Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 290 токтомуна) |
Жарандык жана кызматтык куралды алууга биринчи жолу уруксат алган же эгерде спорт менен машыгуу же кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн курал алууга уруксат талап кылынган адамдарды окутуу ПРОГРАММАСЫ
1. Бул Программа жарандык жана кызматтык куралды алууга биринчи жолу уруксат алган же эгерде спорт менен машыгуу же кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн аларга курал алууга уруксат талап кылынган адамдардын куралды коопсуз пайдалануунун эрежелерин, куралды коопсуз пайдалануунун көндүмдөрүнө ээ болууну окутуп үйрөтүүгө, ошондой эле жарандарды куралды колдонуу маданияты менен тааныштырууга багытталган.
2. Бул Программа Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кызматтык куралды алып жүрүүгө жана сактоого укук берилген аскер кызматчыларына жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерине жайылтылбайт.
3. Ушул Программанын 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды окутуу ушул Программа боюнча адистештирилген билим берүү уюмдарында жүргүзүлөт. Куралдын ар бир түрүн (сайсыз, сайлуу) окутуу өзүнчө өткөрүлөт.
4. Окуу планы - ар бир окуй турган адам аткара турган документ. Анда көрсөтүлгөн сабактардын тизмеги, ар бир сабакты окууга бөлүнгөн сааттардын жалпы саны, ошондой эле зачет тапшырууга киргизилген темалар кыскартылбайт. Окуу планы ушул Программанын 1 жана 2-тиркемелерине ылайык адистештирилген билим берүү уюмдарынын жетекчилери тарабынан бекитилет.
5. Куралды алууга талапкерге куралга ээ болууга каршы келүүлөр жок экендиги тууралуу медициналык корутундунун көчүрмөсү, соттолбогондугу жөнүндө маалымкат, паспорттун көчүрмөсү болгондо окутуу жүргүзүлөт (бул документтерди сактоо мөөнөтү - 10 жыл).
6. Окуу саатынын узактыгы: жыйынтык чыгарууга, документти тариздөөгө кеткен убакытты кошкондо теориялык сабактар (лекциялар, семинарлар, топтук сабактар) - 45 мүнөт, практикалык сабак өтүүдө - 45 мүнөт.
7. Сабакка катышууну, жетишүүнү жана өтүлгөн темаларды эсепке алуу нускоочу тарабынан сабактарды эсепке алуу журналына жүргүзүлөт.
8. "Теориялык даярдык" сабагы жогорку юридикалык билимге ээ болгон нускоочу тарабынан жүргүзүлөт.
9. "Практикалык даярдык" боюнча сабактар куралдар менен иштөөгө уруксаты бар жана практикалык тажрыйбага ээ нускоочу тарабынан жүргүзүлөт.
10. Ок атууга даярдык боюнча практикалык сабактар ок атуучу тирлерде (ок атуучу жайларда) жана стенддерде гана жүргүзүлөт.
11. Куралдын түзүлүшүн үйрөнүү анын материалдык бөлүгүн макеттерде, стенддерде, плакаттарда көрсөтүү, окуу фильмдерин көрүү, ошондой эле окутуунун ар кандай техникалык каражаттарын колдонуу менен коштолот.
12. Белгиленген билим берүү темалары боюнча окуган адам төмөнкүлөрдү билүүсү боюнча зачет тапшырат:
1) теориялык даярдык боюнча:
- "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизги түшүнүктөрү;
- жарандык жана кызматтык куралдардын жана алардын патрондорунун түрлөрү;
- жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун сатып алууга, сактоого, алып жүрүүгө жана ташууга уруксат берүүчү документтерди алуунун тартиби;
- куралдарды жана патрондорду сатуунун эрежелери;
- куралдарды колдонуунун негиздери, шарттары жана тартиби;
- куралды колдонгондон кийинки аракеттер;
- курал жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жаза чараларынын, жазалардын түрлөрү жана аны бузгандыгы үчүн жоопкерчилик;
- зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчилик,
- куралды коопсуз пайдалануунун эрежелери;
2) практикалык бөлүк боюнча:
- куралды жана патрондорду алып жүрүүдө, сактоодо, колдонууда, пайдаланууда жана ташууда аларды коопсуз пайдалануу;
- куралдан ок атууда токтоп калуусун жоюу;
- куралды октоо, мээлөө жана андан ок чыгарып атуу.
|
| Жарандык жана кызматтык куралды алууга биринчи жолу уруксат алган же эгерде спорт менен машыгуу же кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн аларга курал алууга уруксат талап кылынган адамдарды окутуу программасына 1-тиркеме |
Жарандык куралды алууга биринчи жолу уруксат алган адамдарды окутуунун ОКУУ ПЛАНЫ
№ | Темасы | Лекция, сааты | Практика, сааты | Жалпы сааты |
1 | "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизги түшүнүктөрү | 1 |
| 1 |
2 | Сайлуу куралдын тактикалык-техникалык мүнөздөмөсү | 1 | 1 | 2 |
3 | Сайсыз куралдын жана кыйратуусу чектелген куралдын тактикалык-техникалык мүнөздөмөсү | 1 | 1 | 2 |
4 | Баллистика | 2 |
| 2 |
5 | Ок атуучу куралды сактоонун, алып жүрүүнүн, ташуунун тартиби | 1 | 1 | 2 |
6 | Куралды сактоонун, алып жүрүүнүн, ташуунун жана каттоонун (кайра каттоонун) тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик | 1 |
| 1 |
7 | Ок атуучу куралды колдонуунун эрежелери жана тартиби | 1 |
| 1 |
8 | Зарыл болгон коргонууда, өтө зарылчылык болгон учурда ок атуучу куралды колдонуунун негиздери | 2 |
| 2 |
9 | Ок атуучу куралдан жаракат алганда алгачкы медициналык жардам көрсөтүү | 1 |
| 1 |
10 | Практикалык сабак (ок атуу) |
| 1 | 1 |
11 | Зачет кабыл алуу | Убакыт жалпы окуу программасынын убактысына кирет | ||
| Жалпы: | 11 | 4 | 15 |
|
| Жарандык жана кызматтык куралды алууга биринчи жолу уруксат алган же эгерде спорт менен машыгуу же кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн аларга курал алууга уруксат талап кылынган адамдарды окутуу программасына 2-тиркеме |
Кызматтык куралды алууга биринчи жолу уруксат алган (уруксат) адамды окутуунун ОКУУ ПЛАНЫ
№ | Темасы | Лекция, сааты | Практика, сааты | Жалпы сааты |
1 | "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизги түшүнүктөрү | 1 |
| 1 |
2 | Ок атуунун негиздери. Баллистика | 2 |
| 2 |
3 | Куралды колдонуунун укуктук негиздери жана тартиби | 4 |
| 4 |
4 | Сайлуу, пневматикалык, сайсыз, кыйратуусу чектелген, газ жана электр куралдарынын арналышы, күжүрмөн касиети, түзүлүшү | 2 |
| 2 |
5 | Ок атуучу (сайлуу, сайсыз, газ, пневматикалык жана кыйратуусу чектелген курал) куралдардын материалдык бөлүктөрү | 1 | 1 | 2 |
6 | Ок атууда куралды колдонуудагы коопсуздук эрежелери | 1 | 1 | 2 |
7 | Куралдан ок атуунун ыкмалары жана эрежелери | 1 | 1 | 2 |
8 | Сайлуу, сайсыз, газ, пневматикалык жана кыйратуусу чектелген куралдарды колдонуудагы коопсуздук чаралары | 1 | 1 | 2 |
9 | Тапанчадан, револьверден, карабинден, винтовкадан, мылтыктан жана электршок түзүлүшү менен ок атуу үчүн көнүгүүлөрдү аткаруунун тартиби | 1 | 1 | 2 |
10 | Ок атуучу куралдан жаракат алганда алгачкы медициналык жардам көрсөтүү | 1 | 1 | 2 |
11 | Куралды сактоонун, алып жүрүүнүн, ташуунун жана каттоонун (кайра каттоонун) тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик | 1 |
| 1 |
12 | Зарыл болгон коргонууда, өтө зарылчылык болгон учурда же кылмыш жасаган адамды кармоодо ок атуучу куралды колдонуунун негиздери | 2 |
| 2 |
13 | Практикалык сабак (ок атуу) |
| 1 | 1 |
14 | Зачет кабыл алуу | Убакыт жалпы окуу программасынын убактысына кирет | ||
| Жалпы: | 18 | 7 | 25 |