Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 421, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 534, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 179, 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566, 2024-жылдын 3-июлундагы № 351, 2025-жылдын 26-мартындагы № 155, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 759, 2026-жылдын 5-февралындагы № 63 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги (мындан ары - Министрлик) отун-энергетикалык комплекси жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды ишке ашыруучу, ошондой эле энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Министрлик отун-энергетикалык комплекси жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функциялар бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ченемдик укуктук актыларды, техникалык регламенттерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Министрлик юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана Казыналык системасында эсептери бар.
5. Министрлик өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзөт, мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы болуп чыгууга укуктуу.
6. Министрликтин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги";
- расмий тилде: "Министерство энергетики Кыргызской Республики".
Министрликтин кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ЭМ";
- расмий тилде: "МЭ".
Юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 326.
Уюштуруу-укуктук формасы: мекеме.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 155 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Министрлик өз ишин юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
2-глава. Министрликтин максаты
8. Министрликтин максаты отун-энергетикалык комплекси жана энергетикалык коопсуздук жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу болуп саналат.
3-глава. Министрликтин милдеттери
9. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- отун-энергетикалык комплекси жана энергетикалык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүү жана энергетикалык коопсуздук үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- керектөөчүлөрдү энергетикалык ресурстар жана кызмат көрсөтүүлөр менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү.
4-глава. Министрликтин функциялары
10. Министрлик төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясат функцияларын:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган тартипте жана учурларда Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык башкаруу органдарында жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүн ишке ашырат;
- отун-энергетикалык комплекси жана энергетикалык коопсуздук жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- Министрликтин компетенциясына кирген тармактарды натыйжалуу өнүктүрүү үчүн стратегияны, программаларды, пландарды, келишимдерди иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгат жана киргизет;
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу уюмдардын электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөсүнүн лимиттерин иштеп чыгат жана бекитет;
- чет мамлекеттердин отун-энергетикалык комплекси жаатындагы рынокторунун өнүгүү тенденцияларын изилдейт жана талдайт, энергетика тармагын андан ары өнүктүрүүнү аныктайт;
- отун-энергетикалык комплексине жана энергетикалык коопсуздукка түз инвестицияларды тартат;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу жана аткаруу практикасын жалпылайт, аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- эл аралык уюмдардын финансылык-техникалык колдоосунда ишке ашырылуучу долбоорлор, программалар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелерди аткарат;
- отун-энергетикалык комплексине жана энергетикалык коопсуздукка алдыңкы технологияларды киргизүүгө көмөктөшөт;
- энергиянын кайра жаралуу булактарын киргизүү жана пайдалануу үчүн шарттарды түзөт;
- Кыргыз Республикасынын суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун механизмдерин иштеп чыгат;
- өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды эске алуу менен отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин мамлекеттик колдоо механизмдерин түзөт;
- отун-энергетикалык комплексинин техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн талдайт;
- энергетикалык натыйжалуулук, энергияны үнөмдөө жана энергиянын кайра жаралуу булактарын пайдалануу чөйрөсүндө өбөлгөлөөчү механизмдерди иштеп чыгат;
- "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунда, "Электр станциялары" ачык акционердик коомунда, "Курулуп жаткан электр станцияларынын дирекциясы" ачык акционердик коомунда, "Кыргыз энергетикалык эсептешүү борбору" ачык акционердик коомунда, "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомунда, "Нарынгидроэнергострой" ачык акционердик коомунда, "Нарынспецгидроэнергомонтаж" ачык акционердик коомунда акцияларды башкаруучу орган катары мамлекеттин атынан чыгат;
- тейлеген тармагынын чөйрөсүндө укуктук пропагандалоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
2) жөнгө салуу функцияларын:
- лицензиялоо жана электр, жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына тарифтерди белгилөө аркылуу отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салат;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - "Кыргызкөмүр" МИ) пайдасынын бөлүгүн чегерүүлөрдү эсепке алууну жүргүзөт, алардын республикалык бюджетке өз учурунда төлөнүшүн камсыздоо боюнча чараларды көрөт жана контролдойт;
- ишкананын жетекчиси кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитет;
– ишкананын башкаруу органдарынын өз убагында түзүлүшүн камсыз кылат;
– “Кыргызкөмүр” МИнин жылдык бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары, анын ичинде өткөн жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту макулдашат;
– “Кыргызкөмүр” МИнин финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгат жана бекитет;
– “Кыргызкөмүр” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууну талдайт жана мониторинг жүргүзөт;
– ведомстволук мамлекеттик ишканалардын стратегиялык өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуусун камсыз кылат;
3) мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын:
- энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзөт;
4) координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функцияларын:
- отун-энергетикалык комплексинин жаңы объекттерин комплекстүү өнүктүрүү жана түзүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялайт;
- отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин тармактар аралык жана региондор аралык координациялайт;
- отун-энергетикалык комплексинин түзүмүн өркүндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну координациялайт;
- мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө энергетикалык сектордо техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жана белгиленген максаттуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышын белгиленген тартипте контролдойт;
- мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенип, менчигинин түрүнө карабастан отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын иштеп чыгууга, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө байланышкан ишин белгиленген тартипте координациялайт жана мониторинг жүргүзөт;
- суу-энергетикалык ресурстардын топтолушуна жана пайдаланылышына мониторинг жүргүзөт;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенет;
- башка мамлекеттик органдар менен биргеликте отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүүгө келип түшкөн техникалык жардамды координациялайт;
5) кызматтарды көрсөтүү функцияларын:
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын белгиленген тартипте карайт;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык-консультациялык көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат;
6) колдоо функцияларын:
- эл аралык жана ата мекендик уюмдар, ишканалар жана мекемелер менен кызматташат жана иш жүргүзөт;
- башка өлкөлөрдө отун-энергетикалык комплексинин ата мекендик ишканаларынын кызыкчылыктарын илгерилетүүгө көмөктөшөт;
- отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте даярдайт;
- отун-энергетикалык комплексинин ишканаларында экологиялык таза, ресурсту жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүүгө көмөктөшөт;
- Министрликтин бардык деңгээлдеринде окутуу жана кайра даярдоо системасын камтуучу кадрдык ресурстарды башкаруу системасын түзөт жана практикалык ишке киргизет;
- улуттук жана эл аралык илимий-техникалык мекемелер жана уюмдар менен белгиленген тартипте байланыштарды түзөт жана биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзөт, Министрликтин компетенциясынын чегинде зарыл болгон кызматташтык жөнүндө макулдашууларга, келишимдерге жана башка документтерге кол коёт;
- республикалык, региондук жана мамлекеттер аралык маалыматтык системалардын алкагында маалымат алмашууга көмөктөшөт;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтык-маалымдоо жана башка адабиятты даярдоону жана басып чыгарууну уюштурат;
- Министрликтин иш чөйрөсүнө кирген улуттук стандарттарга, эл аралык (региондук) стандарттарга, ошондой эле техникалык регламенттерге экспертиза жүргүзүү боюнча комиссиялардын (топтордун) ишине катышат;
- энергетика чөйрөсүндө долбоордук-издөө жана илимий-изилдөө иштерин башкарууну уюштурат жана жүргүзөт;
- тармактык илимдерди жайылтууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;
- энергетикалык кызматташтык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча эл аралык, мамлекеттер аралык комиссиялардын ишине катышат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мобилизациялык даярдык боюнча иш-чараларды жүргүзөт.
- чарбакер коомдордун башкаруу органдарына талапкерлердин кадрлар резервин түзүүнү камсыз кылат, ошондой эле кадрлар резервине тандоону жүргүзүү жана мамлекеттик өкүлдүн кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 421, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 534, 2024-жылдын 3-июлундагы № 351, 2025-жылдын 26-мартындагы № 155 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5-глава. Министрликтин укуктары
11. Министрлик белгиленген иш чөйрөсүндө функцияларды ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен түзүлүүчү эл аралык келишимдер боюнча белгиленген тартипте сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын атынан белгиленген тартипте эл аралык келишимдерге кол коюуга;
- юридикалык жана жеке жактардан Министрликтин иш чөйрөсүнө тиешелүү маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- белгиленген иш чөйрөсүндө жумушчу, техникалык, координациялык жана кеңешүүчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду), анын ичинде ведомстволор аралык органдарды түзүүгө жана тартууга;
- энергетика маселелери боюнча материалдарын даярдоого жана Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө өткөрүлүүчү эл аралык институттардын, эксперттик топтордун, ведомстволор аралык комиссиялардын, конференциялардын, кеңешмелердин ишине катышууга;
- Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн аткаруусу үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун, "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун, "Курулуп жаткан электр станцияларынын дирекциясы" ачык акционердик коомунун, "Кыргыз энергетикалык эсептешүү борбору" ачык акционердик коомунун, "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомунун, "Нарынгидроэнергострой" ачык акционердик коомунун, "Нарынспецгидроэнергомонтаж" ачык акционердик коомунун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунда, "Электр станциялары" ачык акционердик коомунда, "Курулуп жаткан электр станцияларынын дирекциясы" ачык акционердик коомунда, "Кыргыз энергетикалык эсептешүү борбору" ачык акционердик коомунда, "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомунда, "Нарынгидроэнергострой" ачык акционердик коомунда, "Нарынспецгидроэнергомонтаж" ачык акционердик коомунда мамлекеттин атынан акционер катары чыгууга;
- эл аралык уюмдарда Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоого;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерди, макулдашууларды, меморандумдарды, протоколдорду түзүүгө, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдар жана юридикалык жактар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана эл аралык келишимдерге кол коюуга;
- Министрликтин компетенциясына кирген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын тартууга;
- инвестициялык долбоорлорду даярдоодо, ишке ашырууда жана илгерилетүүдө инвесторлорго көмөк көрсөтүүгө;
- республиканы энергетикалык өнүктүрүүгө байланышкан айрым долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдардын, илимий-изилдөө жана башка мекемелердин өкүлдөрүн тартууга;
- отун-энергетикалык комплексинин негизги проблемалары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу комиссияларды жана топторду түзүүгө;
- экспертизаларды жана консультацияларды жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдардын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди тартууга;
- Министрликтин кызматкерлерин кесиптик даярдоону, кайра даярдоону, квалификациясын жогорулатууну жана стажировкасын уюштурууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 421, 2024-жылдын 3-июлундагы № 351 токтомдорунун редакциясына ылайык)
6-глава. Министрликтин ишин уюштуруу
12. Министрликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Кыргыз Республикасынын энергетика министри (мындан ары - министр) башкарат.
13. Министрликте министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралган.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, министрге түздөн-түз баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурат.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушусуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Министр:
- Министрликтин, анын коллегиясынын, борбордук аппаратынын, ведомстволук мекемелеринин, мамлекеттик ишканаларынын ишине жалпы жетекчилик кылат, Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- Министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук мекемелеринин (мамлекеттик ишканаларды кошпогондо) штаттык ырааттамасын жана түзүмүн бекитет;
- (Бешинчи абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 155 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ассоциацияларынын (бирликтердин) ишине ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашат;
- (Жетинчи абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 155 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- (Сегизинчи абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 155 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- (Тогузунчу абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 155 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- "Кыргызкөмүр" МИни өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитет;
- (Он биринчи абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 155 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына министрдин биринчи орун басарын, министрдин орун басарларын жана ведомстволук мекемелеринин жетекчилерин кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга сунуштарды киргизет;
- “Кыргызкөмүр” МИнин башкы директору кызмат ордуна талапкерди кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизет;
- (Он бешинчи абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 155 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- министрдин биринчи орун басарын, министрдин орун басарларын сунушу боюнча Министрликтин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга карата сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
- ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин сунушу боюнча ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Министрликтин системасынын кызматкерлери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна ведомстволук бөлүмдөр жөнүндө жоболордун жана мамлекеттик ишканалардын уставдарынын долбоорлорун киргизет;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык бүтүмдөрдү/келишимдерди түзөт;
- белгиленген тартипте эл аралык келишимдерге кол коёт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык министрдин биринчи орун басарын, министрдин орун басарларын сунушу боюнча Министрликте жана ведомстволук мекемелерде мамлекеттик жарандык кызмат өтөө менен байланышкан маселелерди чечет;
- Министрликтин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
- Министрликтин мамлекеттик жарандык кызматчыларына белгиленген тартипте класстык чендерди ыйгарат;
- Министрликтин системасынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, ардактуу наамдарды ыйгарууга белгиленген тартипте көрсөтөт;
- белгиленген тартипте Министрликтин ведомстволук сыйлыктарын уюштурат;
- белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктар жөнүндө жоболорду жана алардын сыпаттамасын бекитет;
- Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнө тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Министрликтин атынан белгиленген тартипте ишеним каттарды берет;
- кызмат орду боюнча Министрликтин Жарандык коргонуусунун начальниги болуп саналат жана Министрликте Жарандык коргонууну жетектейт;
- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби белгиленбесе, Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
– коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштетүү үчүн жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 534, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 179, 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566, 2025-жылдын 26-мартындагы № 155, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 759 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16. Министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары иштин өздөрү тейлеген багыттары боюнча ишти уюштурушат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Министрликте 9 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамына кызмат орду боюнча министр, министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары жана Министрликтин системасында иштеген кызматкерлер кирет. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү кирет.
Коллегиянын иши министрдин буйругу менен бекитилген Коллегия жөнүндө жобо менен аныкталат.
Министрликтин коллегиясынын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен макулдашуу боюнча министр тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Министрликтин коллегиясынын жана борбордук аппаратынын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин уюштуруу жана пландоо, күн тартиби, документтердин өтүү жана аларды контролдоо тартиби, Министрликтин ишинин башка маселелери министр тарабынан бекитилүүчү тиешелүү жоболор менен регламенттелет.
19. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 63 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. Борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук бөлүмдөрдүн ишин белгиленген тартипте Министрлик контролдойт.
7-глава. Корутунду жоболор
21. Министрликтин чыгымдарын каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
22. Министрликтин ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
23. Министрликтин иши токтотулган учурда Министрликтин документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.