кыймылынын эрежелеринин 5.11 "Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкеси бар жол" жана/же 5.14 "Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилке" жол белгилери менен белгиленген жерлерде токтоп турганда, токтогондо (парковкалоодо);
- транспорт каражаты Жол кыймылынын эрежелеринин 8.24 "Эвакуатор иштеп жагат" жол белгиси менен белгиленген жерлерде токтоп турганда, токтогондо (парковкалоодо);
- транспорт каражаты тротуарларда, жөө жүрүүчүлөр, велосипед же веложөө жүрүүчүлөр үчүн жолдордо же газондордо (жол жээгиндеги бак-дарактарда) токтоп турганда, токтогондо (парковкалоодо);
- жол-транспорт кырсыктарында;
- издөөдө же камакта жүргөн транспорт каражаттары аныкталганда.
Транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайга мажбурлап эвакуациялоо төмөнкү учурларда ТКЫОнун кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен өтүү үчүн транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлеринин жол берилген аныкталган ченемдерин сактабоо (ашыруу);
- чет өлкөлүк ташуучу тарабынан эл аралык автомобилдик ташууларды уруксатсыз же Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүү үчүн атайын уруксатсыз же болбосо ташуунун түрүнө шайкеш келбеген уруксат менен жүзөгө ашыруу.
Транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайга мажбурлап эвакуациялоо ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүктөрүнүн жана ТКЫОнун кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 21-главасында каралган укук бузуулар жасалган учурда 30 эсептик көрсөткүчтөн ашкан айып пулду 563-беренесинин 1-бөлүгү менен белгиленген төлөө мөөнөтүн бузгандыгы үчүн жүзөгө ашырылат.
Эгерде транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун себеби адистештирилген токтотуучу жайга жеткирилүүчү транспорт каражаты жүрүп баштаганга чейин жоюлган учурда (айдоочунун келиши, документтерди көрсөтүшү), транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо, ошол транспорт каражатын башкаруучу адамдын катышуусунда кармалган жеринде токтотулат.
Төмөнкү учурларда мажбурлап эвакуациялоого тыюу салынат:
- жүргүнчүсү (жүргүнчүлөрү) бар транспорт каражатын;
- кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткарып жаткан көк жана сары түстөгү белги берүүчү маягы күйгүзүлгөн ыкчам жана атайы кызматтардын транспорт каражаттарын.
Эскертүү. Өзгөчө учурларда (мамлекеттик коргоого алынган адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келгенде, мамлекеттик күзөт объекттеринин жүрүүсүнө тоскоолдуктарды түзгөндө жана жолтоо болгондо) мамлекеттик күзөт объекттеринин, расмий делегациялардын жана эл аралык маанидеги делегациялардын башчыларынын коопсуздугун талаптагыдай камсыз кылуу максатында автотранспорт каражаттары менен коштоо (эскорттоо) учурунда, маршруттагы жана коомдук жайлардагы транспорт каражаттары айдоочусу жок учурда башка жерге жылдырылышы мүмкүн.
Мындай учурларда, транспорт каражатын айдоочусу жок болгондо башка жерге жылдыруу чечимин кабыл алган адам бул тууралуу маалыматты дароо "102" кызматына жана ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча аймактык бөлүгүнүн нөөмөт бөлүмүнө кабарлайт, алар өз кезегинде жеке (юридикалык) жактардын жазуу же оозеки (телефон) түрүндөгү кайрылуусу боюнча жылдырылган транспорт каражаты жана анын турган жери жөнүндө маалымат беришет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 , 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 579 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоодо ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн жана ТКЫОнун кызматкери тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 512-беренесинин талаптарын сактоо менен транспорт каражатына тышкы кароо жүргүзүлөт, бул тууралуу протокол түзүлөт, ошондой эле транспорт каражатын фотого же видеого тартып, анын материалдары укук бузуулар жөнүндө ишке тиркелет, бул тууралуу протоколго белги коюлат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 333, 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакциясына ылайык)
8. Транспорт каражатын кароо протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- транспорт каражатына кароо жүргүзүлгөн, транспорт каражатын кароо протоколу толтурулган күн, убактысы жана орду;
- ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн жана ТКЫОнун кызматкеринин кызмат орду, фамилиясы, атасынын аты (эгер бар болсо), ошондой эле төш белгисинин жана кызматтык күбөлүгүнүн номери;
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)
- транспорт каражаты мажбурлап эвакуацияланган жер (дареги);
- транспорт каражатынын тиби, маркасы, үлгүсү, мамлекеттик каттоо номери (бар болсо);
- сырткы кароонун жыйынтыгы, анын ичинде транспорт каражатынын көрүнөө кемтиктеринин же бузуктарынын тизмеги;
- транспорт каражатын фотого жана/же видеого тарткан материалдар бар экендиги тууралуу маалымат;
- транспорт каражатына сырткы кароо жүргүзүүдө башка адамдар тарабынан айтылган сөздөр (эгер бар болсо);
- эвакуациялоочу каражат таандык болгон уюмдун аталышы (жеке адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялаган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо);
- транспорт каражаты жеткирилүүчү адистештирилген токтоочу жайдын аталышы жана дареги, транспорт каражатын сактоого кабыл алган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо).
Протоколго ушул пункттун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн адам кол коёт.
9. Кароо протоколу үч нускада толтурулат, толтурулат, биринчиси - протоколду түзүп жана транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялаган адамда, экинчиси - адистештирилген токтотуучу жайда калат, үчүнчүсү - транспорт каражатынын менчик ээсине (ээлик кылуучуга) же ал ыйгарым укук берген адамга ИИО жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу тийиштүү органына жана ТКЫОго кайрылганда берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 333 , 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 579 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Адистештирилген токтотуучу жайда турган, мажбурлап эвакуацияланып келген транспорт каражатына анын менчик ээсинин (ээлик кылуучунун) же ал ыйгарым укук берген адамдын кирүү мүмкүнчүлүгү ИИО жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн жана ТКЫОнун кызматкеринин жазуу түрүндөгү уруксатынын негизинде аны кайтарган кызматкердин катышуусунда берилет, ал эми адамдар каза болгон же жаракат алган жол-транспорт кырсыгы болгон учурда эвакуацияланган транспорт каражатына - тергөө органдарынын уруксатынын негизинде берилет.
Транспорт каражатын кайтаруучу кызматкер кимдир бирөөлөр адистештирилген токтотуучу жайдагы транспорт каражатына жазуу жүзүндөгү тиешелүү уруксаты жок кирүүгө аракет жасаган учурда бул тууралуу аймактык ИИОго дароо билдирүүгө милдеттүү жана ИИОнун кызматкерлери келгенче транспорт каражатына жибербөөгө (тыюу салууга) милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 544, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 333, 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Адистештирилген токтотуучу жайга мажбурлап эвакуацияланган транспорт каражаты менчик ээсине (ээлик кылуучуга) же ал ыйгарым укук берген адамга укук бузуулар жөнүндө иш боюнча чечим чыгарылгандан, транспорт каражатына болгон чектөөлөр (камак же издөө) алынып салынгандан, мурда салынган өндүрүлбөгөн айыптар жана аларга эсептелген туумдар (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-180, 182-200-беренелеринде каралган укук бузуулардан тышкары) боюнча сумма өндүрүлгөндөн, ошондой эле транспорт каражатын жайгаштырууга жана сактоого байланышкан чыгымдар төлөнгөндөн кийин, ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн жана ТКЫОнун кызматкеринин жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде кайтарып берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 , 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 579 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Транспорт каражатын анын менчик ээси (ээлик кылуучу) же ал ыйгарым укук берген адам алаарда транспорт каражатын кайтарган кызматкерге төмөнкүлөрдү көрсөтүүсү керек:
- ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн жана ТКЫОнун кызматкеринин жазуу жүзүндөгү уруксатын, ал эми транспорт каражаты адамдар каза болгон жана/же жаракат алган жол-транспорт кырсыгы болгон жерден эвакуацияланган учурда, - тергөө органдарынын уруксатын;
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)
- транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү;
- транспорт каражатын алууга уруксаты бар адамдын ким экендигин тастыктаган документти.
Ушул пункттун экинчи-төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн документтердин бири эле жок болсо транспорт каражаты кайта берилбейт.
13. Транспорт каражатын кайтарган кызматкер транспорт каражатын алганга келген адам алкоголдук мас абалда, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, ошого окшош мас кылуучу же маң кылуучу заттарды пайдаланган абалда деп эсептесе, бул тууралуу аймактык ИИОго билдирүүгө, ал эми ИИОнун кызматкерлери келгиче транспорт каражатын бербей турууга милдеттүү, алар адистештирилген токтотуучу жайга келгенден кийин ИИОнун келген кызматкерлеринин жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсү боюнча иш-аракет кылууга милдеттүү.
14. Транспорт каражатынын менчик ээси (ээлик кылуучу) же анын ыйгарым укуктуу адамы транспорт каражатын алып жатканда транспорт каражатынын тышкы кароо протоколуна кол коёт.
Транспорт каражатын берип жатканда менчик ээсинин (ээлик кылуучунун) же анын ыйгарым укуктуу адамынын талабы болгон учурда транспорт каражатына тышкы кароо жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы боюнча акт түзүлөт. Актыда тышкы кароо жүргүзүү үчүн негиздер, ошондой эле транспорт каражатында көрүнүп турган кемтиктердин же бузуктардын тизмеги чагылдырылат. Акт эки нускада түзүлүп, транспорт каражатынын менчик ээси (ээлик кылуучу) же анын ыйгарым укуктуу адамы жана транспорт каражатын кайтарууну ишке ашырган кызматкер тарабынан кол коюлат.
15. Мажбурлап эвакуациялоо жана эвакуацияланган транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайда сактоо боюнча иштердин (кызматтардын) акысы белгиленген тартипте бекитилген жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы менен макулдашылган тариф боюнча накталай жана/же накталай эмес формада төлөнөт.
Тарифтерди эсептөө методикасын ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы жана ТКЫО Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен биргеликте белгиленген тартипте бекитет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Транспорт каражатынын дөңгөлөгүнө блокировка коюу
16. ИИОнун кызматкери Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде, Жол кыймылынын эрежелеринде жана ушул Эрежелерде белгиленген учурларда, эгерде айдоочу транспорт каражатында же транспорт каражатына жакын жерде жок болсо транспорт каражатынын дөңгөлөгүнө блокировка же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонууга укуктуу.
Эгерде айдоочу ИИОнун кызматкеринин укук бузууларды токтотуу (бөгөт коюу) жөнүндөгү мыйзамдуу талабынан баш тарткан жана укук бузуулар жөнүндө протокол түзүү үчүн өздүгүн тастыктоого тоскоолдук жараткан (айдоочу транспорт каражатында бекинип жана тиешелүү документтерди текшерүүгө берүүдөн баш тарткан) учурларда, ИИОнун кызматкери транспорт каражатынын дөңгөлөгүнө блокировка же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонууга укуктуу.
ТКЫОнун кызматкери Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен өтүү үчүн транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлеринин жол берилген аныкталган ченемдери сакталбаган (ашкан) жана чет өлкөлүк ташуучу тарабынан эл аралык автомобилдик ташуулар уруксатсыз же Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүү үчүн атайын уруксатсыз же болбосо ташуунун түрүнө шайкеш келбеген уруксат менен жүзөгө ашырылган учурларда транспорт каражатынын дөңгөлөгүнө блокировка колдонот.
Транспорт каражатынын дөңгөлөгүнө блокировка же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу тууралуу укук бузуулар жөнүндө протоколдо тиешелүү белги коюлат жана бул тууралуу Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин Автоматташтырылган маалыматтык системасына (АМС) маалыматтар киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Блокировкалоого коюуга транспорт каражатынын айдоочу тарабындагы алдыңкы дөңгөлөгү алынат, ал эми ага блокировка коюуга мүмкүн болбосо - транспорт каражатынын ыңгайлуу оңой болгон каалаган дөңгөлөгүнө блокировка коюлат. Мында анын менчик ээсине (ээлик кылуучуга) блокировка колдонулганы тууралуу маалымат берүүчү маркировканы коюу боюнча чара көрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 544 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Транспорт каражатынын дөңгөлөгүнө блокировка коюлганы жөнүндө ИИОнун кызматкери "102" кызматына жана ИИОнун жол кыймылынын коопсуздук бөлүгүнүн администрациялык укук бузуу жасалган жердеги аймактык ыкчам-нөөмөт бөлүгүнө дароо билдирет.
ТКЫОнун кызматкери транспорт каражатынын дөңгөлөгүн блоктоо колдонулгандыгы жөнүндө бузуу жасалган жердеги ТКЫОнун аймактык түзүмдүк бөлүмүнө дароо маалымдайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 544, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 333, 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
19. Дөңгөлөккө блокировка коюучу техникалык каражаттын, ошондой эле аны орнотууда транспорт каражатынын бузулгандыгына байланышкан зыян Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өндүрүлөт.
20. Транспорт каражатынын дөңгөлөгүнөн блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн алуу транспорт каражатынын менчик ээсинин (ээлик кылуучунун) же ал ыйгарым укук берген адамдын катышуусунда, ИИОнун кызматкери тарабынан укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөндөн жана төмөндөгү документтер көрсөтүлгөндөн кийин ишке ашырылат:
- тийиштүү категориядагы механикалык транспорттук каражатты башкаруу укугун берген айдоочулук күбөлүк (тийиштүү категориядагы тракторист-машинисттин күбөлүгү) же анын ордун алмаштыруучу документ;
- ошол транспорт каражатынын катталгандыгы тууралуу, ал эми чиркегичи болсо, чиркегичке тийиштүү документ (техникалык паспорт, техникалык талон).
Транспорт каражатынын дөңгөлөгүнөн блоктоо ТКЫОнун кызматкери тарабынан аны колдонуу үчүн негиз болгон бардык себептер жоюлгандан кийин алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 544, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 333, 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Чыгымдарды төлөөнүн жана өндүрүп алуунун тартиби
21. Эвакуацияланган транспорт каражатын адистештирилген транспорт токтотуучу жайда cактоонун чыгымын төлөө ар бир толук саат үчүн төлөнөт. Транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайга койгон убакыт транспорт каражатын жайгаштыруу үчүн түзүлгөн өткөрүп алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 544 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Мажбурлап эвакуацияланган транспорт каражатын адистештирилген транспорт токтотуучу жайга алып келүүнүн жана сактоонун чыгымдарын төлөөнүн өлчөмү, ошондой эле ал чыгымдарды төлөөгө акча каражаттары которулуучу эсептин реквизиттери тууралуу маалымат ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин расмий сайтында, Интернеттин маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында, ошондой эле адистештирилген токтотуучу жайлардагы маалымат такталарына жарыяланат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Эгерде транспорт каражаты адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштырылган учурдан тартып бир айдан ашык убакыттын ичинде анын менчик ээси (ээлик кылуучу) же ал ыйгарым укук берген адам тарабынан талап кылынбаса, адистештирилген уюм (адистештирилген токтотуучу жайдын ээси) кызмат адамынан алынган укук бузуулар жөнүндө протоколдун көчүрмөсүндө көрсөтүлгөн транспорт каражатынын менчик ээсине транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайдан алып кетүү жана транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайга алып келүүгө жана (же) мажбурлап эвакуацияланган транспорт каражатын сактоого кетирилген чыгымдарды төлөө талабы менен кайрылууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Транспорт каражатынын менчик ээси (ээлик кылуучу) же анын ыйгарым укуктуу адамы транспорт каражатын алып кетүү жана транспорт каражатын адистештирилген транспорт токтотуучу жайга алып келүүгө жана сактоого кеткен чыгымдарды төлөө жөнүндө талапты аткарбаган учурда, кеткен чыгымдар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте өндүрүлөт.
25. Укук бузуунун окуясынын жана/же курамынын жоктугуна байланыштуу укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш кыскартылган учурда транспорт каражатын эвакуациялоо жана сактоо үчүн төлөм катарында берилген акча каражатын кайтарып алуу үчүн транспорт каражатынын менчик ээси (ээлик кылуучу) же ал ыйгарым укук берген адам ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнө жана ТКЫОго тийиштүү арызы (мындан ары - арыз) менен кайрылат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
- арыз ээсинин аты-жөнү;
- мажбурлап эвакуацияланган транспорт каражатынын маркасы жана мамлекеттик каттоо номеринин белгиси;
- мажбурлап эвакуацияланган транспорт каражатын эвакуациялоо жана сактоо үчүн акы катарында берилген акча каражатын кайра берүү үчүн арыз ээсинин банктык эсебинин реквизиттери;
- арыз ээси менен байланышуу ыкмасы (почталык дареги жана (же) электрондук почтасынын дареги, телефон номери көрсөтүлөт).
Транспорт каражатынын мажбурлап эвакуациялоо тууралуу ыйгарым укуктуу адамдардын мыйзамсыз чечиминен жеке же юридикалык жакка келтирилген зыян Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамында белгиленген тартипте төлөнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Арызга паспорттун же арыздануучунун ким экендигин күбөлөндүргөн башка документтин көчүрмөсү, арызда көрсөтүлгөн транспорт каражатына менчик (ээлик кылуу) укугун тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү же бул транспорт каражатын башкаруу үчүн зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрү, ошондой эле ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн жана ТКЫОнун кызмат адамы тарабыңан чыгарылган транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоого алып келген укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн кыскартылышы тууралуу токтом, арызга мындай токтомдун көчүрмөсү тиркелет.
Эгерде арыздануучу арызда көрсөтүлгөн транспорт каражатын башкаруу үчүн зарыл болгон документтери жок менчик ээсинин өкүлү болсо, мындай адам тарабынан арыз берүүгө укук берген ишеним каттын көчүрмөсү кошумча тапшырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 544, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 333, 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
27. Укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө токтом жоюлган учурда, арызга мындай чечимдин көчүрмөсү тиркелет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 544, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Адистештирилген токтотуучу жайга болгон жалпы талаптар
28. Адистештирилген токтотуучу жайлар "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 597 "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын куруунун, жер пайдалануунун жана абатташтыруунун типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомунун, ошондой эле ушул Эреженин талаптарына ылайык болушу керек.
29. Адистештирилген токтотуучу жай төмөндөгүлөрдү камсыз кылышы керек:
- транспорт каражаттарын коопсуз сактоо мүмкүнчүлүгүн;
- адистештирилген транспорт токтотуучу жайга транспорт каражаттарын алып келүү үчүн колдонулган адистештирилген техниканын жардамы менен транспорт каражаттарын адистештирилген транспорт токтотуучу жайдын аймагына жүктөп келүү жана түшүрүү мүмкүнчүлүгүн.
30. Адистештирилген транспорт токтотуучу жай төмөнкүлөр менен жабдылууга тийиш:
- транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоого алып келген укук бузуу жасаган адамдар, ошондой эле адистештирилген токтоочу жайга киргизилген транспорт каражаттарынын ээлери, ээлеринин өкүлдөрү же болбосо ушул транспорт каражаттарын башкаруу үчүн зарыл болгон документтери бар адамдар тарабынан эвакуацияланган транспорт каражаттарын адистештирилген токтоочу жайга жеткирүү жана сактоо боюнча чыгымдарга акча каражат которуу үчүн контролдук-кассалык техника менен;
- тейлөөчү персонал, күзөт үчүн бөлмө, башка адамдардын кирүүсүнө мүмкүндүк бербей турган тосмо, жасалма жарык берүү менен;
- даараткана, таштанды салуу үчүн контейнерлер менен;
- анын аймагын толугу менен көрсөтө турган байкоо камералары менен.
Мында байкоо камераларына жазылгандарды сактоо мөөнөтү 3 айдан кем болбошу керек.
Адистештирилген транспорт токтотуучу жайдагы унаалардын ордулары белгиленип, номер коюлууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Адистештирилген транспорт токтотуучу жайдын аймагында жайгашкан жана күзөт постторун жайгаштырууга, келгендерди кабыл алууга, документтерди тариздөө жана төлөө үчүн арналган имараттар жана жайлар (анын ичинде убактылуу жана тиричилик үчүн жайлар) телефондук байланыш, милицияны шашылыш чакыруу кнопкасы менен камсыздалып, өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттарынын ченемдик саны менен камсыздалышы, жасалма жарык берүүнүн болушу зарыл. Күзөттү жайгаштыруу үчүн бөлмө зарыл жабдуулар жана нөөмөттү камсыз кылуу үчүн инвентарь менен, анын ичинде баардык байкоо камераларынан видео жазмаларды көрүү максатында мониторинг тутуму менен жабдылат.
32. Адистештирилген токтотуучу жайда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- аймагына башка адамдарды киргизүүгө;
- автомобилдердин ордунун санынан ашкан санда транспорт каражаттарын жайгаштырууга, аларды жайгаштыруу планын бузууга, автомобилдердин ортосундагы аралыкты кыскартууга.
- чыга турган дарбазаларды жана өтүүчү жерлерди тосууга;
- оңдоп-түзөө, темир, ысытуу, ширетүү, сырдоо иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдарды жана тез күйүүчү суюктуктарды сактоого;
- транспорт каражаттарынын күйүүчү багынын оозун ачык калтырууга;
- аккумуляторлорду тышкы электр берүүчү түзүлүштөр менен заряддоого;
- кыймылдаткычты от (костер, факел, куйкалоочу лампа) менен жылытууга, жарык кылуу үчүн оттун ачык жалынын пайдаланууга;
- транспорт өрткө каршы гидранттардын кудугунун капкагына токтотууга.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 544 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кармалган транспорт каражаттарын эсепке алуунун тартиби
33. Мажбурлап эвакуацияланган транспорт каражаттарын эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгилеген тартипте ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 333, 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
34. Бланктык продукциянын жана каттоо документтеринин формаларын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгилейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 333, 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакцияларына ылайык)