Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 12-июлундагы № 371 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-августу № 562
Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган долбоорлорду (насыялар жана гранттар) даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 222 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу мамлекеттик инвестициялардын жана техникалык жардамдардын алкагында ишке ашырылган, эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган долбоорлордун (насыялар жана гранттар) кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 222 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган, мамлекеттик инвестициялардын жана техникалык жардамдардын алкаганда ишке ашырылган долбоорлорду (насыялар жана гранттар) даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлердин кызматтык маяналары тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 222 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кызматтык маяналарга төмөнкүдөй үстөк акылар белгиленсин:
- бир долбоорду ишке ашыруу бөлүмү/долбоорду башкаруу бөлүмү/долбоорду ишке ашыруу тобу төмөнкүлөрдү даярдоодо же ишке ашырууда:
эки долбоорду - 15 пайыз өлчөмүндө;
үч долбоорду - 20 пайыз өлчөмүндө;
төрт жана андан ашык долбоорду - 25 пайыз өлчөмүндө.
- эл аралык долбоорлордо иштеген тажрыйбасы үчүн:
үчтөн беш жылга чейин - 10 пайыз өлчөмүндө;
бештен жогору - 20 пайыз өлчөмүндө.
2-1. Мамлекеттик инвестициялардын жана техникалык жардамдардын алкагында эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган долбоорлор боюнча аткаруучу агенттик болуп саналган министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-тиркемесинде аталган долбоорлорду даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлердин айлык акыларынан ай сайын киреше салыгын кармоону жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү төлөөнү камсыздашсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 222 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы № 133 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган долбоорлорду (кредиттер жана гранттар) даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы № 348 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы № 133 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган долбоорлорду (кредиттер жана гранттар) даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
3-1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 222 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Биринчи вице-премьер-министр Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Т.Д. Сарпашев |
Тиркеме
Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган долбоорлорду (насыялар жана гранттар) даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлердин кызматтык МАЯНАЛАРЫ
№ | Кызмат орундарынын аталыштары | Кызматтык маяна (сом) |
1 | Долбоорду ишке ашыруу (даярдоо) бөлүмүнүн/Долбоорду башкаруу бөлүмүнүн/Долбоорду ишке ашыруу тобунун жетекчиси (директору, менеджери) | 85000 |
2 | Жетекчинин орун басарлары; финансы менеджери; Долбоорду ишке ашыруу (даярдоо) бөлүмүнүн/Долбоорду башкаруу бөлүмүнүн/Долбоорду ишке ашыруу тобунун координатору, сатып алуулар боюнча башкы адис | 65000 |
3 | Сатып алуулар боюнча адис, төлөөлөр боюнча адис, бухгалтер | 55000 |
4 | Бухгалтердин ассистенти, сатып алуулар/төлөөлөр боюнча адистин ассистенти, кассир | 35000 |
5 | Камсыздоочу персонал: офис-менеджер/секретарь, администрациялык жардамчы/ассистент, айдоочу | 23000 |
6 | Юриспруденция, айыл чарба, маалыматтык технологиялар ж.б. ушул сыяктуу долбоорго жараша тийиштүү чөйрөдөгү эксперт адистер | 62000 |
7 | Жетекчинин региондук орун басары, региондук координатор | 58000 |
8 | Сатып алуулар жана финансы боюнча региондук адистер | 38000 |
9 | Региондук адистер | 48000 |
10 | Бухгалтердин региондук ассистенти, сатып алуулар/төлөөлөр боюнча адистин ассистенти, кассир | 25000 |
11 | Региондук камсыздоочу персонал: офис-менеджер/секретарь, администрациялык жардамчы/ассистент, айдоочу | 18000 |
12 | Кыска мөөнөттүү консультанттар | 110000 |
13 | Котормочу | 45000 |
14 | Котормочу-секретарь, котормочу-офис-менеджер | 50000 |