Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 394 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 28-декабры, № 622
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Манас атындагы Кыргыз-түрк университетинин Камкордук
кењешинин курамын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 29-сентябрындагы № 607 токтомунун
редакциясына ылайык)
Манас атындагы Кыргыз - түрк университетин түзүү жөнүндө Кыргыз
Республикасы менен Түркия Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосунда 1995-
жылдын 30-сентябрында кол коюлган Келишимге жана университеттин
Уставына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы
өзгөргөнгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Манас атындагы Кыргыз-түрк университетинин Камкордук кењеши
кыргыз тараптан төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри,
- - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
(социалдык маселелер боюнча)
- Кыргыз Республикасынын билим берүү, жана илим боюнча министри,
- Бишкек шаарынын мэри.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 607 токтомунун редакциясына ылайык)
2. «Манас атындагы Кыргыз-түрк университетинин Камкордук кењешинин
курамы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 13-
январындагы № 10 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр Ф.Кулов