Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-августу № 468
Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө
"Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 4-бөлүгүн ишке ашыруу жана көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын, социалдык уюмдардын ишинин ачык-айкындуулугун, ошондой эле социалдык чөйрөдөгү мекемелерде бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө типтүү жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңеши тарабынан тартылган каражаттарды кабыл алуу, эсебин жүргүзүү, бөлүштүрүү, топтоо жана пайдалануу боюнча жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 2-сентябрында № 79(3414) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |