Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 397 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын стипендиаты менен окутууга келишим (контракт) түзүүнүн эрежелери
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 622 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын стипендиаты менен окутууга келишим (контракт) түзүүнүн эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын ээлери менен (мындан ары - Стипендиат) окутууга келишим (контракт) түзүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Окутууга келишим түзүүнүн тартиби жана шарттары
2. Стипендиат Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссия (мындан ары - Республикалык комиссия) ага Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын (мындан ары - эл аралык стипендия) ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып 90 (токсон) календарлык күндүн ичинде билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) менен чет мамлекеттеги жогорку окуу жайда окутууга келишим (контракт) (мындан ары - келишим) түзөт, анын типтүү формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Стипендиат ооруп калган, иш сапарда болгон жана келишим түзүүгө тоскоол жараткан башка жагдайлар болгон учурларда Стипендиат белгиленген мөөнөттө окутууга келишим түзүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө ырастоочу документтерди берген шартта чет мамлекеттеги жогорку окуу жайда (мындан ары - жож) окутууга келишим түзүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө Республикалык комиссияга кайрылат.
Келишим түзүүнү узартуу мөөнөтү Республикалык комиссия тарабынан келишим түзүүнүн мөөнөтүн жүйөлүү себеп боюнча узартууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 90 (токсон) календарлык күндөн ашпайт. Келишим түзүүнү узартуу ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн учурларда бир жолу берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 622 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Стипендиат тарабынан ыйгарым укуктуу органга келишим түзүү үчүн өздүгүн ырастоочу документ көрсөтүлөт.
3. Стипендиатты каржылоо, эл аралык стипендиядан ажыратууда/баш тартууда чыгымдардын ордун толтуруу
4. Стипендиат эл аралык стипендияны алууга келишимдеги милдеттенмелерди сактабагандыгынын негизинде Республикалык комиссиянын чечими боюнча эл аралык стипендиядан ажыратылган учурда Республикалык комиссия тарабынан эл аралык стипендияны ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып Стипендиатка сарпталган чыгымдардын ордун толтурууга тийиш.
5. Стипендиат карыздын ордун толтуруу жөнүндө чечим кабыл алынган жана/же карыз жөнүндө кабар алган күндөн тартып 20 (жыйырма) жумуш күндүн ичинде финансылык каражаттардын ордун толтуруу жөнүндө макулдашууну ыктыярдуу түзөт жана чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө макулдашууда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө чыгымдардын ордун толтурат.
6. Эгерде Стипендиат ушул Эрежелердин 5-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө ордун толтуруу жөнүндө макулдашуу түзбөсө, карыздын ордун толтуруу сот тартибинде жүзөгө ашырылат.