Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-июлу № 397
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 622 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө" Жарлыгынын 4-пунктун аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын стипендиаты менен окутууга келишим (контракт) түзүүнүн эрежелери 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын алууга типтүү келишим 3-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 2-августунда № 67(3402) жарыяланды
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын алууга типтүү келишим
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 622 токтомунун редакциясына ылайык)
Бишкек ш. |
| 20 ___-ж. "__" ______________ |
Мындан ары "КР БИМ" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин атынан Жобонун негизинде иш алып баруучу министр ________________________________ бир тараптан жана мындан ары "Стипендиат" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын жараны _______________________________ (аты-жөнү) экинчи тараптан, мындан ары биргелешип "Тараптар", ал эми өзүнчө "Тарап" деп аталуу менен төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздү:
1. КЕЛИШИМДИН ПРЕДМЕТИ
1.1. Ушул Келишимдин предмети болуп Тараптардын Стипендиатты окутууну уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясы (мындан ары - эл аралык стипендия) боюнча иш-чараларды ишке ашырууда келип чыгуучу өз ара мамилелери саналат.
1.2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо эрежелерине (мындан ары - Эрежелер) ылайык өткөрүлгөн эл аралык стипендияны ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо боюнча конкурстун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссиянын (мындан ары - Республикалык комиссия) 20___-жылдын "___" ________ жыйналышынын протоколунун негизинде КР БИМ Стипендиатты эл аралык стипендия боюнча жалпы окуу мөөнөтү ________ жыл _______ айды түзгөн ____________________________ программасы боюнча ______________________________________ өлкөдөгү ___________________________________________________ окууга (мындан ары - Окуу жайы) жиберет.
2. ТАРАПТАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА УКУКТАРЫ
2.1. КР БИМ төмөнкүлөргө милдеттүү:
2.1.1. Стипендиатты окууга жиберүү жөнүндө буйрук чыгарууга.
2.1.2.Стипендиатка Республикалык комиссиянын протоколдук чечимин алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде ага карата кабыл алынган чечимдер жөнүндө кабарлоого.
2.1.3. Ушул Эрежелердин негизинде жана ушул Келишимдин шарттарына ылайык келишим түзүлгөн күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде Стипендиатты окутууну уюштуруу менен байланышкан эл аралык стипендия ыйгарылган күндөн тартып келип чыгуучу чыгымдарды төлөөнү жүргүзүүгө.
2.2. КР БИМ төмөнкүлөргө укуктуу:
2.2.1. Стипендиат тарабынан келишимдик милдеттенмелердин аткарылышын контролдоо үчүн Стипендиаттан документтерди талап кылууга, ошондой эле аларды берүүнүн акылга сыярлык мөөнөттөрүн белгилөөгө.
2.2.2. Стипендиат жөнүндө маалыматтарды төмөнкү мезгилде колдонууга:
1) ал эл аралык стипендияны ыйгарууга конкурстук тандоодон өткөн;
2) аны Окуу жайда окутууну уюштурууда;
3) Окуу жайда окутууда.
2.2.3. Стипендиат ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда, Стипендиатты эл аралык стипендиядан ажыратуу, стипендия ыйгарылган күндөн тартып сарпталган чыгымдардын ордун толтуруу же ордун толтуруудан бошотуу жөнүндө Республикалык комиссиянын чечимине ылайык Стипендиатты каржылоону токтотууга.
2.3. Стипендиат төмөнкүлөргө милдеттүү:
2.3.1. КР БИМ тарабынан белгиленген мөөнөттө Стипендиаттын келишимдик милдеттенмелеринин аткарылышын контролдоо үчүн зарыл болгон документтерди берүүгө, ошондой эле ден соолугунун абалы, окуудагы жетишкендиктери, ата-энеси, жашаган жери, байланыш маалыматтары жөнүндө анык маалыматтарды гана берүүгө.
2.3.2. Виза алуу үчүн документтерди өз алдынча тариздөөгө.
2.3.3. Окуу башталган күндөн тартып 15 (он беш) календардык күндүн ичинде окуп жаткан өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемесине каттоого турууга.
2.3.4. Сабактарга катышууга, окуу жай белгилеген мөөнөттөрдө тапшырмалардын бардык түрлөрүн аткарууга, зачетторду, экзамендерди жана окуу планында каралган контролдоонун башка түрлөрүн өз убагында тапшырууга, окуу жай тарабынан белгиленген ар бир орто аралык окуу мезгилинин (семестрдин, триместрдин же окуу жылынын) жыйынтыгы боюнча окуу процессинде академиялык жетишкендиктерди камсыз кылууга.
2.3.5. Окуу жайдын күндүзгү бөлүмүндө адистиги, билим берүү программасы боюнча окуу планына ылайык толук окутуу курсунан өтүүгө жана өз убагында аяктоого, ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн даражага ээ болууга. Бекитилген окуу планында белгиленген мөөнөттө диссертацияны жактоого.
2.3.6. Кыргыз Республикасынын жана келген өлкөнүн мыйзамдарын, жалпы кабыл алган жүрүм-турум жана моралдык ченемдерди, ошондой эле Окуу жай тарабынан белгиленген эрежелерди жана талаптарды бузбоого.
2.3.7. Окуу жайдын профессордук-окутуучулук, окутуучу-көмөкчү жана башка персоналына, КР БИМ кызматкерлерине жана башка окуучуларга сый-урмат көрсөтүүгө, алардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирбөөгө.
2.3.8. Өзүнүн иш-аракеттери менен Окуу жайга, КР БИМге, үчүнчү жактарга материалдык зыян келтирген учурда келтирилген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын же келген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык өз эсебинен өз убагында төлөп берүүгө.
2.3.9. Окутуунун толук курсун аяктагандан кийин Кыргыз Республикасына келген күндөн тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде КР БИМге төмөнкүлөрдү берүүгө: окууну аяктоо жөнүндө арызды; ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн программа боюнча магистр, PhD доктору даражасын ыйгаруу жөнүндө документтин мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолорун, диссертациялык/дипломдук иштин баасын көрсөтүү менен жыйынтыктоочу, жалпы окуу мезгили үчүн транскриптти; диссертациялык/дипломдук иштин электрондук версиясын. Көрсөтүлгөн документтерди Окуу жайда берүүнүн белгиленген шарттары боюнча берүү мүмкүн болбогон учурда өз убагында берилбегендигинин себептерин жана тиешелүү документ Окуу жайдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тастыктоочу каты менен бериле турган мөөнөттү көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү арызды КР БИМге берүү зарыл.
2.3.10. Фамилиясы, келген өлкөдө жана Кыргыз Республикасында өзүнүн байланыш маалыматтары (жашаган жеринин дареги, телефон номерлери (үй, мобилдик), электрондук дареги) өзгөргөн учурда бул тууралуу 10 (он) календардык күндүн ичинде КР БИМге маалымдоого.
2.3.11. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди талаптагыдай аткарууну кыйындаткан жагдайлар пайда болгон учурда тиешелүү жагдайлар пайда болгон учурдан тартып 20 (жыйырма) календардык күндүн ичинде ушул Келишимдин шарттарын аткаруунун мүмкүн эместиги жөнүндө КР БИМге жазуу жүзүндө расмий түрдө маалымдоого.
2.4. Стипендиат төмөнкүлөргө укуктуу:
2.4.1. КР БИМден ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарууну талап кылууга.
2.4.2. Республикалык комиссиянын компетенциясына кирген маселелерди кароо үчүн КР БИМге арыз берүүгө.
2.4.3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобонун 25-пунктуна ылайык өз каалоосу боюнча эмгек ишин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кадрлар резервине жана региондук кадрлар резервине киргизүү үчүн Республикалык комиссия тарабынан сунушталууга.
2.5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 622 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.5.1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 622 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.6. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 622 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.6.1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 622 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. КЕЛИШИМДИН ЖАЛПЫ СУММАСЫ ЖАНА ТӨЛӨӨ ТАРТИБИ
3.1. Ушул Келишимдин жалпы суммасы_____________________________________ жыл үчүн
___________________________________(____________________________________________
________________________________________________________________________________
________________________________________________________________) долларды түзөт.
3.2. Макулдашуу болгон учурда КР БИМ тиешелүү макулдашууда каралган стипендияны Окуу жайдын эсебине төлөөнү ишке ашырат.
3.3. КР БИМ тарабынан ушул Келишим боюнча төлөмдөр академиялык окуудан өткөн мезгилдер үчүн гана жүргүзүлөт.
4. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ
4.1. Республикалык комиссия эл аралык стипендиядан ажыратууга алып келген ушул Келишим боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган же Стипендиат эл аралык стипендиядан баш тарткан учурда чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө чечимди кабыл алууда Стипендиат милдеттүү түрдө чыгымдардын суммасын толугу менен төлөйт.
4.2. Стипендиат иш жүзүндө кеткен чыгымдарды акыркы белгилүү болгон жашаган жеринин дарегине КР БИМ тарабынан жиберилген тиешелүү талапты алган күндөн тартып 30 (отуз) банктык күндүн ичинде төлөөгө милдеттенет. Төлөөнүн башка мөөнөттөрү Тараптар тарабынан ордун толтуруу жөнүндө тиешелүү келишимге кол коюу менен сүйлөшүлөт.
4.3. Ушул Келишимдин 6-бөлүмүнө ылайык ал жеткис күчтүн жагдайларынын келип чыгышынын натыйжасында ушул Келишим бузулган учурда Стипендиат Республикалык комиссиянын чечиминин негизинде ушул Келишим боюнча чыгымдардын ордун толтуруудан бошотулат.
4.4. КР БИМ ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн, эгерде мындай аткарбоо экинчи тараптын аракеттеринин натыйжасында келип чыккан болсо, жоопкерчилик тартпайт.
4.5. Ушул Келишимде каралбаган башка учурларда Тараптар ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Тараптар жарандык укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5. КЕЛИШИМДИ БУЗУУНУН ШАРТТАРЫ
5.1. Стипендиат ушул Келишимдин 5.2-пунктуна ылайык эл аралык стипендиядан баш тартууда ушул Келишим бузулган учурда КР БИМ дарегине бузуу үчүн негиздерди ырастаган документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндө билдирүү жиберет. Билдирүү почта аркылуу жиберүүнү дарек ээси алгандыгы жөнүндө билдирүү менен заказдык почта жиберүүсү түрүндө жиберилет.
5.2. Бул келишим Стипендиат иш жүзүндө кеткен чыгымдарды төлөгөн күндөн тартып ушул Келишимдин 5-бөлүмүнө ылайык бузулду деп эсептелет. КР БИМ иш жүзүндө кеткен чыгымдар жок болсо же ушул Келишимдин 7-бөлүмүндө каралган учурларда ушул Келишим боюнча каражаттардын ордун толтуруудан бошотулса, бул Келишим Республикалык комиссия тарабынан Стипендиатты эл аралык стипендиядан ажыратуу же Стипендиаттын баш тартуусу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 (он) календардык күн өткөндөн кийин бузулду деп эсептелет.
6. АЛ ЖЕТКИС КҮЧТҮН ЖАГДАЙЛАРЫ
6.1. Тараптар ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн, эгерде мындай аткарбоо ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасынан келип чыкса, жоопкерчиликтен бошотулат. Мындай окуялар болуп тактап айтканда, төмөнкүлөр саналат: өрт, суу ташкыны, жер титирөө, аскердик аракеттер, блокадалар, Стипендиаттын медициналык-социалдык экспертизанын тиешелүү маалымкаты менен ырасталган катуу оорусу, мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр, мамлекеттик органдардын актыларын чыгаруу жана башка жагдайлар, эгерде Тараптардын ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруусуна түздөн-түз таасир этсе жана Тараптар мындай таасирлерге каршылык көрсөтө албаса, учурдагы кырдаалда колдонулушу мүмкүн болгон бардык чараларды жана аракеттерди көргөн шартта.
6.2. Ал жеткис күчтүн жагдайлары болгондугун айткан Тарап төмөнкүлөргө милдеттүү:
6.2.1. Ал жеткис күчтүн жагдайы пайда болгон учурдан тартып 15 (он беш) календардык күндүн ичинде мындай жагдайлардын болгондугу жөнүндө башка Тараптарга жазуу жүзүндө билдирүүгө. Билдирүүдө жагдайлардын мүнөзү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле мүмкүн болушунча Тараптардын ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруусуна жана милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтүнө тийгизген таасиринин баалоосу камтылууга тийиш.
6.2.2. Көрсөтүлгөн жагдайлар токтогондон кийин бул жөнүндө башка Тараптарга жазуу жүзүндө токтоосуз билдирүүгө тийиш. Мында ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу болжолдонгон мөөнөт көрсөтүлүшү керек. Эгерде билдирүү жиберилбесе же өз убагында жиберилбесе, анда билдирүү жиберилбегенден же өз убагында жиберилбегенден келтирилген зыяндын ордун аларды пайда кылган Тарап толтурууга милдеттүү.
6.3. Ал жеткис күчтүн жагдайдын аракети жөнүндө билдирүүлөрдү түзүү же билдирүү мөөнөттөрү жөнүндө жогоруда көрсөтүлгөн шарттар сакталбаган учурда Тараптар эч кандай жагдайлар ал жеткис күчтүн жагдайы катары каралбайт жана Тараптардын ушул Келишим боюнча милдеттенмелери алынып салынбайт же кандайдыр бир жол менен чектелбейт деп макулдашты.
6.4. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү ал жеткис күчтүн жагдайлар, ошондой эле ушул жагдайлардан улам келип чыккан кесепеттер күчкө ээ болгон убакытка жараша жылдырылат. Эгерде ал жеткис күчтүн жагдайлары 2 (эки) айдан ашык убакытка созулса, кайсы Тарап болбосун ушул Келишимдин шарттарына ылайык башка Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү менен сотко кайрылбастан ушул Келишимди бузууга укуктуу.
7. БАШКА ШАРТТАР
7.1. Бул Келишим Тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптар бардык милдеттенмелерди толук аткарганга чейин колдонулат.
7.2. Бул Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы жарандык мыйзамдарында белгиленген шарттарды сактоо менен Тараптар кошумча макулдашууларга кол коюу аркылуу өз ара макулдугу боюнча гана киргизилиши мүмкүн.
7.3. Бул Келишим Стипендиат каза болгон учурда аракетин токтотот.
7.4. Ушул Келишимден макулдашуучу Тараптардын ортосунда же ага байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүү жолу менен чечилүүгө тийиш.
7.5. Сүйлөшүү жолу менен макулдашууга жетишүү мүмкүн болбогон учурда, биринчи сүйлөшүүлөр башталган учурдан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде талаш-тартыштар жарандык сот өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде каралууга тийиш.
7.6. Ушул Келишим менен жөнгө салынбаган бардык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдери колдонулат.
7.7. Бул Келишим ар бир тарапка бирден 2 (эки) нускада түзүлдү.
7.8. Келишим келишимдик жагдайлар өзгөрүлбөгөн учурда андан ары мөөнөтүн узартуу менен бир жылдык мөөнөткө түзүлөт.
8. ТАРАПТАРДЫН ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 622 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Стипендиат
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 622 токтомуна ылайык күчүн жоготту)