Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 19-июлу № 390
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Баалуу металлдарды жана асыл таштарды казууда, өндүрүүдө, пайдаланууда, жүгүртүүдө жана ташууда кыймылын жана сакталышын контролдоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- Баалуу металлдарды жана асыл таштарды эсепке алуу, сактоо жана ташуу, ошондой эле отчеттуулукту жүргүзүү жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.";
2) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 4-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |