Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 9-сентябры № 492
Баткен облусунун чек ара райондорунда турак жайлардын курулушу жөнүндө
"Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 14-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна (макулдашуу боюнча) төмөнкүлөр сунушталсын:
1) уставдык капиталдын каражаттарынан 200000000 (эки жүз миллион) сомду кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды андан ары ижарага берүү үчүн Баткен облусунун чек ара райондорунда турак жайлардын курулушун инвестициялоого жумшоо;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык-чарба мамлекеттик агенттиги менен кийин менчик укугун аныктоо менен Баткен облусунун чек ара райондорунда турак жайлардын курулушун инвестициялоо жөнүндө макулдашуу түзүү.
2. Баткен облусунун чек ара аймактарынын тургундары үчүн кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды ижарага берүүнүн шарттары ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
1) Баткен облусунун чек ара райондорунда турак жайлардын курулушунун "бирдиктүү заказчысы" катары чыксын;
2) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Баткен облусунун чек ара райондорунда турак жайларды долбоорлоо жана куруу боюнча жумуштарды сатып алууну жүзөгө ашырсын.
4. Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш:
1) турак жай фондун көбөйтүүгө муктаж болгон калктуу конуштарды аныктасын;
2) кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды ижарага алууга талапкер Баткен облусунун чек ара районунун тургундарынын тизмесин бекитсин.
5. Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) инженердик коммуникациялардын курулушун эсепке алуу менен турак жайларды куруу үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жер участокторун бөлүп берүү;
2) Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин кароосу жана бекитүүсү үчүн чек ара районунун тургундарынын тизмесин түзүү.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| Тиркеме |
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому (мындан ары - МИК) тарабынан Баткен облусунун чек ара аймактарынын тургундары үчүн кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды ижарага берүүнүн ШАРТТАРЫ
№ | Ипотекалык кредиттин параметрлери | Эскертүү |
1 | Катышуучу (максаттуу топ) | Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин тизмесинде бекитилген КР жараны, Баткен облусунун чек ара районунун тургуну |
2 | Максаттуу багыты | кийин сатып алуу механизми менен МИКтин турак жай фондунан турак жайды ижарага берүү |
3 | Ижара предмети | МИКтин турак жай фондунан даяр турак жай |
4 | Ижара мөөнөттөрү | ижаранын 25 жылдан ашпаган максималдуу мөөнөтү |
5 | Валюта | кыргыз сому |
6 | Төлөө графигине ылайык сумманы толук төлөгөнгө чейин менчик укугу | МИК |
7 | Ижарачыга менчик укугунун өтүү мөөнөтү | турак жайдын төлөө же толук наркын мөөнөтүнөн мурда төлөө мөөнөтү аяктаганда, ижара объектин ижарачынын жеке менчигине тариздөө мөөнөтү ижара келишиминин тиркемесине (төлөө графиги) ылайык акыркы сумма төлөнгөндөн кийин 30 жумуш күндүн ичинде |
8 | Ижара төлөмүнүн суммасы | эсептөөлөр турак жайдын 1 кв. метринен алынат (эсептөө методикасына коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана ижара объектин талаптагыдай абалда кармоого кеткен чыгымдарды кошпогондо, батирдин наркынын бөлүгү, ижара наркы, ижара объектин камсыздандыруу кирет) |
9 | Комиссиялардын түрлөрү жана өлчөмү | Администрациялоого, өнөктөш банктын тарифтерине ылайык ай сайын ижара төлөмдөрүн кабыл алууга комиссиялык жыйымдардын жоктугу |
10 | Ижара баасы | жылдык 4% |
11 | Жеңилдетилген мезгил | 36 айга чейин, ижаранын наркын гана төлөө |
12 | Камсыздандыруу | "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ижара объектин жыл сайын милдеттүү камсыздандыруу |
13 | Катышуучунун, катышуучунун күйөөсүнүн (аялынын) жана кепилдик берүүчүнүн/гаранттын кредиттик таржымалы | өтүнмө берген учурга чейин 3 жылдын ичинде терс кредиттик таржымалынын жоктугу, атап айтканда: - мөөнөтүндө төлөнбөгөн милдеттенмелердин жоктугу; - сот тарабынан карыздардын суммасын өндүрүп алуу жөнүндө чечимдер чыгарылган учурлардын, ошондой эле кредиторлордун пайдасына мүлккө камак салуунун жоктугу |
14 | "Ижаралык турак жай" механизминин алкагында катышуу | катышуучу, ошондой эле катышуучунун күйөөсү (аялы) "Ижаралык турак жай" механизминин алкагында бир жолудан көп эмес турак жай менен камсыз кылынат |
15 | Кепилдик берүүчүгө/гарантка коюлуучу талаптар | эгерде катышуучу катталган никеде турса, анда анын күйөөсү/аялы милдеттүү түрдө туруктуу кирешеси бар же жоктугуна карабастан, катышуучу жана кепилдик берүүчү болуп калат |