Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 8-августу № 442
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жободо:
- 9-пунктунда:
3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына жана анын жубайына;";
6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик жана башка кызмат орундарын ээлеген адамдарга;";
8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын компетенциясына эл аралык кызматташуу маселелери кирген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине;";
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Эл аралык уюмдарга ишке жиберилген, өз ишин чет мамлекеттердин аймагында жүргүзгөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык белгилүү бир артыкчылыктар жана иммунитеттер каралган Кыргыз Республикасынын жарандарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайы, 18 жашка чыга элек балдары, ошондой эле ата-энесинин же ата-энесинин биринин багуусунда болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бул курактан ашкан балдары жана кызматкердин багуусунда болгон ата-энеси) Кыргыз Республикасынын тейлөөчү мамлекеттик органдарынын сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын буйругу (жеткиликтүүлүгү чектелген гриф менен) менен бекитилген Кызмат орундарынын тизмегине ылайык дипломаттык же кызматтык паспорттор берилет.";
- 12-пунктунун он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- балдар менен бирге чыккан учурда туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү жана дипломаттык же кызматтык паспортту тариздөөгө экинчи ата-энесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу (арыз берүүчү жалгыз ата-эне болбогон учурда).";
- 15-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Президентинин же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы;";
- 19-24-пункттары түрдүү жөндөмөлөрдөгү "КТБ" деген аббревиатурадан кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери" деген сөздөр менен толукталсын;
- 30-пунктундагы "статс-катчыга" деген сөз "ведомствонун жетекчисинин кадрдык саясат маселелерин тейлеген орун басарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 34-пунктундагы "Премьер-министринин" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 41-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"41. Иш сапарга жиберүүчү уюмдар тарабынан берилген маалыматтын негизинде консулдук кызмат Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан дипломаттык же кызматтык паспортту алып коюу үчүн чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына кабарлоо үчүн жараксыз паспорттордун маалыматтар базасына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасына 5 (беш) жумуш күндүн ичинде тиешелүү маалыматтарды киргизет.";
- 45-пунктунун онунчу абзацындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган жобонун 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Дипломаттык паспортту тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана башка кызмат орундарынын ТИЗМЕГИ
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү
2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы
6. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары
7. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы
8. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору
9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы
10. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
11. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы
12. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
13. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын жетекчиси жана анын орун басарлары
14. Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү
15. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги.
|
| Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Кызматтык паспортту тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык жана башка кызмат орундарынын ТИЗМЕГИ
1-глава. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү жана анын орун басары
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү
5. Басма сөз-катчысы
6. Башкармалыктын начальнигинин орун басары
7. Кызматтын жетекчиси жана анын орун басары
8. Борбордун директору жана анын орун басары
9. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги
10. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атайын өкүлү жана анын орун басары
11. Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү
12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кеңешчиси
13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жардамчысы
14. Бөлүмдүн башчысы жана анын орун басары
15. Комиссиянын жооптуу катчысы
2-глава. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси жана анын орун басары
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчиси
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жардамчысы
4. Басма сөз-кызматынын жетекчиси
5. Бөлүм башчысы жана анын орун басары
3-глава. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
4-глава. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы
1. Катчынын орун басары
2. Сектор башчысы
5-глава. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана мамлекеттик комитети
1. Министрлердин орун басарлары
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальнигинин орун басары
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын командачысы
4. Кыргыз Республикасынын Түштүк-Батыш оперативдүү командачылыгынын командачысы
5. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн командачысы
6. Департаменттин, борбордун директору
7. Башкы башкармалыктын, кызматтын, ошондой эле аларга теңештирилген бөлүмдөрдүн начальниги
8. Башкармалыктын, өз алдынча бөлүмдүн начальниги
9. Улуттук коопсуздук органынын улук оперкызматкери
6-глава. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик агенттиктер, мамлекеттик кызматтар жана мамлекеттик инспекциялар
Жетекчилери жана алардын орун басарлары
7-глава. Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана комитетине караштуу ведомстволук бөлүмдөр (кызматтар, фонддор, департаменттер жана борборлор)
Жетекчилери жана алардын орун басарлары
8-глава. Кыргыз Республикасынын Президентине баш ийген башка органдар
Улуттук комиссиянын, комитеттин, агенттиктин, мамлекеттик комиссиянын жетекчилери жана алардын орун басарлары
9-глава. Кыргыз Республикасынын Сот бийлиги
1. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары, судьясы
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары, судьясы
3. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын жетекчиси
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын жетекчиси
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору жана анын орун басары
10-глава. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
1. Башкарманын мүчөсү
2. Төраганын орун басары
11-глава. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппараты
1. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарлары
2. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) аппарат жетекчиси
12-глава. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
1. Төраганын орун басары
2. Комиссия мүчөсү
3. Аппарат жетекчиси
13-глава. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы
1. Башкы прокурордун орун басары
2. Башкармалыктын начальниги, башкармалыктын начальнигинин орун басары, өз алдынча бөлүмдүн начальниги
3. Облустун, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурору
4. Башкы прокурордун улук жардамчысы
5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурору, прокурору
6. Аскер прокурорунун орун басары
7. Улук тергөөчү
8. Өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү
9. Өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү
14-глава. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы
1. Аудитор
2. Аппарат жетекчиси
15-глава. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
Төрагасы жана анын орун басары
16-глава. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери
17-глава. Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту
Директор".