Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-октябрындагы № 648 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-июлундагы №486
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы «Кыргызкурал» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 400 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыгынын натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн аскердик-экономикалык камсыздоону өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 5-главасына жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы «Кыргызкурал» мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы «Кыргызкурал» мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) тиркелген уставы бекитилсин.
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ишкананы жалпы жетектөөнү жана ишин координациялоону Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жүргүзөөрү белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги бир айлык мөөнөттө:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- юстиция органдарында Ишкананы мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;
- Ишкананын ишин материалдык-техникалык, финансылык жана башка камсыздоонун ушул токтомдон келип чыккан маселелерин чечсин.
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-июлундагы №486 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети алдындагы «Кыргызкурал» мамлекеттик ишканасынын
УСТАВЫ
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети алдындагы «Кыргызкурал» мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтык системасын (мындан ары - АТК) өркүндөтүү, аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукцияны экспорттоо, импорттоо жана реэкспорттоо чөйрөсүндөгү АТК субъекттеринин ишин тартипке келтирүү максатында түзүлгөн.
Ишкана аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукцияга карата экспорттук-импорттук жана реэкспорттук операцияларды жүргүзүүдө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик түзүмдөрүн камсыздоо үчүн аскердик-техникалык мүлк жана жарак-жабдык менен жабдуу жаатында мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлүүчү ички мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мамлекеттик ортомчу болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ишкананы уюштуруучу болуп эсептелет.
3. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин жетекчиликке алат.
4. Ишкананы жалпы жетектөөнү жана ишин координациялоону Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жүргүзөт. Ишкана ошондой эле Аскердик-техникалык кызматгаштык жана экспорттук контролдоо боюнча комиссияга отчёт берет.
5. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген юридикалык жак болуп эсептелет жана өз ишин толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун жана өз алдынча пайда табуунун негизинде жүргүзүп, негизги жана жүгүртүүчү каражаттарына ээ болот.
Ишкана өз алдынча баланска, Кыргыз Республикасынын жана чет элдик банк мекемелеринде улуттук жана чет элдик валютадагы алыш-бериш жана башка эсептерине, мөөргө жана фирмалык аталышы бар бланктарга, штамптарга ээ.
6. Ишкананын аталышы:
а) кыргыз тилинде:
толук аталышы - «Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети алдындагы «Кыргызкурал» мамлекеттик ишканасы»;
кыскартылган аталышы - «Кыргызкурал» МИ»
б) орус тилинде:
толук аталышы - «Государственное предприятие «Кыргызкурал» при Министерстве обороны Кыргызской Республики»;
кыскартылган аталышы - «ГП «Кыргызкурал».
в) англис тилинде:
толук аталышы - «State corporation «Kyrgykyral» under the Ministry of defence of the Kyrgyz Republik»;
кыскартылган аталышы - «SC «Kyrgykyral».
7. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 125.
8. Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда өткөрүп берилген мүлктүн менчик ээси болуп эсептелбейт.
II. Ишкананын негизги милдеттери
9. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташуу системасын өркүндөтүү;
- аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукцияны, стратегиялык чийки затты жана материалдарды эл аралык рынокко натыйжалуу жылдыруу;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик түзүмдөрүн аскердик жана аскердик-техникалык мүлк жана жарак-жабдык менен камсыздоо үчүн импорттук жана ички мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү;
- келишимдик негизде коргонуу жаатындагы илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди келишимдердин негизинде жүргүзүү.
III. Ишкананын негизги функциялары
10. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Ишкана төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
а) белгиленген тартипте төмөнкүлөрү экспорттоону, импорттоону жана реэкспорттоону жүргүзүү:
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган милдеттенмелерди ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле өзүнчө билдирүүлөр боюнча аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукцияны чет мамлекеттерге;
- техниканы жана кош арналыштагы технологияларды, стратегиялык маанилүү чийки затты, атайын техникалык каражаттарды, ошондой эле атайын суюктуктарды, күйүүчү, майлоочу материалдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана аскердик, кош жана атайын арналыштагы, анын ичинде өнөр жайдык арналыштагы продукциялардын материалдарын чет мамлекеттерге;
- атайын арналыштагы материалдарды жана аларды өндүрүү үчүн атайын жабдууларды;
- аңчылык жана спорттук куралды жана ага окдарыларды;
- өнөр жайдык жана өндүрүштүк арналыштагы продукцияларды;
б) чет элдик коргоо жана аскердик-техникалык долбоорлорду ишке ашырууга, аскердик жана атайын арналыштагы объекттерди, коргоо өнөр жайынын объекттерин, ошондой эле илимийизилдөө борборлорун өздөштүрүүгө жана пайдаланууну камсыздоого, курууга (толугу менен жабдууга) катышуу;
в) кош жана атайын арналыштагы технологияларды түзүү максатында илимийизилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди уюштурууга катышуу;
г) аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукцияга карата тышкы соода иши чөйрөсүндөгү консультативдик, юридикалык, маалыматтык, агенттик жана башка кызматтарды көрсөтүү;
д) аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукцияны өндүрүү боюнча ишканаларды түзүүдө чет мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети менен макулдашуу боюнча техникалык көмөк көрсөтүү;
е) Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети менен макулдашуу боюнча аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукцияны өндүрүү боюнча чет мамлекеттердин катышуусундагы биргелешкен ишканаларды түзүү;
ж) аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукцияларын ойлоп табууга, пайдалуу моделдерине жана өнөр жай үлгүлөрүнө болгон укуктарды сатуу (сатып алуу);
з) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик түзүмдөрүн аскердик жана аскердик-техникалык мүлк жана жарак-жабдык менен камсыздоо үчүн ички мамлекеттик жана импорттук сатып алууларды жүргүзүү;
и) аскердик, кош жана атайын арналыштагы ата мекендик продукцияны тышкы рынокто жылдыруу максатында жарнамалык жана маркетингдик ишти жүргүзүү, аскердик, кош жана атайын арналыштагы ата мекендик продукциянын көргөзмөсүн, Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө окууларды, окуу-күжүрмөн атууларды жана сыноолорду уюштурууга жана жүргүзүүгө катышуу;
к) куралдын, аскердик-техникалык мүлктүн жана жарак-жабдыктын абалына мониторинг жүргүзүү, аларды андан ары колдонууга корутунду берүү, ал эми аларды андан ары колдонуу мүмкүн болбогон учурда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана аскердик башка түзүмдөрүнүн сунушу боюнча белгиленген тартипте утилизация кылуу;
л) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскердик-техникалык кызматташтык чөйрөсүндөгү башка ишти жүргүзүү.
IV. Ишкананын укуктары жана милдеттери
11. Бул уставдын жоболорун иш жүзүндө жүзөгө ашыруу максатында Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төмөнкүлөрге укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттерден (аларга аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукцияны берүү (экспорттоо) уруксат берилсе) заказ берүүчүлөрдү издөөгө, чет элдик заказ берүүчүлөр жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
- жарнамалык жана маркетингдик ишти уюштурууга жана жүргүзүүгө, көргөзмөлөргө (көрсөтүүлөргө) катышууга, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө чет элдик заказ берүүчүлөргө экспортко уруксат берилген куралдардын жана аскердик техниканын үлгүлөрүнүн тактикалыктехникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө, ошондой эле аларды түзүү (жаңылоо) боюнча илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин негизги жоболору тууралуу Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарында алдын ала макулдашылган өлчөмдө маалымдоого;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети менен макулдашуу боюнча аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукцияны жеткирүүгө чет элдик заказ берүүчүлөр менен контракттарды түзүүгө;
- аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукциялар менен экспорттук-импорттук жана реэкспорттук операцияларды түзүлгөн контракттардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик-укуктук актыларына ылайык белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттердин аймагында сервистик борборлорду уюштурууга;
- Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн продукцияны пайдаланууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасында, ошондой эле чет өлкөдө адистерди даярдоого жана кайрадан даярдоону жүргүзүүгө;
- аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукцияны өндүрүүгө лицензияны чет мамлекеттерге белгиленген тартипте берүүгө (сатууга) жана чет өлкөдөн сатып алууга;
- чет элдик адистерди Кыргыз Республикасында окутууну уюштурууга көмөктөшүүгө;
- сатылуучу аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукциялардын баасын, ошондой эле аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукциянын ойлоп табууларына, пайдалуу моделдерине жана өнөр жай үлгүлөрүнө болгон укуктардын бааларын белгиленген тартипте аныктоого;
- аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукцияны өнүктүрүү, ассортименти кеңейтүү, чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүүгө;
- атаандаштыкка жөндөмдүү аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукцияны иштеп чыгуу жана өндүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын өнөр жайынын ишканаларына каражаттарды инвестиция кылууну жүргүзүүгө;
- аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукцияны сатуу үчүн тендер өткөрүүгө катышууга, ошондой эле өз алдынча тооруктарды (тендерлерди) жарыялоого;
- Ишкананын алдында турган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелеринин аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукцияны экспорттоо үчүн жеткирүүлөргө тийиштүү бөлүгүндө сунуштарды иштеп чыгууга жана Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети не киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукциялар менен экспорттукимпорттук операциялар боюнча мамлекеттик заказ берүүчүнүн функциясын аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чет мамлекеттерде филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жана биргелешкен ишканаларды түзүүгө, алар жөнүндө жоболорду бекитүүгө, алардын милдеттерин аныктоого, аларды жоюу тууралуу чечимдерди кабыл алууга;
- консультациялык, юридикалык, маалыматтык, агенттик жана башка кызматтарды көрсөтүүгө;
- кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө жана социалдык-тиричилик тейлөөгө, ошондой эле Ишкананын ишин камсыздоого жумшалуучу каражаттардын өлчөмүн белгиленген тартипте аныктоого.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына карама-каршы келбесе, Ишкана уюштуруучу менен макулдашуу боюнча ушул Уставда каралбаган башка укуктарга жана милдеттенмелерге ээ болушу мүмкүн.
12. Ишкана мамлекеттин жана анын органдарынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
13. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ага чарба жүргүзүү укугунда берилген мүлктү сактоо боюнча зарыл болгон чараларды көрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети не жана Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контролдоо боюнча комиссияга өз иши женүндө жыл сайын отчёт берүүгө;
- мамлекеттик сырды жана купуя маалыматты коргоо боюнча иш-чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүүгө;
- кызматкерлердин эмгегинин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- өзүнүн милдеттенмелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;
- Ишкананын кызматкерлерин милдеттүү түрдө камсыздандыруунун социалдык, медициналык жана башка түрлөрүн камсыздоого;
- Ишкананын отчётторун тиешелүү органдарга өз убагында берүүгө, салыктарды жана башка төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө төлөөгө.
14. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзам тарабынан корголуучу сырларды сактоого, анын ичинде Ишканада иштөөсүн токтоткондон кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгил бою сактоого, кызматтык милдеттерди аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, намысына жана адамдык сыймыгына тийиштүү болгон маалыматтарды жашырын сактоого милдеттүү.
V. Ишкананы башкаруу
15. Ишкананын ишин башкарууну башкы директор жүргүзөт, ал Кыргыз Республикасынын коргоо министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Башкы директор эки жылдык мөөнөткө дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте укуктарга, милдеттерге ээ болот жана жоопкерчилик тартат жана ушул Уставдын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иштейт.
16. Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- башкы директордун орунбасарларын дайындоо жана бошотуу;
- Ишкананын түзүмүн жана штаттык санын макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жана биргелешкен ишканаларды ачууну макулдашуу.
17. Башкы директор:
- Ишкананын ишин жетектейт жана ишеним каты жок эле анын атынан иштейт;
- Ишкананын кызыкчылыгын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, мекемелеринде жана чет мамлекеттерде билдирет;
- Ишканага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жана анын иштөөсүнүн натыйжаларына жоопкерчилик тартат;
- берилген ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын (анын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн) бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Ишкананын түзүмүн жана штаттык санын Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети менен макулдашуу боюнча бекитет;
- кадрдык камсыздоо маселелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечет, ишке жалдоонун тартибин жана шарттарын, эмгекти уюштуруунун жана акы төлөөнүн формаларын жана методдорун аныктайт, маяналарды жана кошумча төлөмдөрдү белгилейт, сыйлоонун, жумушчу күндүн жана жумушчу жуманын узактыгын, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкалар каралбаса, эс алуу күндөрүн жана өргүүлөрдү берүүнүн өлчөмүн жана тартибин аныктайт;
- Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
- жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети не жана Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контролдоо боюнча комиссияга отчёт берет;
- Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды өзүнүн компетенциясынын чегинде аткарат.
18. Ишкананын башкы директорунун эки орунбасары болот, анын ичинде бири биринчи орунбасары болуп эсептелет.
Башкы директордун орунбасарлары башкы директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын коргоо министри тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
19. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын башкы директору тарабынан кызматка дайындалып, башкы директорго тикелей баш ийет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга ээ болот жана жоопкерчилик тартат.
VI. Эсепке алуу жана отчёттуулук
20. Ишкана өз ишин өз алдынча иштеп чыккан иш пландарынын негизинде жүргүзөт.
21. Ишкана өз ишинин жыйынтыктарына оперативдүү чарбалык, бухгалтердик эсепке алууну жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте статистикалык отчёттуулукту жүргүзөт.
22. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын тиешелүү контролдоочу мамлекеттик органдары тарабынан жүргүзүлөт.
VII. Ишкананын мүлкү жана финансы
23. Ишкана өзүнө тиешелүү мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык чарба жүргузүү укугунда өз алдынча ээлик кылат, пайдаланат, тескейт.
Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүчү каражаттар, ошондой эле өндүрүштүк иш үчүн зарыл болгон башка материалдык баалуулуктар түзөт, алар Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылат.
24. Ишканадан негизги фонддорду, жүгүртүүчү каражаттарды жана пайдалануучу мүлктү алууга уюмдаштыруучунун же соттун чечими боюнча гана жол берилет.
25. Ишкананын мүлкүн түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- чарба жүргүзүү укугунда берилген мүлк;
- чарбалык же башка иштерден алынган кирешелер;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алынуучу баалуу кагаздардан түшкөн кирешелер;
- банктардын жана башка финансылык, анын ичинде эл аралык мекемелердин кредиттери;
- бюджеттик же башка борбордоштурулуп бөлүнгөн акчалар жана салымдар;
- тикелей инвестициялар;
- уюмдардын, ишканалардын, юридикалык жана жеке жактардын кайрымдуулук төгүмдөрү жана кайрым көрсөтүүлөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
26. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда тийиштүү болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, аны ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарбакер коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (үлүш) катары киргизүүгө же бул мүлктү менчи ээсинин макулдугусуз башкача ыкмада тескөөгө укуксуз; Ишканага менчик укугунда тийиштүү болгон башка мүлктү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленген учурларды кошпогондо, ал өз алдынча тескейт.
27. Чарба жүргүзүү укугунда берилген мүлктү пайдалануудан Ишкана алган кирешелерди бөлүштүрүүнүн тартиби уюштуруучу тарабынан аныкталат.
28. Чарбалык иштин натыйжасында Ишкана алган кирешелер, ошондой эле өздүк каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлк Ишканага тиешелүү болот жана өзүнчө баланста эсепке алынат.
VIII. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
29. Ишкананы кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүү, ажыратуу, кайра өзгөртүп түзүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
30. Ишкананын ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте уюштуруучунун чечими боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
31. Ишкананын иштөө процессинде пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.