Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 544 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-июну № 349
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-ноябрындагы № 605 "Кыргыз Республикасында 2019-2023-жылдарга "жашыл" экономиканы өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-ноябрыңдагы № 605 "Кыргыз Республикасында 2019-2023-жылдарга "жашыл" экономиканы өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомун актуалдаштыруу жана талаптагыдай аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-ноябрындагы № 605 "Кыргыз Республикасында 2019-2023-жылдарга "жашыл" экономиканы өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасында 2019-2023-жылдарга "жашыл" экономиканы өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар |
I. Туруктуу табигый экосистемалар | |||||
1 | Табигый экосистемага келтирилген жүктү жөнгө салуу | Жаратылышты сактоочу технологияларды киргизүүдө ишканаларга түрткү берген жөнгө салуучу механизмдерди киргизүү боюнча талдоо жүргүзүү жана сунуштамаларды иштеп чыгуу | 2023-жылдын III кварталы | Туюк цикли менен жаратылышты сактоочу технологияларга түрткү берүүчү механизмдерди киргизүү боюнча сунуштамалар иштелип чыкты | ЭКМ, ЖРЭТКМ |
Айлана-чөйрөнү коргоо жана биологиялык түрдүүлүктү сактоо маселелерин региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландарына киргизүү | 2023-жылдын II кварталы | Социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландарына айлана-чөйрөнү коргоо жана биологиялык түрдүүлүктү сактоо маселелери киргизилди ЭКМ, ЖРЭТКМ |
| ||
Ресурс үнөмдөөчү жана аз калдыктуу моделдерди жана технологияларды киргизүү мүмкүндүгү боюнча кен казуу секторунда кырдаалга талдоо жүргүзүү | 2022-жылдын III кварталы | Кен казуу тармагынын курчап турган чөйрөгө терс таасиринин көлөмүн азайтуу боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн аналитикалык документ даярдалды | ЖРЭТКМ, ЭКМ | ||
Биологиялык түрдүүлүктү каржылоо планынын алкагында бекитилген каржылоо механизмдерин киргизүү | 2022-жылдын IV кварталы | Биологиялык түрдүүлүктү каржылоонун жаңы жана өркүндөтүлгөн механизмдерине ылайык биологиялык түрдүүлүктү түз жана кыйыр каржылоонун негиздери бекемделди | ЖРЭТКМ, ЭКМ | ||
Эскирген пестициддердин кампаларында жана эки көрүстөндө жер кыртышын рекультивациялоо жана экологиялык жактан коопсуз Ыкма менен эскирген пестициддерди жана ПХДны жок кылуу маселелери боюнча долбоордук сунуштарды даярдоо жана илгерилетүү | 2022-жылдын IV кварталы | Химиялык булгануу тобокелдиктерин төмөндөтүүгө багытталган долбоордук сунуштар даярдалды жана долбоорлор ишке киргизилди | ЖРЭТКМ, АЧМ | ||
2 | Табигый жаратылыш чөйрөсүн сактоо жана калыбына келтирүү | Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында, аларды түзүү жана туруктуу иштешин камсыз кылуу өзгөчөлүгүн эске алуу менен натыйжалуу менеджменттин механизмин иштеп чыгуу | 2023-жылдын IV кварталы | ӨКЖА кирешелерин жогорулатуу үчүн бизнес пландоону эске алуу менен ӨКЖА. башкаруунун илимий негизделген пландары иштелип чыкты | ЖРЭТКМ, макулдашуу боюнча: УИА, ЖӨБО |
Бардык коруктарды инвентаризациялоо жана алардын статусун кайра карап чыгуу | 2023-жылдын III кварталы | Коруктарды инвентаризациялоо жүргүзүлдү, учурдагы абалын баалоо жана каттоо өткөрүлдү | ЖРЭТКМ, УИА (макулдашуу боюнча) | ||
Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо | 2023-жылдын IV кварталы | Борбордук Тянь-Шандын ландшафтын башкаруу планынын иш-чаралары жүзөгө ашырылууда (2018-2027-жж.) | ЖРЭТКМ | ||
Кызыл китепке кирген жаныбарларды коргоо үчүн Ош облусунда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын уюштуруу | 2022-жылдын IV кварталы | Ош облусунда ӨКЖА уюштуруу боюнча долбоордук материалдар жана негиздемелер иштелип чыкты жана ЧУА кабыл алуу үчүн КРМК жиберилди | ЖРЭТКМ, УИА (макулдашуу боюнча) | ||
Кыргыз Республикасында деградацияга учураган жерлерди этабы менен калыбына. келтирүү боюнча программаны иштеп чыгуу жана бекитүү | 2022-жылдын IV кварталы | Кыргыз Республикасында деградацияга учураган жерлерди этабы менен калыбына келтирүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө КРМК чечими кабыл алынды | АЧМ, ЖРЭТКМ | ||
Экосистеманын сактоо жана деградациясын төмөндөтүү үчүн жайыт жерлерин орун которуштуруп пайдаланууну киргизүү (деградацияга учураган жайыттарды консервациялоо) | 2023-жылдын IV кварталы | Жергиликтүү кеңештердин жайыттарды консервациялоо жөнүндө чечимдери кабыл алынды. Аларды ишке ашыруунун мониторинги жүргүзүлүүдө | АЧМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
3 | Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу пайдалануу | Экосистемалык мүмкүнчүлүктөрдү жана пайдаларды эске алуу менен жаратылышты пайдалануу ченемдерин иштеп чыгуу жана бекитүү | 2023-жылдын IV кварталы | УИА Окумуштуулар кеңеши тарабынан жаратылышты пайдалануунун ченемдери бекитилди | ЖРЭТКМ, УИА (макулдашуу боюнча) |
Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү экономикалык жактан баалоонун методикасын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2023-жылдын IV кварталы | Методиканы бекитүү тууралуу КРМК чечими кабыл алынды | ЖРЭТКМ, УИА (макулдашуу боюнча) | ||
Биологиялык түрдүүлүктү сактоодо ландшафттык ыкманы илгерилетүү, жер жана токой ресурстарын туруктуу башкаруу | 2022-жылдын IV кварталы | "Тиричилик кылуунун туруктуу каражаттарын колдоо үчүн глобалдык маанилүү түрдүүлүктү жана аны менен байланышкан Батыш Тянь-Шандын жер жана токой ресурстарын сактоо" долбоору ишке ашырылды | ЖРЭТКМ, АЧМ, УИА (макулдашуу боюнча) | ||
1130 га аянтка токой өсүмдүктөрүн жана плантацияларын отургузуу | 2023-жылдын IV кварталы | 1130 га аянтка токой өсүмдүктөрү жана плантациялар отургузулду | АЧМ | ||
500 миң даана тез өсүүчү породадан көчөт материалдарын өстүрүү | 2023-жылдын IV кварталы | 500 миң даана тез өсүүчү породадан көчөт материалдары өстүрүлдү | АЧМ | ||
4 | Пландоонун жана өнүктүрүү процессинин жүрүшүндө экосистемалардын жана биологиялык түрдүүлүктүн баалуулуктарын эсепке алууну камсыз кылуу | Токойлордун улуттук инвентаризациялоосун жүргүзүү (талаа жана камералык жумуштар) | 2023-жылдын IV кварталы | Токойлордун улуттук инвентаризациялоосунун натыйжаларын бекитүү тууралуу КРМК чечими кабыл алынды | АЧМ |
Токой ресурстарын эсепке алуу системаларын ишке киргизүү | 2023-жылдын IV кварталы | ЖЭЭС токой эсептери иштелип чыкты жана улуттук эсепке алуу системасына киргизилди (токой секторунун ички дүң продуктуга кошкон салымы аныкталды | УСК (макулдашуу боюнча), АЧМ | ||
Жапайы жаныбарлардын байкоого алынган түрлөрү боюнча эсепке алуучу, кадастрдык жана мониторингдик жумуштардын маселелери боюнча нускамалык-методикалык материалдарды өркүндөтүү | 2023-жылдын IV кварталы | Жапайы жаныбарларга мониторингдин сапаты жакшырды, жапайы жаныбарлардын байкоого алынган түрлөрү кеңейтилди | ЖРЭТКМ, УИА (макулдашуу боюнча) | ||
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастрын иштеп чыгуу | 2022-жылдын IV кварталы | Аймактардын статусу жөнүндө, алардын географиялык абалы, чек аралары, өзгөчө корголуучу аймактардын режими, экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү баалоо ж.б. тууралуу маалыматтарды камтыган ӨКЖА жөнүндө маалыматтар системага салынды | ЖРЭТКМ | ||
Токойлорду башкаруунун маалыматтык системасын түзүү | 2023-жылдын II кварталы | Токой ресурстары боюнча маалымат системага салынды, токой чарбаларынын маалыматтарын онлайн берүү жана онлайн отчет беришинин ачык-айкындыгы камсыз кылынды | АЧМ | ||
5 | Калктын экологиялык маданиятын жана биологиялык түрлөргө карата аяр мамилесин калыптандыруу | Биотүрдүүлүктүн баалуулугу жөнүндө, биотүрдүүлүктү сактоо жана туруктуу пайдалануу боюнча маалыматтарды таратуу, маалыматтык кампанияларды өткөрүү (буклеттерди, плакаттарды, китепчелерди ж.б. иштеп чыгуу) | 2023-жылдын IV кварталы | Маалыматтык материалдар жарыяланды (буклеттер, баракчалар, плакаттар, календарлар) | ЖРЭТКМ, министрликтер жана ведомстволор, УИА (макулдашуу боюнча) |
Туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүү концепциясы менен байланышкан биотүрдүүлүктү сактоо жана анын баалуулугунун тематикасы боюнча программаларды иштеп чыгуу жана билим берүүнүн улуттук окуу программаларына киргизүү | 2022-жылдын IV кварталы | Биотүрдүүлүк тематикасы боюнча программалар БИМ буйругу менен бекитилди | БИМ, ЖРЭТКМ | ||
Биологиялык түрдүүлүктү сактоо жана туруктуу пайдалануу маселелери боюнча (өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында, токой чарбаларында, аңчылык чарбаларында) пресс- конференцияларды, пресс- турларды, сүрөт көргөзмөлөрүн уюштуруу жана өткөрүү | 2023-жылдын IV кварталы | Пресс-конференциялар, пресс-турлар, сүрөт көргөзмөлөрү өткөрүлдү (жылына 1 иш-чарадан кем эмес) | ЖРЭТКМ, АЧМ, УИА (макулдашуу боюнча) | ||
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын экологиялык туристтик чыйырларды иштеп чыгуу жана жайгаштыруу | 2023-жылдын IV кварталы | Экологиялык чыйырлар (5тен кем эмес), туристтик маршруттар жана маалыматтык камсыздоо иштелип чыкты | ЖРЭТКМ, УИА (макулдашуу боюнча) | ||
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында экологиялык маалыматтык борборлорду/музейлерди жана башка объекттерди түзүү жана иштешин камсыз кылуу | 2023-жылдын IV кварталы | ӨКЖАда экологиялык маалыматтык борборлор/музейлер түзүлдү жана иштеп жатат (2ден кем эмес) | ЖРЭТКМ | ||
6 | Климаттын өзгөрүүсүнө карата адаптациялоо боюнча чараларды көрүү үчүн институттук негиздерди камсыз кылуу | Климаттын өзгөрүү маселелери боюнча улуттук саясатты калыптандыруу | 2022-жылдын IV кварталы | Климаттын өзгөрүүсүнө карата адаптациялоо боюнча стратегиялык документ иштелип чыкты жана бекитилди | ЖРЭТКМ, ЭКМ, АЧМ |
Климаттын өзгөрүүсүнө карата адаптациялоо боюнча сектордук программаларды иштеп чыгуу жана экономиканын секторлорунун чабалдыгына талдоо жүргүзүү | 2022-жылдын IV кварталы | Өзгөчө кырдаалдар, айыл жана суу чарбасы, токой жана биотүрдүүлүк, саламаттык сактоо сыяктуу багыттар боюнча климаттын өзгөрүүлөрүнө карата адаптациялоо боюнча талдоо жүргүзүлдү жана сунуштамалар иштелип чыкты | ЖРЭТКМ, ӨКМ, АЧМ, ССМ | ||
Климаттын өзгөрүшү тууралуу БУУнун Алкактык конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук билдирүүсүн даярдоо | 2022-жылдын IV кварталы | Парник газдарынын чыгууларын инвентаризациялоо, климаттын өзгөрүшүнө баалоо жана болжолдоо жүргүзүлдү | ЖРЭТКМ, министрликтер жана ведомстволор | ||
Климаттын өзгөрүшү боюнча статистикалык индикаторлордун жыйындысын киргизүү | 2023-жылдын IV кварталы | Климаттын өзгөрүшү боюнча улуттук көрсөткүчтөрдүн жыйындысы иштелип чыкты | УСК (макулдашуу боюнча), ЖРЭТКМ, ЭКМ, ЭМ, ӨКМ, АЧМ | ||
Климаттын өзгөрүү маселелери боюнча маалыматтык кампанияларды өткөрүү | Дайыма | Климаттын өзгөрүү маселелери боюнча коомдун маалымдуулугу жогорулады | ЖРЭТКМ, министрликтер жана ведомстволор | ||
Климаттын өзгөрүшү жаатындагы программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга финансы ресурстарын тартуу | 2023-жылдын IV кварталы | Климаттын өзгөрүшүнө карата адаптациялоо боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансы ресурстарын тартуу боюнча долбоордук сунуштар иштелип чыкты | ЖРЭТКМ, ЭКМ министрликтер жана ведомстволор | ||
Парник газдарынын чыгышына мониторинг, отчеттуулук жана верификация системаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2023-жылдын IV кварталы | Парник газдарынын чыгышына мониторинг жана эсепке алуу системасы киргизилди | ЖРЭТКМ, УИА (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор | ||
II. Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары | |||||
1. "Жашыл" энергетика | |||||
7 | Энергетика секторунун абалын баалоо жана мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү | Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү прогрессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасын энергетикалык коопсуздуктун көрсөткүчтөрүн жана "жашыл" экономиканын(1) башка зарыл индикаторлорун эске алуу менен ТӨМ индикаторлору менен жаңылоо | 2022-жылдын IV кварталы | КРМК чечими менен Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү прогрессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасына өзгөртүүлөр киргизилди | УСК (макулдашуу боюнча) |
Ири чарбалык субъекттердин, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун милдеттүү ар жылдык ачык (эл алдында) отчет беришинин бирдиктүү формасын жана практикасын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2023-жылдын IV кварталы | Кыргыз Республикасынын чарба субъекттеринин энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу боюнча ачык (эл алдында) статистикалык отчет беришинин бирдиктүү формасы КРМК чечими бекитилди | ЭМ, ЭКМ, Курулуш агенттиги | ||
8 | Энергетикалык саясатты өркүндөтүү | Ыйгарым укуктуу жана жөнгө салуучу органдардын, тармактык уюмдардын жана отун энергетикалык комплексинин башка субъекттеринин ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин так аныктоо менен ченемдик укуктук базага өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2022-жылдын IV кварталы | Энергетика жана электр энергетикасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди | ЭМ |
9 | ОЭК секторунун ишинин ачыктыгын жогорулатуу жана энергетикалык компаниялардын чыгымсыз иштөөсүн камсыз кылуу | Энергетикалык секторду өнүктүрүү жана жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жана пландары жөнүндө маалыматтарды, энергияны үнөмдөө жана ЭКБ киргизүү жаатында сунуштамаларды жарыялоо | Жарым жылдын жыйынтыгы боюнча | Энергетикалык сектордун абалы жөнүндө ЖМКда энергетика жаатында квартал сайын жарыяланып туруучу отчет | ЭМ |
Жеткирүүчүлөрдүн сапаттуу энергия жана газ берүү боюнча милдеттенмелерин жана жоопкерчиликтерин, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын жана милдеттерин эске алуу менен энергия берүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн коомдук келишимдерин кайра иштеп чыгуу | 2022-жылдын IV кварталы | Электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана газды керектөөчүлөрдүн жана берүүчүлөрдүн коомдук келишимдеринин жакшыртылган формаларын бекитүү | ЭМ | ||
10 | Энергияны керектөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу | 2022-2026-жылдарга КРда энергияны үнөмдөө боюнча программанын долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү | 2022-жылдын IV кварталы | 2022-2026-жылдарга КРда энергияны үнөмдөө боюнча программа иштелип чыкты жана бекитилди | ЭМ, Курулуш агенттиги, ЭКМ |
Мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик секторлордо энергосервистик компанияларды ишке киргизүүгө жана ишине түрткү берүүгө укуктук негиздерди түзүү үчүн ЧУАларды талдоо, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу | 2023-жылдын IV кварталы | КР мыйзамдарына (анын ичинде "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" КРнын Мыйзамына) жана мыйзам алдындагы актыларга мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик секторлордогу энергосервистик компаниялардын ишине түрткү берүү үчүн өзгөртүүлөр киргизилди | ЭМ | ||
Турак жай-коммуналдык чарба, коммерция, өнөр жай, айыл чарба секторлорунда сууну натыйжалуу керектөөгө түрткү берүү чаралары боюнча окуп үйрөнүү жана сунуштамаларды иштеп чыгуу | 2022-жылдын IV кварталы | Мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди, сууну натыйжалуу керектөөгө экономикалык түрткү берүү жөнүндө жобо кабыл алынды | Курулуш агенттиги, АЧМ | ||
11 | Имараттардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу | Энергетикалык сертификаттоодон өткөн имараттардын мамлекеттик реестрин түзүү | 2022-жылдын IV кварталы | Энергетикалык сертификаттоодон өткөн имараттардын мамлекеттин реестри белгиленген тартипте жүргүзүлүүдө | Курулуш агенттиги, ЭМ, ЭЭИИИ, макулдашуу боюнча: ЖӨБО, жеке менчик компаниялар |
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине капиталдык ондоолорду жүргүзүү боюнча топтолмо фонддорго милдеттүү төлөмдөр жөнүндө ченемдерди караштырган өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2023-жылдын. I кварталы | КР Турак жай кодексине өзгөртүүлөр киргизилди | Курулуш агенттиги, ЭКМ | ||
Капиталдык ондоону, энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашырууга зайымдарды алуу, ошондой эле имараттардын энергоаудитин жана энергетикалык сертификациялоо жол-жоболорун субсидиялоо механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2023-жылдын II кварталы | Капиталдык оңдоону, энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашырууга зайымдарды алуу; имараттардын энерго-аудитин жана энергетикалык сертификациялоо жол-жоболорун субсидиялоо механизмдери иштелип чыкты жана КРМК киргизилди | Курулуш агенттиги | ||
Типтүү коомдук имараттардын, турак жай-коммуналдык чарбалардын, өнөр жай ишканаларынын пилоттук энергоаудитин өткөрүү жана өзүн-өзү актоо эсептери менен энергокеректөөнү төмөндөтүү жана энергонатыйжалуулукту арттыруу боюнча типтүү чараларды иштеп чыгуу.ISO 50001 негизинде энергоменеджмент системасынын моделин иштеп чыгуу | 2022-жылдын III кварталы -2023-жылдын IV кварталы | Өзүн-өзү актоо эсептери менен энергокеректөөнү төмөндөтүү жана энергонатыйжалуулукгу арттыруу боюнча типтүү чараларды иштеп чыгуу боюнча долбоор ишке ашырылды. ISO 50001 негизинде энергоменеджмент системасынын модели иштелип чыкты | Курулуш агенттиги, ЭМ | ||
Турак жай үйлөрдү, муниципалдык имараттарды эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө маселелери боюнча мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу | 2023-жылдын I кварталы | Мыйзам алдындагы актылар иштелип чыкты жана бекитилди. Натыйжалуу эксплуатациялоонун жана техникалык тейлөөнүн заманбап системасы түзүлдү. ISO 50001 негизинде энергоменеджмент системасы ишке киргизилди | Курулуш агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КРП ЫУӨ | ||
Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай көзөмөлүнүн системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2022-жылдын III кварталы | Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай көзөмөлүнүн системасы түзүлдү | Курулуш агенттиги | ||
Социалдык объекттер жана имараттар үчүн капиталдык оңдоо боюнча техникалык чечимдерди иштеп чыгуу жана бекитүү | 2023-жылдын IV кварталы | Социалдык объекттер жана имараттар үчүн капиталдык оңдоо боюнча техникалык чечимдер бекитилди жана Курулуш агенттигинин сайтында жайгаштырылды | Курулуш агенттиги, Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) | ||
ЭКБ потенциалын жана өлкөнүн региондору боюнча ЭКБны ишке киргизүүнүн экономикалык максатка ылайыктуулугун изилдөө. Тармакты тейлөөгө чыгымдарды, берүү жана бөлүштүрүү тармактарындагы жоготууларды, зарыл болгон бөлүштүрүлгөн генерациялоочу кубаттуулуктарды, ЭКБ потенциалын талдоо жана КРнын райондор боюнча энергия менен оптималдуу камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2023-жылдын IV кварталы | ЭКБ объекттерин жайгаштыруунун интерактивдүү карталарын иштеп чыгуу менен региондор боюнча геомаалыматтык база түзүлдү | ЭМ, ЖРЭТКМ, макулдашуу боюнча: УИА, эл аралык уюмдар | ||
Энергонатыйжалуулук фондун түзүү | 2022-жылдын IV кварталы | Имараттардын энергонатыйжалуулугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу үчүн шарттар түзүлдү | Курулуш агенттиги | ||
12 | Акыркы энергия керектөөнүн жалпы көлөмүндө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн көбөйтүү | Өлкөнүн региондорунун аймактарында чакан гидроэлектрстанцияларын жана башка ЭКБ объекттерин курууга жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлорду жана зайымдык каражаттарды тартуу | 2022-жылдын IV кварталы | ЭКБнын белгиленген кубаттуулуктары 50 МВт ашуун көбөйтүлдү. 2040-жылга карата электр энергиясын жалпы иштеп чыгуудан ЭКБ үлүшү 10%га чейин көбөйтүлдү | ЭМ, ИУА (макулдашуу боюнча), ТИМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
ЭКБ, энергияны үнөмдөө жана энергонатыйжалуулук жаатындагы изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды гранттык негизде колдоо үчүн эл аралык фонддор тарабынан каржылоо боюнча сунуштарды даярдоо | 2023-жылдын IV кварталы | Энергияны үнөмдөө жана энергонатыйжалуулук боюнча чараларды киргизүү үчүн эл аралык финансылык агымдардын көлөмү көбөйтүлдү | ЖРЭТКМ, ЭМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
13 | Калктын энергияны үнөмдөө жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тууралуу кабардар болушун жогорулатуу | Энергияны үнөмдөө боюнча мамлекеттик кызматчылар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн методикалык материалдарды, мектеп окуучулары жана студенттер үчүн маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу | 2022-жылдын IV кварталы - туруктуу негизде | Энергияны үнөмдөө, ЭКБ жана "жашыл" экономика боюнча стандарттуу окутуу материалдары иштелип чыкты | БИМ, ЭМ, ЭКМ |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу жана квалификациясын жогорулатуу пландарына энергияны үнөмдөө маселелерин камтуу | 2023-жылдын I кварталы - туруктуу негизде | Энергияны үнөмдөө боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кабардар болушу жогорулатылды | КРПМБА (макулдашуу боюнча), ЭМ | ||
2. "Жашыл" айыл чарбасы | |||||
14 | Талаптагыдай пландоо жолу менен агрардык сектордо жер жана суу ресурстарын туруктуу башкарууга жетишүү | Берилген өтүнмөлөргө ылайык андан ары айыл чарба багытындагы жерлердин маалыматтар банкын түзүү менен айдоо жерлеринин кыртыштарында азыктандыруучу заттардын камтуусуна агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү | 2022-жылдын IV кварталы | Төмөнкүдөй сунуштамалар даярдалды: - агрохимиялык жана мелиорациялык жумуштарды аткарууга долбоорлоо-технологиялык документтер боюнча; - жер иштетүүдө азыктандыруучу заттардын балансын жөнгө салуу үчүн минералдык жана органикалык жер семирткичтерди колдонуу боюнча. Кыртыштык-агрохимиялык изилдөөлөрдүн негизинде: - кыртыштын күрдүүлүгүн сактоону жана жогорулатууну контролдоо системасы өркүндөтүлдү; - туруктуу мониторинг системасы калыптандырылды жана айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүнүн маалыматтар банкы түзүлдү | АЧМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Айыл чарба жерлеринин кыртышынын күрдүүлүгүн баалоо жана контролдоо программаларын жана долбоорлорун түзүү үчүн райондор боюнча кыртыш карталарын түзүү | 2023-жылдын IV кварталы | Райондор боюнча кыртыш карталары түзүлдү | АЧМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
Мобилдик тиркеме аркылуу сайтка фермерлердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен АЧМ сайтында жайгаштыруу аркылуу кыртышты талдоо жүргүзүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу | 2022-жылдын III кварталы | Кыртышты талдоо боюнча сунуштамалар иштелип чыкты жана АЧМ сайтында жайгаштырылды. Фермерлер бул сунуштамаларды АЧМ сайты жана мобилдик тиркеме аркылуу кеңири колдонууда | АЧМ | ||
Жер семирткичтер жана аларды берүүчүлөр боюнча сунуштарды жаңыртуу жана системалаштыруу, жана алардын тизмесин АЧМ веб-сайтына жайгаштыруу | 2022-жылдын III кварталы | Жер семирткичтерди сарамжалдуу пайдалануу жана жер семирткичтерди берүүчүлөр боюнча сунуштар жаңыланып, системалаштырылды. Сунуштар АЧМ сайтында жайгаштырылды. Фермерлер бул сунуштамаларды АЧМ сайты жана мобилдик тиркеме аркылуу кеңири колдонууда | АЧМ | ||
АЧМ үчүн чакан автобустун платформасында көчмө кыртыштык-агрохимиялык станция сатып алуу | 2023-жылдын I кварталы | Алынган көчмө кыртыштык-агрохимиялык станция, график боюнча райондорду кыдырып, Ош жана Жалал-Абад облустарынын фермерлерине жер участогунун бонитетинин баллы, кыртыштын агрохимиялык курамы тууралуу жеринде корутунду чыгарып берет жанамындай жерге кандай өсүмдүктү отургузуу пайдалуу, кыртышка кайсы органикалык жер семирткичтер талап кылынаары тууралуу сунуштамаларды берет, бул органикалык жер иштетүүнүн өнүгүшүнө жагымдуу таасирин тийгизет | АЧМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
Дыйкан (фермердик) чарбалардын жерлерине агрохимиялык изилдөөлөрдү өз убагында жүргүзүү үчүн "Кыргызмамжердолбоорлоо" МДИнин алдындагы эки кыртыштык-агрохимиялык станцияны капиталдык оңдоо жана заманбап жабдуулар менен камсыздоо | 2023-жылдын III кварталы | Оңдоо иштери жүргүзүлдү жана кыртыштык-агрохимиялык станциялар жабдылды | АЧМ | ||
Климаттын өзгөрүшүнө карата адаптациялоо боюнча экосистемалык ыкманын методологиясын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2023-жылдын IV кварталы | Иштеп чыккан методология ТӨМдү аткарууга өбөлгө түзөт жана саясаты менен стратегияны иштеп чыгуунун форматын камсыз кылат | ЖРЭТКМ, АЧМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
Жайыттардын мониторингинин, анын ичинде жайыттарда зыян жана уулуу өсүмдүктөргө каршы күрөшүү механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2022-жылдын IV кварталы | Сарамжалдуу пайдалануу үчүн жайыттардын абалы жөнүндө маалымат базасы түзүлдү | АЧМ, ЖПБ (макулдашуу боюнча) | ||
Жайыттардын абалын жакшыртуу менен жайыт чарбаларын башкаруунун сектордук программасын иштеп чыгуу | 2022-жылдын IV кварталы | Программа иштелип чыкты | АЧМ, ЖПБ (макулдашуу боюнча) | ||
Жер кыртышынын касиетине, өскөн чөптүн курамына жана аны пайдалануу ыкмасына жараша жер семирткичтердин натыйжалуу ченемдери, түрлөрү, формалары жана колдонуу технологиялары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2022-жылдын III кварталы | Жер семирткичтерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштамалар иштелип чыгат | АЧМ | ||
Жайыт жерлеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча пилоттук программаларды жүргүзүү | 2022-жылдын III кварталы - 2023-жылдын IV кварталы | Пилоттук ЖПБ экме жайыттарды түздү, алардын базасында туруктуу иштөөчү тренингдер өткөрүлүүдө | АЧМ, ЖПБ (макулдашуу боюнча) | ||
Жалпы республиканын масштабында жайыттарды инвентаризациялоо жана инвентаризациялоонун натыйжаларына жетүүнү камсыз кылуу | 2022-жылдын III кварталы - 2023-жылдын IV кварталы | Жайыттар инвентаризацияланды жана маалымат базасы түзүлдү | АЧМ, макулдашуу боюнча: ЖПБ, эл аралык уюмдар | ||
Асыл тукум малды зоотехникалык талаптарга ылайык эсепке алууну тартипке келтирүү | 2022-жылдын IV кварталы | Асыл тукум мал башынын саны көбөйтүлдү | АЧМ, ЖПБ (макулдашуу боюнча) | ||
Жер ресурстарынын накталай түрдөгү активдерин эсепке алуу системасын пилоттоштуруу | 2023-жылдын IV кварталы | Жер ресурстары боюнча маалыматтарды чогултуу системасын өркүндөтүү | АЧМ, макулдашуу боюнча: УСК, ЖӨБО | ||
Бодо малды жана кой-эчкилерди байлап кармоонун каржылоо механизмин иштеп чыгуу | 2022-жылдын IV кварталы | Бодо малды жана кой-эчкилерди байлап кармоонун каржылоо механизмдери иштелип чыкты | АЧМ, ЖПБ (макулдашуу боюнча) | ||
Жайыттардын деградацияга учураган участокторун кыскартууга багытталган иш-чараларды жүргүзүү | Туруктуу негизде | Жайыттар сарамжалдуу пайдаланылууда. Жайыттардын деградацияга учуроосу азайды. Ыйгарым укуктуу органдардын иши жакшыртылды | АЧМ, ЖПБ (макулдашуу боюнча) | ||
18 суу чарба объекти боюнча долбоордук-изилдөө иштерин аткаруу | 2022-жылдын III кварталы | Долбоордук-сметалык документтер, техникалык экономикалык негиздеме жана техникалык экономикалык эсептөөлөр даярдалды | АЧМ | ||
18 суу чарба объектинде жер, курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу | 2022-жылдын III кварталы | 5875 гектар жаңы сугат жерлери өздөштүрүлдү. 26000 гектар аянтта жерлер мелиорациялык жактан жакшыртылды | АЧМ | ||
Гидротехникалык курулмаларды жыл сайын текшерүү | 2022-жылдын IV кварталы | Текшерүү актысы. Ондоо иштерин жүргүзүүгө смета | АЧМ | ||
Суунун жоготууларын азайтуу үчүн гидротехникалык курулмалардын учурдагы жана капиталдык ондоолорун жүргүзүү | 2023-жылдын IV кварталы | Сууну жоготуулар 55%га чейин азайтылды. Суу чарба объекттеринин вегетациялык мезгилге даярдыгы жыл сайын 100%дан кем эмес | АЧМ | ||
15 | Органикалык айыл чарбанын рыногун өнүктүрүү | Органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча программанын долбоорун иштеп чыгуу | 2022-жылдын III кварталы | Органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча программа иштелип чыкты | АЧМ |
Органикалык айыл чарба өндүрүшү үчүн аянттарды кеңейтүү | 2022-жылдын III кварталы - 2023-жылдын IV кварталы | Органикалык айыл чарба өндүрүшү үчүн жыл сайын аянттардын күтүлүүчү көбөйүшү- 100 га. Жер кыртышынын абалы жакшыртылды, органикалык айыл чарба азыктарынын экспортун көбөйтүүнүн эсебинен фермерлердин кирешелери өстү, "жашыл" жумушчу орундар түзүлдү | АЧМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
Органикалык продукцияны сертификаттоонун заманбап лабораторияларын түзүү | 2022-жылдын III кварталы -2023-жылдын IV кварталы | Эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап лабораториялары менен органикалык продукцияны сертификаттоо боюнча орган түзүлдү | АЧМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан лабораторияларды заманбап жабдуулар менен камсыздоо, аларды эл аралык аккредитациядан өткөн, фермерлерге жеткиликтүү жана органикалык продуктулардын кардарларына ишенимдүү заманбап лабораторияларга айландыруу | 2023-жылдын IV кварталы | Иштеп жаткан лабораториялар заманбап жабдуулар менен камсыздалды. Бул лабораториялар эл аралык аккредитациядан өттү. Лабораториялар фермерлерге жана агрокомпанияларга арзан баада кызмат көрсөтүүдө | АЧМ, ФМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
Соода-логистикалык борборлорду түзүү үчүн инвестицияларды тартуу | 2022-жылдын IV кварталы | Логистикалык борборлордун курулушу башталды | АЧМ, ТИМ, ИУА (макулдашуу боюнча), КРПЫУӨ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
Органикалык жер семирткичтерди чыгаруу боюнча заводдун курулушуна инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | 2022-жылдын III кварталы | Органикалык жер семирткичтерди чыгаруу үчүн инвестициялар тартылды, химиялык жер семирткичтерди колдонуу азайды | АЧМ, ИУА (макулдашуу боюнча), КРПЫУӨ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
16 | Өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана өндүрүштүк факторлорду натыйжалуу пайдалануу үчүн заманбап технологияларды өнүктүрүү жана ишке киргизүү | Айыл чарбасындагы ресурсту үнөмдөөчү жана ресурстук натыйжалуу технологиялар боюнча окууларды өткөрүү | 2022-жылдын III кварталы | Окуулар өткөрүлдү | АЧМ, КУАУ (макулдашуу боюнча) |
Лизинг системасын кайра карап чыгуу жана ресурстук натыйжалуу айыл чарба техникасы үчүн ставкаларды төмөндөтүү | 2022-жылдын IV кварталы | Ресурстук натыйжалуу айыл чарба техникасынын жеткиликтүүлүгү жогорулатылды | ФМ, АЧМ, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) | ||
Жер жана суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү жана маалыматтардын аныктыгын жакшыртуу максатында маалыматтык мейкиндиктин маалымат базасын түзүү | 2022-жылдын III кварталы - 2023-жылдын I кварталы | Маалыматтык мейкиндиктин маалымат базасы түзүлдү | АЧМ, УИА (макулдашуу боюнча), ЭКМ,ТКМ, ӨКМ (Кыргызгидромет) | ||
Органикалык биогумус өндүрүү үчүн органикалык курттарды колдонуу аркылуу малдын калдыктарын кайра иштетүү технологиясын комплекстүү киргизүү. ЖМК жана социалдык тармактар аркылуу фермерлерге биогумустун пайдасы жөнүндө маалымдоо | 2022-жылдын IV кварталы | Фермерлерге органикалык биогумусту өндүрүү үчүн органикалык курттарды колдонуу аркылуу малдын калдыктарын кайра иштетүү технологиясы жөнүндө маалымдалды | АЧМ, ЭКМ, макулдашуу боюнча: эл аралык уюмдар, бизнес-ассоциациялар | ||
Биогумустун ири өндүрүүчүлөрүнө фермерлерге курттарды акы төлөнүүчү негизде консолидацияланган түрдө жеткирүүнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү | 2022-жылдын III кварталы | Биогумус өндүрүүчүлөр тармактык бизнес-ассоцияциялардын колдоосу менен фермерлердин арасында биогумусту өндүрүү технологиясын жайылтуу борбору болуп калышат | АЧМ, макулдашуу боюнча: эл аралык уюмдар, бизнес-ассоциациялар | ||
Бодо малды жана кой-эчкини байлап багуу жана семиртүү үчүн "гидропоникалык" тоютту өстүрүү технологиясын комплекстүү киргизүү. ЖМК жана социалдык тармактар аркылуу фермерлерге биогумустун пайдасы жөнүндө маалымдоо. ЖМК жана социалдык тармактар аркылуу фермерлерге гидропоникада тоют өстүрүү жөнүндө маалымдоо | 2022-жылдын IV кварталы | Фермерлерге бодо малга жана кой-эчкиге гидропоникада тоют өстүрүүнүн технологиясы жөнүндө жакшы маалымдалды | АЧМ, макулдашуу боюнча: эл аралык уюмдар, бизнес-ассоциациялар | ||
Бодо малды жана кой-эчкини жасалма жол менен уруктандыруу технологияларын комплекстүү киргизүү. Жасалма жол менен уруктандыруу пункттары үчүн сапаттуу үрөн материалын туруктуу жана үзгүлтүксүз жеткирүүнү уюштуруу, үрөн материалын сактоо үчүн ветеринарларды суюк азот менен камсыздоо | 2022-жылдын IV кварталы | Жасалма жол менен уруктандыруу технологияларын комплекстүү киргизүү аркылуу фермерлердин көпчүлүгү бул технологиянын артыкчылыктарын билишет. Жеке ветеринарлар "жасалма жол менен уруктандыруу" адистигине жакшы окутулган жана жер-жерлерде жасалма уруктандырууну кепилденген натыйжа менен жүргүзүшөт. Бодо малдын жана кой-эчкинин асыл тукум саны өсүүдө | АЧМ, макулдашуу боюнча: эл аралык уюмдар, бизнес-ассоциациялар | ||
Заманбап технологияларды киргизүү боюнча тематикалык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү | 2022-жылдын III кварталы - 2023-жылдын I кварталы | Изилдөөлөр жүргүзүлдү | АЧМ, макулдашуу боюнча: КУАУ, илим-изилдөө институттары | ||
17 | "Жашыл" айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | Кийин өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгын аныктоо үчүн "жашыл" экономиканын максаттарына колдонуудагы ченемдердин ылайык келишине карата айыл чарба жаатындагы ЧУАларды инвентаризациялоо | 2022-жылдын III кварталы | Айыл чарба жаатындагы ЧУАлар инвентаризацияланды | АЧМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн тиешелүү ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу жана кабыл алуу | 2023-жыддын III кварталы | Органикалык айыл чарба жаатында ЧУАлар кабыл алынды | АЧМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
"Өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн органикалык продукцияны өндүрүү эрежелери" стандартын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2022-жылдын III кварталы | Стандарт бекитилди | АЧМ, ЭКМ | ||
"Мал чарбасы үчүн органикалык продукцияны өндүрүү эрежелери" стандартын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2022-жылдын IV кварталы | Стандарт бекитилди | АЧМ, ЭКМ | ||
"Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү стандартташтыруу эрежелери" стандартын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2022-жылдын IV кварталы | Стандарт бекитилди | АЧМ, ЭКМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
18 | "Жашыл" айыл чарбасын каржылоо | "Жашыл" айыл чарбасын субсидиялоо түрүндө мамлекеттик колдоо көрсөтүү | 2022-жылдын III кварталы -2023-жылдын IV кварталы | 'Жашыл" айыл чарбасына өтүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүлдү | АЧМ, ЭКМ |
Органикалык айыл чарбасын инфратүзүмдүк каржылоого инвесторлорду тартуу үчүн долбоордук сунуштарды түзүү | 2023-жылдын IV кварталы | Экиден кем эмес долбоордук сунуш иштелип чыкты | АЧМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
Мал чарбачылыгына жана өсүмдүк өстүрүүчүлүккө (жашылча- жемиштер) "жашыл" технологияларды киргизүү үчүн жылдык 4%дан жогору эмес пайыздык ставка, мындай кредиттер үчүн күрөөлүк камсыздоо боюнча шарттарды жеңилдетүү менен айыл чарбасын каржылоо боюнча жеңилдетилген кредиттик линияны ачуу | 2023-жылдын I кварталы | Фермердик чарбалар, айыл чарба кооперативдери жана агрокомпаниялар тарабынан "Айыл Банк" ААКтын жана "РСК Банк" ААКтын финансылык продукттары аркылуу айыл чарба өндүрүшү жана кайра иштетүү (мал чарбачылыгы, мөмө-жемиш жана жашылча) чөйрөсүндөгү "жашыл" технологиялар киргизилди | АЧМ, макулдашуу боюнча: "Айыл Банк" ААК, "РСКБанк" ААК | ||
Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарында органикалык айыл чарбасы боюнча пилоттук долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2022-жылдын III кварталы | Органикалык айыл чарбасы боюнча экиден кем эмес пилоттук долбоор иштелип чыкты жана ишке киргизилди | АЧМ, макулдашуу боюнча: эл аралык уюмдар, УИА | ||
19 | "Жашыл" айыл чарбасын жүргүзүү методдоруна айылдык товар өндүрүүчүлөрдү окутуу жана маалымдоо аркылуу алардын потенциалын жогорулатуу | Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө өндүрүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз маалымдоо | Туруктуу негизде | Органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн артыкчылыктары жөнүндө керектөөчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн маалымдуулук деңгээли жогорулады | АЧМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
Фермерлерге консультациялык кызматтарды көрсөтүү жана инновациялык агрардык технологияларды, анын ичинде органикалык айыл чарба өндүрүшүн колдонууга окутуу | Туруктуу негизде | Фермерлерге консультациялык кызматтар көрсөтүлдү жана алар инновациялык агрардык технологияларды колдонуу боюнча окутулду. Органикалык айыл чарба өндүрүшү менен алектенген фермердик чарбалардын иши жакшыртылды | АЧМ, макулдашуу боюнча: КУАУ, эл аралык уюмдар | ||
Фермердик чарбалар үчүн органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү маселелери боюнча маалыматтык брошюраларды жана жарчыларды чыгаруу жана таратуу | Туруктуу негизде | Фермердик чарбалар үчүн жарчылар жана маалыматтык бюллетендер басып чыгарылды жана таратылды | АЧМ, макулдашуу боюнча: КУАУ, эл аралык уюмдар | ||
Коомдук телекөрсөтүүдө узактыгы 1 саат форматында "Айыл сааты" берүүсүн ачуу. Ар жума сайын аудитория менен практикалык тажрыйба алмашуу түрүндө жаңы "жашыл" технологияларды жана бул технологияларды ийгиликтүү киргизген бир фермердик чарбанын мисалында мал чарбачылыгында/өсүмдүк өстүрүүчүүлүктө жетишкендиктерди көрсөтүү | 2022-жылдын III кварталы | "Айыл сааты" берүүсү аркылуу өлкө боюнча фермерлер жаңы "жашыл" технологияларды көрсөтүү менен практикалык видео-мастер-класс форматында маалымат алышат | АЧМ, макулдашуу боюнча: эл аралык уюмдар, бизнес-ассоциациялар | ||
Органикалык продукцияны өндүрүүчүлөрдүн жана кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүү жана жүргүзүү | 2022-жылдын III кварталы - 2023-жылдын IV кварталы | Каталог түзүлдү жана АЧМ буйругу менен бекитилди | АЧМ, макулдашуу боюнча: УСК, эл аралык уюмдар | ||
Ош шаарында "жашыл" технологияларды колдонуу менен иштеген же өз чарбаларына ушундай технологияларды киргизүүнү каалаган фермерлерге комплекстүү кызматтарды көрсөтүүчү туруктуу региондук "жашыл" айыл чарба борборун түзүү | 2022-жылдын IV кварталы | Региондук "жашыл" айыл чарба борбору Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын фермерлерине фермердик чарбаларда "жашыл" технологияларды киргизүүдө жардам көрсөтүү боюнча туруктуу кызматтарды көрсөтөт | АЧМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
Климаттын өзгөрүшү, жайыттарга таасири жана адаптациялоо чараларынын зарылдыгы маселелери боюнча республикалык жана региондук басылмаларда, электрондук ЖМКда маалыматтык-методикалык материалдарды жарыялоо | 2022-жылдын IV кварталы - 2023-жылдын IV кварталы | Маалыматтык-методикалык материалдар жарыяланды | АЧМ, ЖРЭТКМ, ӨКМ | ||
20 | Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана анын терс кесепеттерин жеңилдетүү | Кургакчылыкка жана туздуулукка туруктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун киргизүү | 2022-жылдын III кварталы - 2023-жылдын IV кварталы | Кургакчылыкка жана туздуулукка туруктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору айыл чарба өндүрүшүнө киргизилди | АЧМ |
Айыл чарба үчүн климаттын өзгөрүшү жаатындагы маалыматтык жана илимий негиздерди чындоо жана өнүктүрүү | 2022-жылдын III кварталы -2023-жылдын IV кварталы | Айыл чарбасын жүргүзүүдө мобилдик тиркеме аркылуу гидрометеорологиялык маалымат пайдаланылууда | АЧМ, ЖРЭТКМ, ӨКМ | ||
Айыл чарба секторунда климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча ыкчам жана узак мөөнөттүү чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2022-жылдын III кварталы -2023-жылдын IV кварталы | Климатка туруктуу айыл чарбасы боюнча чаралар ишке ашырылды | АЧМ, ЖРЭТКМ | ||
Климаттын өзгөрүшүнө жана чектеш проблемаларга байланышкан маселелерди чечүүдө эл аралык коомдоштуктун демилгелерине катышуу | 2022-жылдын III кварталы - 2023-жылдын IV кварталы | Айыл чарбасына багытталган климаттын өзгөрүшү маселелери боюнча иш-чараларга катышты | АЧМ, ЖРЭТКМ, ЭКМ, ӨКМ | ||
Мамлекеттик саясатка ылайык климаттын өзгөрүшүнүн шарттарында жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу боюнча жаңы методдорду киргизүү | 2022-жылдын III кварталы | Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча бөлүм Жайыттарды пайдалануу жана башкаруу боюнча планга киргизилди | АЧМ, ЖПБ (макулдашуу боюнча) | ||
Республиканын аймагындагы жер көчкү процесстерин изилдөө жана баалоо, ошондой эле жер көчкү процесстери жүрүп кетиши мүмкүн участокторду картага түшүрүү | 2022-жылдын III кварталы - 2023-жылдын IV кварталы | Жер көчкү процесстери боюнча маалыматтар базасы түзүлдү. Жер көчкү процесстери жүрүп кетиши мүмкүн болгон участоктор картага түшүрүлдү. Жер көчкү коркунучу тууралуу маалымат жеткиликтүү | ӨКМ, ЖРЭТКМ, УИА (макулдашуу боюнча) | ||
Агрометеорологиялык продукцияны чыгарууда пайдалануу үчүн маалыматтык-болжолдоо системасын түзүү | 2023-жылдын IV кварталы | Маалыматтык-болжолдоо системасы түзүлдү | ЖРЭТКМ, ӨКМ, АЧМ | ||
Жалпы пайдалануу үчүн климаттык продукцияны үзгүлтүксүз негизде чыгаруу | 2022-жылдын III кварталы -2023-жылдын IV кварталы | Республиканын аймагы боюнча климаттык диаграммалар жана климаттык карталар адаптациялоо иш-чараларын жана экономиканын ар кандай секторлорун өнүктүрүү пландарын иштеп чыгууда пайдаланылуу үчүн жеткиликтүү | ЖРЭТКМ, ӨКМ | ||
3. "Жашыл" өнөр жайы | |||||
21 | Өнөр жайдын энергия жана суу секторлорунда ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды киргизүү үчүн потенциалды аныктоо | Өнөр жай секторлорунда энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну көбөйтүүнүн мүмкүн болуучу варианттарын аныктоо | 2023-жылдын III кварталы | Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну көбөйтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү аныкталды | ЭКМ,ЭМ |
22 | Улуттук таза өндүрүш борборун түзүү аркылуу таза өндүрүш жана ресурстардын натыйжалуулугу боюнча чараларды киргизүү | Улуттук таза өндүрүш борборун түзүү | 2023-жылдын IV кварталы | Улуттук таза өндүрүш борбору иштеп баштады | ЭКМ, ЭМ, АЧМ, ЖРЭТКМ |
4. Төмөн көмүртектүү жана экологиялык таза транспорт | |||||
23 | Электр менен жүрүүчү коомдук транспорттун үлүшүн көбөйтүү | Электр менен жүрүүчү 120 жаңы автобусту этабы менен сатып алуу | 2022-жылдын III кварталы - 2023-жылдын IV кварталы | Электр менен жүрүүчү коомдук транспорттун үлүшү көбөйдү | Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) |
24 | Бишкек шаарында коомдук транспортту башкаруу системасын өркүндөтүү | Бишкек шаары үчүн реалдуу убакыт режиминде коомдук транспортто датчиктердин жардамы аркылуу геопозицияны аныктоонун жардамы менен коомдук транспорт турган жерге жана тыгындарга байкоо жүргүзүү үчүн маалыматтык сервисти иштеп чыгуу жана киргизүү | 2022-жылдын III кварталы -2023-жылдын III кварталы | Бишкек шаарында жол тыгындарына байкоо жүргүзүү боюнча маалыматтык сервис иштелип чыкты жана ишке киргизилди | Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) |
Жаңы муниципалдык транспортту этап-этабы менен сатып алуунун жыйынтыктары боюнча Бишкек шаарынын муниципалдык операторлорунун тейлөөсүнө жүргүнчүлөрдүн агымы көбүрөөк болгон маршруттарды өткөрүп берүү | 2022-жылдын III кварталы - 2023-жылдын IV кварталы | Кыйла көп талап кылынган жана алыска жүрүүчү маршруттар Бишкек шаарынын муниципалдык операторлору тарабынан тейленүүдө | Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) | ||
8 жылга чейинки чыгарылыштагы микроавтобустардын автопаркын сунуштоону кепилдеген Бишкек шаарындагы жеке менчик операторлор менен узак мөөнөттүү контракттарды түзүүнү камсыздоо | 2022-жылдын III кварталы - 2023-жылдын IV кварталы | Жеке менчик операторлор менен узак мөөнөттүү контракттар түзүлдү. Жеке менчик операторлордун микроавтобустар автопаркы жаңыланды | Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) | ||
Бишкек шаарындагы коомдук транспорт үчүн өзүнчө линияларды киргизүү мүмкүнчүлүгү боюнча көчөлөрдү аныктоо маселесин изилдөө | 2022-жылдын III кварталы | Коомдук транспорт үчүн өзүнчө линияларды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө аналитикалык каттар Бишкек шаарынын кеңешинин кароосуна киргизилди | Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) | ||
25 | Бишкек жана Ош шаарларында жана Бишкек - Ош, Бишкек -Каракол жолдорунун бойлорунда электр менен заряддоочу инфратүзүмдү түзүү | Бишкек шаарында электр менен заряддоочу инфратүзүмдү ишке киргизүү маселелери боюнча комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзүү | 2022-жылдын IV кварталы | КРМКга төмөнкүлөр киргизилди: - Бишкек шаарында электр менен заряддоочу инфратүзүмдү ишке киргизүү маселелер боюнча сунуштар; - шаарды пландаштырууну эске алуу аркылуу электр менен заряддоочу станциялардын жайгашкан жерлеринин схемасы; - электр менен заряддоочу станциялардын минималдык техникалык параметрлери | ЭКМ, ЭК, ТКМ, Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Бишкек жана Ош шаарларында, Бишкек - Ош, Бишкек - Каракол, Ош - Баткен - Исфана жолдорунун бойлорунда базалык электр менен заряддоочу инфратүзүмдү киргизүү үчүн инвестициялык лотторду даярдоо | 2022-жылдын IV кварталы | Бишкек жана Ош шаарларында, Бишкек - Ош, Бишкек - Каракол, Ош - Баткен - Исфана жолдорунун бойлорунда базалык электр менен заряддоочу инфратүзүмдөрдү ишке киргизүү үчүн инвестициялык лоттор даярдалды | ИУА (макулдашуу боюнча), ТКМ, ЭМ, ЭКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
Мамлекеттик органдардын (пилоттук министрликтердин) автопаркын электромобилдерге өткөрүү/алмаштыруу боюнча программанын долбоорун иштеп чыгуу | 2022-жылдын IV кварталы | Мамлекеттик органдардын (пилоттук министрликтердин) автопаркын электрбмобилдерге өткөрүү/алмаштыруу боюнча программанын долбоору иштелип чыкты жана КРМКнын кароосуна киргизилди | ЭКМ | ||
26 | Шаар ичинде жүрүү үчүн велосипедди транспорт катары пайдалануу үчүн шарттарды түзүү | Велосипед жолдорун куруу | 2022-жылдын III кварталы - 2023-жылдын IV кварталы | Активдүү жана сергек жашоо, велосипед транспортун жайылтуу үчүн шарттар түзүлдү | Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) |
5. Туруктуу туризм | |||||
27 | Туруктуу туризмге өтүү үчүн укуктук жана институттук чөйрөнү өнүктүрүүнү камсыздоо | Туристтик тармактын туруктуулугун баалоо | 2022-жылдын IV кварталы | Туристтик тармактын туруктуулугуна карата практикалык сунуштар менен аналитикалык документ даярдалды | ММСЖСМ, "ТӨКФ"ААК (макулдашуу боюнча) |
Туруктуу туризм жана сервистик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2022-жылдын III кварталы - 2023-жылдын IV кварталы | Туруктуу туризмдин жана сервистик кызмат көрсөтүүлөрдүн 20дан кем эмес стандарттары бекитилди | ММСЖСМ, ЖРЭТКМ, ССМ, "ТӨКФ"ААК (макулдашуу боюнча) | ||
Айла-чөйрөнүн таштандылар менен булгануусун төмөндөтүү максатында өлкөнүн негизги туристтик жаратылыш объекттерине өткөрүү пункттарын орнотуу боюнча ЧУА жана механизмди иштеп чыгуу: - кирүү/чыгуу үчүн акы төлөөнү киргизүү; - суткасына бир адамга белгиленген ченемдерге ылайык таштанды чыгарууда төлөмдүн суммасын 100%га чейин кайтартуу | 2022-жылдын III кварталы - 2023-жылдын IV кварталы | Жалпысынан туризмдин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизбей турган практикада жүзөгө ашыруу механизми менен атайын ЧУАлар иштелип чыкты жана бекитилди | ЖРЭТКМ, ММСЖСМ, "ТӨКФ"ААК (макулдашуу боюнча) | ||
28 | Туруктуу туризмге өтүү инструмент-терин, түрткү берүү жана колдоо механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Туруктуу туризмдин элементтерин киргизүүгө финансылык колдоо көрсөтүүнүн түрткү берүүчү механизмдерин иштеп чыгуу | 2022-жылдын III кварталы | Туруктуу туризмдин элементтерин киргизүүгө финансылык колдоо көрсөтүүнүн түрткү берүүчү механизмдери бекитилди | ММСЖСМ, ФМ, "ТӨКФ"ААК (макулдашуу боюнча) |
Туруктуу туристтик объекттерди өнүктүрүү жана колдоо үчүн зарыл болгон артыкчылыктуу инфратүзүмдүк долбоорлор (ири жана кичи) тизмегин аныктоо | 2022-жылдын IV кварталы | Инфратүзүмдүк долбоорлордун тизмеги бекитилди | ММСЖСМ, макулдашуу боюнча: ИУА, "ТӨКФ"ААК | ||
Туризм чөйрөсүндө 3төн кем эмес МЖӨ сунуштарын даярдоо жана илгерилетүү | 2022-жылдын IV кварталы | Туруктуу туризм принциптерин эске алуу менен 3төн кем эмес МЖӨ долбоору демилгеленди | ММСЖСМ, макулдашуу боюнча: ИУА, "ТӨКФ"ААК | ||
Туруктуу туризм маселелери боюнча туризм чөйрөсүндөгү адистерди жана менеджерлерди окутуу программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2022-жылдын III кварталы | 5тен кем эмес жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында милдеттүү модулдар киргизилди | БИМ, ММСЖСМ | ||
Жамааттык жайгаштыруу каражаттарынын классификациясынын алкагында туруктуулук (экологиялык) боюнча ыктыярдуу сертификациялоо механизмин киргизүү | 2022-жылдын III кварталы | Экологиялык стандарттар жана талаптар менен Жамааттык жайгаштыруу каражаттарынын улуттук ыктыярдуу классификациясы иштелип чыкты | ММСЖСМ, макулдашуу боюнча: "ТӨКФ"ААК, бизнес ассоциациялар, туристтик ассоциациялар, эл аралык уюмдар, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр | ||
Туруктуу туризм багыты боюнча, анын ичинде "жашыл" технологияларды киргизүү жана пайдалануу боюнча тренингдерде жана консультацияларда туристтик бизнестин керектөөлөрүн баалоо | 2022-жылдын III кварталы | Туристтик бизнестин керектөөлөрү менен ММСЖСМ караштуу Туризм департаментинин ички программалык документи бекитилди | ММСЖСМ, макулдашуу боюнча: "ТӨКФ"ААК, туристтик ассоциациялар, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр | ||
Туруктуу туризмди өнүктүрүүгө багытталган маалыматтык-аналитикалык материалдарды, сунуштарды жана колдонмолорду иштеп чыгуу жана маалыматтык веб-порталдарда жайгаштыруу | 2022-жылдын III кварталы | 10дон кем эмес жарыялоолор иштелип чыкты жана маалыматтык-аналитикалык веб-порталдарда жайгаштырылды | ММСЖСМ, "ТӨКФ"ААК (макулдашуу боюнча) | ||
29 | Региондорду зоналаштыруу жана бренддөө, потенциалын жогорулатуу жана чакан инфратүзүмдүн өнүктүрүү жолу менен региондордо туруктуу туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү | Республиканын ар бир облусунун туризмин өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу | 2023-жылдын I кварталы | Республиканын ар бир облусунун туризмин өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыкты | ММСЖСМ, КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоону калыптандырууга багытталган социалдык роликтерди тартуу | 2022-жылдын III кварталы | Айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоону калыптандыруу үчүн социалдык роликтер көрсөтүлүүдө | ЖРЭТКМ, ММСЖСМ | ||
Мейманканаларды, отелдерди, эс алуу үйлөрүн, тоо-туристтик комплекстерди түзүү үчүн жеке инвестицияларды тартуу, анын ичинен МЖӨнүн негизинде тартуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү | 2022-жылдын III кварталы - 2023- жылдын IV кварталы | Курулган объекттердин, анын ичинде МЖӨнүн негизинде курулган объекттердин саны көбөйдү | ММСЖСМ, ИУА (макулдашуу боюнча), ТИМ, КРПЫУӨ, макулдашуу боюнча: ЖӨБО, "ТӨКФ" ААК | ||
Республикалык жана шаардык жолдордо, ошондой эле туристтик объекттерде англис тилиндеги жол көрсөткүчтөрүн орнотуу | 2023-жылдын II кварталы - туруктуу негизде | Жол көрсөткүчтөрү орнотулду | ТКМ, ММСЖСМ, ИИМ, КРП ЫУӨ, "ТӨКФ"ААК (макулдашуу боюнча) | ||
Бишкек - "Манас" аэропорту жана Бишкек - "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркы маршруттары боюнча үзгүлтүксүз негизде туристтер жана КРнын жарандары үчүн ыңгайлуу автобустарды ишке киргизүү | 2022-жылдын III кварталы | Зарыл маршруттар боюнча ыңгайлуу автобустар ишке киргизилди | ТКМ, ММСЖСМ, КРПЧүй облусундагы ЫУӨ | ||
6. Коммуналдык калдыктарды башкаруу | |||||
30 | Кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстарды чарбалык жүгүртүүгө тартууга мүмкүндүк берүүчү коммуналдык калдыктарды өз-өзүнчө чогултууну колдонуу жөнүндө ченемдерди ченемдик укуктук базага киргизүү | Кайра пайдаланылуучу чийки затты чогултуу, сорттоо жана кайра иштетүү боюнча тартипти иштеп чыгуу жана бекитүү | 2023-жылдын IV кварталы | Кайра пайдаланылуучу чийки затты чогултуу, сорттоо жана кайра иштетүү боюнча тартип бекитилди | ЖРЭТКМ, ЭКМ, КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстарды чарбалык жүгүртүүгө тартууну камсыз кылган талаптарды жана жоболорду регламенттөө жана актуалдаштыруу боюнча КР ченемдик укуктук базасына өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстар, кайра пайдаланылуучу чийки зат түшүнүгүн аныктаган түшүнүктөрдү жана терминдерди ЧУАга киргизүү, калдыктарды колдонуу чөйрөсүндөгү түшүнүктөр аппаратына шайкеш келтирүү жана тактоо | 2022-жылдын III кварталы - 2023-жылдын I кварталы | КР аймагында чарбалык жүгүртүүгө кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстарды тартуу деңгээлин жогорулатууну караган КР мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди | ЖРЭТКМ | ||
Жергиликтүү шарттарды эске алуу менен кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстардын категориясына калдыктарды киргизүү критерийлерин жана тартибин аныктоо | 2022-жылдын III кварталы - 2023-жылдын II кварталы | КРМК чечими менен төмөнкүлөр бекитилди: - кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстардын категориясына калдыктарды киргизүү критерийлери жана тартиби; - кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстардын категориясына кирген калдыктардын тизмеги | ЖРЭТКМ | ||
31 | Калдыктарды башкаруунун заманбап экономикалык механизмдерин ченемдик укуктук базага киргизүү | Калдыктарды башкаруунун заманбап экономикалык механизмдерин иштеп чыгуу жана улуттук мыйзамдарга киргизүү | 2023-жылдын IV кварталы | Калдыктарды колдонуу жаатында башкаруунун экономикалык механизмдерин киргизүүнү караган зарыл болгон ЧУАларга өзгөртүүлөр киргизилди. Киргизилген өзгөртүүлөр экологиялык ишкердик жана жаратылышты коргоо иштерине дем берген салыктык жеңилдиктер жана преференциялар системасын, калдыктарды утилдештирүү жана кайра иштетүү милдеттерин чечүүгө байланышкан инвестициялык долбоорлордун бизнес-пландарын колдоого багытталган жеңилдетилген кредиттер, кайра пайдаланылуучу чийки заттан продукцияга мамлекеттик/муниципалдык заказ системаларын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат | ЖРЭТКМ, ЭКМ, ФМ |
Зарыл болгон ЧУАларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу аркылуу КРнын аймагында өндүрүүчүнүн жана импорттоочунун кеңейтилген жоопкерчилиги принцибин ишке ашырууну камсыздоо | 2022 жылдын IV кварталы - 2023-жылдын IV кварталы | КРМКнын ӨКЖны ишке ашырууну камсыздоочу төмөнкүдөй чечимдери кабыл алынды: - ӨКЖны ишке ашыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө; - ӨКЖ жайылтылган продукциянын/товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө; - ӨКЖ жайылтылган продукциянын (товарлардын) керектөөчүлүк касиеттери жоготулгандан кийин пайда болгон калдыктарды чогултуунун, кайра иштетүүнүн жана утилдештирүүнүн жеке системасына карата талаптар (же тартип); - КРда ӨКЖ операторун аныктоо жөнүндө жобо | ЖРЭТКМ, ЭКМ, | ||
Калдыктарды чогултууну, ташууну, кайра иштетүүнү, утилдештирүүнү жана зыянсыздандырууну уюштуруу үчүн акыны эсептөө методикасынын долбоорун иштеп чыгуу | 2022-жылдын IV кварталы | КРМКнын Калдыктарды чогултууну, ташууну, кайра иштетүүнү, утилдештирүүнү жана зыянсыздандырууну уюштуруу үчүн акыны эсептөө методикасын бекитүү жөнүндө чечими кабыл алынды | ЖРЭТКМ, ЭКМ,ФМ | ||
32 | Калдыктарды колдонуунун бардык этаптарында талаптагыдай мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү камсыз кылуу | Калдыктар жайгаштырылган объекттер ээлеген жерлердин категориясын регламенттештирүү маселелери боюнча КР Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2022-жылдын IV кварталы - 2023-жылдын IV кварталы | КР Жер кодексине өзгөртүүлөр киргизилди | АЧМ, ЖРЭТКМ |
Калдыктарды азайтуу жана калдыктарды кошумча чийки зат булагы катары чарбалык жүгүртүүгө тартуу боюнча иш-чараларды аткаруу үчүн контролду камсыз кылуу боюнча талаптарды экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча текшерүү баракчаларына киргизүү | 2022-жылдын III кварталы - 2023-жылдын IV кварталы | Ишкердик субъекттерине карата талаптар экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча текшерүү баракчалары киргизилди | ЖРЭТКМ, ЭКМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
33 | Калдыктардын чогулушун азайтуу жана аны өз-өзүнчө чогултуу жаатында калкты экологиялык тарбиялоого жана кызыктырууга, анын маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу | Калдыктарды өз-өзүнчө чогултуунун артыкчылыктары жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | 2022-жылдын III кварталы -2023-жылдын IV кварталы | Маалымат КР бүткүл аймагында жайылтылган, маалымат менен республиканын калкынын 90%га чейинкиси камтылган | ЖРЭТКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
ЖМКларды пайдалануу аркылуу маалыматтык ишти жүргүзүү | 2022-жылдын III кварталы - 2023-жылдын IV кварталы | Калдыктарды өз-өзүнчө чогултуунун артыкчылыктары жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында туруктуу мезгилдүүлүгү менен чагылдырылууда | ЖРЭТКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
7. "Жашыл" шаарлар | |||||
34 | "Жашыл" шаарларды өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук жана институттук негиздерди түзүү | "Жашыл" шаарларды өнүктүрүү үчүн карама-каршылыктарды, кемчиликтерди, тоскоолдуктарды аныктоо боюнча колдонуудагы ЧУА жана ченемдик-техникалык актыларды талдоо жана баалоо: - КР Жер кодексин; - КР Граждандык кодексин; - КР Турак жай кодексин; - КР Бузуулар жөнүндө кодексин; - "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" КР Мыйзамын; - "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" КР Мыйзамын; - "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" КР Мыйзамын; - "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" КР Мыйзамын; - "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" КР Мыйзамын; - "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" КР Мыйзамын; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-августундагы № 514 "Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларында шаар курулуш кадастрын жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомун | 2023-жылдын II кварталы | Карама-каршылыктарды четтетүү менен ченемдик-укуктук жана техникалык актылардын мыйзамдык базасына баа берилди | Курулуш агенттиги, ЭКМ, ЖРЭТКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Шаар куруу документациясынын толук пакетин даярдоо: улуттук деңгээлдеги башкы схемаларды жана долбоорлорду, шаарлардын жана айылдарын башкы пландарын, деталдуу пландоо долбоорлорун, куруу жана жер пайдалануу эрежелерин | 2022-жылдын III кварталы - 2023-жылдын IV кварталы | Башкы схемалар жана улуттук деңгээлдеги долбоорлор даярдалды | Курулуш агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
КР Шаарларды өнүктүрүү фондун жана шаарларды жана алардын инфратүзүмүн комплекстүү өнүктүрүүнүн илимий-изилдөө институтун түзүү боюнча сунуштарды киргизүү | 2022-жылдын III кварталы | КР МКга КР Шаарларды өнүктүрүү фондун жана шаарларды жана алардын инфратүзүмүн комплекстүү өнүктүрүүнүн илимий-изилдөө институтун түзүү боюнча сунуштар менен аналитикалык кат киргизилди | Курулуш агенттиги | ||
Аймактык мейкиндикти пландаштыруунун бирдиктүү системасы катары КР Мейкиндикти өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2023-жылдын IV кварталы | КР МКга сунуштары менен аналитикалык кат киргизилди | Курулуш агенттиги | ||
35 | "Жашыл" шаарлар принциптерин эске алуу менен шаарларды башкаруу системасын түзүү | Жергиликтүү бийликтер пайдаланышы үчүн калктуу конуштардын туруктуу өнүгүшүн мейкиндиктик-аймактык пландаштыруу, шаардык саясат жана башкаруу боюнча колдонмолорду, сунуштамаларды, методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу | 2023-жылдын III кварталы | Аймактык мейкиндикти пландаштыруу боюнча шаарларды башкаруудагы өзгөрүүлөргө жергиликтүү бийлик даярдалды | Курулуш агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Шаарларды өнүктүрүү стратегиясын "Мейкиндикти өнүктүрүү стратегиясы" бөлүмү менен толуктоо жана шаарлардын потенциалын талдоонун жана баалоонун жыйынтыктары боюнча сунуштарга негизделген долбоорлоодогу заказдардын пакетин түзүүгө жол-жоболук өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2023-жылдын II кварталы | Шаарды аймактык-мейкиндикти өнүктүрүү боюнча консолидацияланган чечимдерди кабыл алуу үчүн калктын бардык катмарын кеңири камтуу менен шаарды өнүктүрүү стратегиясына "Мейкиндикти өнүктүрүү стратегиясы" бөлүмү киргизилди | Курулуш агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
Шаардык коомдоштуктарды тартуу менен шаарларды башкаруу системасын түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү | 2022-жылдын IV кварталы | Шаардык коомдоштуктарды тартуу менен шаарларда аймактык-мейкиндиктик жөнгө салууну башкаруу системасын түзүү боюнча сунуш КР МКга киргизилди | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | ||
36 | Коопсуздукту, экологиялык туруктуулукту жана социалдык-инклюзивдик чөйрөнү камсыздоочу шаарлардын инженердик-техникалык жана коммуникациялык инфратүзүмүн (тармактарды жана жолдорду) өнүктүрүү | Бардык кызыкдар тараптардын: калктын, шаардык коомдоштуктардын, бизнес-чөйрөнүн, бийликтин, инвесторлордун катышуусу менен шаарлардын жашоо-турмушун камсыздоонун инфратүзүмдөр системасында керектөөнүн сапаты, эсепке алынышы, контролдонушу боюнча жалпы жоболорду (шаарлардын "акылдуу" концепциясын) иштеп чыгуу | 2023-жылдын IV кварталы | КР МКга сунуштамалары менен аналитикалык кат киргизилди | Курулуш агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Жыйнактуу, социалдык инклюзивдүү, өнүккөн интеграцияны жана мобилдүүлүктү камсыз кылуучу шаар жана аймактарды караган, "жашыл" технологияларды жана түрткү берүүчү чараларды киргизүү мүмкүндүгү менен шаарлардын коомдук мейкиндиктерин өнүктүрүү концепциясын, пландаштырууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2022-жылдын IV кварталы | Имараттардын жана курулмалардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу, "жашыл" технологияларды колдонуу жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, айрыкча социалдык объекттерге ашыкча чыгымдарды кыскартуучу инфратүзүмдү модернизациялоо боюнча сунуштамалар менен аналитикалык кат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизилди | Курулуш агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
37 | Маалымдоо жана окутуу | Шаардык социалдык инклюзивдик саясат, башкаруу, аймактык мейкиндикти пландаштырууну жөнгө салуу боюнча процесске бардык катышуучулар үчүн маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу | 2023-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы | Калк маалымдалды жана шаарды өнүктүрүү программаларын кабыл алууга катышат | Курулуш агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
III. Инклюзивдүү "жашыл" экономикага өтүү процессин колдоо | |||||
1. Туруктуу каржылоо | |||||
38 | "Жашыл" каржылоо принциптерин киргизүү боюнча банк секторунун муктаждыгын жана потенциалдуу суроо-талаптарын аныктоо | "Жашыл" каржылоону өнүктүрүүнүн методологиялык негиздерин, анын ичинде Улуттук таксономияны иштеп чыгуу | 2022-жылдын IV кварталы | "Жашыл" каржылоону өнүктүрүүнүн улуттук методологиясынын долбоору иштелип чыкты: - таксономиянын долбоору даярдалды (иштин экологиялык туруктуу түрлөрүнүн классификациясы); - верификация системасына талаптар даярдалды | ЭКМ, ЖРЭТКМ, макулдашуу боюнча: КБС, МФУА, Улуттук банк, бизнес-ассоциациялар |
