Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 394 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-сентябры № 607
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 622 "Манас атындагы Кыргыз-Түрк университетинин Камкордук кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамынын өзгөрүүсүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 622 "Манас атындагы Кыргыз-Түрк университетинин Камкордук кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
- үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри (социалдык маселелер боюнча);";
- төртүнчү абзацтагы "илим жана жаштар саясаты" деген сөздөр "жана илим" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
|
|