Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-июлу № 394
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу тууралуу
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Камкорчулук кеңешинин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 622 "Манас атындагы Кыргыз-түрк университетинин Камкордук кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 622 "Манас атындагы Кыргыз-Түрк университетинин Камкордук кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 2-августа № 67(3402) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |