Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-ноябры № 622
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 397 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 397 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо эрежелеринде:
- 6-пунктунун 3-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайында 3,8 баллдан кем эмес жетишүүнүн орточо баллы менен (GPA)" деген сөздөр алып салынсын;
- 8-пунктунун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Конкурстун жеңүүчүсү Республикалык комиссия тарабынан талапкерге эл аралык стипендияны ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 90 (токсон) календарлык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган менен келишим (контракт) түзөт, анын типтүү формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын стипендиаты менен окутууга келишим (контракт) түзүүнүн эрежелеринде:
- 2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Стипендиат Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссия (мындан ары - Республикалык комиссия) ага Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын (мындан ары - эл аралык стипендия) ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып 90 (токсон) календарлык күндүн ичинде билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) менен чет мамлекеттеги жогорку окуу жайда окутууга келишим (контракт) (мындан ары - келишим) түзөт, анын типтүү формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын алууга типтүү келишимде:
- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мындан ары "КР БИМ" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин атынан Жобонун негизинде иш алып баруучу министр ________________________________ бир тараптан жана мындан ары "Стипендиат" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын жараны _______________________________ (аты-жөнү) экинчи тараптан, мындан ары биргелешип "Тараптар", ал эми өзүнчө "Тарап" деп аталуу менен төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздү:";
- 2-главада:
төмөнкүдөй мазмундагы 2.1.3-пункт менен толукталсын:
"2.1.3. Ушул Эрежелердин негизинде жана ушул Келишимдин шарттарына ылайык келишим түзүлгөн күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде Стипендиатты окутууну уюштуруу менен байланышкан эл аралык стипендия ыйгарылган күндөн тартып келип чыгуучу чыгымдарды төлөөнү жүргүзүүгө.";
төмөнкүдөй мазмундагы 2.2.3-пункт менен толукталсын:
"2.2.3. Стипендиат ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда, Стипендиатты эл аралык стипендиядан ажыратуу, стипендия ыйгарылган күндөн тартып сарпталган чыгымдардын ордун толтуруу же ордун толтуруудан бошотуу жөнүндө Республикалык комиссиянын чечимине ылайык Стипендиатты каржылоону токтотууга.";
- 2.5, 2.5.1, 2.6 жана 2.6.1-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3.2, 3.3, 4.2, 4.4, 5.2-пункттарындагы "КР ФМ" аббревиатурасы "КР БИМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 7.7-пунктундагы "4 (төрт)" деген сөздөр "2 (эки)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-главанын экинчи жана төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2022-жылдын 22-ноябрында № 103 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |