Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июлу № 403
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 "Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 "Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндө жободо:
- 10 жана 11-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Сууну коргоочу зоналарда Жана суу объект тилкелеринде төмөнкүлөргө тыюу салынат:
а) мал чарба комплекстерин жана фермаларды, Канаттуулар фабрикаларын, мал чарба комплекстеринен чыккан саркынды сууларды топтоочуларды, даярдалган кык камтыган саркынды сууларды пайдаланган сугат системаларын, мал көмүлгөн жерлерди, кык көмүлгөн жана жыйналган жерлерди, таштанды жана өндүрүш калдыктары төгүлгөн жерди, механикалык устаканаларды, ошондой эле техникалык тейлөө, май куюучу жана автотранспортту, айыл чарба техникаларын жуучу пункттарды жайгаштырууга;
б) Жаңы өнөр жай ишканаларын курууга жана иштеп жаткандарын кеңейтүүгө жана реконструкциялоого;
в) авиациялык-химиялык иштерди жүргүзүү үчүн учуу-конуу тилкелерин орнотууга;
г) күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоо үчүн идиштерди орнотууга, уу химикаттарды жана минералдык семирткичтерди сактоо үчүн кампаларды, аппаратурага уу химикаттарды куюу үчүн аянтчаларды курууга;
д) суунун сапатына терс таасир тийгизе турган канализациялык-тазалоочу курулмаларды жана башка объекттерди жайгаштырууга;
е) суу объекттин суу коргоочу зонасынын ички чек арасынан 2000 м аз аралыкта айыл чарба жана токой талаасына уу химикаттарын авиация жолу менен чачууга жана минералдык семирткичтерди берүүгө;
ж) пайдаланылбаган пестициддерди, алардын калдыктарын жана таштандыларын, ошондой эле пестицид менен булганган таңгактоочу материалдарды жайгаштырууга;
з) дарак-бадал өсүмдүктөрүн кыюуга, буга токойго кам көрүү үчүн кыюулар жана санитардык кыюулар кирбейт;
и) кардын үстүнөн семирткичтерди берүүгө, семирткич катары кык камтылган саркынды сууларды пайдаланууга, туруктуу хлор органикалык уу химикаттарды колдонууга;
к) жүн жууга жана тери-булгаары чылоого;
л) койду күпкөгө салуу жана малды жаюу үчүн, өзгөчө дренаждык-колоттук элементтерди орнотууга;
м) суу сактагычка, дарыяларга, туруктуу же убактылуу суу агуучу колотторго тазаланбаган агынды сууларды агызууга;
н) жайылма көлдөрдү жана дарыя нуктарын тазалоого, жаратылышты коргоону жана жаратылыш ресурстарын пайдаланууну мамлекеттик контролдоочу органдар менен макулдашуусуз карьерлерди орнотууга;
о) суу объекттеринин абалына терс таасир тийгизүүчү иштердин башка түрлөрүн аткарууга.
Аталган чектөөлөрдөн тышкары жээктеги суу коргоочу тилкеде төмөнкүлөргө жол берилбейт:
- жайкы мал короолорун уюштурууга;
- өргүү базаларын, чатыр шаарчаларын жайгаштырууга;
- мергенчилердин жана туристтердин токтоосуна;
- автотранспортту жана айыл чарба техникасын токтотууга жана жууга.
Өргүү зоналары, суу коргоочу иш-чаралар жана аларды пайдалануу режими бар же уюштурулуп жаткан суу объекттеринин тилкелеринде тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдар менен белгилеген тартипте аныкталат.
11. Суу коргоочу зоналардын жана тилкелердин чегинде төмөнкүлөргө уруксат берилет:
а) төмөнкүдөй балык өстүрүү-өндүрүп чыгаруу объекттерин жайгаштырууга:
- мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгон учурда, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын чектеринен тышкары жерде жайгашкан балык питомниктерин, урук чачуу-өстүрүү, балык өстүрүү жана балык багуу чарбаларын, балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык станцияларын, урук чачуу үчүн жасалма жайларды, балык өтүүчү каналдарды жана гидротехникалык курулмаларды;
б) төмөнкүдөй балык өстүрүү, балык уулоо, балык көбөйтүү жана балык запастарын өндүрүп чыгаруу үчүн жеңил конструкциялардан жасалган убактылуу балык өстүрүү объекттерин жайгаштыруу: балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында балык чарбасы көлмөлөрүнө андан ары кое берүү менен икраларды инкубациялоо жана балык тукумун көбөйтүүчү материалды өстүрүү үчүн аппараттары бар инкубациялык цехтерди; балык өстүрүүчү инвентарларды жана жабдууларды, тор материалдарды, лотокторду жана бассейндерди; балык тоюттарын жана чакан көлөмдөгү кайыктарды.";
- 19-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 26-пунктундагы "Кыргыз Республика Өкмөтү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 29-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29. Суу коргоочу схемалардын долбоорлору айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар, санитардык көзөмөл, жерге орноштуруу кызматы жана башка кызыкдар органдар менен макулдашылат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 5-августунда № 68(3403) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |