Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 21 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-ноябры № 550
Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө
Өзгөчө кырдаалдарды баалоодо бирдиктүү ыкманы аныктоо максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 850 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун КРИТЕРИЙЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул классификация өзгөчө кырдаалдарды алардын оордук даражасы боюнча баалоонун уюштуруу-укуктук ченемдерин аныктайт жана Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын иш процессинде келип чыккан мамилелерин жөнгө салат.
2. Өзгөчө кырдаалдар төмөндөгү белгилери боюнча классификацияланат:
- жабыр тарткандардын саны боюнча;
- экономикалык зыяндын өлчөмү боюнча;
- жашоо тиричилиги бузулган калктын саны боюнча.
3. Өзгөчө кырдаалдар пайда болуу мүнөзү боюнча төмөндөгүлөргө бөлүнөт:
- табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар;
- техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар;
- экологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар;
- биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар;
- чыр-чатактык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар.
Өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу мүнөзүнүн түрлөрү жана аларды баалоонун критерийлери ушул Классификациянын 1-тиркемесинде келтирилген.
Оордук даражасы боюнча өзгөчө кырдаалдарды классификациялоонун критерийлери жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга жооптуу органдарды аныктоо ушул Классификациянын 2-тиркемесинде келтирилген.
4. Белгилүү бир аймакта түзүлгөн кырдаал, тиешелүү деңгээлдеги Жарандык коргонуу комиссияларынын чечимдеринин негизинде өзгөчө кырдаал деп таанылышы мүмкүн.
5. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу оордук даражасына жараша төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлөт:
- объектилик (оордуктун I даражасы) - менчигинин түрүнө карабай карамагында объекттер бар уюмдун, ишкананын жана мекеменин күчтөрү жана каражаттары аркылуу;
- жергиликтүү (оордуктун II даражасы) - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабай уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин күчтөрү жана каражаттары аркылуу;
- райондук (оордуктун III даражасы) - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, аткаруучу бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана райондун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле менчигинин түрүнө карабай уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин күчтөрү жана каражаттары аркылуу;
- облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын (оордуктун IV даражасы) - Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаардык мэрияларынын жана аткаруу бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле менчигинин түрүнө карабай уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин күчтөрү жана каражаттары аркылуу;
- республикалык (оордуктун V даражасы) - министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, эл аралык уюмдардын күчтөрү жана каражаттары аркылуу;
- транс чек аралык - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча.
6. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга жетекчилик кылуу өзгөчө кырдаалдын кимдин аймагында болгондугуна жана ушул Классификацияда белгиленген анын оордугунун даражасына жараша тиешелүү уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине жүктөлөт.
Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жетекчиси өзүнүн буйругу менен өзгөчө кырдаалдын зонасынын чектерин, авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүнүн, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу, ошондой эле зарыл болгон учурда калкты коопсуз аймактарга эвакуациялоо жана/же көчүрүү боюнча аракеттердин тартибин белгилейт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы каралбаса, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштардын жетекчисинин чечимдерин өзгөчө кырдаал зонасында жүргөн бардык жарандар жана уюмдар аткарууга милдеттүү.
7. Кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштар аягына чыккандан кийин өзгөчө кырдаал жоюлду деп эсептелинет жана калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлөт.
8. Кыргыз Республикасындагы жана Борбордук Азия мамлекеттери менен чектеш райондордогу табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматтарды алмашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-августундагы № 604 "Ялта шаарында 2003-жылдын 18-сентябрында кол коюлган Жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматтарды алмашуу, алардын кесепеттерин жоюу учурунда маалыматтык өз ара аракеттенүү жана жапа чеккен калкка жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык жүргүзүлөт.
|
| Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун критерийлерине 1-тиркеме |
Өзгөчө кырдаалдар жана аларды баалоонун КРИТЕРИЙЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Өзгөчө кырдаалдардын булагы | Өзгөчө кырдаалдардын болуусунун мүнөздөмөсү | Баалоо критерийлери |
I. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар | |||
1 | Жер титирөө | Жер кыртышындагы же мантиянын үстүнкү катмарындагы күтүүсүздөн болгон жылышуунун жана ажырымдын натыйжасында жаралуучу жана серпилгич термелүү түрүндө узак аралыкка берилүүчү 6 жана андан жогору баллдагы күч менен жер астынын силкиниши жана жер бетинин термелиши | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы боюнча), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
2 | Сел | Анча чоң эмес тоолуу дарыяларда жана кургак колоттордо, нөшөрлүү жаан-чачындардан же кардын тез эрүүсүнөн улам күтүүсүздөн жаралуучу минералдык бөлүкчөлөрдүн, таштардын жана тоо тектеринин сыныктарынын өтө чоң (агымдын көлөмүнүн 50-60% чейин) концентрациясындагы агым | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы боюнча), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
3 | Суу ташкыны | Кардын, мөңгүнүн эришинен же жамгырдын көп жаашынан улам дарыядагы суунун деңгээлинин салыштырмалуу кыска убакытка жана мезгилдүү эмес жогорулашы менен мүнөздөлгөн дарыянын суу режиминин фазасы | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу экономикалык чыгым |
4 | Бийик тоолуу табигый көлдөрдүн плотиналарынын бузулушу | Плотиналардын толук же бир бөлүгүнүн бузулушунун натыйжасында дарыянын суу режиминин табигый фазасына же убактылуу суу агымына кошулуп кыйратуучу күчкө ээ болгон калыптанган сел же суу ташкынын агымы | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу экономикалык чыгым |
5 | Кар көчкү | Тоо боорундагы кардын жана (же) муздун кыйратуучу күчкө ээ болгон ылдам, күтүүсүздөн жаралган кыймылы | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу экономикалык чыгым |
6 | Урап түшүү | Тоо тектеринин массасынын оордук күчүнүн негизинде тоо боорунан бөлүнүшү жана кулашы. Урап түшүүлөр дарыялардын жээктеринде, сайларда, тоолордо жана көлдөрдүн жээктеринде пайда болот. Жылып келүүчү оордук күч менен кармап туруучу күчтөрдүн ортосундагы тең салмактуулуктун бузулушу урап түшүүлөрдүн пайда болушунун себеби болуп эсептелет | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу экономикалык чыгым |
7 | Таш кулоо | Тоо тектеринин сыныктарынан баштап чоң таштарга чейин тоо боорунан кулашы же сыйгаланып түшүшү | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
8 | Жер көчкү | Гравитациялык күчтөрдүн таасири астында ири көлөмдөгү тоо тектеринин массасынын тоо боорунан же жантаймадан төмөн карай түшүү кыймылы | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
9 | Геокриологиялык процесс | Тоо тектеринде өнүгүүчү кооптуу тоңмо процесстер (сууктан тоңуп кеңейүү, сууктан жарылып кетүү, термоэрозия, курум жана башка гравитациялык процесстер) | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
10 | Карсттык-суффозиондук процесс | Карсттын (жер астындагы боштуктун) 100 метрден ашык эмес тереңдигинде эрүүчү тектердин (туздардын, гипстин, акиташтын, бордун) туруктуу калыңдыгын жоготуусу, аларды жаап турган тектердин төбөсү кулаган учурда атайын оюктарды пайда кылат | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
11 | Лесса жана чополуу кыртыштын чөгүүсү | Нымдашуунун жана суулануунун эсебинен лесса жана чополуу кыртышта инженердик курулмалардын бузулушуна алып келүүчү кысылуунун текши эмес катастрофалык деформацияланышы | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
12 | Суу каптоо, жер астындагы суулардын деңгээлинин жогорулашы | Суу сактагычтарды жана плотиналарды курууда дарыялардагы суунун горизонтунун көтөрүлүшүнүн, дарыянын киришинин, суу түтүкчөлөрүнөн жана канализация тармактарынан сууларды жоготуунун ж.б. натыйжасында жер астындагы суулардын деңгээлинин жогорулашы: - чыгым тартууга, инженердик курулмалардын бузулушуна алып келүүчү жер үстүндөгү кыртыш сууларынын 0-0,3 м деңгээлиндеги күчтүү суу каптоо | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
13 | Катуу шамал | Шамалдын ылдамдыгы 25 м/с жана андан жогору | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
14 | Чаң аралаш (кумдуу) катуу бороон | Өтө катуу шамал, ошондой эле деңиздеги (көлдөгү) чоң толкундоо. Орточо 15 м/с же андан көп ылдамдыктагы шамал 6 же андан көп саатка созулат, көрүүнүн метеорологиялык ыраактыгы 100 м же андан аз аралыкка чейин төмөндөйт | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
15 | Узакка созулган жамгыр | Сел агымын, жылуу мезгилдеги суу ташкынын, суу каптоону жаратуучу атмосфералык суюк жаан-чачын. Жаан-чачындын өлчөмү 48 саатта 60 мм | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
16 | Катуу жаан, нөшөр (кар аралаш жаан, суу кар) | Сел агымын, суу ташкынын, суу каптоону жаратуучу атмосфералык суюк жаан-чачын. 12 сааттын жана андан аз убакыттын ичинде жаан-чачындын өлчөмү 30 мм | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
17 | Катуу жааган кар | Көрүнүүнүн бир кыйла начарлашын жана транспорт кыймылынын татаалдашын жаратуучу узакка созулуп жааган кар - 12 сааттын же андан аз убакыттын аралыгында 20 мм (200 мм кардын каптоосуна туура келет жана андан көп) | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
18 | Катуу бурганак | Катуу шамалдын күчү менен жер бетиндеги кардын учушу, кардын түшүүсү менен айкалышып, көрүнүүнүн начарлашына жана транспорт магистралдарынын күрткүсүнө алып келиши мүмкүн.Шамалдын 15 м/с жана андан жогору ылдамдыгында 12 саатка же андан көпкө созулат | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы боюнча), жашоо тиричиликтин бузулушу, экономикалык зыян |
19 | Катуу тайгак | Стандарттуу тайгак станогунун зымындагы катмарлардын диаметри 20 мм жана андан жогору | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
20 | Ири мөндүр | Диаметри 20 мм жана андан чоң катуу муздун бөлүкчөсү түрүндө жылдын жылуу мезгилинде түшүүчү атмосфералык жаан-чачын | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
21 | Коюу туман | Түздөн-түз жер бетиндеги абада калкып турган жана көрүнүүнүн бир кыйла начарлашы менен коштолгон тамчы же кристалл түрүндөгү конденсация продуктуларынын топтолушу. Темир жана шоссе жолдорундагы кыймылдын токтолушуна алып келүүчү 6 саат жана андан ашык убакыттын ичиндеги көрүнүүнүн горизонталдык узактыгы 50 м жана андан аз | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
22 | Үшүк | Абанын орточо суткалык оң температурасынын фонунда, вегетациялык мезгилде эгинге, техникалык, жашылча, мөмө-жемиш жана башка өсүмдүктөргө зыян келтирүүчү жер кыртышынын бетиндеги абанын температурасынын Цельсий менен 0 градуска чейин жана андан да төмөндөшү | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
23 | Катуу суук | 5 же андан көп күндүн ичинде дыйканчылык зонадагы абанын температурасы Цельсий менен минус 35 градуска жана андан төмөн | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
24 | Суу кардын катмарланышы жана аралаш оор катмарлануу | Стандарттуу тайгак станогунун зымындагы катмарлардын диаметри 35 мм жана андан жогору | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
25 | Күчтүү кыроо | Нымдуу суук аба ырайында ичке жана узун предметтердеги (дарактардын бутактарындагы, электр линияларындагы) кристалл же дан катмары түрүндөгү атмосфералык жаан-чачындын түрү. Стандарттуу тайгак станогунун зымындагы катмарлардын диаметри 50 мм жана андан жогору | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
26 | Кыртыштын кургакчылыгы | 2 декаданын аралыгында 0-20 см катмардагы пайдалуу нымдуулук – 10 мм же андан төмөн | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
27 | Атмосфералык кургакчылык | Вегетациялык мезгилде 30 күн катары менен же андан көп убакыттын аралыгында абанын температурасы 30 градустан жогору болгон учурда натыйжалуу жаан-чачындын (бир күндө 5 мм ден жогору) жоктугу. Айрым күндөрү (мезгилдин 25%нен ашык эмес) төмөндө көрсөтүлгөн маанилердин максималдуу температурасына жол берилет | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
28 | Ысык шамал | 5 же андан көп күндүн ичинде температуранын Цельсий менен 30 же андан жогору градусунда абанын 30% жана андан төмөн салыштырма нымдуулугунун, шамалдын 5 м/сек. Жана андан жогору ылдамдыгынын сакталышы | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
29 | Катуу ысык | 5 жана андан көп күндүн ичинде абанын температурасы Цельсия менен 40 градуска чейин жана андан жогору | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
30 | Токой өртү, тоо өртү, талаа жана дан массивдеринин өртү | Жаратылыш чөйрөсүндө күтүүсүздөн пайда болуучу жана жайылуучу контролго алынбаган күйүү процесси | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
31 | Чагылган | Атмосферада электрлештирилген учкун, адатынча күн күркүрөгөн учурда пайда болуп, жарык жана дүрт эткен добуш менен коштолот |
|
II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар | |||
32 | Плотиналардын, дамбалардын, шлюздардын, суу өткөрбөөчү тосмолордун ж.б. бузулушу | Плотиналардын, дамбалардын толук же бир бөлүгүнүн бузулушунун натыйжасында дарыянын суу режиминин табигый фазасына же убактылуу суу агымына кошулуп кыйратуучу күчкө ээ болгон калыптанган сел же суу ташкын агымы | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
33 | Аймактын ылдыйлашы | Имараттардан, курулмалардан жана транспорт системаларынан пайда болгон кошумча статистикалык жана динамикалык жүктүн натыйжасында аймактардын ылдыйлоо процесси, ошондой эле көмүр суутегин казып алууга байланышкан жер бетинин ылдыйлашы | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
34 | Турмуш-тиричиликти коммуналдык камсыздоо системасындагы авариялар | Турмуш-тиричиликти коммуналдык камсыздоо системасында пайдалануучу курулмалардын жана (же) техникалык түзүлүштөрдүн кыйроосу: - калкка берилүүчү ичүүчү суунун токтолушу; - калкка берилүүчү газдын токтолушу; - жылдын суук мезгилинде берилүүчү жылуулуктун токтолушу; - канализация системасынын иштешинин бузулушу | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
35 | Имараттардын, курулмалардын күтүүсүздөн урап түшүүсү | Транспорт коммуникацияларынын элементтеринин урап түшүүсү: - өндүрүштүк имараттардын жана курулмалардын урап түшүүсү; -турак-жай, социалдык-тиричилик жана маданий багытындагы имараттардын жана курулмалардын урап түшүүсү | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
36 | Энергетика системасындагы авариялар | Электр тармактарында пайдалануучу курулмалардын жана (же) техникалык түзүлүштөрүнүн кыйроосу. Электр берүүнүн 6 саатка жана андан көп убакытка созулган узак мөөнөттүү үзгүлтүгү | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
37 | Өрт, жарылуулар, жарылуу коркунучу | Адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирген жана материалдык баалуулуктарды жок кылуу менен коштолгон контролго алынбаган күйүү процесси жана кыска мөөнөттүн ичинде чектелген көлөмдө көп сандагы энергиянын бөлүнүп чыгышы | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
38 | Транспорттук авариялар | Бузулуулардын же кызматкерлердин кесипкөй эмес аракеттеринин натыйжасында техникалык түзүлүштөрдүн бузулушу: - жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин кыйроолору жана авариялары; - авиакатастрофалар; - ири автомобилдик катастрофалар; - суу акваторияларындагы кыйроолор жана авариялар | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
39 | Радиоактивдүү заттарды чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен болгон авария | Атомдук станцияларда, өндүрүштүк жана изилдөө багытындагы атомдук энергетикалык орнотмолордо колдонулуучу курулмалардын жана (же) техникалык түзүлүштөрдүн радиоактивдүү заттарды чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен бузулушу: - транспорттук каражаттардын радиоактивдүү заттарды чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен болгон авариясы (а.и. транс чек аралык); - өнөр жай жана сыноочу ядердик жарылуулардагы (анын ичинде - иондоштурулган нурдануу булактарын жоготуу | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
40 | Химиялык кооптуу заттарды (ХКЗ) чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен болгон авария коркунучуна байланышкан кырсыктар | ХКЗны өндүрүүдө, кайра иштетүүдө же сактоодо колдонулуучу курулмалардын жана (же) техникалык түзүлүштөрдүн бузулушу: - транспортто ХКЗ чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен болгон авария; - авариянын натыйжасында башталган химиялык реакциянын процессинде ХКЗнын пайда болушу жана жайылышы; - химиялык согуш куралдары менен болгон авария: - ХКЗ булактарын жоготуу | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
41 | Биологиялык кооптуу заттарды (БКЗ) чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен болгон авария | БКЗнын имараттарында жана илимий-изилдөө мекемелеринде колдонулуучу курулмалардын жана (же) техникалык түзүлүштөрдүн бузулушу: - транспортто БКЗ чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен болгон авария; - БКЗны жоготуу | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
42 | Калдык сактоочу жайлардын жана тоо кендер калдыктарынын бирдиктүүлүгүнүн бузулушу (радиоактивдүү жана коркунучтуу заттардын чыгуу коркунучу) | Калдык сактоочу жайлардын жана тоо кен калдыктарынын гидротехникалык курулмаларынын бузулушу; - калдык сактоочу жайлардын жана тоо кен калдыктарынын үстүңкү катмарынын (коргоочу катмарынын) бузулушунун натыйжасында радиациялык фондун жогорулашы; - радиоактивдүү жана токсиндүү заттарды ташуудагы (кайрадан көмүүдөгү) транспорттук авариялар |
|
421 | Муз тыгыны, муз шыргалаңы | Абанын төмөн температурасында дарыялардын агамынын жарым-жартылай жабылышына алып келген дарыялардын нуктарынын тыгындарды пайда кылган кууштарында муздун жана муз шыргалаңы топтолушу.Аймактарды суу каптоого | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы,жынысы боюнча), жашоо-тиричиликтин бузулушу, экономикалык зыян |
III. Экологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар | |||
43 | Кургак жердин (кыртыштын, жер казынасынын, ландшафттардын) абалынын өзгөрүшү | Жер казынасын иштетүүдөн улам жер бетинин катастрофалык чөгүшү, көчүшү, урашы: - жер кыртышында (топуракта) чектелип жол берилген концентрациядан ашык оор металлдардын (анын ичинде радионуклиддердин) жана башка зыяндуу заттардын болушу; - жер кыртышынын интенсивдүү начарлашы, чөлгө, шорго, сазга айланышы ж.б.; - жаратылыш кендеринин түгөнүшүнө байланышкан кризистик кырдаалдар; - өндүрүштүк жана турмуш-тиричилик калдыктарын сактоочу жайлардын (таштандыларды ыргытуучу жай) толуп кетишинен келип чыккан кризистик кырдаалдар | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
44 | Атмосферанын курамынын жана касиетинин өзгөрүшү | Антропогендик иштин натыйжасында аба ырайынын жана климаттын чукул өзгөрүшү: - атмосферадагы чектелип жол берилген зыяндуу концентрациялардын 50 эсеге жана андан ашык жогорулашы; - чектелип жол берилген деңгээлден шаардын ызы-чуусунун бир кыйла жогорулашы; - кислоталык жаан-чачындын кеңири зонасынын пайда болушу; | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
45 | Гидросфера абалынын өзгөрүшү | Ичүүчү суунун кескин жетишсиздиги: - суу ресурстарынын түгөнүшү; - суу ресурстарынын булганышы; - жер бетиндеги сууларда зыяндуу аралашмалардын чектелүү жол берилген зыяндуу концентрацияларынын 50 эсеге жана андан ашык жогорулашы | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы боюнча), жашоо тиричиликтин бузулушу, экономикалык зыян |
46 | Биосфера абалынын өзгөрүшү | Ресурстарды өндүрүүгө карата биосферанын жөндөмүнүн кескин өзгөрүшү: - жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн жок болушу | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
47 | Жаратылыш чөйрөсүнүн радиоактивдүү булгануусунун өзгөрүшү | Топуракта, атмосферада, жер үстүндөгү сууларда жана деңиз суусунда радионуклиддердин концентрациясы айлана-чөйрөнүн компоненттеринин (объекттеринин) жол берилген орточо жылдык салыштырмалуу активдүүлүгүнөн жогору (атмосфера, жер үстүндөгү суулар, топурак, деңиз чөйрөсү); - айыл чарба жана токой азыктарынын үлгүсүндөгү радионуклиддердин концентрациясы кабыл алынган УЖДдан (убактылуу жол берилген деңгээлден) жогору | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
IV. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар | |||
48 | Адамдардын массалык түрдөгү жугуштуу оорулары | Калктын жана алардын кээ бир топторунда оорулардын таркашы: - экзотикалык жана өтө коркунучтуу эмес жугуштуу оорулардын сейрек учурлары; - коркунучтуу жугуштуу оорулардын топтошкон учурлары; - жугуштуу оорулардын эпидемиялык тез таралышы; - эпидемия; - пандемия; | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
49 | Жаныбарлардын массалык түрдөгү жугуштуу оорулары | Жаныбарлардын арасында оорулардын таркашы: - экзотикалык жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын сейрек учурлары; - энзоотиялар; - эпизоотиялар; - панзоотиялар; - этиологиясы аныкталбаган жугуштуу оорулар; - жаныбарлардын массалык түрдө кырылышы | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
50 | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн оорулардан, отоо чөптөрдөн жана зыянкечтерден массалык түрдө зыян тартышы | Малдардын жана өсүмдүктөрдүн арасында оорулардын таркашы: - күчөп бараткан эпифитотия; - пантофитотия; - өсүмдүктөрдүн этиологиясы аныкталбаган оорусу; - инвазиялар (курт-кумурскалардын капташы) | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
V. Чыр-чатактык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар | |||
51 | Жарандык чыр-чатактар | Өлкөдөгү конституциялык жана укуктук тартипти бузган, коомдо жана мамлекетте жарандык ынтымактын бузулуусуна алып келген социалдык тынчсыздануулар | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
52 | Согуштук окуялар | Мамлекеттердин же айрым мамлекеттердин ички социалдык коомчулуктарынын ортосундагы экономикалык, саясий, улуттук-этностук жана башка пикир келишпестиктерди аскердик күчтү чектелүү колдонуу аркылуу чечүү максатындагы куралдуу күрөш | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
53 | Терроризм | Жарылууну, өрт коюуну же адамдардын курман болушуна коркунуч түзгөн башка аракеттерди жасоо, кыйла чоң мүлктүк зыян келтирүү же башка коомдук-коркунучтуу кесепеттердин келип чыгышы, эгерде мындай аракеттер коомдук коопсуздукту бузуу, калкты коркутуу же бийлик органдары же эл аралык уюмдар чечимдерди кабыл алуусуна таасир көрсөтүү максатында жасалса, ошондой эле аталган аракеттерди ошол эле максаттарда жасоо коркунучу | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
|
| Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун критерийлерине 2-тиркеме |
Өзгөчө кырдаалдарды оордук даражасы боюнча КЛАССИФИКАЦИЯЛОО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Өзгөчө кырдаалдын оордук даражасы | Өзгөчө кырдаалдын кесепеттери | Материалдык чыгым минимумдук эсептик көрсөткүчтөр менен | Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюучу органдар | |||
Өзгөчө кырдаалдын таралуу аймагы | Жабыр тартты | ||||||
бардыгы, адам (жынысы, курагы боюнча) | анын ичинен курман болду, адам (жынысы, курагы боюнча) | турмуш-тиричилигинин шарттары бузулду, адам (жынысы, курагы боюнча) | |||||
1 | I даража (объектилик) | Өндүрүштүк объектинин, ишкананын, уюмдун чегинде локалдуу таралуусу | 5ке чейин | 3кө чейин | 30га чейин | 500гө чейин, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга төлөп берүүлөрдү эсепке албаганда | Объекттер карамагында турган уюм, ишкана жана мекеме менчигинин түрүнө карабай |
2 | II даража (жергиликтүү) | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагындагы аймактын чегинде (айыл аймагы, райондук маанидеги шаар, айыл) | 6дан 20га чейин | 4төн 10го чейин | 31ден 50гө чейин | 501ден 1000ге чейин, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга төлөп берүүлөрдү эсепке албаганда | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабай уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин күчтөрү жана каражаттары, зарыл учурда жогору турган уюмдар |
3 | II даража (райондук, шаардык) | Райондук, облустук маанидеги шаардын чегинде | 21ден 50гө чейин | 11ден 20га чейин | 51ден 500гө чейин | 1001ден 10000ге чейин, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга төлөп берүүлөрдү эсепке албаганда | Жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, райондук аткаруучу бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрү, менчигинин түрүнө карабай уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин күчтөрү жана каражаттары зарыл учурда облустук жана республикалык уюмдар |
4 | IV даража (облустук, Бишкек, Ош шаарларынын) | Эки же андан көп райондун чегинде, бирок бир облустун же республикалык маанидеги бир шаардын чегинде | 51ден 100гө чейин | 21ден 40ка чейин | 501ден 1500гө чейин | 10001ден 50000ге чейин, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга төлөп берүүлөрдү эсепке албаганда | Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары, облустардын аткаруучу бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрү, менчигинин түрүнө карабай уюмдар, ишканалар жана мекемелер |
5 | V даража (республикалык) | Бир облустан көбүрөөк чекте | 101ден көп | 41ден көп | 1501ден көп | 50001ден жогору, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга төлөп берүүлөрдү эсепке албаганда | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, эл аралык уюмдар |
6 | Транс чек аралык | Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышка таралуу. Чектеш мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына таралуу | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан регламенттелет | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, коңшу өлкөлөрдүн Өкмөттөрү, эл аралык уюмдар | |||
Эскертүү: Эгерде өзгөчө кырдаалга көрсөткүчтөрдүн ичинен жок дегенде бирден дал келсе, тигил же бул категорияга кирет.