"Жашыл" экономика боюнча колдонуудагы продуктуларга жана кызмат көрсөтүүлөргө талдоо жүргүзүү | 2022-жылдын IV кварталы | "Жашыл" экономика боюнча колдонуудагы продуктулар жана кызмат көрсөтүүлөр аныкталды | Макулдашуу боюнча: КБС, МФУА | ||
"Жашыл" экономика боюнча продуктуларга колдонуудагы продуктуларды таандык кылуу боюнча сунуштарды түзүү | 2022-жылдын IV кварталы | Негиздүү сунуштар даярдалды | Макулдашуу боюнча: КБС,МФУА | ||
"Жашыл" экономикага кирген продуктуларды калыптандыруу же жаңы продуктуларды түзүү | 2022-жылдын IV кварталы | "Жашыл" экономика принциптерине ылайык келген ишкердик иштин түрлөрү жана кредиттик продуктулар аныкталды | Макулдашуу боюнча: КБС, МФУА | ||
39 | Эл аралык стандарттардын шайкештигине карата финансы секторун даярдоо | Туруктуу каржылоону киргизүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүү ниети жөнүндө меморандумга кол коюу | 2022-жылдын IV кварталы | Коммерциялык банктар туруктуу каржылоо принциптерин кармануу ниетин ырастады | Макулдашуу боюнча: КБС,МФУА |
"Жашыл" экономика боюнча ишти туруктуу каржылоонун бирдиктүү түшүнүктөр аппаратын түзүү жана "жашыл" экономиканын жумушчу терминдерин иштеп чыгуу | 2022-жылдын III кварталы | "Жашыл" экономика боюнча жалпы терминология кабыл алынды. Банк секторунун биргелешкен ишинин принциптери макулдашылды | Макулдашуу боюнча: МФУА, КБС | ||
Финансылык сектор тарабынан ESG ставдарттарын жана IFC PS кабыл алуу | 2023-жылдын IV кварталы | Финансылык сектор тарабынан эл аралык стандарттар кабыл алынды | Макулдашуу боюнча: КБС, МФУА, эл аралык уюмдар | ||
40 | Банктык системанын жана микро финансылык уюмдардын персоналы, кардарлары үчүн тренинг жана окутуу | Финансы секторунун кардарлары үчүн персоналды окутуу жана аларга тренингдерди өткөрүү | 2022-жылдын III кварталы -2023-жылдын IV кварталы | Туруктуу финансылык сабаттуулук жогорулатылды | Макулдашуу боюнча: КБС, коммерциялык банктар, МФУА |
41 | Банктык жана микрофинансылык секторлорго туруктуу каржылоону практикага киргизүү | Туруктуу каржылоо принциптерин киргизүү боюнча жол картасын иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын түзүү | 2022-жылдын IV кварталы. | Туруктуу каржылоо боюнча иш-чаралар жана жалпы ниеттер макулдашылды жана бекитилди | Макулдашуу боюнча: КБС, МФУА |
ESG стандарттарынын талаптарына ылайык "жашыл" экономика боюнча ишти эсепке алуу, баалоо, контролдоо жана байкоо жөндөмдүүлүгүнө, "жашыл" экономиканын продукттарына каражаттарды мобилизациялоого финансы институттарынын даярдыгынын абалын карап чыгуу | 2022-жылдын III кварталы - 2023-жылдын II кварталы | Туруктуу каржылоо боюнча иш жөнүндө отчетторду түзүү жөндөмдүүлүгүнө баа берилди | Макулдашуу боюнча: КБС, МФУА, эл аралык уюмдар | ||
Туруктуу каржылоо принциптерин колдонуу практикасынын башталышы жөнүндө расмий билдирүү. Туруктуу каржылоо боюнча консультация берүүнү практикалаган эл аралык институттар менен маалымат алмашуу процессин баштоо | 2022-жылдын IV кварталы - 2023-жылдын II кварталы | "Жашыл" экономика боюнча тейлөөчү адистер менен консультациялык өз. ара аракеттенүү. Каржылоону жана окутууну ишке киргизүү практикасын кармануу жөнүндө расмий билдирилди | Макулдашуу боюнча: КБС, МФУА | ||
42 | Туруктуу каржылоонун потенциалдуу механизмдерин изилдөө | КР жеке сектору үчүн туруктуу каржылоонун негизинде капитал, квазиакционер, облигациялар жана күрөөсү жок каржылоо сыяктуу алгылыктуу финансылык инструменттердин (банктык эмес) потенциалын изилдөө | 2022-жылдын IV кварталы | Жеке сектор үчүн инструментарийлерди кеңейтүүгө сунуштамалар зарылчылыкка жараша даярдалды | Макулдашуу боюнча: КБС, МФУА |
Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча продуктуларды жана камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүн изилдөө (мисалы, айыл чарбасы үчүн индекстердин негизинде камсыздандыруу) | 2023-жылдын IV кварталы | Сунуштамалар даярдалды | Макулдашуу боюнча: КБС, МФУА, КА | ||
43 | Туруктуу каржылоону өнүктүрүү үчүн укуктук чөйрөнү түзүү | Тармактар боюнча туруктуу каржылоонун базалык жетектөөчү принциптеринин системасын киргизүү боюнча ЧУА иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн зарылдыгын кароо | 2023-жылдын IV кварталы | Зарылдыкка жараша ЧУАга өзгөртүүлөр киргизилди | ЭКМ, макулдашуу боюнча: КБС, МФУА, Улуттук банк |
44 | Туруктуу каржылоонун тармактык жетектөөчү принциптерин киргизүү | Жеке секторду "жашылдандырууда" каржылоо эң чоң жыйынтыкты бере турган экономиканын секторлорун аныктоо жана "жашыл" технологияларга өтүү үчүн каржылоого муктаждыгын аныктоо үчүн жеке секторго талдоо жүргүзүү | 2022-жылдын IV кварталы | "Жашыл" финансыга керектөө суроо-талаптын көлөмүнүн жана учурдагы "жашыл" финансы продуктуларынын финансылык рыногуна сереп даярдалды | ЭКМ, макулдашуу боюнча: КБС, МФУА |
Глобалдык-климаттык капиталга узак мөөнөттүү каржылоону тартуу үчүн артыкчылыктуу секторлорду бекитүү | 2023-жылдын IV кварталы | Глобалдык климаттык капиталга узак мөөнөттүү каржылоону тартуу үчүн артыкчылыктуу секторлор бекитилди | ЭКМ, макулдашуу боюнча: КБС, бизнес-ассоциациялар, МФУА | ||
КР финансы мекемелери үчүн туруктуу каржылоо принциптерин иштеп чыгуу | 2023-жылдын IV кварталы | Банктар жана банктык эмес. финансы уюмдары үчүн тармактык принциптер бекитилди | ЭКМ, макулдашуу боюнча: Улуттук банк, КБС, МФУА, бизнес-ассоциациялар | ||
Финансылык жана жеке сектор үчүн туруктуу каржылоонун тармактык принциптерин киргизүү жана адаптациялоо боюнча орто мөөнөттүү пландын долбоорун иштеп чыгуу | 2023-жылдын IV кварталы | Финансылык жана жеке сектор үчүн туруктуу каржылоонун тармактык принциптерин киргизүү жана адаптациялоо боюнча планды бекитүү жөнүндө КР МК чечими кабыл алынды | ЭКМ, макулдашуу боюнча: Улуттук банк, КБС, бизнес-ассоциациялар, МФУА | ||
45 | "Жашыл" финансылык корпорацияны түзүү | "Жашыл" финансылык корпорацияны түзүүнүн алдыңкы моделдерин изилдөө | 2023-жылдын I кварталы | "Жашыл" финансылык корпорацияны түзүү мүмкүндүгү жөнүндө сунуштамалар даярдалды | ЭКМ, КБС (макулдашуу боюнча) |
"Жашыл" финансылык корпорацияны капиталдаштыруу механизмин иштеп чыгуу | 2023-жылдын II кварталы | "Жашыл" финансылык корпорацияны капиталдаштыруу механизми КР МК берилди | ЭКМ, КБС (макулдашуу боюнча) | ||
"Жашыл" финансылык корпорацияны түзүүгө жана аны капиталдаштырууга колдоо көрсөтүү тууралуу эл аралык донордук жана финансылык институттар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | 2023-жылдын IV кварталы | 5тен кем эмес эл аралык донордук жана финансы уюмдары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү жана 1 млн. АКШ долларынан кем эмес капиталды тартуу жөнүндө макулдашууга жетишилди | ЭКМ, КБС (макулдашуу боюнча) | ||
"Жашыл" финансылык корпорацияны түзүү предметине КР МК атынан "жашыл" климаттык фонддорго номинация-кат жиберүү | 2023-жылдын II кварталы | КР МК каты "жашыл" климаттык фонддорго жиберилди | ЭКМ, ЖРЭТКМ | ||
46 | Туруктуу каржылоо принциптери жөнүндө маалымдуулук-тун деңгээлин жогорулатуу | Туруктуу каржылоо принциптери жөнүндө маалымдоо жана банктык жана финансылык секторлорго, ишкерлерге окуу өткөрүү | 2022-жылдын IV кварталы | ЖМКда жана интернет-ресурстарда туруктуу каржылоо маселелери боюнча финансылык сабаттуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүүчү материалдар жарыяланууда | Улуттук банк (макулдашуу боюнча), ЭКМ, макулдашуу боюнча: КБС, МФУА |
Бизнести өнүктүрүү үчүн анын ичинде туруктуу каржылоо принциптери жөнүндө перспективдүү финансы инструменттерин пайдалануу бөлүгүндө ишкерлердин маалымдуулугун жогорулатуу | 2023-жылдын IV кварталы | Жеке сектор бизнести өнүктүрүү үчүн туруктуу каржылоо принциптери жөнүндө маалымдалды | ЭКМ, макулдашуу боюнча: КБС, бизнес-ассоциациялар | ||
Туруктуу каржылоо багыттары боюнча банктардын, микрофинансылык уюмдардын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу | 2022-жылдын IV кварталы - 2023-жылдын IV кварталы | Финансылык сектордун кызматкерлери туруктуу каржылоо принциптери тууралуу маалымдалды | Макулдашуу боюнча: КБС, Улуттук банк, МФУА | ||
КРда ESG-принциптерин жана туруктуу өнүгүү максаттарын кармануу тууралуу декларация | 2022-жылдын III кварталы | Ассоциациялардын жана КР экономика секторун көрсөткөн юридикалык жактардын бирикмелери тарабынан экономикалык өнүгүү бизнес үчүн да, кардарлар үчүн да, жана жалпысынан коом үчүн да узак мөөнөттө пайда табуу үчүн бизнес-чечимдерде экологиялык, социалдык жана башкаруу критерийлерин интеграциялоого багытталган ESG-принциптери менен шайкеш келүүгө тийиш экендиги таанылды | Макулдашуу боюнча: КБС, МФУА, бизнес-ассоциациялар | ||
2. Фискалдык дем берүү | |||||
47 | "Жашыл" салыктарды киргизүү | Транспортко (СО2 чыгарууларга салык жана автомобилдер үчүн атмосфералык абаны булгоочу заттарды чыгарууга салык), полиэтлен пакеттерине экологиялык салыктарды жана бир жолу пайдалануучу товарларга кошумча нарк салыгынын ставкасын киргизүүнүн таасирин талдоо | 2023-жылдын I кварталы | Экологиялык салыктар боюнча сунуштар менен аналитикалык кат киргизилди | ЭКМ, ФМ, ЖРЭТКМ |
Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктарына ылайык экологиялык салыктарды киргизүү бөлүгүндө ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу | 2023-жылдын II кварталы | Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктарына ылайык экологиялык салыктарды киргизүү бөлүгүндө ЧУА долбоорлору КР МКга киргизилди | ЭКМ, ЖРЭТКМ | ||
48 | Айлана чөйрө үчүн зыяндуу субсидияларды реформалоо | Биотүрдүүлүк үчүн зыяндуу субсидиялардын социалдык натыйжалуулугун жана айлана-чөйрөгө терс таасирин изилдөө | 2023-жылдын IV кварталы | Изилдөөлөр жүргүзүлдү | ЭКМ, ЖРЭТКМ |
Биотүрдүүлүк үчүн зыяндуу субсидияларды трансформациялоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу | 2023-жылдын IV кварталы | Аналитикалык кат КР МК кароосуна киргизилди | ЭКМ, ЖРЭТКМ | ||
49 | "Жашыл" мамлекеттик субсидияларды киргизүү | Башка өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүгө жана биотүрдүүлүктү сактоого багытталган жана натыйжалуу субсидияларды киргизүү боюнча тажрыйбаларын талдоо | 2023-жылдын II кварталы | Аналитикалык кат КР МК кароосуна киргизилди | ЭКМ |
"Жашыл" субсидияларды киргизүү үчүн аныкталган каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн предметине карата ЧУА талдоо | 2023-жылдын II кварталы | "Жашыл" субсидияларды киргизүү үчүн аныкталган иш-чараларды каржылоо мүмкүндүгүнүн предметине ЧУАга инвентаризациялоо жүргүзүлдү | ЭКМ | ||
3. Туруктуу мамлекеттик сатып алуулар | |||||
