Загрузка документа…
|
| ||
|
| 2-тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна) | |
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35, 44-беренелерине жана кесиптик билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана даярдоо багыттары, адистиктер жана жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдары (мындан ары - билим берүү уюму) боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарын бөлүштүрүү тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2. Мамлекеттик билим берүү гранты (мындан ары - грант) -республика үчүн артыкчылыктуу багыттар жана адистиктер боюнча адистерди даярдоого мамлекеттик заказга киргизилген багыттар же адистиктер боюнча жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик уюмда (мындан ары - ЖОЖ) окууга мамлекет тарабынан конкреттүү адамга (мындан ары - грант ээси) бөлүнүүчү финансы каражаттары.
3. Бюджеттик орун - республика үчүн артыкчылыктуу адистиктер боюнча адистерди даярдоого мамлекеттик заказга киргизилген адистиктер боюнча кесиптик орто билим берүүчү мамлекеттик уюмда (мындан ары - КООЖ) окууга мамлекет тарабынан бөлүнүүчү жана республикалык бюджеттен каржылануучу орун.
4. Министрликтер, адистиктер боюнча гранттардын, бюджеттик орундардын өлчөмү жана саны Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2-глава. Гранттык жана бюджеттик орундарга кабыл алуу планын түзүүнүн тартиби
5. Кадрларды даярдоо гранттардын жана бюджеттик орундардын эсебинен ишке ашырылуучу даярдоо багыттарынын жана адистиктердин тизмеги Кыргыз Республикасынын иш менен камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлүүчү эмгек ресурстарына болгон керектөөнүн жыйынды болжолунун негизинде аныкталат.
6. Эмгек ресурстарына болгон керектөөнүн жыйынды болжолу республиканын билим берүү уюмдарына жеткирилет жана алар тарабынан өз регионундагы иш берүүчүлөр менен кадрларды даярдоого эки тараптуу келишимдерди түзүү үчүн колдонулат.
7. Даярдоого келишим конкреттүү министрлик, мамлекеттик комитет, ведомство, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ишкана, мекеме (мындан ары - иш берүүчүлөр) менен түзүлөт. Келишимге ылайык билим берүү уюму гранттын эсебинен тийиштүү адистиктер жана багыттар боюнча кадрларды даярдоого милдеттенет, иш берүүчү билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрүн аталган багыттар жана адистиктер боюнча окууну бүткөндөн кийин ишке орноштурууга милдеттенет.
8. Даярдоо багыттары жана адистиктер боюнча гранттык орундарды бөлүүгө өтүнмө билим берүү уюму тарабынан ыйгарым укуктуу органга жыл сайын 1-январга чейин берилет.
9. Өтүнмө эмгек ресурстарына болгон керектөөнүн жыйынды болжолуна киргизилген адистиктерге жана багыттарга гана берилет жана милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- тийиштүү окуу жылында ар бир багыт жана адистик боюнча кадрларды даярдоого иш берүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдер жөнүндө маалыматты;
- өткөн мезгилде ар бир адистик боюнча билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу жөнүндө маалыматты.
10. Берилген өтүнмөлөрдүн негизинде ыйгарым укуктуу орган Тиешелүү окуу жылына гранттардын, бюджеттик орундардын негизинде даярдоо багыттарынын, адистиктердин жана кабыл алуу көлөмүнүн тизмегинин долбоорун түзөт.
11. Гранттык, бюджеттик орундар адистиктер жана даярдоо багыттары боюнча 25тен кем эмес адисти даярдоого өтүнмө берген жана бул багыттар/адистиктер боюнча ишке орноштурулган бүтүрүүчүлөрдүн үлүшү 80 пайыздан кем болбогон билим берүү уюмуна бөлүнөт (маданият жана искусство адистиктеринен тышкары).
12. ЖОЖдордо гранттык жана КООЖдорго бюджеттик орундарга абитуриенттерди тандоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
3-глава. Гранттык жана бюджеттик негизде окуган студенттердин укуктары жана милдеттери
13. Билим берүү уюмдарында гранттык жана бюджеттик негизде окуган студенттер Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына жана ЖОЖдордун/КООЖдордун уставына ылайык бардык укуктарга жана милдеттерге ээ болушат.
14. Билим берүү уюмдарынын гранттык жана бюджеттик негизде окуган студенттери мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде теориялык билимдерге, кесиптик билгичтиктерге жана көндүмдөргө ээ болууга, окуу планында жана окутуу программаларында каралган тапшырмалардын бардык түрлөрүн белгиленген мөөнөттөрдө аткарууга, окуу жайдын уставын жана ички тартип эрежелерин сактоого милдеттүү.
15. Билим берүү уюмдарына кабыл алынган жана бюджеттик каражаттардын эсебинен жогорку жана кесиптик орто билим алган Кыргыз Республикасынын жарандары медициналык, фармацевттик адистиктер боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын бөлүштүрүүсүнө ылайык - эки жыл иштеп берүү мөөнөтү, педагогикалык адистиктер боюнча ыйгарым укуктуу органдын бөлүштүрүүсүнө ылайык ЖОЖдор үчүн - эки жыл жана КООЖдор үчүн - бир жыл иштеп берүү мөөнөтү, укук коргоо ишинин адистиктери боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын бөлүштүрүүсүнө ылайык - эки жыл иштеп берүү мөөнөтү менен иштөөгө жиберилүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте аскердик кызмат өтөшөт.
16. Бюджеттик каражаттардын эсебинен окуган же жогорку жана кесиптик орто билим алган Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкү учурларда мамлекеттик билим берүү грантынын (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтунан тышкары), бюджеттик орундун өлчөмүндө билим берүү уюмунун адисти даярдоого чыгымдарынын ордун толтурууга милдеттүү:
- педагогикалык, фармацевттик же медициналык адистиктер боюнча, Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү укук коргоо ишинин адистиктери боюнча окууну аяктагандан кийин жолдомо боюнча иштөөдөн баш тартканда;
- ЖОЖдон/КООЖдон жүйөөсүз себеп же өз каалоосу боюнча окуудан чыгарылганда (жүйөлүү себептер - ден соолугунун абалы, туруктуу жашоо үчүн республиканын чегинен сырткары кетүү, ырастоочу документтери берген учурда);
- башка адистикке же окутуунун наркын төлөө келишими боюнча окууга которулууга байланыштуу ЖОЖдон/КООЖдон окуудан чыгарылганда.
17. Окууну аяктагандан кийин жолдомо боюнча иштөөгө бөлүштүрүүдөн жана адистерди даярдоого чыгымдардын ордун толтуруудан төмөнкүлөр бошотулат:
- I жана II топтордогу майыптар;
- медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу боюнча келечектеги кесиптик ишине медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар адамдар, анын ичинде республиканын тиешелүү аймагында иштөөгө байланышкан;
- жетимдер (томолой) жана ата-энесинин камкордугусуз калган адамдар.
18. Окутуунун наркын төлөө келишими боюнча окуусу калыбына келтирилген жана окуусун аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөрдү жекече бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жолдомосу менен иштеп берүү милдеттенмесин аткарууга макул болгон адамдар (Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын окуу жайларында окуган адамдардан тышкары) мамлекеттик билим берүү грантынын, бюджеттик орундун өлчөмүндө окутуунун наркынын ордун толтуруудан бошотулат.
Комиссиянын жолдомосу боюнча иштөөдөн баш тартууга байланыштуу адистерди даярдоого кеткен чыгымдардын ордун толтуруудан төмөнкүлөр бошотулат:
- ата-энесинин бирөө же жубайы биринчи же экинчи топтогу майып болсо, эгерде иш аталган майып туугандары туруктуу жашаган жерден бөлөк жактан берилсе;
- офицердик жана жетекчи курамдагы аскер кызматчыларынын, прапорщиктердин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин органдарында жана аларга теңештирилген башка кызматтарда контракт боюнча кызмат өтөгөн башка аскер кызматчыларынын аялдары (күйөөлөрү), эгер иш күйөөсү (аялы) иштегенден башка жерден берилсе;
- окуу жайды бүтүп жаткан мезгилде кош бойлуу жана 1 жашка чейинки баласы бар аялдар, эгер иш бүтүрүүчүнүн үй-бүлөсү туруктуу жашагандан башка жерден берилсе.
Ушул Жобонун 16, 17 жана 18-пункттарынын шарттары ушул Жобонун 19-пунктуна ылайык биринчи курстун студенттери менен түзүлүүчү адистерди даярдоо боюнча келишимдерде милдеттүү түрдө чагылдырылууга тийиш.
19. Медициналык, фармацевттик адистиктер, педагогикалык багыттар жана Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим берүү уюмдарында ишке ашырылуучу даярдоо багыттары боюнча даярдоону жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмунун биринчи курсунун студенттери менен ишке милдеттүү түрдө бөлүштүрүү, мамлекеттик билим берүү грантынын, бюджеттик орундун өлчөмүндө окутуунун наркынын ордун толтуруу жөнүндө студент менен ЖОЖдун/КООЖдун ортосундагы эки тараптуу келишим түзүлөт, анын типтүү формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
Медициналык, фармацевттик адистиктерден жана педагогикалык багытгардан/адистиктерден тышкары, биринчи курстун студенттери менен мамлекеттик билим берүү грантынын, бюджеттик орундун өлчөмүндө окутуунун наркынын ордун толтуруу жөнүндө студент менен ЖОЖдун/КООЖдун ортосундагы эки тараптуу келишим түзүлөт, анын типтүү формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
Максаттуу орундарга тапшырган биринчи курстун студенттери менен ишке милдеттүү түрдө бөлүштүрүү, мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө окутуунун наркынын ордун толтуруу жөнүндө студенттин, ЖОЖдун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ортосундагы үч тараптуу келишим түзүлөт, анын типтүү формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
20. Бюджеттик каражаттардын эсебинен жогорку жана кесиптик орто билим алган жана жүйөлүү себеп боюнча (ден соолугунун абалы, үй-бүлөлүк жагдайлар, республиканын чегинен сыртка убактылуу чыгуу, мөөнөттүү аскердик кызмат өтөө) окуусун токтоткон Кыргыз Республикасынын жарандары ошол ЖОЖдо, КООЖдо окуусун калыбына келтирген учурда үч жыл грантка, бюджеттик орунга укугун сакташат.
21. Студентти бир ЖОЖдон башкасына же бир ЖОЖдун ичинде башка адистикке которууга жол берилбейт. Гранты бар студентти ЖОЖдон ЖОЖго ошол эле же чектеш адистикке которууга ЖОЖ тарабынан өзгөчө учурларда жүйөлүү себептер (ден соолугунун абалы, жашаган жерин алмаштыруу) боюнча жана ырастоочу документтери болгон учурда гана жол берилет.
22. Кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарында бюджеттик негизде окуган студенттерди которуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмунун студенттерин которуу, кайра кабыл алуу, окуудан чыгаруу жана аларга академиялык өргүү берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
4-глава. Гранттык жана бюджеттик негизде окуган студенттерге карата билим берүү уюмунун укуктары жана милдеттери
23. Билим берүү уюму гранттык жана бюджеттик негизде окуган студенттерге жана окутуунун наркын төлөө келишиминин негизинде окуган студенттерге бирдей шарттарды түзүүгө милдеттүү.
24. Билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин которуунун, окуудан чыгаруунун жана окууга калыбына келтирүүнүн тартиби жөнүндө жободо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмунун студенттерин которуу, кайра кабыл алуу, окуудан чыгаруу жана аларга академиялык өргүү берүү тартиби жөнүндө жободо белгиленген учурларда студенттерди окуудан чыгарууга укуктуу.
25. Гранттык жана бюджеттик негизде окуган студентти окуудан чыгарган учурда ЖОЖ, КООЖ бул жөнүндө ыйгарым укуктуу органга расмий билдирүүгө милдеттүү.
26. ЖОЖ, КООЖ ыйгарым укуктуу органга квартал сайын гранттык жана бюджеттик негизде окуган студенттердин саны жөнүндө маалыматтарды берүүгө жана алар боюнча финансылык отчетторду ведомстволук таандыктыгына ылайык тапшырууга милдеттүү, буга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К. Үсөнбеков атындагы Аскердик институту кирбейт.