Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 22-декабрындагы№ 816 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 11-марты № 137
Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249, 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 479, 2022-жылдын 28-декабры № 717, 2023 жылдын 16-майы № 264 , 2023-жылдын 28-декабрындагы № 718, 2024-жылдын 2-декабрындагы № 718, 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 547 "Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
2) Өсүмдүк майын, канаттуулар жана балыктар үчүн тоюттарды өндүрүү үчүн арналган, салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу чийки заттардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808 токтомунун редакциясына ылайык)
2. 2022-жылдын 1-январынан баштап 2024-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерине мүлккө салыктын нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставкасы белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлардын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Товардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду | Колдонуу мөөнөтү |
1 | Инкубациялоо үчүн үй тоокторунун (Gallus domesticus) уруктандырылган жумурткалары | 0407 11 0000 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
2 | Кубулма форель балыгынын тоюту | 2309 90 1000 2309 90 3100 2309 90 9609 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
3 | Ири мүйүздүү мал, тирүү башка | 0102 29 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
4 | Ири мүйүздүү малдын эти | 0201 10 0201 20 0202 10 0202 20 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
|
| 2-тиркеме |
Өсүмдүк майын, канаттуулар жана балыктар үчүн тоюттарды өндүрүү үчүн арналган, салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу чийки заттардын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Товардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду | Колдонуу мөөнөтү |
1 | Катуу буудай башка | 1001 19 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
2 | Башка жүгөрү | 1005 90 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
3 | Буудай жана меслин башкалар, үрөндүк эмес | 1001 99 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
4 | Буудай клейковинасы, кургак же чийки зат | 1109 00 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
5 | Башкалар (соя буурчактары) | 1201 90 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
6 | Башкалар (рапс үрөндөрү) | 1205 10 900 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
7 | Циамопсис (гуара) уругунан жасалган клей жана коюлткучтар | 1302 32 900 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
8 | Балык майы | 1504 20 900 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
9 | Соя майы | 1507 10 100 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
10 | Тамак-ашка керектөө үчүн пайдаланылуучу продукттарды өндүрүүнү кошпогондо, техникалык же өндүрүштүк колдонуу үчүн | 1512 11 100 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
11 | Рапс майы | 1514 11 100 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
12 | Ачыткы | 2102 20 190 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
13 | Белок концентраттары | 2106 10 800 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
14 | Балыктан же рак сымалдардан, молюскалардан же башка суу омурткасыздарынан жасалган майда жана кесек салынган ун жана гранулдар | 2301 20 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
15 | Эттен же эттин кошумча продукттарынан жасалган майда жана кесек салынган ун жана гранулдар; сызык | 2301 10 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
16 | Жүгөрүдөн крахмал өндүрүүдөн калган калдыктар (концентрацияланган чылоочу суюктукту кошпогондо), кургак затка кайра эсептөөдө 40 мас. %дан көп белок камтылган | 2303 10 110 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
17 | Соя шроту | 2304 00 000 1 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
18 | Күнкараманын күнжарасы жана шроту | 2306 30 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
19 | Рапс күнжарасы | 2306 41 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
20 | Эрүүчү балык продукттары же деңиз сүт эмүүчү жаныбарларынан жасалган продукттар | 2309 90 100 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
21 | Органикалык жана органикалык эмес негиздеги 49 мас. % же андан көп хлорид холин камтыган жаныбарларды тоюттандыруу үчүн колдонулуучу продукттар | 2309 90 960 1 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
22 | Жаныбарларды тоюттандыруу үчүн колдонулуучу продукттар, башкалар | 2309 90 960 9 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
23 | Магний оксиди, кальцийленген табигый магний карбонатынан башка | 2519 90 100 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
24 | Натрий сульфаты | 2530 90 000 9 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
25 | Магний гидроксиди жана пероксиди | 2816 10 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
26 | Цинк оксиди; ZF72 тоюттук цинк пероксиди | 2817 00 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
27 | Натрий бромиди же калий | 2827 51 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
28 | 77 мас. % же андан көп марганец камтыган марганец оксиди | 2820 90 100 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
29 | Лизин жана анын татаал эфирлери; ушул кошулмалардын туздары | 2922 41 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
30 | Башка аминокислоталар, кычкылтек камтыган функционалдык топтордун бирден ашык түрүн камтыган кошулмаларды жана алардын эфирлерин кошпогондо; ушул кошулмалардын туздары | 2922 49 850 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
31 | L Треонин | 2922 50 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
32 | Магний сульфаты | 2833 21 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
33 | Жез сульфаты | 2833 25 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
34 | Кальций фосфаты башкалар | 2835 26 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
35 | Моногидрат темир сульфаты | 2833 29 800 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
36 | Кобальт, титан сульфаты | 2833 29 300 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
37 | Калий карбонаты (поташ) | 2836 400 00 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
38 | Органикалык эмес кислоталардын же пероксокислоталардын туздары, башкалар | 2842 90 800 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
39 | Башка аминокислоталар, кычкылтек камтыган функционалдык топтордун бирден ашык түрүн камтыган кошулмаларды жана алардын татаал эфирлерин кошпогондо; ушул кошулмалардын туздары | 2922 49 850 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
40 | Төртүнчүлүк аммонийлик негиздин башка туздары жана гидроксиддери (бетаин гидрохлорид) | 2923 90 000 9 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
41 | Метионин | 2930 40 900 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
42 | Азот гетероатомун (гетероатомдорун) гана камтыган гетороциклдүү башка кошулмалар (L-триптофан) | 2933 99 800 8 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
43 | А витаминдери жана алардын туундулары | 2936 21 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
44 | В2 витамини жана анын туундулары | 2936 23 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
45 | В1 башка витаминдери жана анын туундулары | 2936 22 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
46 | D- же DL-пантотен кислотасы (В3 витамини же В5 витамини), анын туундулары | 2936 24 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
47 | В6 витамини жана анын туундулары | 2936 25 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
48 | В12 витамини жана анын туундулары | 2936 26 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
49 | С витамини жана анын туундулары | 2936 27 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
50 | Е витамини жана анын туундулары | 2936 28 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
51 | В9 витамини жана анын туундулары; Н витамини жана анын туундулары | 2936 29 000 1 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
52 | Витаминдер башка жана алардын туундулары | 2936 29 000 9 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
53 | Витаминдердин аралашмасы, анын ичинде ар кандай эриткичтеги, табигый концентратты (КЗ витамин) кошкондо | 2936 90 000 2 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
54 | Башка органикалык боёчу синтетикалык заттар жана алардын негизинде даярдалган препараттар | 3204 19 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
55 | Башка пептондор жана алардын туундулары; башка жерде аталбаган же киргизилбеген башка белок заттары жана алардын туундулары; хромдолгон же хромсуз териден же гольёдон порошок | 3504 00 900 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
56 | Фитаза | 3507 90 900 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
57 | Табигый полимерлер башкалар | 3913 90 000 0 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |