Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 729 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-июлу № 366
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө механизмин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Бул токтом 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кире турган ушул токтомдун тиркемесинин 2 жана 21-пункттарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 64 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускамада:
1) 2-пунктта:
- 1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) камсыздоочунун алыш-бериш эсеби - Бирдиктүү казыналык эсептеги камсыздандыруу төгүмдөрүн, туумдарды жана айыптык санкцияларды чегерүү үчүн арналган эсеп.";
- 2 жана 29-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 33-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33) жаңылыш түшкөн төлөмдөр - камсыздоочунун алыш-бериш эсебине түшкөн төмөнкү төлөмдөр:
- эгерде Бирдиктүү казыналык эсеп жана/же Кыргыз Республикасынын Социалдык фонддун алыш-бериш эсеби төлөөчү катталган ыйгарым укуктуу органдын каттоосу менен дал келбесе;
- түшкөн суммалардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча бюджеттик классификациянын төлөм коду төлөөчүнүн милдеттенмелери менен дал келбесе;
- банк төлөм документин жаңылыш аткаргандыгынын натыйжасында;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 33-1 жана 33-2-пунктчалар менен толукталсын:
"33-1) такталбаган төлөмдөр - камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча бюджеттик классификациянын коду туура эмес көрсөтүлгөн, бирок төлөмдүн дайындалышы көрсөтүлгөн камсыздоочунун алыш-бериш эсебине түшкөн (эмгек акы, салык төлөмдөрү ж.б.) төлөмдөр;
3З-2) аныкталбаган төлөмдөр - төлөөчүнүн СИНи көрсөтүлбөгөн же туура эмес көрсөтүлгөн камсыздоочунун алыш-бериш эсебине түшкөн төлөмдөр;";
- 36-пунктча "(мындан ары - ЭТФ) -" деген сөздөрдөн кийин "татаалдыгына, санына, сапатына жана шарттарына жараша эмгеги үчүн берилүүчү сый акы (ордун толтуруу)," деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 37-пунктча менен толукталсын:
"37) электрондук камсыздандыруу полиси - жеке жак, жеке ишкер тарабынан белгилүү өлчөмдө жана белгилүү бир мезгилге камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын веб-сайты аркылуу алынган электрондук документ.";
2) 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Кыргыз Республикасында туруктуу же убактылуу жүргөн же башка мамлекетте жашаган, бирок Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жак менен эмгек мамиледе турган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын же жеке ишкердик иш, жеке эмгек ишмердүүлүгү менен алектенген чет өлкөлүк жарандардын - кызматкерлердин пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрү Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген тийиштүү категориялар боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары боюнча эсептелет жана төлөнөт.";
3) 17-пунктта "эсептик ведомостто" деген сөздөр "милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетто/эсептешүү ведомостто" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи, үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Ушул Нускаманын 2-главасында белгиленген тартипте камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептеген жана төлөгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр ай сайын милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептешүү ведомостторун (мындан ары - эсептешүү ведомосту) 2022-жылдын 1-январына чейинки отчеттук мезгилдер үчүн ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча эки нускада түзөт.
Чакан жана орто ишкердик субъекттер болбогон, коммерциялык эмес уюм болуп саналбаган камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык ай сайын 2022-жылдын 1-январына чейинки отчеттук мезгилдер үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген формада жана тартипте милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетту түзөт жана берет.";
5) төмөнкүдөй мазмундагы 21-1-пункт менен толукталсын:
"21-1. Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетко/эсептешүү ведомостко өзгөртүүлөр камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр тарабынан такталган отчетту түзүү жолу менен киргизилет.
Такталган отчеттор киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө тиешелүү ырастоочу маалыматтарды (бейтап барагы, жумуштан бошотуу тууралуу буйрук, пенсиялык күбөлүк жана башкаларды) тиркөө менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр тарабынан ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө берилет.
Такталган отчеттордо баштапкы эсептешүү ведомосттордо көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдар боюнча гана жазуулар оңдолот. Баштапкы эсептешүү ведомосттордо көрсөтүлбөгөн камсыздандырылган адамдар боюнча маалымат ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жана текшерүү актысынын негизинде гана киргизилет.";
6) төмөнкүдөй мазмундагы 35-1 жана 35-2-пункттар менен толукталсын:
"35-1. 2019-жылдын 1-январына чейинки отчеттук мезгилдер үчүн ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча эсептешүү ведомостто камтылган маалыматтарды оңдоо үчүн ыйгарым укуктуу орган камсыздоочуга ырастоочу документтерди (эмгекке жарамсыздык баракчасы, иштен бошотуу жөнүндө буйрук, пенсиялык күбөлүк жана башкаларды) тиркеп, такталган отчетту жиберет.
35-2. 2019-жылдын 1-январына чейинки отчеттук мезгилдер үчүн юридикалык жактарга, жеке жактарга жана жеке ишкерлерге камсыздандыруу төгүмдөру боюнча туумдарды эсептөө камсыздоочу тарабынан жүргүзүлөт.";
7) 36-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"36. Кайра түзүү жолу менен кайра уюштурууну кошпогондо, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү - юридикалык жак жоюлганда же кайра уюштурулганда жоюуда жоюу балансын же кайра уюштурууда бөлүү балансын же берүү актысын бекитүү тууралуу чечим кабыл алынган отчеттук мезгил үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фонддун каттоо номерин жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен бирге бекитилген күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндөн кечиктирбестен мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча жоюу отчету кошо берилет.
Жеке ишкер Кыргыз Республикасынын Социалдык фонддун каттоо номерин жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен кайрылган отчеттук мезгил үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү ишин токтотуу жөнүндө арызын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча жоюу отчетун берет.";
8) 49-пункттун биринчи абзацындагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр "камсыздоочунун региондук органына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9) 62-пункттун сегизинчи жана онунчу абзацтарында "аккумуляциялык" деген сөз "алыш-бериш" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 66-пункттагы "1-тиркемесине ылайык формада мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептешүү ведомостторун" деген сөздөр "20-пунктуна ылайык милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетту" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11) 68-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"68. Камсыздандыруу полиси камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүнүн тандоосу боюнча документ түрүндө кагаз жүзүндө же электрондук форматта (электрондук камсыздандыруу полиси) таризделет. Кагаз жүзүндөгү камсыздандыруу полиси менен электрондук камсыздандыруу полиси бирдей юридикалык күчкө ээ.
Электрондук камсыздандыруу полиси ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен формада жана тартипте аймактык салык органдары тарабынан берилет.
Ушул Нускаманын 6-тиркемесине ылайык форма боюнча кагаз жүзүндө камсыздандыруу полистери жеке ишкердин, жеке жактын ишкердик жүргүзгөн же жашаган жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүндө патентти колдонуу мөөнөтүнө алынат.
Патентти колдонуу мөөнөтүнө алынган камсыздандыруу полисинин наркын аныктоо үчүн бир айлык суммасын 30 күнгө барабар бир айдагы күндөрдүн санына бөлүү аркылуу 1 күн үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы эсептелет. Андан соң камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бир күндүк суммасы патент берилген мөөнөттөгү күндөрдүн санына көбөйтүлөт.
Мисал:
Жеке ишкер Э.Касымов 2019-жылдын 27-29-июнунда Бишкек шаарында өтүп жаткан көргөзмө-сатууга катышты жана 3 (үч) күндүк мөөнөткө "Өзү жасаган кол өнөрчүлүк (элдик көркөм кол өнөрчүлүк) продуктуларын сатуу" кызмат көрсөтүүнүн түрүнө ыктыярдуу патент сатып алды. Ал үчүн тарифтин ар айлык ставкасы орточо айлык эмгек акынын 6%нан кем эмес өлчөмүндө белгиленген. 3 (үч) күндө төлөнө турган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы төмөнкүдөй эсептелет.
Орто айлык эмгек акысынын деңгээли жалпысынан республика боюнча эмгек акынын орточо деңгээлинен 50 (элүү) пайызга жогору болгон ишканалар жана уюмдар боюнча маалыматтарды эсепке албаганда, 2018-жылда Бишкек шаары боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн орто айлык эмгек акы 2019-жылы 12380 сомду түзөт.
12 380 сом х 6% / 30 күн х 3 күн = 74,28 сом.";
12) 85-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
13) 86-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"86. Жаңылыш төлөмдөрдү аныктоо боюнча иштин жыйынтыгы боюнча камсыздоочу же ыйгарым укуктуу орган зарыл болгон документтерди тиркеп төлөөчүнүн арызын каттаган күндөн баштап 2 (эки) жумуш күндүн ичинде төмөнкүдөй чечим кабыл алат:
1) жаңылыш түшкөн төлөмдөрдү эсепке алуу жана эсепке алуудан баш тартуу жөнүндө;
2) жаңылыш түшкөн төлөмдөрдү кайтаруу же кайтаруудан баш тартуу жөнүндө.";
14) 89-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"89. Кабыл алынган чечимдин негизинде ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү камсыздоочунун алыш-бериш эсебине жаңылыш түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу же жаңылыш төлөмдөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүгө кайтаруу жөнүндө корутунду даярдайт.";
15) 90-пункттун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
16) 92-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"92. Камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан берилген корутундунун негизинде жаңылыш түшкөн төлөмдөрдү эсепке алуу жөнүндө корутунду даярдайт, жаңылыш түшкөн төлөмдүн суммаларын 3 (үч) жумуш күндүн ичинде эсепке алат же кайтарат.";
17) төмөнкүдөй мазмундагы 99-1-пункт менен толукталсын:
"99-1. 2019-жылдын 1-январына чейинки мезгилге туумдар камсыздоочу тарабынан 10-тиркемеге ылайык эсептелет жана ыйгарым укуктуу органга сальдо жиберилет.";
18) 101-пунктта "Бузуулар" деген сөз "Укук бузуулар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
19) төмөнкүдөй мазмундагы 10-глава менен толукталсын:
"10-глава. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык макулдашуулардын жана келишимдердин ченемдерин колдонуу
106. Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин, Түркия Республикасынын жарандары болуп саналган жалданма кызматкерлерге камсыздандыруу төгүмдөрү камсыздоочу тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген тиешелүү категориялар боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары боюнча чегерилет жана төлөнөт.
Пенсионерлер жана майыптар үчүн каралган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимге ылайык пенсионер же майып болгон ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин, Түркия Республикасынын жарандарынан тышкары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин, Түркия Республикасынын жарандары болуп саналган жалданма кызматкерлерге карата колдонулбайт.
107. Түркия Республикасынын жарандары Социалдык фондго камсыздандырылган адам Түркия Республикасынын мыйзамдарына баш ийе тургандыгын ырастаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча административдик макулдашууга ылайык формаларды бергенде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулууга тийиш:
1) жалданып же өз атынан автомобиль, темир жол, аба же деңиз транспорту менен жүргүнчүлөрдү же товарларды эл аралык транспорт ташууларын жүргүзгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагында катталган кеңсеси бар Түркия Республикасынын ишканаларынын кызматкерлеринин ичинен камсыздандырылган адам;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында негизделген Түркия Республикасынын ишканасынын филиалында же туруктуу өкүлчүлүгүндө ишке орношкон камсыздандырылган адам;
3) Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери же консулдук мекеменин жумушчусу болгон камсыздандырылган адам, ошондой эле Түркия Республикасынын миссиясынын же консулдуктарынын кызмат адамдарында жеке кызмат кылуу үчүн жергиликтүү деңгээлде жалданган тейлөөчү персонал тийиштүү формаларды толтуруу жолу менен өлкөлөрдүн биринин мыйзамдарын тандоого укуктуу;
4) Түркия Республикасынын иш берүүчүсү тарабынан Кыргыз Республикасына (же Кыргыз Республикасынан Түркия Республикасына) 24 (жыйырма төрт) айдан ашпаган мезгилге, ошол эле иш берүүчүнүн кызматкери статусун сактоо шарты менен жөнөтүлгөн адам;
5) 24 (жыйырма төрт) айдан ашпаган мезгилге убактылуу иштерди аткаруу үчүн тараптардын биринин аймагында өз алдынча иштеген адам.
Ушул пункттун 4 жана 5-пунктчаларда көрсөтүлгөн мезгил мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча тараптардын ыйгарым укуктуу органдары же компетенттүү мекемелери менен алдын ала макулдашуу боюнча жалпысынан 60 (алтымыш) айга чейин узартылышы мүмкүн.";
20) жогоруда көрсөтүлгөн Нускаманын 1-тиркемеси ушул Өзгөртүүлөрдүн 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
21) жогоруда көрсөтүлгөн Нускаманын 5-тиркемесинде:
- 1-бөлүмдүн 4-пунктту, 2-бөлүмдүн 4-пунктту, 3-бөлүмдүн 4-пунктту, 5-бөлүмдүн 4-пунктту, 6-бөлүмдүн 4-пунктту, 7-бөлүмдүн 4-пунктту, 8-бөлүмдүн 4-пунктту жана 10-бөлүмдүн 4-пунктту күчүн жоготту деп таанылсын;
22) жогоруда көрсөтүлгөн Нускаманын 6-тиркемеси ушул Өзгөртүүлөрдүн 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
23) ушул Өзгөртүүлөрдүн 3-тиркемесине ылайык редакцияда 9 жана 10-тиркемелер менен толукталсын.
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөргө 1-тиркеме |
|
|
|
|
| "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускамага 1-тиркеме |
Форма
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча ЭСЕПТЕШҮҮ ВЕДОМОСТУ
Отчеттук мезгил 20__-ж. ____________________
Отчет берилген дата 20_-ж. "__" _______________
1 | Төлөөчүнүн аталышы |
| Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү |
|
2 | СИН |
| Юридикалык дареги |
|
3 | Социалдык фонддо төлөөчүнүн каттоо № |
| Телефон |
|
4 | ОКПО коду |
| Банк (аталышы) |
|
5 |
|
| Эсептешүү эсеби |
|
6 |
|
| Иштин түрү |
|
Жумуштуулугу жана эмгек акысы жөнүндө билдирүү
№ | Идентификациялык номер | ФАА | Бийик тоолуу жана алыскы райондордун коэффициенти | Иш башталган датасы | Иш аяктаган датасы | Күндөрдүн саны | Иш жүзүндөгү күндөрдүн саны | Камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилген киреше (сом) | Чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрү (сом) | ТПФ боюнча чегерилген төгүмдөр (сом) | Кызматкерлердин категориясы | № 1 же № 2 тизменин коду | Жарандыгы | |
ЭТФ | Кошумча ЭТФ | |||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
… |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
№ |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы | 00,0 | 00,0 | 00,0 | 00,0 |
|
|
|
|
Кызматкерлердин категориясы: |
| Тизмелердин коду: |
001 - негизги кызматкер; |
| 007 - № 1 тизме; |
100 - 1, 2-топтогу майып; |
| 006 - № 2 тизме. |
010 - чет өлкөлүк жаран (өлкө); |
| Эгерде кызматкер № 1 же № 2 тизмеге кирбесе - код көрсөтүлбөйт. |
101 - УАС катышуучусу/майыбы; |
|
|
102 - УАС катышуучуларына теңештирилген адамдар; |
| Бийик тоолуу жана алыскы райондордун коддору: |
003 - пенсионер; |
| 500 - бийик тоолуу; |
103 - жеке ишкер; |
| 501 - алыскы райондор.". |
104 - ижарага берүүчү; |
|
|
105 - гонорарлар, сый акылар; |
|
|
106 - кенже тейлөөчү персонал (мындан ары КТП); |
|
|
107 - КТП пенсионерлери. |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөргө 2-тиркеме |
|
|
|
|
| "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускамага 6-тиркеме |
Форма
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полиси Страховой полис по государственному социальному страхованию Серия АА № 0000000 | |||||||||||||||||||||||
| Тарифтин түрү | ||||||||||||||||||||||
|
| ||||||||||||||||||||||
| Вид тарифа | ||||||||||||||||||||||
Орточо айлык эмгек акы (сом) _____________________________ Тариф чени (%) ______________ | |||||||||||||||||||||||
Среднемесячная заработная плата (сом) ___________________ Ставка тарифа (%) ____________ | |||||||||||||||||||||||
|
| ||||||||||||||||||||||
| Бийик тоолуу/барууга кыйын жана алыскы зонанын коду | ||||||||||||||||||||||
|
| ||||||||||||||||||||||
| Код высокогорья/труднодоступной и отдаленной зоны | ||||||||||||||||||||||
|
| ||||||||||||||||||||||
Фамилиясы Фамилия |
| ||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||
Аты Имя |
| ||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||
Атасынын аты Отчество |
| ||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||
Идентификациялык жеке номери (ИЖН) Персональный идентификационный номер (ПИН) |
| ||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||
Жарандыгы Гражданство | _________________________________________________ | ||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||
Паспорт №, сериясы №, серия паспорта |
| ||||||||||||||||||||||
Берилген күнү Дата выдачи |
| ||||||||||||||||||||||
(күнү, айы, жылы/число, месяц, год) | |||||||||||||||||||||||
Документ берген орган Орган, выдавший документ |
| ||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||
Камсыздандыруу полисинин бир айлык наркы Месячная стоимость страхового полиса (сом) |
| ||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||
Камсыздандыруу төгүмдөрү төмөнкү айга төлөндү Страховые взносы уплачены за месяц | с/тартып по/чейин |
| |||||||||||||||||||||
(күнү, айы, жылы/число, месяц, год) | |||||||||||||||||||||||
______________________________________________________________________________________________________________ (сумма жазуу жүзүндө, сумма прописью) | |||||||||||||||||||||||
Төлөнгөн жалпы сумма (сом) Общая сумма уплаты (сом) |
| ||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||
Камсыздандыруу полиси берилген күн Дата выдачи страхового полиса |
| ||||||||||||||||||||||
(күнү, айы, жылы/число, месяц, год) | |||||||||||||||||||||||
______________________________________________________________________________________________________________ Иштеген жери/Место работы | |||||||||||||||||||||||
______________________________________________________________________________________________________________ Социалдык фондунун/ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармалыгынын аталышы Название управления Социального фонда/уполномоченного государственного органа (МО) | |||||||||||||||||||||||
______________________________________________________________________________________________________________ Жооптуу кызматкер (аты-жөнү жана колу)/Ответственный работник (ФИО и подпись) | |||||||||||||||||||||||
______________________________________________________________________________________________________________ Камсыздандыруу полисинин ээсинин колу/Подпись владельца страхового полиса | |||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||
Эскертүү: Тарифтин түрү:
14 - ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрү (8%);
15 - Мамлекеттик пенсиялык топтомо фондго ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрү (2%);
16 - пенсиялык фондго камсыздандыруу стажын калыбына келтирүү (8%);
17 - базарда иштеген жеке жак;
18 - иштин лицензияланган турун жүргүзгөн жеке жак, гонорар (сый акы) алуучу жеке жак;
19 - жеке ишкер - Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар;
20 - кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн киреше алган жеке жак;
21 - текстиль жана тигүү өндүрүштөрүндө жалданган жумушчулар;
22 - бирдиктүү салыктын негизинде же салыктык контракттын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн системасы боюнча милдеттүү патент сатып алуу менен жалпы салык режиминин жана/же атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү жеке ишкер;
23 - ыктыярдуу патент сатып алуу менен атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү, ошондой эле базарлардагы контейнерлерде, павильондордо товар сатып иштеген жеке ишкер;
24 - базарлардагы лотоктордо, соода орундарында товар сатуу аркылуу жеке ишкердик менен алектенген жеке ишкер;
Бийик тоолуу/барууга кыйын жана алыскы зонанын коду:
500 - бийик тоолуулук коду;
501 - барууга кыйын жана алыскы зонанын коду.
Примечание: Вид тарифа:
14 - добровольные страховые взносы (8%);
15 - добровольные страховые взносы в Государственный накопительный пенсионный фонд (2%);
16 - восстановление страхового стажа в пенсионный фонд (8%);
17 - физическое лицо, работающее на рынке;
18 - физическое лицо, осуществляющее лицензированный вид деятельности, физическое лицо, получающее гонорары (вознаграждение);
19 - индивидуальный предприниматель - иностранные граждане, временно пребывающие на территории Кыргызской Республики;
20 - физическое лицо, получающее доход от сдачи в аренду движимого и недвижимого имущества;
21 - наемные работники, занятые в текстильном и швейном производствах;
22 - индивидуальный предприниматель, уплачивающий налоги на основе общего налогового режима и/или специальных налоговых режимов путем приобретения обязательного патента по упрощенной системе налогообложения на основе единого налога или на основе налогового контракта;
23 - индивидуальный предприниматель, уплачивающий налоги на основе специального налогового режима путем приобретения добровольного патента, а также осуществляющий деятельность на рынках путем реализации товара из контейнера, в павильонах;
24 - индивидуальный предприниматель, осуществляющий предпринимательскую деятельность на рынках путем реализации товара с лотков, торговых мест.
Код высокогорья/труднодоступной и отдаленной зоны:
500 - код высокогорья;
501 - код труднодоступной и отдаленной зоны.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияда милдеттүү түрдө ЖИН көрсөтүлсүн.
В квитанции об уплате страховых взносов обязательно указывать ПИН.".
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөргө 3-тиркеме |
|
|
|
|
| "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускамага 9-тиркеме |
Форма
Төлөөчүгө кабарлама
Төлөөчү
Бөлүм: ____________________________________ |
| Түзүлгөн датасы жана убактысы: _________________________ |
СФ номери: ________________________________ |
| ЫО катталган датасы: __________________________________ |
ИЖН/СИН: ________________________________ |
| СФ катталган датасы: ___________________________________ |
ОКПО: ___________________________________ |
| Тарифтин түрү: ________________________________________ |
Дареги: ___________________________________ |
| Менчигинин формасы: __________________________________ |
Жетекчинин ФАА: __________________________ |
| Менчигинин уюштуруу-укуктук формасы: ___________________ |
Бухгалтердин ФАА: __________________________ |
| Экономикалык ишинин түрү: _____________________________ |
|
| Орточо айлык эмгек акы: ________________________________ |
ИСКБ бирдиктүү казыналык эсеби: ____________ |
|
|
МСКБ бирдиктүү казыналык эсеби: ____________ |
|
|
Бишкек ш. ЭЭА бирдиктүү казыналык эсеби: _____ |
|
|
|
|
|
Начальник _______________________________ | ________________ ________________________________ | |
М.О. | (колу) (ФАА) | |
Кыскартуулардын тизмеси:
ИСКБ | - | ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгы; |
МСКБ | - | мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы; |
ЭЭА | - | эркин экономикалык аймак. |
|
| Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускамага 10-тиркеме |
Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мөөнөтү өткөн карыздарга туум чегерүү ЭСЕБИ
___________________________________________________________ (Төлөөчүнүн аталышы)
Кат. № _____________________ Төлөө мөөнөтү___________________
Текшерүү башталганда камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча төлөөчүнүн карыздарынын калдыгы
___________________________________________________________ сом.
Текшерүү башталганда айыптар жана туумдар боюнча төлөөчүнүн карыздарынын калдыгы
___________________________________________________________ сом.
Камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелген киреше | Бардык эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү | Төлөнүүгө тийиш | Төлөндү | Мөөнөтү өткөн төлөмдөрдүн суммасы | Мөөнөтү өткөн күндөр | Туумдун суммасы | ||
Анык эмгек акы фонду | Эмгек акысы орточо айлык э/а 40% аз болгон кызматкер үчүн иш берүүчү тарабынан төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелген кошумча ЭТФ | Төлөө датасы | Сумма | |||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Текшерүүчүнүн ФАА/колу | ________________________________ |
| ________________________________". |