Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 468 токтомуна) |
Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңеши тарабынан тартылган каражаттарды кабыл алуу, эсебин жүргүзүү, бөлүштүрүү, топтоо жана пайдалануу боюнча жобо
1. Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңеши тарабынан тартылган каражаттарды кабыл алуу, эсебин жүргүзүү, бөлүштүрүү, топтоо жана пайдалануу боюнча жобо "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1, 2-пункттарына ылайык социалдык чөйрөдөгү мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңеш (мындан ары - Кеңеш) тарабынан тартылган каражаттарын кабыл алуунун, эсебин жүргүзүүнүн жана бөлүштүрүүнүн тартибин аныктайт.
2. Өзүнүн ишин уюштуруу үчүн Кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген булактардан гуманитардык жардамды, финансылык жана башка материалдык каражаттарды (мындан ары - тартылган каражаттарды) тартууга укуктуу.
3. Социалдык чөйрөдөгү мекемелерге жеке жана юридикалык жактардан келип түшкөн материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар, гуманитардык жардам, аткарылган жумуштар/кызмат көрсөтүүлөр Кеңештин мүчөсүнүн милдеттүү катышуусу менен кабыл алынат жана эсепке алынат. Баасы көрсөтүлбөгөн материалдык жана гуманитардык жардам учурдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген региондук баа менен кабыл алынат.
4. Тартылган каражаттар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттарын жана сапатын жакшыртуу, социалдык чөйрөдөгү мекемелердин материалдык-техникалык, окуу-методикалык базасын өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн жумшалат.
5. Кеңештин ишин жүзөгө ашырууга тартылган сумманын 2 пайызынан ашпаганы Кеңештин төрагасынын алыш-бериш эсебине которуу жолу менен пайдаланылат.
6. Кеңеш тарабынан товардык-материалдык баалуулуктар түрүндө тартылган каражаттарды кабыл алуу социалдык чөйрөдөгү мекеменин ички буйругунун, товарларды кабыл алуу жана өткөрүү актысынын негизинде жүргүзүлөт.
7. Товарларды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы финансылык документ болуп саналат, анда келип түшкөн материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар, гуманитардык жардам, аткарылган иштер/кызмат көрсөтүүлөр, коштоочу документтердин болушу жана өткөрүлүп берилген товарлардын жалпы акчалай наркы кеңири сүрөттөлгөн.
8. Кабыл алуу-өткөрүп берүү акты - эки нускада түзүлөт жана төмөнкү реквизиттерди камтууга тийиш:
- документтин аталышы жана номери;
- документ түзүлгөн жер жана дата;
- товарларды өткөрүп берген жана кабыл алган жактар жөнүндө маалыматтар (жеке адамдар үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты, жарандыгы, паспорттук маалыматтар, байланыш телефондору; юридикалык жактар үчүн - аталышы, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери жана байланыш телефондору көрсөтүлгөн коштоочу документтер);
- келишимдин реквизиттери (каттоо номери жана түзүлгөн дата), анын негизинде ушул кабыл алуу-өткөрүү акты түзүлөт;
- товарлардын тизмеси жана алардын саны;
- товарлардын сапаты жөнүндө маалыматтар;
- берилген же кабыл алынган товарлардын табылган (же табылбаган) кемчиликтери жөнүндө маалыматтар;
- товардын жалпы наркы;
- товарды өткөрүп берген жактын колу;
- товарды кабыл алган жактын колу;
- товарларды ушул кабыл алуу-өткөрүп берүү актты түзгөн уюмдун мөөрүнүн оттиски.
Которулган акча каражаттары жана аткарылган жумуштар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн өзүнчө кабыл алуу-өткөрүп берүү акттары түзүлөт.
9. Кеңеш тарабынан тартылган товарлар, аткарылган жумуштар/кызмат көрсөтүүлөр, материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар түрүндө каражаттарды пайдалануунун тартиби жана шарттары Кеңеш тарабынан өз алдынча аныкталат.
Кабыл алынган акчалай каражаттар, товарлар, аткарылган жумуштар/кызмат көрсөтүүлөр, материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар түрүндө тартылган каражаттарды алуунун, пайдалануунун, инвентаризациясынын тартиби жана шарттары тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик же муниципалдык орган тарабынан аныкталат.
10. Товарлар, материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар түрүндө тартылган каражаттар социалдык чөйрөдөгү мекеменин эсеп (отчет) берүүгө милдеттүү материалдык жооптуу кызмат адамына өткөрүлүп берилет, аны менен социалдык чөйрөдөгү мекеменин жетекчиси Кеңештин материалдык каражаттары үчүн толук жоопкерчилик жөнүндө келишим түзөт.
11. Кеңештин материалдык жана материалдык эмес баалуулуктарын эсепке алуу социалдык чөйрөдөгү мекеменин материалдык жооптуу кызмат адамы жүргүзөт, ал ай сайын/квартал сайын материалдык отчетту түзөт жана аны социалдык чөйрөдөгү мекеменин бухгалтердик эсеп жүргүзүү бөлүмүнө берет.
12. Кеңештин товардык-материалдык баалуулуктарын чыгаруу Кеңештин чечимине ылайык аларды чыгаруу ведомосту боюнча кийин тиешелүү эсептен чыгаруу актысын тариздөө менен жүргүзүлөт.
13. Финансылык жылдын аягында социалдык чөйрөдөгү мекемеде Кеңештин ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен Кеңештин материалдык баалуулуктарына инвентаризация жүргүзүлөт, инвентаризациянын натыйжалары Кеңештин кароосуна киргизилет.
14. Товардык-материалдык баалуулуктар түрүндөгү кабыл алынган гуманитардык жана демөөрчүлүк жардам боюнча бухгалтердик документтердин негизинде келип түшүү булагын жана суммасын көрсөтүү менен бухгалтердик отчеттуулук (баланс) түзүлөт.
15. Кеңеш тарабынан тартылган каражаттарды топтоо үчүн социалдык чөйрөдөгү мекеменин жетекчиси банкта өзүнчө топтолмо эсеп ачат.
16. Банкта топтолмо эсеп ачылгандан кийин социалдык чөйрөдөгү мекеме менен банктын ортосунда эки тараптуу келишим түзүлөт, анда төмөнкү пункттар милдеттүү түрдө жазылууга тийиш:
- социалдык чөйрөдөгү мекеменин банктагы топтолмо эсебинде Кеңештин акча каражаттарын сактоонун минималдуу жана максималдуу мөөнөттөрү;
- социалдык чөйрөдөгү мекеменин банктагы топтолмо эсебинде турган Кеңештин каражаттарын банк пайдаланганы үчүн жылына банк тарабынан төлөнүүчү пайыздык ставкалардын конкреттүү өлчөмдөрү;
- Кеңештин акча каражаттарын сактоо мөөнөттөрүн эске алуу менен социалдык чөйрөдөгү мекеменин банктагы топтолмо эсебине, атайын эсебине Кеңештин акча каражаттарын чегерүү (которуу) тартиби.
17. Кеңеш тарабынан тартылган накталай акча каражаттары социалдык чөйрөдөгү мекеменин кассасына чегерилет, кийин мекеменин банктагы топтолмо эсебине чегерилет, ал эми акчаны чыгарууга чыгаша кассалык документтер берилет.
18. Кеңеш тарабынан накталай эмес (банктык) которуу жолу менен тартылган акча каражаттар социалдык чөйрөдөгү мекеменин банктагы топтолмо эсебине чегерилет.
19. Акчалай түрдө тартылган гуманитардык жана демөөрчүлүк жардам социалдык чөйрөдөгү мекеменин банктагы топтолмо эсебинде 14411100 "учурдагы жардам" элементи боюнча киреше бөлүгүндө топтолот, чыгашалар кассалык документтер жана бюджеттик классификациянын беренелери боюнча жүргүзүлөт.
20. Кеңештин бардык финансылык чыгашалары социалдык чөйрөдөгү мекеме тарабынан социалдык чөйрөдөгү мекеменин атайын эсебине топтолмо эсебинен акча каражаттары которулгандан кийин Кеңештин чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
21. Кеңеш тартылган акча каражаттардын багытын өз алдынча тандайт. Акча каражаттары эсептен Кеңештин чечиминин негизинде гана анда көрсөтүлгөн конкреттүү максаттар үчүн алынышы мүмкүн.
22. Башка өлкөлөрдөн товардык-материалдык баалуулуктар түрүндө гуманитардык жардамды алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жободо аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
23. Келерки жылга тартылган каражаттардын кирешелеринин жана чыгашаларынын көлөмү Кеңештин жыйналышында бекитилген кирешелердин жана чыгашалардын финансылык планына ылайык социалдык чөйрөдөгү мекемелердин кирешелеринин жана чыгашаларынын бирдиктүү сметасына киргизилет.
24. Тартылган каражаттардын кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасы Кеңештин чечими менен бекитилет. Зарыл болгон учурда тартылган каражаттардын кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасына Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамында белгиленген тартипте өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
25. Кеңештин тартылган каражаттарын бухгалтердик эсебин жүргүзүүнүн тууралыгына, алардын талаптагыдай таризделишине жана максаттуу пайдаланылышына (Кеңештин чечимине ылайык) жоопкерчиликти жана контролду социалдык чөйрөдөгү мекемелердин жетекчиси жана башкы бухгалтери тартат.
26. Тартылган каражаттардын ушул жылы пайдаланылбаган калдыгы алып коюуга жатпайт жана кийинки жылга өткөрүлөт.
27. Кеңеш тартылган каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышына финансылык контролду жүзөгө ашырат. Кеңеш финансылык контролду жүзөгө ашыруу үчүн Кеңештин ревизиялык комиссиясын түзөт.
28. Кеңештин ревизиялык комиссиясынын төрагасын жана мүчөлөрүн дайындоонун тартиби, алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү жана ревизия жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү Кеңеш тарабынан аныкталат.
29. Кеңеш финансылык контролду жүзөгө ашыруу үчүн аудитордук уюмду тартууга укуктуу.
30. Кеңештин ревизиялык комиссиясы:
- жылына бир жолудан кем эмес Кеңештин тартылган каражаттарынын сарпталган чыгымдарына, ошондой эле аларды материалдык жана материалдык эмес активдер түрүндө пайдалануунун натыйжалуулугуна ревизия жүргүзөт, жылдык отчет жана баланс боюнча корутунду даярдайт;
- келерки жылга тартылган каражаттар боюнча кирешелердин жана чыгашалардын финансылык планын финансылык отчеттуулук жөнүндө мыйзамдардын талаптарына шайкештиги жана аны түзүүнүн негиздүүлүгү предметине карайт;
- тартылган каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы жөнүндө Кеңешке отчет берет.
31. Келерки жылга тартылган каражаттардын кирешелеринин жана чыгашаларынын финансылык планы Кеңештин ревизиялык комиссиясы карагандан жана жактыргандан кийин Кеңеш тарабынан бекитилет.
32. Кеңеш жылдын аягында тартылган каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө отчетту жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.
33. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган квартал сайын мамлекеттик органдын карамагындагы социалдык чөйрөдөгү мекемелерге тартылган каражаттардын түшүшүнө жана натыйжалуу пайдаланылышына контролду жүзөгө ашырат.
34. Системанын ичинде тартылган каражаттардын бирдей эмес түшүүлөрү аныкталган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түшүүлөр көп болгон социалдык чөйрөдөгү мекеменин Кеңешине ашыкча тартылган каражаттарды мамлекеттик органдын башка мекемелерине кайра бөлүштүрүүгө макулдук берүү үчүн кайрылууга укуктуу.