Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 17-июлу № 385
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 729 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн механизмин регламенттөөчү бирдиктүү тартипти белгилөө максатында, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 729 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 363 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эл аралык финансылык уюмдар каржылаган өнүктүрүү долбоорлоруна катышкан субъекттерди милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча эсепке коюунун, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн жана эсепке алуунун тартиби күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 225 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтомго тиркеме күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-июлундагы № 548 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-декабрындагы № 856 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-мартындагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1 жана 3-пункттары;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 527 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 828 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | К.А. Боронов |