Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июлу № 413
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Электр энергиясына тарифтерди колдонулуп жаткан деңгээлде сактоо максатында, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:
- 3-главасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланууну каалаган тиричиликтик керектөөчүлөр үчүн электр менен жабдуучу уюм менен түзүлгөн келишимге ылайык 2,0 жогорулатуу коэффициентине түзөтүү менен 1 кВт саат үчүн 252 тыйын өлчөмүндө электр энергиясына өзүнчө тариф белгиленет.";
2) Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 1-тиркемесинде:
- 1-пунктунда:
1.1-пунктчасынын "2022-ж. 01.06." графасындагы "тариф+инфляция" жана "инфляциянын деңгээлине жараша" деген сөздөр тиешелүү түрдө "77,0" деген цифралар жана "-" деген символ менен алмаштырылсын;
1.2-пунктчасынын "2022-ж. 01.06." графасындагы "тариф+инфляция" жана "инфляциянын деңгээлине жараша" деген сөздөр тиешелүү түрдө "216,0" деген цифралар жана "-" деген символ менен алмаштырылсын;
1.3-пунктчасынын "2022-ж. 01.06." графасындагы "тариф+инфляция" жана "инфляциянын деңгээлине жараша" деген сөздөр тиешелүү түрдө "77,0" деген цифралар жана "-" деген символ менен алмаштырылсын;
1.4-пунктчасынын "2022-ж. 01.06." графасындагы "тариф+инфляция" жана "инфляциянын деңгээлине жараша" деген сөздөр тиешелүү түрдө "50,0" деген цифралар жана "-" деген символ менен алмаштырылсын;
1.5-пунктчасынын "2022-ж. 01.06." графасындагы "тариф+инфляция" жана "инфляциянын деңгээлине жараша" деген сөздөр тиешелүү түрдө "216,0" деген цифралар жана "-" деген символ менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 1.6-пунктча менен толукталсын:
"
1.6 | Электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдалануучу калк | тыйын/кВт.с | - | 2,52 | тариф+инфляция | тариф+инфляция | тариф+инфляция |
Өсүү | % | - | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
Жогорулатуу коэффициенти: |
| - | 2,0 | 2,0 | 2,0 | 2,0 |
";
- 2-пунктундагы "128,7" жана "148,0" деген цифралар тиешелүү түрдө "109,5" жана "128,7" деген цифралар; "17,5" жана "15,0" деген цифралар тиешелүү түрдө "-" деген символ жана "17,5" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 3-5-пункттарынын "2022-ж. 01.06." графасындагы "тариф+инфляция" жана "инфляциянын деңгээлине жараша" деген сөздөр тиешелүү түрдө "168,0" деген цифралар жана "-" деген символ менен алмаштырылсын;
- 6-14-пункттарынын "2022-ж. 01.06." графасындагы "тариф+инфляция" жана "инфляциянын деңгээлине жараша" деген сөздөр тиешелүү түрдө "252,0" деген цифралар жана "-" деген символ менен алмаштырылсын;
3) Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 2-тиркемесинде:
- 1-пунктунда:
1.1-пунктчасынын "2022-ж. 01.06." графасындагы "наркы боюнча" деген сөздөр тиешелүү түрдө "13,3" деген цифралар менен алмаштырылсын;
1.2-пунктчасынын "2022-ж. 01.06." графасындагы "тариф+инфляция" жана "инфляциянын деңгээлине жараша" деген сөздөр тиешелүү түрдө "77,0" деген цифралар жана "-" деген символ менен алмаштырылсын;
1.3-пунктчасынын "2022-ж. 01.06." графасындагы "тариф+инфляция" жана "инфляциянын деңгээлине жараша" деген сөздөр тиешелүү түрдө "216,0" деген цифралар жана "-" деген символ менен алмаштырылсын;
1.4-пунктчасынын "2022-ж. 01.06." графасындагы "тариф+инфляция" жана "инфляциянын деңгээлине жараша" деген сөздөр тиешелүү түрдө "77,0" деген цифралар жана "-" деген символ менен алмаштырылсын;
1.5-пунктчасынын "2022-ж. 01.06." графасындагы "тариф+инфляция" жана "инфляциянын деңгээлине жараша" деген сөздөр тиешелүү түрдө "50,0" деген цифралар жана "-" деген символ менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 1.6-пунктча менен толукталсын:
"
1.6 | Электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдалануучу калк | тыйын/кВт.с | - | 2,52 | тариф+инфляция | тариф+инфляция | тариф+инфляция |
Өсүү | % | - | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
Жогорулатуу коэффициенти: |
| - | 2,0 | 2,0 | 2,0 | 2,0 |
";
4) Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 3-тиркемесинде:
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Электр энергиясына белгиленген тарифтерди колдонуу ОМТСти ишке ашыруу мөөнөтү менен каралган мөөнөттүн ичинде жүзөгө ашырылат.";
- 6-пунктунда:
расмий тилдеги текстинин 1-пунктчасындагы "в пункте 1.1" деген сөздөр "в подпункте 1.1" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
расмий тилдеги текстинин 3-пунктчасындагы "в пункте 1.3" деген сөздөр "в подпункте 1.3" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
31-пунктчасындагы "1.4-пунктунда" деген сөздөр "1.4-пунктчасында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
32-пунктчасындагы "1.5-пунктунда" деген сөздөр "1.5-пунктчасында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
33-пунктчасындагы "1.3-пунктунда" деген сөздөр "1.3-пунктчасында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 34-пунктча менен толукталсын:
"34. "Электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдалануучу калк" керектөөчүлөр тобу үчүн тариф ОМТСтин 1-тиркемесинин 1.6-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат.";
4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын жана Кара-Көл шаарынын "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн тарифтер:
- айына 150 кВт саатка чейин керектөөдө ОМТСтин 2-тиркемесинин 1.1-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
- электр энергиясын айына 150дөн жогору 700 кВт саатка чейин керектөөдө (бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда жашаган калктан, ошондой эле 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн тышкары) ОМТСтин 2-тиркемесинин 1.2-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
- электр энергиясын керектөө айына 700 кВт сааттан ашкан учурда (бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда жашаган калктан тышкары) ОМТСтин 2-тиркемесинин 1.3-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
- бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашагандарга ОМТСтин 2-тиркемесинин 1.4-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
- 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясын айына 150дөн жогору 700 кВт саатка чейин керектөөдө ОМТСтин 2-тиркемесинин 1.5-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
- 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган, бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясын айына 700 кВт сааттан ашык керектөөдө ОМТСтин 2-тиркемесинин 1.4-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;";
төмөнкүдөй мазмундагы 41-пунктча менен толукталсын:
"41. "Электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдалануучу калк" керектөөчүлөр тобу үчүн тариф ОМТСтин 2-тиркемесинин 1.6-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат.";
- 13-пунктунун экинчи абзацындагы "1.4-пунктунда" деген сөздөр "1.4-пунктчасында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-төмөнкүдөй мазмундагы 13-1, 13-2-пункттар менен толукталсын:
"131. Калк үчүн социалдык багыттагы тариф айына 700 кВт саат электр энергиясын жеңилдетилген керектөөнүн кепилденген көлөмүнүн чегинде (бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда жашаган калкты кошпогондо) колдонулат. Жеңилдетилген керектөөнүн кепилденген көлөмүнүн чегинде электр энергиясы үчүн төлөм керектөөчүгө электр менен жабдуучу уюм тарабынан берилген төлөм үчүн эсептерде өзүнчө сап менен эсептелет.
132. Айына электр энергиясын керектөө көлөмүн эсептөөдө абоненттин электр энергиясын орточо суткалык керектөөсүнөн чыгуу керек, бул:
700 кВт саат * 12 ай / 365 күн = 23,014 кВт саат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 14-2-абзац менен толукталсын:
"142. "Электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдалануучу калк" керектөөчүлөр тобу үчүн тариф жогорулатуу коэффициентти колдонуу менен (майнинг максатынан тышкары) электр менен жабдуучу уюмдун техникалык мүмкүнчүлүгү болгондо жана тиричилик керектөөчүлөр тарабынан ыктыярдуу негизде колдонулат. Мында электр менен жабдуучу уюм менен түзүлгөн жеке келишимге ылайык тариф керектелген электр энергиясынын бардык көлөмүнө колдонулат жана 700 кВт саат керектөө нормасы колдонулбайт.".
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги белгиленген тартипте керектөөчүлөрдүн жаңы топтору үчүн электр энергиясына тарифтерди белгилесин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |