Загрузка документа…
Тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 549 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өзгөчө режимди аныктоодо чектелген методду колдонуу менен товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү конкреттүү сатып алууларды жүзөгө ашыруу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өзгөчө режимди аныктоодо товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү конкреттүү сатып алууларды жүзөгө ашырууну регламенттейт жана "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген өзгөчө режим иштеген аймактар үчүн колдонулат.
2. Ушул Тартипке ылайык өзгөчө режим иштеген аймактардагы мамлекеттик сатып алуулар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык чектелген методду колдонуу менен веб-портал аркылуу жүзөгө ашырылат.
3. Сатып алуучу уюмдар мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарда каралган мамлекеттик сатып алуулардын башка методдорун колдонууга укуктуу.
4. Ушул Тартип мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, фонддор жана Баткен облусунун башка юридикалык жактары тарабынан мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларга, ошондой эле өзгөчө инвестициялык режим жөнүндө макулдашууга ылайык Баткен облусунун аймагында долбоорлорду ишке ашыруу менен байланышкан мамлекеттик сатып алууларга жайылтылат.
5. Ушул Тартипке ылайык конкреттүү сатып алуулар товар өндүрүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан жүргүзүлөт.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
6. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) конкреттүү сатып алуу - сатып алуучу уюмдун жетекчисинин буйругу менен бекитилген берүүчүлөрдүн тизмесине киргизилген берүүчүлөрдөн зарыл болгон товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуучу уюмдун сатып алуусу;
2) берүүчү - товарды өндүрүүчү же кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү болуп саналган, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү боюнча сатып алуу жол-жоболоруна катышкан юридикалык же жеке жактар;
3) алкактык макулдашуу - бир же андан көп берүүчүлөр кол койгон, келечектеги контракттын шарттары айтылган жабык типтеги макулдашуу;
4) контрактты тескөө - контракттарды талаптагыдай эмес аткарууга же аткарбоого байланышкан тобокелдиктерди, ошондой эле контрактты аткарууда коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган контракттарды аткаруунун ачык-айкын, жеткиликтүү жана отчёт берүү процессин камсыз кылуучу веб-порталды жана/же электрондук каталогду колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу контракт боюнча милдеттенмелерди тараптардын аткаруусун башкаруу жана контролдоо процесси;
5) асимметриялык шифрлөө - электрондук санарип кол тамгасынын ачык жана жабык ачкычтарын колдонуу менен берүүчүнүн жана консультанттын сунушун шифрлөө методу. Ачык ачкыч маалыматты шифрлөө үчүн колдонулат. Жабык ачкыч ачык ачкыч менен шифрленген маалыматтарды чечмелөө үчүн колдонулат. Асимметриялык шифрлөөнү колдонууда сатып алуучу уюм сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыялоонун алдында берүүчүлөрдүн жабык ачкычтар менен сунуштарын чечмелөө үчүн жооптуу кызматкерлерди аныктайт.
3-глава. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда чектелген методду колдонуу шарттары
7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өзгөчө режим аныкталган учурда сатып алуулардын чектелген методу төмөнкүдөй учурларда колдонулат:
1) эгерде товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу өзгөчө режим иштеген аймакта бузулган инженердик системаларды/коммуникацияларды калыбына келтирүү зарылдыгына байланыштуу жүргүзүлсө;
2) тамак-ашты уюштуруу үчүн Баткен облусунун азык-түлүк товарларын өндүрүүчүлөрдөн же кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдөн сатып алынган учурда;
3) өзгөчө инвестициялык режим жөнүндө макулдашууга ылайык Баткен облусунун аймагында мындай долбоорлорду ишке ашыруу шартында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында товарларды өндүрүүчүлөрдөн же кызмат көрсөтүүчүлөрдү берүүчүлөрдөн сатып алуулар;
4) эгерде товарларда же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар Баткен облусунун чек ара аймагында өзгөчө статуска ээ болгон сатып алуучу уюм тарабынан жүргүзүлсө;
5) эгерде товарларда же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Баткен облусунун коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программанын алкагында иш-чараларды ишке ашырууда жүзөгө ашырылса.
