Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМУ

2022-жылдын 1-сентябры № 479

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 137 "Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 137 "Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

№

Товардын аталышы

ЕАЭБ ТЭИ ТН коду

Мөөнөтү

1

Кумшекер

1701 99 100

2022-жылдын 20-мартынан 31-октябрына чейин

Иштетилбеген камыш канты

1701 13 жана 1701 14

Рафинад канты

1701 99 1009

1701 99 1001

".

2. Бул токтом 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

2022-жылдын 2-сентябрында www.gov.kg сайтында жарыяланган

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У.Жапаров