Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-ноябры № 604
Мамлекеттик социалдык заказдын маселелери жөнүндө
"Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында калкка кызматтарды уюштуруу жана көрсөтүү системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Социалдык талондор (ваучерлер) аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 814 "Мамлекеттик социалдык заказдын маселелери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Министрликтер жана административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 15-октябрындагы № 99 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |