Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-августу № 421
Айрым акционердик коомдордун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине өткөрүп берүүү жөнүндө
Мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу, акцияларында мамлекеттик үлүшү бар адистештирилген оңдоо жана курулуш-монтаждоо компанияларын кризистен чыгаруу максатында, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2021-жылдын 26-ноябрындагы № 5 чечиминин 7-пунктунун 5-пунктчасына ылайык. "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине төмөнкүлөрдү өткөрүл берсин:
1) "Нарынгидроэнергострой'" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин;
2) ''Нарынспецгидроэнергомонтаж" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө жободо:
- 10-пунктунун 1-пунктчасынын он жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунда. "Нарынгидроэнергострой" ачык акционердик коомунда, "Нарынспецгидроэнергомонтаж" ачык акционердик коомунда, акцияларды башкаруучу орган катары мамлекеттин атынан чыгат;”;
11-пунктунун сегизинчи, тогузунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун, "Нарынгидроэнергострой" ачык акционердик коомунун, "Нарынспецгидроэнергомонтаж" ачык акционердик коомунун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунда, "Нарынгидроэнергострой" ачык акционердик коомунда, "Нарынспецгидроэнергомонтаж" ачык акционердик коомунда мамлекеттин атынан акционер катары чыгууга;".
3. Бул токтомдун aткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 9-августа № 69(3404) жарыяланды
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |