Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 7-октябры № 549
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өзгөчө режимди аныктоодо чектелген методду колдонуу менен товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү конкреттүү сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун ишке ашыруу максатында, "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өзгөчө режимди аныктоодо чектелген методду колдонуу менен товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү конкреттүү сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |