Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-апрели № 202
Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 544, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 333, 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 544 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу эрежелери жөнүндө калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу боюнча иштерди ушул токтомго ылайык уюштурсун;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 333, 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 25-апрелинде № 49-50 жарыяланды
Премьер-министри |
| С. Жээнбеков |