ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-октябрындагы № 565 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-мартындагы № 110 «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция14.10.2022 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 14-октябры № 565

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-мартындагы № 110 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ченемдик укуктук актылардагы карама-каршылыктарды четтетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-мартындагы № 110 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбуласындагы "16-беренесинин 7-бөлүгүнө" деген сөздөр "21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускамада:

- 1-пунктундагы "16-беренесинин 7-бөлүгүнө" деген сөздөр "21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган Нускаманын 1-тиркемесинде:

"16-беренесинин 7-бөлүгүнө" деген сөздөр "21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган Нускаманын 3-тиркемесинде:

"16" деген цифралар "21" деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 8-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров