Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 468 токтомуна) |
Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө типтүү жобо
I глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Жобо) социалдык чөйрөдөгү билим берүү, маданият, социалдык коргоо, саламаттык сактоо жана жазаларды аткаруу (мындан ары - социалдык чөйрө мекемелери) системасында иштеген мекемелерде жана башка уюмдарда көзөмөлчүлүк кеңешин түзүүнүн жана анын ишин уюштуруунун тартибин аныктайт.
Ушул Жобо социалдык чөйрөнүн (билим берүү, маданият, социалдык коргоо, саламаттык сактоо жана жазаларды аткаруу) мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринде түзүлүүчү көзөмөлчүлүк кеңештерине карата жайылтылат.
2. Социалдык чөйрөдөгү көзөмөлчүлүк кеңеши (мындан ары - Кеңеш) юридикалык жактын статусуна ээ эмес жана коомдук башталышта иштеген мамлекеттик эмес, өкмөттүк эмес, коммерциялык эмес, коомдук уюм болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-январындагы № 12-б буйругу менен аныкталган уюмдарды кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында Кеңешти түзүү милдеттүү болуп саналат.
Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү объекттерге төмөнкүлөр кирет:
- бардык типтеги жана түрдөгү мектепке чейинки билим берүү уюмдары;
- жалпы билим берүү уюмдары (жалпы билим берүү мектеби, окуу-тарбия комплекси, автордук окуу-тарбия комплекси, гимназия мектеби, лицей мектеби, комплекстүү мектеп, атайын мектеп (интернат), жалпы билим берүүчү санаториялык мектеп, көмөкчү мектеп, кечки мектеп (кечки жана сменалык), сырттан окутуучу жалпы билим берүү мектеби, эксперименталдык аянтчасы бар мектеп, толук эмес мектеп жана башкалар);
- бардык типтеги жана түрдөгү мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары;
- бардык типтеги жана түрдөгү атайын билим берүү уюмдары;
- балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга кошумча билим берүүчү бардык типтеги жана түрдөгү уюмдар;
- башталгыч кесиптик билим берүү уюмдары (кесиптик лицей, кесиптик окуу жайы ж.б.);
- орто кесиптик билим берүү уюмдары (окуу жайы, колледж, техникум ж.б.);
- жогорку кесиптик билим берүү уюмдары (институт, академия, университет, консерватория ж.б.);
- жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдары;
- кошумча кесиптик билим берүү уюмдары;
- стационардык социалдык мекемелер (интернат тибиндеги мекемелер, үй-бүлөлүк балдар үйлөрү, реабилитациялык борборлор);
- маданият, искусство жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелер;
- дарылоо-профилактикалык саламаттык сактоо мекемелери;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду;
- илимий-изилдөө институттары, улуттук илимий борборлор;
- дары-дармек менен камсыздоо бөлүмү.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү объекттерге жарандарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар менен катар калкты билим берүү, медициналык жана социалдык жактан тейлөөнүн башка уюмдары да кирет.
4. Кеңеш өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырат.
II глава. Кеңештин максаттары жана милдеттери
5. Кеңештин максаты көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга, гуманитардык жардамды жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга жана бөлүштүрүүгө, социалдык чөйрөдөгү мекемелердин ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
6. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- социалдык чөйрөдөгү мекемелердин уставдык максаттарыңа жана милдеттерине жетүүдө кызматтарды көрсөтүү боюнча мекемелердин ишин натыйжалуу уюштуруу үчүн шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү;
- социалдык чөйрөдөгү мекемелерди каржылоонун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча булактарын тартуу.
III глава. Кеңешти түзүүнүн эрежелери
7. Кеңеш 15 адамдан ашпаган санда түзүлөт.
8. Социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде мекеме карамагында турган ыйгарым укуктуу орган социалдык чөйрөдөгү мекеменин Кеңешин тандоо жана түзүү боюнча 11 адамдан турган комиссия (мындан ары - Комиссия) түзөт.
Республикалык баш ийүүдөгү мекемелер үчүн Комиссияны ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, райондук/шаардык баш ийүүдөгү мекемелер үчүн - мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү, коммерциялык эмес же өкмөттүк эмес уюмдар үчүн - жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү кеңеш түзөт.
Социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- Комиссиянын курамын бекитет;
- бюджеттен тышкаркы каражаттардын чыгымдар сметасында Комиссияны түзүүнү уюштуруу үчүн каражаттарды караштырат.
9. Комиссиянын курамына социалдык чөйрөдөгү мекемелерде же коомдук иштерде тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жарандары, мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөлөрдүн, илимий жана билим берүү уюмдарынын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин, студенттердин жана ата-энелердин бирикмелеринин өкүлдөрү, ошондой эле гуманитардык жардам көрсөткөн жеке жактар кириши мүмкүн.
10. Комиссия жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу социалдык чөйрөдөгү мекемелерде Кеңешти түзүү жөнүндө жарыялайт же социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аны өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат.
11. Комиссия Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин кеңешинин сапаттык курамын тандоону жана түзүүнү жүзөгө ашырат, ал ведомстволук ыйгарым укуктарына жараша социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Комиссиянын чечими менен бекитилет.
12. Социалдык чөйрөдөгү коммерциялык эмес же өкмөттүк эмес уюмдардын Кеңешинин сапаттык курамын тандоо жана түзүү Комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат, ал жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча Комиссиянын чечими менен бекитилет.
13. Кеңеш төраганын, катчынын жана мүчөлөрдүн курамында түзүлөт. Кеңештин мүчөлөрү бир эле учурда социалдык чөйрөнүн бирден ашык мекемесинде Кеңештин мүчөсү боло албайт.
14. Социалдык мекемелердин уюштуруучулары жана жетекчилери Кеңештин мүчөсү боло албайт.
15. Кеңештин курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал бекитилген учурдан тартып 3 жылды түзөт. Бир эле адам чектелбеген жолу Кеңештин мүчөсү болууга укуктуу.
IV глава. Кеңештин ишин уюштуруу
16. Кеңеш өзүнүн ишин көз карандысыздык, маалымдуулук, коллегиялуулук, ак ниеттүүлүк жана мыйзамдуулук принциптеринде жүзөгө ашырат.
17. Кеңештин төрагасы ачык добуш берүү аркылуу Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бир жылдык мөөнөткө шайланат.
Кеңештин төрагасы болуп шайланууга талапкерлер Кеңештин мүчөлөрү тарабынан же өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлөт.
18. Кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал шайланган күндөн тартып башталат жана жаңы төрага шайланган күнгө чейинки күнү токтотулат.
19. Кеңештин жаңы төрагасын шайлоо иштеп жаткан төраганын ыйгарым укуктарынын акыркы айында өткөрүлөт. Кеңештин жаңы төрагасын шайлоо ушул пунктта белгиленген мөөнөттө өткөрүлбөгөн учурда Кеңештин иштеп жаткан төрагасы жаңы төрага шайланганга чейин өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну улантат.
20. Төрага жок болгон мезгилде анын милдеттерин аткаруу төраганын чечими менен, ал эми мындай тапшырма берүүгө мүмкүн болбогон учурда - Кеңештин жалпы курамынын көпчүлүк добушунун чечими менен кеңештин мүчөлөрүнүн бирине жүктөлөт.
21. Кеңештин төрагасы:
1) Кеңештин ишин уюштурат, ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен мамилелерде Кеңештин атынан чыгат;
2) жыйналыштарды чакырат, Кеңештин жыйналыштарынын кароосуна киргизилүүчү маселелерди аныктайт;
3) Кеңештин жыйналыштарына төрагалык кылат;
4) Кеңешке келип түшкөн материалдарды текшерүүнү уюштурат;
5) Кеңештин ишинин натыйжаларын жалпылоону уюштурат жана анын ишин уюштурууну жакшыртууга багытталган чараларды көрөт;
6) Кеңештин иши жөнүндө социалдык чөйрөнүн мекемесинин уюштуруучусуна, жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, жергиликтүү кеңешке жана ведомстволук баш ийүүсүнө жараша социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга маалымдайт;
7) Кеңештин чечимдерине ылайык башка функцияларды аткарат.
22. Кеңештин төрагасы өзүнүн функциялык милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда Кеңештин мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экисинин чечими менен анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
23. Кеңеш өзүнүн курамынан катчыны шайлайт. Кеңештин чечими боюнча катчынын ишин техникалык колдоо үчүн келишимдик негизде адамдар тартылышы мүмкүн.
24. Кеңештин катчысы:
1) Кеңештин жыйналыштарын даярдоону камсыз кылат;
2) Кеңештин мүчөлөрүнө жыйналыштын датасы, убактысы жана орду жөнүндө кабарлайт, Кеңештин жыйналышынын протоколдорун жүргүзөт;
3) Кеңеште иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурат жана жүргүзөт, ошондой эле анын чечимдерин аткаруу мөөнөттөрүн контролдойт;
4) Кеңештин жана анын төрагасынын тапшырмаларына ылайык башка функцияларды аткарат.
V глава. Кеңештин ыйгарым укуктары, Кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери
25. Кеңештин ыйгарым укуктары, Кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 7-беренелеринде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Кеңештин ыйгарым укуктары:
1) уюштуруучулар тарабынан социалдык чөйрөнү өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга жана кабыл алууга, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтүү;
2) социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө гуманитардык жардамды (инвесторлорду, меценаттарды) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарын издөө жана тартуу;
3) социалдык чөйрөдөгү мекемени уюштурууга тартылган бюджеттен тышкаркы каражаттардын чыгымдар сметасын аткарууну кароо жана көзөмөлдөө;
4) учурдагы жана келечектеги милдеттерди чечүүгө, социалдык чөйрөдөгү мекемелерди өнүктүрүүгө жана алардын натыйжалуу иштешине, иштин сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтүү.
Кеңештин укуктары:
1) социалдык чөйрөдөгү мекеменин ишин жакшыртуу жана социалдык чөйрө жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
2) социалдык чөйрөдөгү мекеменин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого көмөк көрсөтүү;
3) гуманитардык жардамды, финансылык жана башка материалдык каражаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген булактардан тартуу;
4) мамлекеттик жана башка мыйзам менен корголуучу жашыруун сырга тиешелүү маалыматтарды кошпогондо, социалдык чөйрөдөгү мекеменин кызмат адамдарынан ишти жүзөгө ашырууга байланышкан (анын ичинде бюджеттен тышкаркы финансы-чарбалык) документтерди суроо;
5) зарылчылыкка жараша Кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен туруктуу жана (же) убактылуу комиссияларды түзүү;
6) билим берүү уюмун фискалдык органдар тарабынан текшерүүнүн натыйжалары менен тааныштыруу;
7) социалдык чөйрөдөгү мекемелер жаатындагы ыйгарым укуктуу органга финансы-чарбалык иш чөйрөсүндөгү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузгандыгы үчүн туруктуу жана (же) убактылуу комиссиялардын ишинин натыйжалары боюнча социалдык чөйрөдөгү мекемелердин кызмат адамдарына, кызматкерлерине тийиштүү чараларды көрүү жөнүндө сунуштамаларды киргизүү;
8) аныкталган бузуулар жөнүндө материалдарды зарыл чараларды көрүү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга, алардын кызмат адамдарына, укук коргоо органдарына берүү;
9) социалдык чөйрөдөгү мекеменин ишинин маселелери боюнча коомдук пикирди изилдөө жана жалпылоо жана алынган маалыматты анын ишин өркүндөтүү максатында пайдалануу;
10) социалдык чөйрөдөгү мекеменин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга байланышкан маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү;
11) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароого катышуу.
Кеңештин милдеттери:
1) Кеңештин бир жылга иш планын иштеп чыгуу жана бекитүү;
2) социалдык чөйрөдөгү мекеменин жетекчиси, алардын уюштуруучулары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, гуманитардык жардам көрсөтүүчү башка уюмдар жана жеке адамдар менен тыгыз байланышта өз ишин жүзөгө ашыруу;
3) социалдык чөйрөдөгү мекеменин иши жөнүндө коомчулукка маалымат берүүгө көмөк көрсөтүү;
4) өзүнүн иши жөнүндө жылдык отчетту даярдоо жана жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык чөйрөдөгү мекемелер жаатында мамлекеттик органдын веб-сайты аркылуу коомчулукка маалымат берүү;
5) көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
6) социалдык чөйрөдөгү мекемелерди каржылоонун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча булактарын тартуу;
7) ыйгарым укуктуу органдардын суроо-талабы боюнча өз иши жөнүндө отчет берүү.
VI глава. Кеңештин ишин жана Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу
26. Социалдык чөйрөдөгү мекемелер кайра уюштурулган учурда Кеңеш өз ишин токтотот.
27. Кеңештин ишин токтотуу анын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат. Кеңештин иши токтотулган учурда тартылган каражаттарды башкаруу боюнча анын ыйгарым укуктары Кеңештин жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Кеңештин төрагасына өткөрүп берилет.
28. Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) ал шайланган мөөнөт аяктаганда;
2) ал өз каалоосу боюнча ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;
3) ал Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоочу жерине чыгып кеткенде;
4) ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенде;
5) аны сот тартибинде аракетке жөндөмсүз, ошондой эле дайынсыз жоголду же өлдү деп тааныганда;
6) Кеңештин социалдык чөйрөдөгү мекемеге же Кеңештин беделине зыян келтирген мүчөсү жүрүм-турум этикасын бузганда;
7) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин жүзөгө ашырууга мүмкүн болбогондо;
8) жүйөлүү себептерсиз Кеңештин жыйналыштарына катары менен беш жолу келбегенде.
29. Кеңештин мүчөлөрүн мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат.
30. Кеңештин курамындагы бош орунду ээлөө "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
31. Ушул Жобону колдонууга байланыштуу келип чыккан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык каралат.
32. Күнөөлүү адамдар социалдык чөйрөдөгү мекемелерге өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттери (аракетсиздиги) менен зыян келтирген учурда "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин бузгандыгы үчүн келтирилген чыгымдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте калыбына келтирет.