Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 830 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-июлу № 371
Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан каржылануучу долбоорлорду даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
Мамлекеттик инвестициялардын жана техникалык жардамдын алкагында ишке ашырылуучу, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан каржылануучу долбоорлордун кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу мамлекеттик инвестициялардын жана техникалык жардамдын алкагында ишке ашырылуучу, эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан каржылануучу долбоорлорду даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жогоруда аталган кызматкерлердин кызматтык маянасына төмөнкүдөй үстөктөр белгиленсин:
1) даярдоодо же ишке ашырууда:
- эки долбоор үчүн - 15 пайыз өлчөмүндө;
- үч долбоор үчүн - 20 пайыз өлчөмүндө;
- төрт жана андан ашык долбоор үчүн - 25 пайыз өлчөмүндө;
2) эл аралык долбоорлордогу иш тажрыйбасы үчүн:
- үч жылдан беш жылга чейин - 10 пайыз өлчөмүндө;
- беш жылдан жогору - 20 пайыз өлчөмүндө.
3. Мамлекеттик инвестициялардын жана техникалык жардамдын алкагында эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан каржылануучу долбоорлор боюнча аткаруучу агенттиктер болуп саналган мамлекеттик органдар тиркемеде көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлеген кызматкерлердин эмгек акыларынан ай сайын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык киреше салыгын кармоону жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү камсыз кылсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 562 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган долбоорлорду (насыялар жана гранттар) даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 222 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 562 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган долбоорлорду (насыялар жана гранттар) даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1 -августунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу мамлекеттик инвестициялардын жана техникалык жардамдын алкагында ишке ашырылуучу, эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан каржылануучу долбоорлорду даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү
| № | Кызмат орундарынын аталышы | Бир айлык кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү (сом) |
| 1 | Долбоорду ишке ашыруу (даярдоо) бөлүмүнүн/долбоорду башкаруу бөлүмүнүн/долбоорду ишке ашыруу тобунун жетекчиси (директору, менеджери) | 130 000 |
| 2 | Жетекчинин орун басарлары; финансылык менеджер; долбоорду ишке ашыруунун (даярдоонун)борбордук бөлүмүнүн/долбоорду башкаруу бөлүмүнүн/долбоорду ишке ашыруу тобунун координатору, сатып алуулар боюнча башкы адис | 100 000 |
| 3 | Сатып алуулар боюнча адис, төлөмдөр боюнча адис, бухгалтер | 95 000 |
| 4 | Бухгалтердин ассистенти, сатып алуулар/төлөмдөр боюнча адистин ассистенти, кассир | 55 000 |
| 5 | Камсыздоочу персонал: офис-менеджер/катчы, административдик жардамчы/ассистент, айдоочу | 35 000 |
| 6 | Белгилүү чөйрөлөрдөгү: юриспруденция, айыл чарбасы, маалыматтык технологиялар жана долбоорго жараша башка чөйрөлөрдөгү эксперт адистер | 95 000 |
| 7 | Жетекчинин региондук орун басары, региондук координатор | 90 000 |
| 8 | Сатып алуулар жана финансы боюнча региондук адистер | 60 000 |
| 9 | Региондук адистер | 75 000 |
| 10 | Бухгалтердин региондук ассистенти, сатып алуулар/төлөмдөр боюнча адистин ассистенти, кассир | 40 000 |
11 | Региондук камсыздоочу персонал: офис-менеджер/катчы, административдик жардамчы/ассистент, айдоочу | 30 000 | |
12 | Кыска мөөнөттүү консультанттар | 165 000ге чейин | |
13 | Котормочу | 70 000 | |
14 | Котормочу-катчы, котормочу-офис-менеджер | 75 000 | |
|
|
|
|
*Контракттын наркын эсептөөдө 22 жумуш кун бир ай деп кабыл алынсын.