Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 8-октябрындагы № 648 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июлу № 400
Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын маселелери жөнүндө
Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын маселелерин укуктук жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине караштуу "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасы болуп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-июлундагы № 486 "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине караштуу "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-4-пункттарындагы ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- жогоруда аталган мамлекеттик ишкананы юстиция органдарында кайра каттоо боюнча ишти уюштурсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 9-августунда № 69(3404) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
Тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) укуктук абалын аныктайт.
Ишкана мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
Ишкана Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине караштуу "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи Устав болуп саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Уюштуруучу) эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Министрлик саналат, ал Ишканага жалпы жетекчиликти, анын ишин координациялоону жана стратегиялык пландоону жүзөгө ашырат.
5. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргызкурал" при Министерстве обороны Кыргызской Республики";
- англис тилинде: "The State Enterprise "Kyrgyzkural" under the Ministry of Defense of the Kyrgyz Republic".
Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргызкурал" МИ";
- расмий тилде: "ГП "Кыргызкурал";
- англис тилинде: "SE "Kyrgyzkural".
6. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде аракеттенет, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка, анын ичинде валюталык эсептерди белгиленген тартипте ачууга укуктуу.
8. Ишкананын өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, бланктары жана башка атрибуттары бар.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилчиликти (кепилдикти) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Уюштуруучу Ишкананын пайдасынын бир бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Ишкана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин талаптарына ылайык филиалдарды же өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу.
12. Юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Салиева көчөсү 154, № 1-5 каб.
13. Ишкана Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен аскердик-техникалык кызматташуу системасын өркүндөтүү, аскердик-техникалык кызматташуу субъекттеринин аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды экспорттоо, импорттоо жана реэкспорттоо, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык аскердик-техникалык кызматташуу маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу органдары менен аскердик-техникалык кызматташуу субъекттеринин иш-аракеттерин координациялоого көмөк көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишин тартипке келтирүү боюнча ишти жүзөгө ашырат.
Ишкана аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларга карата экспорттук-импорттук жана реэкспорттук операцияларды жүзөгө ашырууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн (мындан ары - Куралдуу Күчтөр) жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүн камсыздоо үчүн курал-жарактар, аскердик техника, ок атуучу курал, ок-дарылар, аскердик-техникалык мүлк жана жарак-жабдыктар жаатында мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүчү мамлекеттик ички сатып алууларды жүргүзүүдө мамлекеттик ортомчу болуп эсептелет.
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын улуттук жана аскердик коопсуздукту, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн коргоону камсыздоо менен байланышкан товарларга, жумуштарга жана/же стратегиялык маанидеги кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын канааттандыруу;
2) Ишкана тарабынан Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик башкаруучу органдын муктаждыктары үчүн товарларды өндүрүү, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу боюнча тикелей мамлекеттик заказды аткаруу;
3) коргонуу маанисиндеги мамлекеттик программаларды жана социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу;
4) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен аскердик-техникалык кызматташуусун өркүндөтүү;
5) аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияны экспорттоо, импорттоо жана реэкспорттоо чөйрөсүндө аскердик-техникалык кызматташуу субъекттеринин ишин тартипке келтирүү;
6) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык аскердик-техникалык кызматташуу маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу органдары менен аскердик-техникалык кызматташуу субъекттеринин иш-аракеттерин координациялоого көмөк көрсөтүү.
15. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
2) эл аралык рынокко ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларын, стратегиялык сырьену жана материалдарды өткөрүү;
3) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен аскердик-техникалык кызматташуу системасын өркүндөтүү;
4) продукцияларды жана аскердик, кош жана атайын багыттагы кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо, импорттоо жана реэкспорттоо чөйрөсүндө субъекттердин ишин тартипке келтирүү;
5) Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик башкаруучу органдын, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын канааттандыруу;
6) аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата экспорттук-импорттук жана реэкспорттук операцияларды жүзөгө ашыруу;
7) улуттук коргонуу жана аскердик коопсуздук менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мамлекеттик заказды аткаруу;
8) курал-жарактарды, аскердик техниканы, ок-дарыларды жана башка аскердик-техникалык мүлктү оңдоо, модернизациялоо жана жок кылуу боюнча ишти уюштуруу;
9) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана ата мекендик ишканалар менен аскердик-техникалык кызматташуусуна катышуу;
10) Кыргыз Республикасынын улуттук коргонуу жана аскердик коопсуздук жаатында илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
11) аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо, импорттоо жана реэкспорттоо чөйрөсүндө субъекттердин ортосунда мамлекеттик ортомчу болуп чыгуу;
12) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган, экономикалык пайда табууга жана Ишкананын ишин өнүктүрүүгө багытталган башка ишти жүзөгө ашыруу;
13) мамлекеттик башкаруучу орган тарабынан коюлган башка милдеттерди аткаруу.
16. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү экспорттоону, импорттоону жана реэкспорттоону жүзөгө ашыруу:
а) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган милдеттенмелерин ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле өзүнчө өтүнмөлөр боюнча чет мамлекеттерге аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү;
б) техниканы жана кош багыттагы технологияларды, стратегиялык маанилүү сырьену, атайын техникалык каражаттарды, ошондой эле атайын суюктуктарды, күйүүчү, майлоочу материалдарды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана аскердик, кош жана атайын багыттагы продукциянын материалдарын, анын ичинде өнөр жай багытындагы материалдарды чет мамлекеттерге;
в) атайын багыттагы материалдарды жана аларды өндүрүү үчүн атайын жабдууларды;
г) аңчылык жана спорттук куралды жана аларга ок-дарыларды;
д) өнөр жай жана өндүрүш багытындагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү;
2) чет өлкөлүк коргонуу жана аскердик-техникалык долбоорлорду ишке ашырууга, аскердик жана атайын багыттагы объекттерди, коргонуу өнөр жай объекттерин, ошондой эле илимий-изилдөө борборлорун курууга (толуктап курууга), өздөштүрүүгө жана пайдаланууну камсыздоого катышуу;
3) аскердик, кош жана атайын багыттагы технологияларды түзүү максатында илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди уюштурууга катышуу;
4) аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата тышкы соода иши чөйрөсүндө консультациялык, юридикалык, маалыматтык, агенттик жана башка кызматтарды көрсөтүү;
5) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте аскердик-техникалык кызматташуу, аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды мамлекеттер аралык жеткирүүлөр жаатында сүйлөшүүлөргө жана эл аралык келишимдерге кол коюуга катышуу;
6) аскердик-техникалык кызматташуу маселелеринде мамлекеттик башкаруу органдарынын, тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын жана аскердик-техникалык кызматташуу субъекттеринин иш-аракеттерин координациялоого катышуу;
7) чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен аскердик-техникалык кызматташуунун алкагында Куралдуу Күчтөргө, мамлекеттик башкаруучу органга жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнө келип түшүүчү курал-жарактарды, аскердик техниканы жана башка аскердик-техникалык мүлктү бажылык тариздөөнү жүзөгө ашыруу;
8) тышкы соода ишин жүргүзүүдө аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларга карата ортомчулук ишти жүзөгө ашыруу;
9) аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу боюнча ишканаларды түзүүдө мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттерге техникалык жактан көмөк көрсөтүү;
10) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу боюнча чет мамлекеттердин катышуусу менен биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча сунуштарды киргизүү;
11) аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ойлоп чыгарууга укуктарды, пайдалуу моделдерин жана өнөр жай үлгүлөрүн сатуу (сатып алуу);
12) Куралдуу Күчтөрдү, мамлекеттик башкаруучу органды жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүн аскердик жана аскердик-техникалык мүлк жана жарак-жабдыктар менен камсыздоо үчүн мамлекеттик ички жана импорттук сатып алууларды жүзөгө ашыруу;
13) аскердик, кош жана атайын багыттагы ата мекендик продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тышкы рынокко өткөрүү максатында жарнамалык жана маркетингдик ишти жүзөгө ашыруу;
14) Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө аскердик, кош жана атайын багыттагы ата мекендик продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көргөзмөлөрүн, окууларды, окуу-күжүрмөн атууларды жана сыноолорду уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу;
15) Куралдуу Күчтөрдүн, мамлекеттик башкаруучу органдын жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн курал-жарактарынын, аскердик техникасынын, ок-дарыларынын жана башка аскердик-техникалык мүлкүнүн абалына мониторинг жүргүзүүгө катышуу;
16) Куралдуу Күчтөрдүн, мамлекеттик башкаруучу органдын жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн курамына кирген ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча курал-жарактарды, аскердик техниканы, ок-дарыларды жана башка аскердик-техникалык мүлктү бөлүктөргө ажыратууну (демонтаждоону), жок кылууну жана кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруу;
17) кайра пайдаланууга жараксыз болуп эсептен чыгарылган, анын ичинде Куралдуу Күчтөрдө, мамлекеттик башкаруучу органда жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүндө топтолуп калган курал-жарактарды, аскердик техниканы, ок-дарыларды жана башка аскердик-техникалык мүлктү бөлүктөргө ажыратуудан (жараксыз кылуудан) жана жок кылууда алынган экинчи жолку сырьену (кара жана түстүү металлдардын сыныктары жана калдыктары) сатуу;
18) Куралдуу Күчтөрдүн, мамлекеттик башкаруучу органдын жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн курамына кирген ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча эсептен чыгарылып жаткан курал-жарактарды, аскердик техниканы, ок-дарыларды жана башка аскердик-техникалык мүлктү сатуу;
19) аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата экспорттук-импорттук жана реэкспорттук операцияларды жүзөгө ашырууда, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдү, мамлекеттик башкаруучу органды жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүн камсыздоо үчүн аскердик-техникалык мүлк жана жарак-жабдыктар жаатында мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүчү мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мамлекеттик ортомчу болуп чыгуу;
20) аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү, сатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ушул чөйрөдөгү мыйзамдарына ылайык аскердик-техникалык кызматташуу чөйрөсүндө башка ишти жүзөгө ашыруу.
Иштин түрлөрү боюнча лицензия же тиешелүү уруксат талап кылынса, Ишкана өзүнүн ишин лицензиялык-уруксат берүү иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү лицензиялардын же уруксаттардын негизинде жүргүзөт.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
17. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттерде (аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды өткөрүп берүүгө (экспорттоого) уруксат берилген) заказчыларды издөөгө, чет өлкөлүк заказчылар жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
2) жарнамалык жана маркетингдик ишти уюштурууга жана өткөрүүгө, көргөзмөлөргө (көрсөтүүлөргө) катышууга, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө экспорттоого уруксат берилген курал-жарактардын жана аскердик техниканын үлгүлөрүнүн тактика-техникалык мүнөздөмөлөрү тууралуу, ошондой эле аларды түзүү (модернизациялоо) боюнча илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин негизги жоболору жөнүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары менен алдын ала макулдашылган көлөмдө чет өлкөлүк заказчыларга маалымат берүүгө;
3) белгиленген тартипте жана мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүгө чет өлкөлүк заказчылар менен келишимдерди түзүүгө;
4) аскердик-техникалык кызматташуу жана аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүү чөйрөсүндө чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну жүзөгө ашырууга;
5) түзүлгөн контракттардын жана келишимдердин негизинде аскердик, кош жана атайын багыттагы продукциялар жана кызмат көрсөтүүлөр менен белгиленген тартипте экспорттук-импорттук жана реэкспорттук операцияларды жүзөгө ашырууга;
6) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттердин аймагында сервистик борборлорду уюштурууга;
7) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасында жана чет өлкөдө өндүрүлгөн продукцияларды пайдалануу жана сапаттуу тейлөө үчүн квалификациялуу адистер жана кадрлар менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасында, ошондой эле чет өлкөдө адистерди даярдоону жана кайра даярдоону жүргүзүүгө;
8) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча жарандык мыйзамдарга ылайык тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууга;
9) Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк адистерди окутууну уюштурууга көмөк көрсөтүүгө;
10) аскердик, кош жана атайын багыттагы сатылуучу продукцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө наркты, ошондой эле аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ойлоп чыгарууга болгон укуктарга, пайдалуу моделдерине жана өнөр жай үлгүлөрүнө бааны өз алдынча аныктоого;
11) аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу, ассортиментти кеңейтүү, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүүгө;
12) Уюштуруучунун макулдугу менен өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
13) аскердик, кош жана атайын багыттагы атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу жана өндүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын өнөр жай ишканаларын инвестициялоону жүзөгө ашырууга;
14) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү зарыл болгон сатып алууларды жүзөгө ашырууга;
15) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга жана сатып алууга конкурстук тооруктарды (аукциондорду) өз алдынча жарыялоого;
16) аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого тиешелүү жеткирүүлөргө тийиштүү бөлүгүндө аскердик-техникалык кызматташууну өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана мамлекеттик башкаруучу органга киргизүүгө;
17) Уюштуруучунун тапшырмасы боюнча аскердик, кош жана атайын багыттагы продукциялар жана кызмат көрсөтүүлөр менен экспорттук-импорттук операциялар боюнча мамлекеттик заказчынын функцияларын аткарууга;
18) зарыл учурда Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
19) консультациялык, юридикалык, маалыматтык, агенттик жана башка кызматтарды көрсөтүүгө;
20) юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
21) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада иштерди аткаруу үчүн жеке адамдарды ишке тартууга;
22) зарыл учурда Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө жана башка иш-чараларга катышууга жиберүүгө;
23) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, материалдык жана материалдык эмес активдерди сатып алууга, милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
24) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык, Уюштуруучу менен макулдашуу боюнча чарба жүргүзүү укугунда Ишканага таандык болгон жабдууну, транспорт каражаттарын, шаймандарды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;
25) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну жүзөгө ашырууга;
26) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыздоо үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
18. Ишкана өз максаттарына жетүү жана ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана жумуштарды аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерин так аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын өз каражаттарынын эсебинен Ишкананын кызматкерлери аткара турган жумуштарды каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жактан жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
5) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын зарыл болгон отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
6) чарба жүргүзүү укугунда ага өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
7) коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга.
19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды, анын ичинде Ишкананын иши токтотулгандан кийин да кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына таасир эткен маалыматтарды мамлекеттик сырларды жана жеке мүнөздөгү маалыматтарды коргоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого милдеттүү.
4. Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясы
20. Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
2) Ишкананын Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү же Ишкананын Уставын жаңы редакцияда бекитүү;
3) Ишкананы кайра түзүү же жоюу боюнча сунуштарды Уюштуруучуга киргизүү;
4) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
5) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга макулдашууга андан ары жиберүү үчүн Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;
7) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
8) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
9) Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлерге квалификациялык талаптарды бекитүү;
10) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлерди киргизүү;
11) Ишкананын фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциацияларынын (бирликтеринин) жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
12) Мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маселелерди чечүү.
21. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага кураторлук кылган иштин чөйрөсүндөгү тармактык саясаттын маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишин жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү алууга;
3) Ишкананын жетектөөчү курамынын отчетторун угууга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу орган мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
22. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ишкананын иши менен байланышкан чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) Ишкананын жетекчиси жана кызматкерлери тарабынан жасалган ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
4) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу орган мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
5. Ишкананы башкаруу
23. Ишкананы башкарууну Ишкананын директору жүзөгө ашырат.
24. Ишкананын директору Ишкананын жетекчисинин кызмат ордунун квалификациялык талаптарга ылайык келген, мамлекеттик башкаруучу орган сунуштаган адамдардын ичинен, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалат.
25. Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору мамлекеттик башкаруучу органдын макулдугу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматтан бошотулат.
Ишкананын директору эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
26. Ишкананын директору ээлеген кызматынан төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) ишин баалоодо канааттандырарлык эмес деген баа алганда жана Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыктары жөнүндө отчетун кароонун натыйжасы боюнча;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес иш-аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
27. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашыруу;
3) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүүгө киргизүү;
4) мамлекеттик башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын аткаруу жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин жана мамлекеттик башкаруучу органдын ведомстволук актыларынын аткарылышын камсыз кылуу;
6) мамлекеттик башкаруучу орган жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
7) кызматкерлерди жалдоонун жана бошотуунун шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
11) мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
28. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Уставга жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
29. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча отчетторду, Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишин жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын талдоо үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди мамлекеттик башкаруучу органдын кароосуна киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ар кандай чөйрөдөгү ишине байланышкан бардык зарыл маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө ага белгилүү болгондо укук коргоо органдарына маалымат берүүгө;
5) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды үчүнчү жакка ачыкка чыгарбоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
30. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
31. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз аракеттенет;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын билдирет;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
5) компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним кат берет;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугунун абалы, финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
9) мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
32. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
33. Ишканада директордун орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
34. Ишкананын директорунун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
35. Ишкананын директору кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат ордуна дайындалганга чейин, анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын директорунун орун басарына же кызматкерлеринин бирине жүктөлөт.
36. Ишкананын башкы бухгалтерин Ишкананын директору кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, директорго түздөн-түз баш иет.
37. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
38. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
6. Ишкананын жетекчилик курамы
39. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) директор, директордун орун басары;
2) башкы бухгалтер.
40. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүгө тийиш.
Жетекчилик курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
41. Төмөнкү адамдар Ишкананын жетекчилик курамына кире алышпайт:
1) чет элдик жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулукка ээ адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчисинин ээлеген кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъектте мурда жетекчилик кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде бир эле учурда өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
7. Эсеп, пландоо жана отчеттуулук
42. Ишкана финансылык-чарбалык ишин өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык жүзөгө ашырат.
Өнүктүрүүнүн стратегиялык планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруучу орган тарабынан бекитилет.
43. Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын баяндоо;
2) тармактын жана рыноктун сыпатталышы, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсү;
3) Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуусунун зарылдыгынын негиздемеси;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоо;
5) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планы;
6) уюштуруу планы;
7) финансылык план;
8) тобокелдиктерди талдоо.
44. Ишкананын иш пландарынын негизин узак мөөнөттүү жана Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен мамилелерин жөнгө салуучу башка келишимдер түзөт.
45. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген, келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди чарбалык өз ара мамилелердин каалаган башка шарттарын аныктоодо эркин.
46. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчетту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлөт.
47. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:
1) ички аудиторго (Ишкананын уюштуруу түзүмүндө ички аудит кызматы бар болсо);
2) мамлекеттик башкаруучу органга;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
48. Ишкананын директору жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жыл үчүн бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту киргизет.
49. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты жыйноо жана иштеп чыгуучу жалпы мамлекеттик системаны уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
50. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тартуу, толук эмес маалымат берүү же аны бурмалоо, ошондой эле отчеттуулукту бурмалоо үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
51. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.
8. Ишкананын мүлкү жана финансы
52. Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитип берилген мүлккө менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү пайдалануунун негизи Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен мамлекеттик менчик болуп саналган жана Ишкананын балансына өткөрүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү чарба жүргүзүү укугу болуп саналат.
53. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле башка материалдык баалуулуктар түзөт, алардын наркы Ишкананын өз алдынча балансында көрсөтүлөт.
54. Ишкананын мүлкүн түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) чарба жүргүзүү укугунда Ишканага бекитип берилген мүлк;
2) өзүнө бекитип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинде кирешелер, натыйжалары, продукциялар;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каалаган булактар.
55. Өзүнүн финансылык-чарбалык ишинин кирешелеринин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен Ишкана тарабынан жаңыдан түзүлгөн, алынган жана сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык максаттарга жана иштин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижаралоо) укуктарын жүзөгө ашырат.
56. Ишкананын мүлкүн ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
57. Ишкана өз мүлкүнө инвентаризациялоо жүргүзүүгө жана инвентаризациялоонун жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
58. Ишкана жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине аларга бекитилген таза пайданын бөлүгүн, бирок 50 пайыздан кем эмес өлчөмүн, кийин отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жөнөтүү менен которот.
9. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
59. Ишкананы кайра уюштуруу кошуу, бириктирүү, ажыратуу, бөлүү же кайра түзүү түрүндө жүргүзүлөт.
Ишкананы кошуу, бириктирүү, ажыратуу, бөлүү же кайра түзүү түрүндө кайра түзүү жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Уюштуруучу тарабынан кабыл алынат.
60. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
61. Ишкананы жоюуну жүргүзүү үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан Ишкананын өкүлдөрүнөн, мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси жетектейт.
Жоюу комиссиясы дайындалгандан тартып, ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө ыйгарым укугуна ээ болот.
62. Ишкананын иш процессинде келип чыккан документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.".