Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 21 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 19-июлу № 391
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Өзгөчө кырдаалдарды баалоого бирдиктүү мамилени аныктоо жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө", 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун критерийлеринде:
- 5-пунктунда:
бешинчи абзацындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөз менен алмаштырылсын;
жетинчи абзацындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун критерийлеринин 1-тиркемесинде:
- 13-пунктунда "тоолуу райондордо 35 м/с жана андан жогору" деген сөздөр алып салынсын;
- 14-пунктунда "ылдамдыкта" деген сөз "ылдамдыктагы шамал" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-пунктунда "200 мм" деген сөздөр "20 мм (200 мм кардын каптоосуна туура келет жана андан көп)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
18 | Катуу | Катуу шамалдын күчү менен жер | Жабыр |
| бурганак | бетиндеги кардын учушу, кардын | тарткан |
|
| түшүүсү менен айкалышып, | адамдардын |
|
| көрүнүүнүн начарлашына жана | саны (курагы, |
|
| транспорт магистралдарынын | жынысы |
|
| күрткүсүнө алып келиши мүмкүн. | боюнча), |
|
| Шамалдын 15 м/с жана андан жогору | жашоо- |
|
| ылдамдыгында 12 саатка же андан | тиричиликтин |
|
| көпкө созулат | бузулушу, |
|
|
| экономикалык |
|
|
| зыян |
- 19-пунктунда "Тайгак" деген сөз "Катуу тайгак" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 20-пунктунда "Мөндүр" деген сөз "Ири мөндүр" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21-пунктунда "узактыгы 24 саат жана андан ашык" деген сөздөр алып салынсын;
- 23, 29-пункттарынын расмий тилдеги текстинде "град." деген сөз "градусов" деген сөз менен алмаштырылсын;
-төмөнкүдөй мазмундагы 421-пункт менен толукталсын:
| 421 | Муз тыгыны, муз | Абанын төмөн | Жабыр тарткан |
|
| шыргалаңы | температурасында | адамдардын |
|
|
| дарыялардын агымынын | саны (курагы. |
|
|
| жарым-жартылай | жынысы |
|
|
| жабылышына алып келген | боюнча), |
|
|
| дарыялардын нуктарынын | жашоо- |
|
|
| тыгындарды пайда кылган | тиричиликтин |
|
|
| кууштарында муздун жана | бузулушу, |
|
|
| муз шыргаланы топтолушу. | экономикалык |
|
|
| Аймактарды суу каптоого | зыян |
|
| алып келген суунун деңгээлинин тыгындан көтөрүлүшү |
| |
|
|
|
|
|
- 44-пунктунда "- шаарлар үстүндөгү температуралык инверсиялар" деген сөздөр алып салынсын;
- 45-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
45 | Гидросферанын Абалынын өзгөрүшү | Ичүүчү суунун кескин жетишсиздиги: - суу ресурстарынын түгөнүшү; - суу ресурстарынын булганышы. Жер бетиндеги сууларда зыяндуу аралашмалардын чектелүү жол берилген зыяндуу концентрацияларынын 50 эсеге жана андан ашык жогорулашы | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы боюнча). жашоо- тиричиликтин бузулушу, кономикалык зыян
|
- 47-пункту "Топуракта" деген сөздөн кийин ", атмосферада, жер үстүндөгү сууларда" деген сөздөр менен толукталсын;
3) Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун критерийлеринин 2-тиркемесинде:
- 4-пунктунда "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 5-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктунун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 2-августунда № 391 жарыяланды
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |