ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249»Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому

Редакция23.07.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 23-июлу № 504

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

 

 

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-1-беренесинин 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбулада "34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна" деген сөздөр "34-1-беренесинин 2-пунктуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 1-пункттун 1 жана 2-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) Кыргыз Республикасынын аймагына төмөнкүлөр тарабынан ташылып келүүчү дандын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1001) салык салынуучу импортуна:

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун (мындан ары - Фонд) максаттары же өзүнүн өндүрүшү үчүн ун өндүрүүчүнүн дарегине берүү үчүн Фонд тарабынан;

- өзүнүн өндүрүшү же Фонддун же башка ун өндүрүүчүнүн дарегине берүү үчүн ун өндүрүүчү тарабынан;

2) Фонддун жана/же ун өндүрүүчүнүн дарегине жүзөгө ашырылуучу данды (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1001) салык салынуучу берүүлөргө;";

3) мамлекеттик тилдеги текстте 1-пункттун 3-пунктчасында, 1-1-пункттун 2-пунктчасында "жеткирүүлөргө" деген сөз "берүүлөргө" деген сөзгө алмаштырылсын;

4) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 479 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 137 "Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 718 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 718 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев