Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 241 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-августундагы № 464 токтомуна) |
Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 496, 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 152 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) чет мамлекеттердин жарандарына "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу тартибин аныктайт.
2. Бул Убактылуу жобо жагымдуу шарттарды түзүүгө жана Кыргыз Республикасында инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүүгө, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк адистерди жана инвестицияларды тартууга багытталган.
3. Бул Убактылуу жобонун колдонулушу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык продукттарды иштеп чыгуу жана креативдүү индустриялар чөйрөсүндө иш жүргүзгөн, "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун алуу жөнүндө өтүнүч берген төмөнкү өлкөлөрдүн адистерине жайылтылат:
- Азербайжан Республикасы;
- Армения Республикасы;
- Беларусь Республикасы;
- Казакстан Республикасы;
- Молдова Республикасы;
- Россия Федерациясы;
- Америка Кошмо Штаттары;
- Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу;
- Германия Федеративдик Республикасы;
- Япония;
- Корея Республикасы;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 152 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 496, 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 152 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Арыздарды кабыл алууга талаптар жана тартиби
4. "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусу - бул ушул Убактылуу жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн чет мамлекеттин жаранынын жүргөн жери боюнча каттоосуз жана ишин жүргүзүү үчүн уруксат берүүчү документтери жок Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө/жүрүүгө мүмкүндүк берүүчү убактылуу укуктук статусу.
5. "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу жөнүндө арызды кароо мөөнөтү 5 жумуш күндү түзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 496 токтомунун редакциясына ылайык)
6. "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусунун ээлери төмөнкү чөйрөлөрдө иш жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандар боло алышат:
- программалык камсыздоону иштеп чыгуу, маалыматтык системаларды жана программалык продукттарды талдоо, долбоорлоо жана программалоо, колдонуучулардын маалыматтык муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн талдоо;
- программалык камсыздоону долбоорлоо жана иштеп чыгуу, жеткирүү жана документтештирүү, колдонуучу тарабынан коюлган тапшырма боюнча программалык камсыздоого өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- маалыматтык технологияларды, маалыматтык системаларды жана программалык камсыздоону экспорттоо;
- медиаискусство, анын ичинде санариптик искусство, виртуалдык жана толукталган реалдуулукту, аралаш реалдуулукту, 3D-дизайнды түзүү;
- анимациялар, графикалык дизайн, мультимедиа дизайны;
- программалоо, IT-продукттарды иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект;
- компьютердик, мобилдик оюндарды жана киберспортту түзүү.
7. Кыргыз Республикасынын аймагында "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусунун ээси:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча каттоону жүзөгө ашыруу милдетинен бошотулат;
- идентификациялык жеке номерди (ИЖН) алат;
- ушул Убактылуу жобонун колдонулуу мөөнөтү аяктаганга чейин аталган уруксатты узартуу мүмкүндүгү менен иштөөгө уруксат алуудан бошотулат;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана юридикалык жактарды (филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкердик же юридикалык жак катары иш жүргүзүүгө укуктуу;
- юридикалык жакты каттоого укуктуу;
- чет өлкөлүк жарандын жүргөн жери боюнча каттоо жана юридикалык жакты каттоо жол-жоболорун жүзөгө ашырбастан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында эсептерди ачууга жана пайдаланууга укуктуу.
8. "Санарип көчмөн" ("Digital nomad") статусун алуу үчүн арыз ээси ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык анкета-арызды толтурат жана ушул Убактылуу жобонун 9-пунктунда каралган документтерди онлайн-портал аркылуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 496 токтомунун редакциясына ылайык)
9. "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу жөнүндө арыз берүү үчүн чет өлкөлүк жаран төмөнкү документтерди берет:
1) бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө ылайык келген жана ага ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген чет мамлекеттин жаранынын паспортун;
2) бетинин санарип сүрөтү (сүрөт так болушу керек, сүрөткө тартылып жаткан адамдын бети жана ийиндери фотоаппараттын объективине фронталдык абалда болот. Башты фронталдык абалдан каалагандай багытка 5 градуска чейин бурууга жол берилет;
- беттин түзүлүшү нейтралдуу болушу керек, каштар нейтралдуу абалда болушу керек, көз караш түздөн-түз камеранын объективине багытталышы керек. Сүрөткө тартуу бетинин тегерегин жаппаган жана башын бекем кармаган аялдын жоолугун кошпогондо, баш кийимсиз жүргүзүлөт;
- эгерде арыз ээси оптикалык көз айнектерде сүрөткө түшүп жатса, көз айнектин алкагы көздү жаппоого тийиш жана көз айнек жаркырабашы керек. Көрүүсү начар адамдарды күңүрт линзалары бар көз айнек менен сүрөткө тартууга жол берилет;
3) кирешелер жөнүндө көчүрмө (арыз берген күндөн мурдагы бир жылда контракттар боюнча аткарылган кызмат көрсөтүүлөр үчүн кирешелер жөнүндө банктан көчүрмө) жана жаңы түзүлгөн келишимдин, эмгек контрактынын же акыркы 2 жылдагы кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө жана/же ушул Убактылуу жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алдыдагы аткарууга келишимдин көчүрмөлөрү.
Анкета-арызда каталар аныкталган же ушул пунктта каралган керектүү документтер жок учурда, эмгек, ишке орноштуруу жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган анкета-арызды четке кагат жана каталарды, так эместиктерди четтетүү же зарыл документтер менен толуктоо үчүн анкета-арызда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине ушул Убактылуу жобонун 3-тиркемесине ылайык электрондук кабарлоо жөнөтөт.
Ошол эле учурда жаңы берилген анкета-арыз 2 жумуш күндөн кечиктирбестен арыз ээсине жооп жөнөтүү менен каралууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 496 токтомунун редакциясына ылайык)
10. "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу жөнүндө арыз Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасында (мындан ары - ТМЭБС) кароого кабыл алынат. ТМЭБС - бул Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдардын жана транспорт каражаттарынын кирүүсүн/чыгуусун эсепке алуу жана контролдоо, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга визаларды жана Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүүгө уруксаттарды берүү, убактылуу жана туруктуу жашоого уруксат берүү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн (жашаган) жери боюнча каттоо боюнча маалыматтык система.
11. "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин чет өлкөлүк жаранга эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан онлайн режиминде ИЖН ыйгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 496 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Арыз ээсинин документтери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилдерине которулууга тийиш. Котормонун тууралыгы жана котормочунун колунун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
13. Анкета-арыз, адамдын санарип сүрөтү жана арызга кошумча документтер ТМЭБСте сакталат.
14. "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат базасында катталган бул электрондук документке шилтеме берүү менен QR-коду бар, ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык электрондук документ түрүндө акысыз ыйгарылат.
Чет өлкөлүк жаран "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун алгандан кийин электрондук документти кагаз түрүндө басып чыгара алат, ошол эле учурда басып чыгарылган документ эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат базасында QR-кодун сканерлөө жолу менен верификацияланышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 496 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Төмөнкүлөр арыз ээси боло алышпайт:
1) адамзаттын тынчтыгына жана коопсуздугуна каршы кылмыш жасагандар;
2) мамлекеттер аралык, улуттар аралык жана диний кастыкты козуткандар;
3) Кыргыз Республикасынын суверенитетине жана көз карандысыздыгына каршы чыккандар, биримдикти жана анын аймагынын бүтүндүгүн бузууга чакыргандар;
4) инсанга, мамлекеттик бийликке, коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке каршы кылмыштар, ошондой эле менчикке жана экономикалык ишти жүзөгө ашыруу тартибине каршы кылмыштар үчүн соттолгондор.
16. Анкета-арызда жалган маалыматтар берилген учурда, ошондой эле улуттук коопсуздук маселелери менен шартталган башка учурларда арыз ээсине "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу жөнүндө арызды кароодон баш тартылышы мүмкүн.
Чет өлкөлүк жаранга ушул пунктта каралган жагдайлар боюнча "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу жөнүндө арызды кароодон баш тартылган учурда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган анкета-арызда көрсөтүлгөн электрондук почтанын дарегине ушул Убактылуу жобонун 3-тиркемесине ылайык электрондук кабарлоо жөнөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 496 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Эгерде арыз ээсине "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусу ыйгарылса, анда анын жакын туугандары (жубайы, жашы жете элек балдары, ошондой эле анын багуусундагы жана көзөмөлүндөгү башка адамдар) Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана жүрүү үчүн тиешелүү уруксат документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте алууга укуктуу.
|
| Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү тартиби жөнүндө убактылуу жобого 1-тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ/МИНИСТЕРСТВО ТРУДА, СОЦИАЛЬНОГО ОБЕСПЕЧЕНИЯ И МИГРАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ/THE MINISTRY OF LABOUR, SOCIAL SECURITY AND MIGRATION OF THE KYRGYZ REPUBLIC
Анкета/Aнкета/Application form
Жарандыгы/Гражданство/Citizenship |
|
Документтин түрү/Тип документа/Туре of document: |
|
Толук аты-жөнү/Ф.И.О. полностью/Full name |
|
Туулган күнү/Дата рождения/Date of birth |
|
Документтин №/№ документа/Document No. |
|
Жынысы/Пол/Gender |
|
Электрондук почтанын дареги/Адрес электронной почты/e-mail |
|
Байланыш телефону/Контактный телефон/Contact phone number |
|
Уюмдун аталышы/Жеке ишкер/Наименование организации/Индивидуальный предприниматель/Name of the organization/Individual entrepreneur |
|
Келүү максаты/Цель визита/Purpose of visit |
|
Кирүү датасы/Дата въезда/Planning date of entry |
|
|
| Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү тартиби жөнүндө убактылуу жобого 2-тиркеме |
САНАРИПТИК КӨЧМӨНДҮН ЭЛЕКТРОНДУК КАРТОЧКАСЫ/ЭЛЕКТРОННАЯ КАРТОЧКА ЦИФРОВОГО КОЧЕВНИКА/DIGITAL NOMAD'S ELECTRONIC CARD
КР Герби/Герб КР/National emblem of the KR | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ/МИHИСТЕРСТВО ТРУДА, СОЦИАЛЬНОГО ОБЕСПЕЧЕНИЯ И МИГРАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ/THE MINISTRY OF LABOUR, SOCIAL SECURITY AND MIGRATION OF THE KYRGYZ REPUBLIC | |
"САНАРИПТИК КӨЧМӨН"/"ЦИФРОВОЙ КОЧЕВНИК"/"DIGITAL NOMAD" | ||
Cүрөт/Фото/Photo |
| Номери/Номер/Number: XXXXXXXX |
| QR коду/ QR код/ QR code | |
Толук аты-жөнү/Ф.И.О. полностью/full name: |
| |
Tуулган күнү/Дата рождения/Date of birth: | XX/XX/XXXX | |
Жарандыгы/Гражданство/Citizenship: |
| |
Өтүү документинин (паспорттун) номери/Номер проездного документа (пacпорт)/Number of Travel document (passport): |
| |
Өтүү документинин (паспорт) берилген датасы/Дата выдачи проездного документа (паспорт)/Date of issue of the travelling document (passport): | ХХ/ХХ/ХХХХ | |
Өтүү документинин (паспорт) колдонулуу мөөнөтү/Срок действия проездного документа (паспорт)/Date of expiry of the travelling document (passport): | XX/XX/XXXX | |
Статустун колдонулуу мөөнөтү/Срок действия статуса/Validity of status: | XX/XX/XXXX | |
Жүрүү мөөнөтү/Период пребывания/Period of stay: | XX/XX/XXXX | |
Берилген датасы/Дата выдачи/Date of issue: | XX/XX/XXXX | |
|
| Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү тартиби жөнүндө убактылуу жобого 3-тиркеме |
Форма
"Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу жөнүндө арызды кароодон баш тартуу/четке кагуу жөнүндө КАБАРЛОО
Урматтуу (аты-жөнү) __________________________, Сиздин "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу жөнүндө арызыңызды кароо тууралуу суроо-талабыңызды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги каралган документтердин негизинде Сиздин арыз "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү тартиби жөнүндө убактылуу жобонун _______ пунктуна ылайык кароодон четке кагылгандыгын/баш тартылгандыгын билдирет.