50 | Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү | Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана тийиштүү ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүү: (техникалык спецификация жөнүндө, экологиялык критерийлерди, продукциянын коопсуздугун жана сапатын ырастоочу жеткирип берилген товарларга, аткарылган жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү сертификаттар жөнүндө жоболорго) | 2022-жылдын IV кварталы | Туруктуу мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ЧУАга өзгөртүүлөр иштелип чыкты жана кабыл алынды | ФМ,ЭКМ |
Туруктуу мамлекеттик сатып алууларды пландаштыруу механизмин иштеп | 2023-жылдын IV кварталы | Туруктуу мамлекеттик сатып алуулар боюнча нускама жана план ФМ буйругу менен иштелип чыкты жана бекитилди | ФМ | ||
51 | Экологиялык сертификацияны өнүктүрүүгө көмөктөшүү | Туруктуу критерийлер боюнча мамлекет тарабынан сатып алынуучу артыкчылыктуу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн биринчи кезектеги тизмелерин аныктоо: 1-этап - 2022-жыл 2-этап - 2025-жылга чейин 3-этап - 2040-жылга чейин | 2023-жылдын IV кварталы | Артыкчылыктуу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси даярдалды жана бекитилди | ФМ, ЭКМ |
Калдыктардан алынган кайра пайдалануучу сырьёну колдонуу менен өндүрүлгөн товарларга жеткирүүчүлөрдүн сунуштарын кароо механизмдерин иштеп чыгуу | 2023-жылдын I кварталы | Конкурстук документацияда жеңилдиктер жана кызыктыруучу механизмдер бекитилди | ФМ, ЭКМ, ЖРЭТКМ | ||
52 | Туруктуу мамлекеттик сатып алууларга өтүү үчүн жеткирүүчүлөрдүн жана сатып алуучу уюмдардын потенциалын күчөтүү | Туруктуу мамлекеттик сатып алууларга өтүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу (адистердин маалымдуулугун жогорулатуу) | 2023-жылдын III кварталы | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча окутуу программасына туруктуу мамлекеттик сатып алуулардын принциптери киргизилди | ФМ |
Туруктуу мамлекеттик сатып алуулардын принциптерин киргизүү жөнүндө мамлекеттик органдар жана жеткирүүчүлөр үчүн окутуучу тренингдердин комплексин өткөрүү | 2023-жылдын III кварталы | Бардык сатып алуучу уюмдар жана жеткирүүчүлөр үчүн 100дөн кем эмес акысыз тренингдер өткөрүлдү | ФМ | ||
4. Потенциалды жана маалымдуулукту жогорулатуу | |||||
53 | "Жашыл" экономика маселелери боюнча мамлекеттик кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын потенциалын жогорулатуу | Стратегиялык пландаштырууга тартылган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн "жашыл" экономика маселелерине арналган тренингдерди уюштуруу | 2023-жылдын I кварталы | Стратегиялык пландаштырууга тартылган чечимдерди кабыл алган жактар үчүн тренингдер өткөрүлдү | ЭКМ |
"Жашыл" экономика жаатындагы программаларды иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана мониторинг жүргүзүү үчүн техникалык көндүмдөргө окутуу боюнча ортончу звенодогу мамлекеттик кызматкерлер үчүн тренингдерди уюштуруу | 2023-жылдын II кварталы | Ортончу звенодогу мамлекеттик кызматкерлер үчүн техникалык көндүмдөргө окутуу боюнча тренингдер өткөрүлдү | ЭКМ | ||
54 | "Жашыл" экономика жаатында заманбап билим берүү жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жогорку окуу жайлардын потенциалын жогорулатуу | "Жашыл" экономика маселелери, атап айтканда, техникалык көндүмдөргө окутуу боюнча жогорку окуу жайларынын педагогикалык курамы үчүн тренингдерди уюштуруу | 2022-жылдын III кварталы | Жогорку окуу жайларынын окутуучулары үчүн тренингдер өткөрүлдү | БИМ, жогорку окуу жайлар (макулдашуу боюнча) |
Мамлекеттик органдардын жана жогорку окуу жайларынын кызматташтыгынын алкагында "жашыл" экономика жаатында биргелешкен иш-чараларды жана изилдөөлөрдү жүргүзүү | 2022-жылдын IV кварталы | Мамлекеттик органдардын жана жогорку окуу жайларынын кызматташтыгынын алкагында "жашыл" экономика жаатында биргелешкен иш-чаралар жана изилдөөлөр жүргүзүлдү | БИМ, ЭКМ, жогорку окуу жайлар (макулдашуу боюнча) | ||
КРдагы "жашыл" экономика деген темада илимий конференцияларды жыл сайын уюштуруу | 2022-жылдын IV кварталы | КРдагы "жашыл" экономика деген темада ар жылдык илимий конференциялар уюштурулду | БИМ, ЭКМ, жогорку окуу жайлар (макулдашуу боюнча) | ||
55 | "Жашыл" экономиканын пайдалары тууралуу бизнес-коомдоштуктун жана туруктуу өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнүн маселелери боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу | Бизнес жана калк арасында "жашыл" технологияларды жайылтуу жана илгерилетүү үчүн адистештирилген платформаларды түзүү (бизнес ж.б. үчүн "жашыл" технологиялардын көргөзмөсү сыяктуу ушундай ар жылдык иш-чаралар аркылуу) | 2023-жылдын IV кварталы | Платформалар туруктуу негизде натыйжалуу иштейт | ЭКМ, макулдашуу боюнча: Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, бизнес ассоциациялар |
"Жашыл" экономика маселелерин предметтик стандарттардын, окуу программаларынын, формалдуу билим берүүнүн тийиштүү предметтеринин окуу-методикалык комплекстеринин мазмунуна, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу курстарынын программасына интеграциялоого көмөктөшүү | 2023-жылдын IV кварталы | "Жашыл" экономика маселелери предметтик стандарттардын, окуу программаларынын, формалдуу билим берүүнүн тийиштүү предметтеринин окуу-методикалык комплекстеринин мазмунуна интеграцияланды. "Жашыл" экономика тематикасы бардык формалдуу жана формалдуу эмес билим берүүнүн бардык деңгээлиндеги педагогдордун квалификациясын жогорулатуу курстарынын программасына киргизилди | БИМ, ЭКМ, министрликтер жана ведомстволор | ||
Мектепке чейинки мекемелердин тарбиячылары, мектеп мугалимдери, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, кесиптик лицейлердин өндүрүштүк окутуу устаттары үчүн окуу-методикалык куралдарды иштеп чыгууга, "жашыл" экономика жаатындагы билим берүүнүн бардык формалдуу жана бейформалдуу деңгээлинин педагогдору үчүн семинар-тренингдерди өткөрүүгө катышуу | 2023-жылдын IV кварталы | Мектепке чейинки мекемелердин тарбиячылары, мектеп мугалимдери, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, кесиптик лицейлердин өндүрүштүк окутуу устаттары үчүн окуу-методикалык куралдар иштелип чыкты | БИМ, министрликтер жана ведомстволор | ||
Экологиялык билим берүү, туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү жана "жашыл" экономика маселелерин колдонуудагы мыйзамдарга камтуу жолу менен экологиялык билим берүүнүн жана туруктуу өнүгүү үчүн билим берүүнүн ролун жогорулатуу | 2023-жылдын IV кварталы | Экологиялык билим берүү, агартуу жана туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү тууралуу мыйзамдын долбоору иштелип чыкты | БИМ, министрликтер жана ведомстволор | ||
56 | "Жашыл" экономика маселелери боюнча ЖМК потенциалын жогорулатуу | "Жашыл" экономика маселелери боюнча ЖМК маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү | Туруктуу негизде | ЖМК маалымдалды жана бизнес жана калк үчүн "жашыл" экономика боюнча материалдарды иштеп чыгууда | ЭКМ, министрликтер жана ведомстволор |
57 | "Жашыл" экономика жаатында илимий-изилдөө иштерди жүргүзүү үчүн илимий-изилдөө мекемелеринин потенциалын жогорулатуу | Илимди, технологияларды жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий-изилдөө мекемелеринен илимий-техникалык продукцияга мамлекеттик заказдарды уюштуруу | 2023-жылдын IV кварталы | Илимий-изилдөө иштеринин алынган жыйынтыктарын экономиканын реалдуу секторуна өткөрүп берилди | БИМ, ЭКМ, министрликтер жана ведомстволор, ИИУ (макулдашуу боюнча) |
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча конференцияларды, семинарларды жана тегерек столдорду уюштуруу | 2023-жылдын IV кварталы | Конференциялар, семинарлар жана тегерек столдор өткөрүлдү (жылына кеминде 2 иш-чара) | БИМ, ИИУ (макулдашуу боюнча) | ||
(1) A Guidance Manual for Green Economy Indicators, UNEP, http://www.un-page.org/files/public/content-page/unep_indicators_ge_for_web.pdf.
Кыскартуулардын тизмеси:
ААК | - | ачык акционердик коом |
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
БСУ | - | Бүткүл дүйнөлүк соода уюму |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары |
ЖӨБӨ | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ЖПБ | - | Жайыт пайдалануучулардын бирикмеси |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
ЖЭЭС | - | Жаратылыш-экономикалык эсепке алуу системасы |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ИМ | - | Илимий-изилдөө мекемелер |
ИУА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги |
КА | - | Камсыздандыруучулардын ассоциациясы |
КБС | - | "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактардын бирикмеси |
КР | - | Кыргыз Республикасы |
КРМК | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети |
КРП ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
КРПМБА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы |
КУАУ | - | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
МДИ | - | Мамлекеттик долбоорлоо институту |
МЖӨ | - | мамлекеттик-жеке өнөктөштүк |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
МФУА | - | Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы |
ОЭК | - | отун-энергетикалык комплекс |
ӨКЖ | - | өндүрүүчүнүн кеңейтилген жоопкерчилиги |
ӨКЖА | - | өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ӨЭУ | - | өкмөттүк эмес уюмдар |
ПХД | - | полихлор дифенил |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ТӨМ | - | туруктуу өнүгүү максаттары |
"ТӨКФ" ААК | - | "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коому |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
Улуттук банк | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЧУА | - | ченемдик укуктук актылар |
ЭКБ | - | энергиянын кайра жаралуу булактары |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
ЭЭИИИ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Энергетика жана экономика илимий изилдөө институту |
ЭЭУ | - | Эл аралык эмгек уюму |
ESG | - | "Environmental, Social, and Corporate Governance" стандарты - бул экологиялык, социалдык жана башкаруу проблемаларды чечүүгө ушул компанияны тартуу жетишиле турган компанияны башкаруунун мүнөздөмөлөрүнүн жыйындысы |
IFC | - | Эл аралык финансы корпорациясы |
IFC PS | - | экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди башкаруу боюнча IFC кардарларынын жоопкерчилигин аныктаган IFC экологиялык жана социалдык ишинин стандарттары |
ISO 50001 |
| энергетика системасын башкаруу үчүн Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюму тарабынан түзүлгөн, энергетикалык менеджмент системасын орнотууга, киргизүүгө, коштоого жана жакшыртууга талаптарды аныктаган эл аралык стандарт". |