8. Сатып алуучу уюм чектелген метод менен сатып алууларды жүргүзүүдө веб-порталга кулактандыруу жарыялайт, ал "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тиешелүү талаптарга ылайык келген берүүчүлөрдүн чектелген чөйрөсүнө гана жана сатып алуучу уюмга потенциалдуу берүүчүлөрдүн квалификациялык деңгээлине карата жеткиликтүү.
9. Сатып алуучу уюм өзгөчө режим иштеген аймакта катталган товар өндүрүүчүлөргө жана кызмат көрсөтүүчүлөргө гана жеткиликтүү болгон веб-порталга кулактандыруу жарыялоого укуктуу.
10. Сатып алуучу уюм республиканын чегинде аймактык жайгашуусуна карабастан товар өндүрүүчүнү же кызмат көрсөтүүчүнү эркин тандоого укуктуу.
4-глава. Сатып алуунун негизги этаптары
11. Сатып алууларды жүзөгө ашыруу процесси төмөнкү негизги этаптарды камтыйт:
1) сатып алууларды пландоо;
2) берүүчүлөрдүн тизмесин аныктоо;
3) сатып алуу жол-жобосун жүргүзүү;
4) контракт түзүү жана башкаруу.
5-глава. Сатып алууларды пландоо
12. Сатып алууларды пландоо "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
13. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген мезгилге стратегиялык өнүктүрүүнү жана иш жүзүндөгү калдыктарды эске алуу менен чыгымдарды ченемдөөгө ылайык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга болгон керектөөнүн негизинде сатып алуулар 3 жылга пландалат.
14. Техникалык өзгөчөлүгүн көрсөтүү менен товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөр бюджеттин же чыгымдардын сметасынын долбоору бекитилгенге чейин үч айлык мөөнөттө аныкталат.
15. Сатып алуулар планын түзүүдө сатып алуучу уюм керектөөнүн негизинде товарлардын бааларына талдоо жүргүзөт, талап кылынган продукциянын же кызмат көрсөтүүлөрдүн берүүчүсүн аныктоо үчүн рынокту изилдейт.
16. Түзүлгөн сатып алуулар планы сатып алуулар планына веб-порталда киргизилет, анда сатып алуучу уюм сатып алуу предметинин аталышы жана сүрөттөмөсү, мамлекеттик сатып алуулардын классификатору, методу, көлөмү, товардын бирдигинин баасы, орду жана жеткирүү мөөнөттөрү көрсөтүлөт.
17. Сатып алуулар планын түзүүдө сатып алуучу уюм сатып алуунун предметинин аталышын көрсөтүү аркылуу чектелген метод менен жүзөгө ашырылуучу сатып алуулардын тизмесин бекитет.
18. Сатып алуулар планына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда сатып алуучу уюм алдыдагы сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланганга чейин 5 жумуш күндөн кечиктирбестен веб-порталга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет.
6-глава. Берүүчүлөрдүн тизмесин аныктоо
19. Сатып алуучу уюм Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талдоонун жана квалификациялык талаптардын негизинде берүүчүлөрдүн тизмесин аныктайт.
20. Берүүчүлөрдүн тизмеси ар бир конкреттүү сатып алуу үчүн сатып алуучу уюмдун жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
21. Берүүчүлөрдүн бекитилген тизмесине киргизилбеген товар өндүрүүчүгө же кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүгө чектелген методду колдонуу менен сатып алууларга катышууга жол берилбейт.
22. Сатып алууга бир берүүчү катышса, сатып алуу жарактуу деп эсептелет.
23. Товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн тизмесинин долбоорун аныктоо максатында сатып алуучу уюм төмөнкүлөргө талдоо жүргүзөт:
1) сатып алуунун предмети болуп эсептелген окшош продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчүлөргө;
2) мурда берүүчү жана сатып алуучу уюм менен окшош продукцияны же кызмат көрсөтүүнү сатып алууга түзүлгөн контракттарга;
3) товарды өз убагында жеткирүү мүмкүнчүлүгүн жана жеткирүүнүн чыгымдарын талдоого;
4) мурда бекитилген берүүчүлөрдүн тизмесине киргизилген товарларды өндүрүүчүлөргө же кызмат көрсөтүүчүлөргө.
24. Берүүчүлөрдүн тизмесине төмөнкүдөй квалификациялык талаптарга ылайык юридикалык жактар жана ишкердик субъекттери киргизилиши мүмкүн:
1) контракт түзүүгө юридикалык укуктун болушу;
2) салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу;
3) эмгек жана финансылык ресурстардын болушу;
4) финансылык отчеттуулук менен ырасталган финансылык жөндөмдүүлүктүн болушу;
5) контрактты аткаруу үчүн зарыл болгон жабдуулардын, материалдык-техникалык базанын болушу;
6) зарыл болгон билимге жана тажрыйбага ээ тиешелүү кесиптик жана техникалык квалификациядагы кызматкерлердин болушу;
7) өндүрүлгөн тамак-аш продукттарын жана коомдук тамактанууну уюштуруу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарына ылайык жаныбарлардан алынган продукттарды жана чийки заттарды өндүрүү, кайра иштетүү боюнча иштерди жана өндүрүштүк объекттерди каттоонун сөзсүз болушу;
8) предмети окшош продукция же кызмат көрсөтүү болгон мурда түзүлгөн келишимдер боюнча товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүдө жакшы тажрыйба;
9) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде каралган кызыкчылыктардын кагылышынын жоктугу.
7-глава. Сатып алуу жол-жобосун өткөрүү
25. Сатып алуучу уюм "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12, 23-беренелеринин талаптарын эске алуу менен документтердин электрондук формасынын негизинде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө документтерди иштеп чыгат.
26. Сатып алуу жөнүндө документтер сатып алуучу уюмдун берүүчүлөрдүн сунушун баалоодо колдонулган бардык критерийлердин сыпаттамасын камтышы керек.
27. Сатып алуу жөнүндө документтердин толук пакети сатып алуучу уюм тарабынан аныкталган берүүчүгө гана жеткиликтүү болот.
28. Сатып алуучу уюм веб-порталда кулактандыруу жарыялайт, ал зарыл болгон квалификацияга ээ болгон берүүчүлөрдүн чектелген чөйрөсүнө гана жеткиликтүү.
29. Чектелген метод менен сатып алуу жөнүндө кулактандырууну веб-порталда жарыялоодо төмөнкү маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болот:
1) сатып алуучу уюмдун аталышы,
2) сатып алуу методу;
3) сатып алуунун түрү (товар, кызмат көрсөтүү);
4) сатып алуу предмети;
5) чектелген методду колдонуу үчүн негиз.
30. Берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоого карата талаптарды сатып алуучу уюм сатып алуу предметинин пландалган наркынын 2 пайызынан ашпаган өлчөмдө, банк кепилдиги же акча каражаттары түрүндө белгилейт.
31. Сатып алууга катышууга берүүчүнүн сунушу сатып алуу жөнүндө документтерде көрсөтүлгөн берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин веб-портал аркылуу электрондук формада берилет.
32. Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 5 жумуш күндөн кем эмести түзөт.
33. Асимметриялык шифрлөө колдонулган учурларды кошпогондо, берүүчүлөрдүн сунуштарын ачуу жол-жобосу сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин дароо веб-портал тарабынан автоматтык түрдө жүргүзүлөт.
34. Чектелген метод колдонулган учурда ачуу протоколун веб-портал түзөт, ал ушул сатып алууга өз сунуштарын берген сатып алуучу уюм жана берүүчүлөр үчүн жеткиликтүү болуп саналат. Веб-порталда "ачуу болуп өттү" деген статус жарыяланат.
35. Ачуу учурунда акча каражаттары түрүндөгү сунушту кепилдик камсыздоо мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын депозиттик/алыш-бериш эсебине келип түшүүгө тийиш.
36. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, сатып алуу боюнча документтерде белгиленген талаптарга жана критерийлерге ылайык сунуштарды баалоо сатып алуу жөнүндө документтердин критерийлерин бекитүүдө веб-портал жиберген логинди жана паролду колдонуп, веб-порталда электрондук форматта сатып алуу боюнча комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
37. Сатып алуу бир же андан көп берүүчүлөр менен үч жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлгөн мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жабык типтеги алкактык макулдашууну колдонуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
38. Эгерде жабык типтеги алкактык макулдашууну колдонуу менен сатып алууларды жүзөгө ашырууда бир гана сунуш берилсе же болбосо четке кагылгандан кийин сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына жооп берген бир гана сунуш калса, анда мындай сатып алуу жол-жобосу ишке ашты деп таанылат.
39. Жеңүүчү деп аныкталган берүүчү аны жеңүүчү деп таануу жөнүндө кабарлоону үч жумуш күндүн ичинде ырастоого тийиш.
8-глава. Контракт түзүү
40. Эгерде жол-жобо токтотулбаса, сатып алуучу уюм үч жумуш күндөн эрте эмес жана жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө маалымат веб-порталда жарыяланган күндөн тартып 8 жумуш күндөн кечиктирбестен, жеңген берүүчү менен контракт түзөт.
41. Сатып алууга бир берүүчү катышкан учурда жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө маалымат веб-порталда жарыяланган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде берүүчү тарабынан кабарлоо ырасталган шартта контракт түзүлөт.
42. Кабарлоодон баш тарткан же ырастабаган учурда жеңүүчү деп аныкталган сатып алуучу уюм рейтинг боюнча кийинки орунду ээлеген берүүчү менен контракт түзүшү же сатып алуу болгон жок деп таанышы мүмкүн.
43. Контракт квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен смарт-контракт түрүндө түзүлөт.
44. Контракт ага тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
45. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө контрактка Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдери колдонулат.
46. Сатып алуу жол-жоболорун жүргүзбөстөн түзүлгөн контракт жараксыз деп эсептелет жана ушул контракт боюнча төлөнгөн бардык чыгымдар мындай чечимди кабыл алган сатып алуучу уюмдардын жетекчисинин эсебинен орду толтурулууга тийиш.
9-глава. Контрактты башкаруу
47. Контракт түзүлгөндөн кийин сатып алуучу уюм контракттын аткарылышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү жана көзөмөлдөөнү камтыган контрактты башкаруу процессин баштайт.
48. Контрактты башкаруу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук акттарда белгиленген талаптарга ылайык сатып алуучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылат.
49. Сатып алуучу уюм контрактты башкаруу процессинде аракеттер жасалган учурдан тартып үч жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө веб-порталга төмөнкүлөр тууралуу маалыматты киргизүүнү камсыз кылат:
1) товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу акттарына кол коюлган даталар;
2) контракт боюнча кошуп эсептелген үстөктөрдүн жана айып пул санкцияларынын суммасы;
3) контрактты аткарууну кепилдик камсыздоонун кармалган өлчөмү жана суммасы;
4) контрактты аткарууну кепилдик камсыздоону кайтаруу даталары жана мөөнөттөрү;
5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык берүүчү жана консультант тарабынан коюлган (жазылган) эсеп-фактуралары жана төлөөгө карата эсептер;
6) контракт боюнча жүргүзүлгөн төлөө мөөнөттөрү (аванстык төлөмдөр, иш жүзүндөгү төлөмдөр үчүн бөлүп-бөлүп төлөө, акыркы төлөмдөр);
7) тараптардын дооматтарды жөнөткөн даталары жана ал дооматтарга жооптор;
8) талаш-тартыштарды административдик, сот тартибинде чечүү;
9) контракттын шарттарын өзгөртүүнүн датасы жана негиздери.
50. Товарларды өндүрүүчү же кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү контракт боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарган учурдан тартып үч айдан кеч эмес мөөнөттө сатып алуучу уюм товарларды, аткарылган кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуунун тиешелүү акты менен ырасталган контракттын наркын төлөөнү камсыз кылууга милдеттүү. Төлөөдөн баш тарткан же контрактта каралган төлөө мөөнөтү же графиги бузулган учурда сатып алуучу уюмда акча каражаты бар болсо, сатып алуучу уюмдун жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат.
51. Сатып алуучу уюмдун мурда аткарылган контракттар боюнча карызы болгон учурда контракт боюнча төлөөгө жол берилбейт. Сатып алуучу уюм товарларды, аткарылган кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу акттын датасына ылайык кезектүүлүк тартибинде контракттар боюнча төлөм жүргүзөт.
52. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык купуя маалыматтардан жана жеке маалыматтардан тышкары, контракттардын жана аларга толуктоолордун мазмуну жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.
53. Сатып алуучу уюмдун жетекчиси жана кызматкерлери контрактты аткаруунун жүрүшүндө келтирилген зыян үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.