Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-июну № 328
Баткен облусунун маданият жана спорт объекттерин каржылоону жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке которуу жөнүндө
"Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жергиликтүү бюджеттердин эсебинен каржылануучу Баткен облусунун маданият жана спорт объекттери 2022-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоого тиркемеге ылайык которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине 57784700 (элүү жети миллион жети жүз сексен төрт миң жети жүз) сом суммасында кошумча каражаттарды бөлүп берсин;
2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул пункттун 1-пунктчасынан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке которулуучу Баткен облусунун маданият жана спорт объекттеринин ТИЗМЕСИ
№ | Шаарлардын жана айыл аймактарынын аталышы | Калктуу конуштардын аталышы | Мекемелердин аталышы |
Лейлек районунун маданият мекемелери | |||
1 | Раззаков шаары | Чимген айылы | Клуб |
Китепкана | |||
Голбо айылы | Китепкана | ||
Тайлан айылы | Китепкана | ||
Самат айылы | Китепкана | ||
2 | Ак-Суу айыл аймагы | Ак-Суу айылы | Клуб |
Китепкана | |||
3 | Бешкент айыл аймагы | Бешкент айылы | Клуб |
Китепкана | |||
4 | Жаңы-Жер айыл аймагы | Жаштык айылы | Клуб |
Китепкана | |||
Достук айылы | Клуб | ||
Китепкана | |||
Арка-2 айылы | Клуб | ||
Арка айылы | Китепкана | ||
Борбордук айылы | Китепкана | ||
5 | Катран айыл аймагы | Катран айылы | Клуб |
Китепкана | |||
Баул айылы | Клуб | ||
Китепкана | |||
Өзгөрүш айылы | Китепкана | ||
6 | Кулунду айыл аймагы | Кулунду айылы | Клуб |
Китепкана | |||
Раззаков айылы | Клуб | ||
Ак-Арык айылы | Клуб | ||
Китепкана | |||
Булак-Башы айылы | Китепкана | ||
7 | Лейлек айыл аймагы | Коргон айылы | Клуб |
Китепкана | |||
8 | Маргун айыл аймагы | Маргун айылы | Клуб |
Китепкана | |||
Чурбек айылы | Китепкана | ||
Дархум айылы | Китепкана | ||
9 | Сумбула айыл аймагы | Андарак айылы | Клуб |
Китепкана | |||
Көк-Таш айылы | Клуб | ||
Китепкана | |||
10 | Тогуз-Булак айыл аймагы | Миң-Жыгач айылы | Клуб |
Китепкана | |||
Ай-Көл айылы | Клуб | ||
Китепкана | |||
Кара-Булак айылы | Клуб | ||
Китепкана | |||
Айбике айылы | Китепкана | ||
Баткен районунун маданият мекемелери | |||
1 | Ак-Сай айыл аймагы | Ак-Сай айылы | Клуб |
Китепкана | |||
Көк-Таш айылы | Китепкана | ||
2 | Ак-Татыр айыл аймагы | Рават айылы | Китепкана |
3 | Дара айыл аймагы | Жаңы-Жер айылы | Клуб |
Китепкана | |||
Жаңырык айылы | Клуб | ||
Китепкана | |||
Кайынды айылы | Клуб | ||
Китепкана | |||
Кан айылы | Клуб | ||
Китепкана | |||
Чек айылы | Клуб | ||
Китепкана | |||
4 | Кара-Бак айыл аймагы | Кара-Бак айылы | Клуб |
Китепкана | |||
Кызыл-Бел айылы | Клуб | ||
Китепкана | |||
5 | Кара-Булак айыл аймагы | Бужум айылы | Клуб |
Китепкана | |||
Кара-Булак айылы | Китепкана | ||
6 | Суу-Башы айыл аймагы | Бозадыр айылы | Клуб |
Китепкана | |||
Апкан айылы | Китепкана | ||
Божой айылы | Китепкана | ||
7 | Кыштут айыл аймагы | Газ айылы | Клуб |
Китепкана | |||
Согмент айылы | Клуб | ||
Китепкана | |||
Кыштут айылы | Клуб | ||
Китепкана | |||
Таян айылы | Китепкана | ||
Сай айылы | Китепкана | ||
8 | Самаркандек айыл аймагы | Самаркандек айылы | Клуб |
Китепкана | |||
9 | Төрт-Гүл айыл аймагы | Актурпак айылы | Клуб |
Китепкана | |||
Чонгара айылы | Клуб | ||
Кадамжай районунун маданият мекемелери | |||
1 | Айдаркен шаары | Айдаркен шаары | Китепкана |
2 | Алга айыл аймагы | Алга айылы | Клуб |
Китепкана | |||
3 | Ак-Турпак айыл аймагы | Жаңы-Жер айылы | Клуб |
Китепкана | |||
Миң-Чынар айылы | Китепкана | ||
4 | Бирлик айыл аймагы | Ормош айылы | Клуб |
Жал айылы | Китепкана | ||
5 | Орозбеков айыл аймагы | Учкун айылы | Клуб |
Китепкана | |||
6 | Көтөрмө айыл аймагы | Кызыл-Булак айылы | Клуб |
Китепкана | |||
Тамаша айылы | Китепкана | ||
7 | Халмион айыл аймагы | Халмион айылы | Клуб |
Китепкана | |||
8 | Кыргыз-Кыштак айыл аймагы | Кыргыз-Кыштак айылы | Клуб |
Китепкана | |||
Кайтпас айылы | Клуб | ||
9 | Майдан айыл аймагы | Кара-Жыгач айылы | Клуб |
Китепкана | |||
10 | Марказ айыл аймагы | Айрыбаз айылы | Клуб |
Китепкана | |||
11 | А.Масалиев айыл аймагы | Кара-Дөбө айылы | Клуб Китепкана |
12 | Үч-Коргон айыл аймагы | Үч-Коргон айылы | Клуб |
Китепкана | |||
Китепкана | |||
Китепкана | |||
13 | Совет айыл аймагы | Совет айылы | Клуб |
Китепкана | |||
14 | Чаувай айыл аймагы | Чаувай айылы | Клуб |
Китепкана | |||
Шаардык маданият мекемелери | |||
1 | Баткен шаары | Маданият бөлүмү | |
Китепкана | |||
Борборлоштурулган бухгалтерия | |||
2 | Сүлүктү шаары | Маданият бөлүмү | |
Китепкана | |||
Маданият ордосу | |||
Музей | |||
Борборлоштурулган бухгалтерия | |||
3 | Кызыл-Кыя шаары | Маданият бөлүмү | |
Китепкана | |||
Маданият ордосу | |||
Музей | |||
Борборлоштурулган бухгалтерия | |||
Шаардык спорт мекемелери | |||
1 | Баткен шаары | Баткен шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү | |
2 | Сүлүктү шаары | Сүлүктү шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт сектору | |
3 | Кызыл-Кыя шаары | Кызыл-Кыя шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт сектору | |
Кызыл-Кыя шаарынын дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси | |||