Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 604 токтомуна) |
Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү тартибин белгилейт.
Мамлекеттик социалдык заказ төмөнкүдөй чөйрөлөрдө жүзөгө ашырылат:
1) жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, анын ичинде турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды, улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоо;
2) жаштарды колдоо;
3) билим берүү жана агартуу;
4) ден соолук жана дененин саламаттыгы;
5) медициналык жардам;
6) социалдык ишкердик (коомдук пайдалуу максаттардагы ишкердик иш);
7) жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу;
8) айлана-чөйрөнү коргоо, анын ичинде жок болуп бара жаткан өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоо;
9) дене тарбиясы жана ышкыбоздук спорт;
10) илим, адабият, искусство, маданият, туризм;
11) адам укуктары, анын ичинде расалык, этностук, диний, гендердик же басмырлоонун башка бардык формаларын жоюу, ошондой эле адам сатуунун курмандыктарын коргоо;
12) коомдук тартип жана коомдук ынтымак;
13) пробация;
14) мигранттарга, аргасыз көчүп келгендерге жана качкындарга жардам.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
мамлекеттик социалдык заказ - республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржылоо менен камсыздалган, келишимдик мамилелерге негизделген, жүзөгө ашырууга юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди тартуу жолу менен калкка социалдык кызматтарды көрсөтүүгө же башка коомдук пайдалуу максаттарга жетүүгө багытталган республикалык, тармактык, региондук же муниципалдык социалдык программалардын бөлүгүн ишке ашыруу механизми;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ыйгарым укуктарына калкка социалдык кызматтарды көрсөтүүнү же ушул Жобонун биринчи пунктунда каралган чөйрөлөрдө башка коомдук пайдалуу максаттарга жетүү кирген мамлекеттик орган;
мамлекеттик заказчы - мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруучу жана анын аткарылышын контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (же анын аймактык бөлүмү) же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;
мамлекеттик социалдык заказ программасы - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилген жана калкка социалдык кызматтарды көрсөтүүгө жана/же мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруу аркылуу коомдук пайдалуу долбоорлорду жүзөгө ашырууга багытталган уюштуруучулук, экономикалык жана техникалык чаралардын жыйындысы.
3. Мамлекеттик социалдык заказдын максаттары республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин жана жарандардын интеллектуалдык, кадрдык, материалдык жана башка ресурстарын тартуу жолу менен коомдун социалдык маанилүү көйгөйлөрүн чечүү жана коомдук пайдалуу максаттарга жетүү болуп саналат.
Мамлекеттик социалдык заказдын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык, тармактык, региондук жана муниципалдык социалдык программаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;
2) гендердик теңчиликти эске алуу менен адам укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттин милдеттенмелерин аткаруу;
3) социалдык кызматтарды көрсөтүү жана коомдук пайдалуу долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин ишине дем берүү;
4) социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө юридикалык жактарды, жеке ишкерлерди жана жарандарды кеңири тартуу;
5) мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен камтылбаган же жетишсиз камтылган социалдык көйгөйлөрдү чечүү;
6) социалдык чөйрөгө кошумча адамдык, материалдык, каржылык жана башка ресурстарды тартуу;
7) калкка социалдык кызматтарды натыйжалуу көрсөтүү үчүн альтернативдүү механизмдерди түзүү;
8) социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу;
9) социалдык программаларды ишке ашыруу үчүн колдонулуучу мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу;
10) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун түзүү.
4. Мамлекеттик социалдык заказ төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт жана жайгаштырылат:
1) чечүүнү талап кылган кыйла маанилүү социалдык көйгөйлөрдү аныктоого жана коомдук пайдалуу максаттарды аныктоого жарандардын катышуусунун;
2) мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруу жол-жоболорунун ачыктыгынын жана айкындыгынын;
3) мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруунун бардык этаптарында баалоонун объективдүүлүгүнүн, талаптардын бирдейлигинин жана бирдей шарттарды түзүүнүн;
4) мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруу жана ишке ашыруу жөнүндө маалыматка бирдей жана эркин жеткиликтүүлүктүн;
5) мыйзамдуулуктун жана адилеттүүлүктүн;
6) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга жеке мамиленин, алардын өзгөчө муктаждыктарын жана керектөөлөрүн эсепке алуунун;
7) калктын аялуу катмарларына социалдык кызматтарды көрсөтүүгө багытталган программалардын артыкчылыгынын.
2. Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун уюштуруу тартиби
5. Коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурсту уюштуруу үчүн мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууну пландаган же ишке ашырып жаткан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын маалыматтар реестрин түзөт, алар мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу аркылуу чечилиши мүмкүн жана жетишилет.
Социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын маалыматтар реестри туруктуу негизде жаңыланып турууга жана мамлекеттик заказчынын расмий сайты же коомчулук үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздаган башка ыкма аркылуу калкка жеткиликтүү болууга тийиш.
6. Социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын маалыматтарынын реестрине ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы 1 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө мамлекеттик социалдык заказдын программасын (мындан ары - программа) иштеп чыгат.
7. Программада төмөнкүлөр каралууга тийиш:
1) бул же тигил социалдык көйгөйлөр же коомдук пайдалуу максаттар боюнча аймактык айырмачылыктар болгон учурларда аларды администрациялык-аймактык бирдиктерге жана калктуу конуштарга бөлүү менен учурдагы мезгилге актуалдуу социалдык көйгөйлөрдү жана коомдук пайдалуу максаттарды баяндоо (негиздөө, тиешелүү эсептөөлөр, статистикалык жана башка маалыматтар менен);
2) социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн же программанын коомдук пайдалуу максаттарына жетүүнүн муктаждыктарын баяндоо жана аларды чечүү жолдору;
3) программаны ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжалар.
8. Программа коомдук талкуу өткөрүү үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерде мамлекеттик заказчынын расмий сайтында 14 календардык күндүк мөөнөткө жарыяланат. Коомдук талкуудан кийин келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен мамлекеттик заказчы программаны толуктап иштеп чыгат жана бекитет.
9. Социалдык көйгөйлөр белгиленген республикалык, тармактык, аймактык жана муниципалдык социалдык программаларды ишке ашырууда мамлекеттик заказчы программаны иштеп чыкпастан коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурс жарыялоого укуктуу, анда мамлекеттик социалдык заказчынын бюджетинде каралган акча каражаттары болгон учурда мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу планы бекитилет.
10. Мамлекеттик заказчы мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу планын иштеп чыгат жана бекитет.
Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу планы атайын бөлүмдү камтууга тийиш, анда форма аркылуу мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун тартиби деталдуу баяндалат, анын ичинде төмөнкү маалыматтар камтылат:
1) ишке ашыруу мөөнөттөрү;
2) мамлекеттик социалдык заказды аткаруучулардын категориялары;
3) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар;
4) коомдук пайдалуу максаттар;
5) мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу аймагы;
6) мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун шарттары жөнүндө башка маалыматтар (коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу үчүн каражаттар өлчөнүүчү сандык, сапаттык индикаторлор ж.б.).
11. Программа, мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу планы жана анын формасы мамлекеттик заказчынын чечими менен бекитилет.
12. Программа, мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу планы, конкурстарды өткөрүүнүн мөөнөттөрү жана тартиби, конкурстун катышуучулары, жеңүүчүлөрдү тандоо критерийлери, конкурска катышууга өтүнмө берген уюмдар жөнүндө маалыматтар мамлекеттик заказчынын расмий сайтына, ал эми расмий сайты жок учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
13. Мамлекеттик заказчы мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу планына ылайык коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандырууну мамлекеттик жана/же расмий тилдерде өзүнүн расмий сайтында, ал эми расмий сайты жок учурда өзүнүн маалымат тактасында жайгаштырат жана тираждары жана жайылтуу аймагы потенциалдуу аткаруучулардын, ошондой эле социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын маалымдуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.
Коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурс жөнүндө кулактандыруу төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) конкурстун темасын (чечүү зарыл болгон социалдык көйгөйлөр жана/же жетүү зарыл болгон коомдук пайдалуу максаттар, аларды кыскача баяндоо);
2) "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25 жана 26-беренелеринде каралган конкурстун катышуучуларына талаптар жана конкурска катышуу үчүн документтердин тизмеги;
3) конкурсту өткөрүү убактысы, орду жана тартиби, анын ичинде конкурстун жеңүүчүлөрүн тандоо критерийлери жана аныктоо мөөнөттөрү;
4) бир коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга гранттын максималдуу суммасы (эгерде мындай сумма белгиленсе);
5) коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучунун административдик чыгымдарына максималдуу чек (гранттын суммасынын пайызы менен, эгерде мындай чек белгиленсе);
6) товарларды сатып алуу жана жумуштарды аткаруу долбоордун максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон учурларда товарларды сатып алууга жана жумуштарды аткарууга максималдуу чек (гранттын суммасынын пайызы менен);
7) конкурска катышуу үчүн арыздын бланкын алууга мүмкүн болгон мамлекеттик заказчынын почта дареги, анын ичинде арыздын электрондук бланктарын көчүрүп алууга мүмкүн болгон анын расмий сайтынын дареги;
8) маалымат жана түшүндүрмөлөрдү алууга кайрылуу үчүн мамлекеттик заказчынын жооптуу адамынын байланыш маалыматтары (аты-жөнү, телефон номери жана электрондук почтасынын дареги);
9) суроо-талапты жиберүү жана конкурстун шарттарына түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн мөөнөт;
10) конкурстун арыздарын жана конкурска катышуу үчүн документтерди жөнөтүү керек болгон почта дареги, электрондук почтасынын дареги жана/же расмий сайтынын дареги;
11) коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурска катышуу үчүн арыздарды жана документтерди кабыл алуу мөөнөтү;
12) коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурстун шарттарын түшүндүрүү боюнча маалыматтык жыйынды өткөрүү датасы, убактысы жана орду.
14. Коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучунун административдик чыгымдары болуп төмөнкүлөр таанылат:
1) коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга тартылган кызматкерлердин эмгек акысы, алардын долбоорду ишке ашырууга байланышкан иш сапардык жана транспорттук чыгымдары;
2) долбоор ишке ашырылуучу жайды сатып алууга же ижарага алууга чыгымдар (эгерде мындай жай зарыл болсо);
3) долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан коммуналдык төлөмдөр боюнча чыгымдар;
4) долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан канцелярдык жана тиричилик товарларына чыгымдар.
3. Коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурстун катышуучуларына карата талаптар
15. Ушул Жобонун 1-пунктунда каралган чөйрөлөрдө өз ишин жүргүзгөн, конкурстун жарыяланган темасынын чөйрөсүндө бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок коммерциялык эмес уюмдар (саясий партияларды кошпогондо) конкурстун катышуучулары боло алат.
16. Конкурстун катышуучусу юридикалык жак катары катталууга жана өзүнүн банктык эсеби болууга тийиш. Эгерде конкурстун катышуучусунун банктык эсеби болбосо, анда ага конкурстун документтерин тапшырган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде банктык эсеп ачууга мүмкүндүк берилет.
17. Бир нече коммерциялык эмес уюм келишимдик негизде долбоордук топту (мындан ары - консорциум) түзүп жана конкурска катышуу үчүн жалпы арызды жана долбоордук сунушту бере алат. Бул учурда арызды жана долбоордук сунушту бере алат. Бул учурда арызда жана долбоордук сунушта уюмдар ортосундагы функциялар, бюджет, жоопкерчилик жана алардын ар биринин долбоорду жүзөгө ашыруудагы салымы ажыратылууга, ошондой эле коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурстун катышуучусу катары консорциумдун атынан аракеттене турган консорциумдун мүчөсү аныкталууга тийиш.
18. Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурстун бир темасынын алкагында бир консорциумдун курамында гана катыша алат. Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурстун бир темасынын алкагында бир гана арыз бере алат.
19. Мамлекеттик заказчы коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурстун катышуучуларынын электрондук маалымат базасын жүргүзөт. Расмий сайты болгон учурда мамлекеттик заказчы коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурстун катышуучуларынын электрондук маалымат базасын өзүнүн расмий сайтында жүргүзөт.
20. Коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурстун катышуучуларынын электрондук маалымат базасы конкурска катышууга арыз берүү датасы жөнүндө маалыматты, уюмдун уюштуруу-укуктук формасын, уюмдун аталышын, почта дарегин, телефон номерин, электрондук почтасынын дарегин, уюмдун жетекчисинин (консорциумдун атынан иш жүргүзүүчү жетекчинин) мобилдик телефон номерин, ошондой эле сунушталып жаткан долбоордук сунуштун темасынын аталышын камтыйт.
4. Конкурска долбоорлук сунуштарды кабыл алууну уюштуруу тартиби
21. Коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурска катышуу жөнүндө арызда ушул Жобонун 20-пунктуна ылайык маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш.
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
1) коммерциялык эмес уюмду юридикалык жак катары каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) коммерциялык эмес уюмдун уставынын көчүрмөсү;
3) коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурстун темасы менен дал келген ишти жүзөгө ашыруу бөлүгүндө өткөн жыл үчүн (же коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурстун катышуучусунун каалоосу боюнча өткөн бир нече жыл үчүн) уюмдун ишин баяндоо;
4) коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучулардын билими жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү жана резюмеси;
5) катышуучунун коммерциялык эмес уюм тууралуу төмөнкүдөй арызы:
а) салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө;
6) коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон карыздык жана башка милдеттенмелери жок экендиги жөнүндө;
б) долбоордук сунуш жана анын бюджети.
Консорциумдун арызына консорциумдун бардык мүчөлөрүнүн ушул пункттун 1-3 жана 5-пунктчаларында каралган документтери тиркелет.
22. Конкурстук документтер төмөнкүдөй бөлүнөт:
1) ачык:
а) салыктар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка милдеттенмелер боюнча карызынын жоктугу жөнүндө арыз;
б) уюмдун иши жөнүндө өткөн жыл үчүн программалык отчеттун, уюмду юридикалык жак катары каттоо жөнүндө күбөлүктүн, уюмдун уставынын көчүрмөлөрү;
в) коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучулардын билими жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү жана резюмелери (автобиографиялык маалыматтары);
2) жабык (купуя) - долбоордук сунуш жана анын бюджети, алар чапталган конвертте берилет же болбосо электрондук почта аркылуу РБР форматында сканерленген түрдө, коддолгон формада жөнөтүлөт. Гранттык комиссия тарабынан долбоордук сунуштарды кароону баштоонун алдында коддун шифри гранттык комиссияга анын суроо-талабы боюнча электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.
23. Конкурстук документтерди берүүнүн мөөнөтү коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурс жарыяланган күндөн тартып 20 календардык күндөн кем эмес жана 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
24. Бир тема боюнча коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурска катышууга арыздар жок же бир арыз келип түшкөн учурда конкурс өткөн жок деп таанылат.
Коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурс өткөн жок деп таанылган учурда мамлекеттик заказчы таанылган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен коомдук пайдалуу долбоорлорго кайрадан конкурс жарыялоого же болбосо коомдук пайдалуу долбоорлорго, мамлекеттик социалдык заказдын башка формаларын жүзөгө ашырууга багытталган каражаттарды пайдаланууга милдеттүү.
25. Конкурска берилген долбоорлук сунуш төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) коомдук пайдалуу долбоордун аталышын;
2) коомдук пайдалуу долбоорду кыскача баяндоону;
3) коомдук пайдалуу долбоордун максаттарын;
4) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын категорияларын (эгерде долбоор кызматтарды көрсөтүүнү караса);
5) коомдук пайдалуу долбоор боюнча иш-чаралар планын, анын ичинде аткаруу мөөнөттөрүн;
6) коомдук пайдалуу долбоордон күтүлүүчү натыйжаларды;
7) коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүн.
26. Коомдук пайдалуу долбоордун бюджети төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) чыгымдар сметасын;
2) суралган каржылоонун көлөмүн;
3) жеке салымынын (долбоордун алкагында пайдаланылуучу финансылык каражаттар, транспорт, жайлар жана башка мүлк) жана тартылган каражаттардын (жеке салымдын жана/же тартылган каражаттардын болушу конкурстун шарттары менен каралган учурда) көлөмүн;
4) коомдук пайдалуу долбоордун максаттарына жетүү менен байланышкан чыгымдардын ар бир беренеси боюнча финансылык эсептерди.
27. Конкурстун катышуучусу ал берген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Документтер конкурстун катышуучулары тарабынан тизим боюнча берилет, ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан кол коюлууга жана мөөр менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш, бир барактан көп документтердин ар бир барагы номерленүүгө тийиш. Конкурска кагаз жүзүндө берилген документтер кайтарылбайт.
28. Төмөнкү учурларда арыз ээсинин конкурска катышуусуна жол берилбейт:
1) эгерде арыз конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин берилсе;
2) арыз берген уюм ушул Жобонун 20-21-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбесе;
3) долбоордук сунуш конкурстун темасына ылайык келбесе;
4) эгерде сунушталып жаткан коомдук пайдалуу долбоордун бюджетинин суммасы конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн максималдуу суммадан ашса (эгерде кулактандырууда максималдуу сумма белгиленсе);
5) атайын жалган маалымат берилсе.
29. Коммерциялык эмес уюмдун (же консорциумдун) коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурска катышууга арызы жана долбоордук сунуш мамлекеттик заказчы тарабынан бекитилген форма боюнча түзүлөт.
30. Долбоордук сунуштарды баалоо критерийлери "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинде аныкталган.
31. Мамлекеттик заказчы долбоордук сунуштарды баалоо үчүн конкурстун жарыяланган темасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша кошумча критерийлерди белгилей жана алардын ар бири боюнча баллдын санын аныктай алат. Кошумча критерийлер боюнча баллдын суммасы "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинде саналган критерийлер боюнча баллдын суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш.
32. Жалпы балл тиешелүү критерийлер боюнча коюлган баллды кошуу жолу менен эсептелет.
33. Коомдук пайдалуу долбоордук сунуштарды баалоо критерийлери мамлекеттик заказчы тарабынан бекитилген форма боюнча баалоо барагында камтылат.
5. Коомдук пайдалуу долбоорлорду баалоо жана тандоо тартиби
34. Мамлекеттик заказчы коомдук пайдалуу долбоорлорду баалоо жана тандоо үчүн курамына жарандык коомдун өкүлдөрү кирген гранттык комиссияны түзөт.
Гранттык комиссиянын курамы ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилет жана чечимге кол коюлган күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылат.
35. Зарыл болгон учурда мамлекеттик заказчы гранттык комиссиянын мүчөлөрүнүн долбоордук сунуштарды жарыяланган конкурстун бул же тигил темасы боюнча баалоо үчүн жетиштүү квалификациясы жок болсо долбоордук сунуштарды баалоо үчүн көз карандысыз эксперттерди тартууга укуктуу.
36. Гранттык комиссиянын төрагасы жана катчысы мамлекеттик заказчы тарабынан мамлекеттик заказчыдан гранттык комиссиянын мүчөлөрүнүн арасынан дайындалат. Гранттык комиссиянын жыйынын төрага, ал жок учурда гранттык комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн добуш берүүсү менен шайлануучу төраганын орун басары алып барат.
37. Мамлекеттик заказчы гранттык комиссиянын катчылыгынын функцияларын аткарат, гранттык комиссиянын ишин уюштурат, комиссиянын мүчөлөрүнө пландалган жыйындар жөнүндө маалымдайт, комиссиянын жыйындарынын протоколдорун жүргүзүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик тартат, анын ишине көмөк көрсөтөт.
38. Мамлекеттик заказчы документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде гранттык комиссияга келип түшкөн арыздарды жана долбоордук сунуштарды берет.
39. Гранттык комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
1) долбоордук сунуштарды баалайт;
2) долбоордук сунуштарды жактыруу же болбосо долбоордук сунуштарды четке кагуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
3) мамлекеттик заказчынын кароосуна программанын долбоорун жана коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга тийиштүү маселелер боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды киргизет.
Гранттык комиссиянын мүчөлөрү өз ишинин алкагында алынган маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
40. Гранттык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан долбоордук сунуштарды баалоо конкурстук документтер берилген күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) долбоордук сунуштар гранттык комиссиянын мүчөсүнө PDF форматында кагаз же электрондук сактагычта, мамлекеттик же расмий тилде берилет;
2) гранттык комиссиянын мүчөсүнө мамлекеттик заказчы тарабынан түзүлгөн баалоо барагы берилет, ага балл коюлат;
3) ар бир долбоордук сунуш боюнча гранттык комиссиянын мүчөлөрүнүн баалары кошулат жана баалоо барактарынын саны менен бирдей санга бөлүнөт, алынган орточо маани долбоордук сунуш боюнча жыйынтык балл болуп эсептелет;
4) долбоордук сунуштар боюнча жыйынтык балл жалпы рейтингдик тизмеге кемүү иретинде киргизилет.
5) эгерде бир нече долбоордук сунуш бирдей сандагы балл алса, анда алар конкурска катышуу үчүн документтердин бардык топтомун берген убакытка жараша рейтингдик тизмеге (хронологиялык ырааттуулукта) киргизилет; бардык документтер бир убакта берилген учурда аталган долбоордук документтердин рейтингдик тизмедеги ордун аныктоо үчүн гранттык комиссия тарабынан аныкталган тартипте чүчү кулак кармоо жүргүзүлөт;
6) гранттык комиссиянын чечими менен коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурстун рейтингдик тизмеде долбоордук сунуштары эң жогорку балл алган катышуучулары жарыяланган конкурстун темасы боюнча жеңүүчүлөр деп таанылат.
41. Гранттык комиссиянын чечимдери добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Гранттык комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Гранттык комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү добуш берген гранттык комиссиянын чечими кабыл алынды деп таанылат. "Макул" жана "каршы" добуштары бирдей болуп калган учурда гранттык комиссиянын жыйынында төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
42. Гранттык комиссиянын мүчөлөрүнө кимдир бирөө менен (конкурстун катышуучусу, мамлекеттик заказчы, гранттык комиссиянын айрым мүчөлөрү) конкурстун тигил же бул катышуучусун жеңүүчү деп таануу тууралуу (жеңүүчү деп таануудан баш тартууга барабар) жашыруун сүйлөшүүлөрдү же комиссиянын жыйынынан тышкаркы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат.
43. Гранттык комиссиянын чечими протокол менен таризделет. Гранттык комиссиянын жыйынынын протоколунда күн тартибинин маселелери, добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер чагылдырылат. Гранттык комиссиянын протоколуна жыйында төрагалык кылуучу, гранттык комиссиянын бардык мүчөлөрү жана катчысы кол коёт.
44. Конкурста жеңген коммерциялык эмес уюмдардын тизмеги гранттык комиссиянын протоколу менен бекитилет, анын негизинде 3 жумуш күндөн кечиктирилбестен мамлекеттик заказчынын буйругу чыгат. Бул тизмек акыркы болуп саналат жана мамлекеттик заказчы тарабынан бир тараптуу тартипте өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.
45. Мамлекеттик заказчынын буйругу жана рейтингдик тизме буйрук чыккан күндөн тартып 3 жумуш күндөн кеч эмес коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурста жеңген уюмдардын аталышын, каржылануучу коомдук пайдалуу долбоорлордун жана алар алган баллды көрсөтүү менен мамлекеттик заказчынын расмий сайтында, расмий сайт жок учурда анын маалымат тактасында жайгаштырылат.
46. Коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси жарыяланган учурдан тартып 7 календардык күндүн ичинде коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурстун жеңүүчүлөрү гранттык комиссияга салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалымкатгарды берүүгө милдеттүү.
47. Ушул Жобонун 43-пунктунда көрсөтүлгөн маалымкаттар белгиленген мөөнөттө берилбесе же коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурстун катышуучусунун карызы бар экендиги жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымкаттар берилсе же болбосо ал анык эмес маалыматтарды камтыган маалымкаттар берилсе, ошондой эле конкурстун катышуучусу келишим түзүүдөн баш тарткан учурда бул катышуучу коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурстун жеңүүчүлөрүнүн катарынан чыгарылат, ал эми эң көп балл алган кийинки катышуучу коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмесине киргизилген күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде гранттык комиссияга аталган маалымкаттарды берген учурда ал коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.
48. Ушул Жобонун 43-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө карызынын жоктугу жөнүндө маалымкаттарды тапшырган коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурстун жеңүүчүлөрү коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучу статусуна ээ болот.
6. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишим
49. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишим мамлекеттик заказчы конкурста жеңген коммерциялык эмес уюмдардын тизмегин бекитүү жөнүндө буйрукту чыгарган күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде түзүлүүгө тийиш.
50. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимдин шарттарын коомдук пайдалуу долбоордун өзгөчөлүгүнө жараша тараптар аныктайт. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимде төмөнкүдөй олуттуу шарттар да каралууга тийиш:
1) коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик заказчы тарабынан аткаруучуга берилүүчү гранттын жалпы суммасы, ошондой эле иш-чараларды аткаруу графиги менен кеңири бюджет;
2) тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги;
3) гранттык каражаттарды которуунун шарттары; долбоордун өзгөчөлүгүн эске алуу менен гранттык каражаттар мамлекеттик заказчы тарабынан аткаруучуга бир төлөм менен же бир нече төлөм менен этап боюнча которулушу мүмкүн, ошол эле учурда экинчи жана кийинки төлөмдөрдү которуунун шарттары аткаруучунун ар бир мурунку этапта келишимди ишке ашыруусунун сапатына жана көлөмүнө байланыштуу болушу мүмкүн;
4) коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында жетишиле турган максаттар жана көрсөткүчтөр;
5) коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө отчетторду, ошондой эле коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучу тарабынан мамлекеттик заказчыга финансылык отчетту берүүнүн тартиби, мөөнөттөрү жана этаптары;
6) берилген гранттык каражаттар боюнча коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучунун ишин жана коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууну мамлекеттик заказчы тарабынан текшерүүнүн тартиби.
51. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимге конкурстун катышуучусунун долбоордук сунушунун негизинде түзүлгөн коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга техникалык тапшырма тиркелет. Мамлекеттик заказчы долбоордук сунушта каралбаган кошумча иш-чараларды техникалык тапшырмага киргизүүгө укуксуз. Өзгөчө учурларда тараптардын жазуу жүзүндө баяндалган өз ара макулдашуусу боюнча мамлекеттик заказчы техникалык тапшырмага долбоордук сунуштун бюджетин өзгөртүүгө таасирин тийгизбеген кошумча чараларды аткарууну киргизет.
Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга келишимге техникалык тапшырманын формасы мамлекеттик заказчы тарабынан бекитилет.
52. Келишим ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө типтүү келишимдин негизинде бир жылдык мөөнөткө түзүлөт.
53. Бир жылдан ашык мөөнөткө коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга келишим келишимге кол коюлгандан кийинки биринчи жылы жана андан ары (биринчи жыл өткөндөн кийин) кызмат көрсөтүүчүнү каржылоо шарты менен, ошондой эле ар бир кийинки календардык жылга бюджет бекитилгенден кийин келишимди жыл сайын, бирок 5 жылдан ашык эмес узартуу шарты менен түзүлөт.
54. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун алкагында коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө отчет ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык таризделет.
55. Мамлекеттик заказчы коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимди аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо жөнүндө келип түшкөн маалыматтын негизинде коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууну текшерүүгө укуктуу. Мамлекеттик заказчы жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча корутунду чыгарат, анда коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучунун иши канааттандырарлык же канааттандырарлык эмес экендиги жөнүндө өзүнүн тыянактарын чагылдырат.
56. Коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучу коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимдин олуттуу шарттарын бузган учурда мамлекеттик заказчы аткаруучуга келишимди бузуу себептерин көрсөтүү менен келишим бузулган күнгө чейин 10 календардык күн мурда коомдук пайдалуу долбоор бузулуп жаткандыгы тууралуу билдирет.
57. Мамлекеттик заказчы тарабынан коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө түзүлгөн келишимдин олуттуу шарттары бузулган учурда коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучу мамлекеттик заказчыга келишимди аткаруу токтотулган күнгө чейин 10 календардык күн мурда бул тууралуу жазуу жүзүндө билдирүү менен келишимди аткаруудан бир тараптуу баш тартууга укуктуу.
58. Эгерде финансылык текшерүүнүн жана коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучунун программалык ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталса, коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучу мамлекеттик заказчыга багыты боюнча пайдаланылбаган каражаттардын ордун толтурууга милдеттүү.
59. Эгерде коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучу өзүнөн көз каранды болбогон себептер боюнча коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимде белгиленген мөөнөттө коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууну аяктабаса, тараптардын макулдашуусу боюнча келишим коомдук пайдалуу долбоорду аяктоо үчүн зарыл болгон мөөнөткө кошумча каржылоосуз узартылышы мүмкүн. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимдин мөөнөтүн узартуу кошумча макулдашууну түзүү жолу менен таризделет.
7. Долбоордук сунуштарды баалоо үчүн эксперттердин электрондук маалымат базасы
60. Эксперттердин электрондук маалымат базасын түзүү жана толуктоо үчүн мамлекеттик заказчы өзүнүн расмий сайтына долбоордук сунуштарды баалоо боюнча эксперттерди тандоо жөнүндө тийиштүү кулактандырууну жайгаштырат, ошондой эле аны республикалык же тираждары жана жайылтуу аймагы потенциалдуу эксперттердин маалымдуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берген жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.
61. Эксперттердин электрондук маалымат базасына экспертти киргизүү үчүн мамлекеттик заказчыга төмөнкүлөрдү берүү зарыл:
1) эксперттин арызын;
2) резюме;
3) тиешелүү билиминин, окумуштуулук даражасын жана окумуштуулук наамынын бар экендигин ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн (бар болсо);
4) ушул Жобонун 1-пунктунда каралган чөйрөлөрдө анын компетенциясын ырастоочу иш тажрыйбасы жөнүндө маалыматтарды;
5) байланыш маалыматтарын;
6) эксперттин профессионалдык сапаттарын ырастап бере ала турган 3 адамдын иштеген жерин жана ээлеген кызмат ордун көрсөтүү менен алардын байланыш маалыматтарын.
62. Эксперттердин маалымат базасына ушул Жобонун 1-пунктунда каралган бир же бир нече чөйрөдө 3 жылдан кем эмес ийгиликтүү иш тажрыйбасы бар квалификациялуу адистер киргизилиши мүмкүн.
63. Арыз ээси тарабынан берилген документтердин негизинде мамлекеттик заказчы эксперттин квалификациясынын ылайык келүүсүн баалайт. Зарыл болгон учурда мамлекеттик заказчы арыз ээсинен кошумча документтерди сурайт жана/же башка булактардан арыз ээси жөнүндө кошумча маалыматтарды чогултат.
64. Мамлекеттик заказчы гранттык комиссия менен макулдашуу боюнча конкурстун катышуучуларынын долбоордук сунуштарын баалоо үчүн көз карандысыз эксперттер менен келишимдерди түзүүгө укуктуу.
8. Коомдук пайдалуу долбоорлордун ишке ашырылышын контролдоо жана мониторинг жүргүзүү
65. Коомдук пайдалуу долбоордун ишке ашырылышын жана гранттык каражаттардын пайдаланылышын контролдоо мамлекеттик заказчы, ошондой эле контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары берилген тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Коомдук пайдалуу долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо мамлекеттик заказчы тарабынан өз алдынча же көз карандысыз эксперттерди тартуу менен жүзөгө ашырылат.
66. Коомдук пайдалуу долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн мамлекеттик заказчы ыйгарым укуктуу органдын адистеринин жана гранттык комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен жумушчу топ түзөт.
67. Коомдук пайдалуу долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жана баалоо жылдык план-графикке ылайык жүргүзүлөт, анда коомдук пайдалуу долбоорлордун аталыштары, алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо мөөнөттөрү жана орду көрсөтүлөт.
68. Ишке ашырылып жаткан коомдук пайдалуу долбоорго мониторинг жана баалоо мамлекеттик заказчы тарабынан бекитилген техникалык тапшырмага ылайык жүргүзүлөт, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) коомдук пайдалуу долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн жана анын натыйжаларын баалоонун милдеттерин, этаптарын жана мөөнөттөрүн баяндоону;
2) мониторинг жүргүзүү жана баалоо маселелерин;
3) мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча жумушчу топтун курамын;
4) мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн индикаторлорду;
5) мониторинг жүргүзүү объекти жөнүндө болжолдуу маалыматты талдоону (мурдагы мониторингдин натыйжалары, мониторинг жүргүзүү объекти жөнүндө байланыш жана техникалык маалыматтар, кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын суңуштары жана даттануулары ж.б.);
6) мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн башка зарыл чараларды жана инструменттерди.
69. Коомдук пайдалуу долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жана баалоо жүргүзгөн аткаруучу почта же электрондук байланыш (электрондук почта, факс) аркылуу кызмат көрсөтүүчүгө мониторинг жүргүзүү жана баалоо башталганга чейин 5 жумуш күндөн кем эмес мурда жазуу жүзүндө кабарлайт.
70. Коомдук пайдалуу долбоорлордун ишке ашырылышын баалоо төмөнкү индикаторлор боюнча жүргүзүлөт:
1) коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугунун индикатору - коомдук пайдалуу долбоордун максаттарына жана милдеттерине жетүү даражасы өлчөнөт. Бул индикатор коомдук пайдалуу долбоор ишке ашырылып жаткан тармактык (бюджеттик) программалардын жана чаралардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн мамлекеттик заказчы тарабынан пайдаланылуучу натыйжалуулук көрсөткүчтөрү менен байланышууга тийиш. Натыйжалуулуктун индикатору өзгөчө тармактык көрсөткүчтөрдөн тышкары социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын канааттануусунун көрсөткүчтөрүн камтууга тийиш;
2) коомдук пайдалуу долбоорлордун социалдык кызматтарын көрсөтүү стандарттарына ылайык келүү индикатору - көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын тиешелүү тармак үчүн бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу стандарттарына же эгерде мындай стандарттар бекитилбесе, мамлекеттик заказчы тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүсү боюнча бааланат жана төмөнкү көрсөткүчтөрдү камтууга тийиш:
- социалдык кызматтардын өз убагында, натыйжалуу жана даректүү көрсөтүлүшү;
- көрсөтүлүүчү кызматтардын толуктугу (тармак үчүн бекитилген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу тизмегине ылайык келүүсү);
- социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн кесиптик даярдыгы бар кызматкерлердин болушу;
- персоналдын квалификациясынын белгиленген талаптарга ылайык келүүсү, кызматтарды көрсөтүүдө кесиптик этиканын жалпы эрежелерин жана ченемдерин сактоосу;
- көрсөтүлүүчү социалдык кызмат боюнча сапат стандарттарына жана санитардык-гигиеналык ченемдерге жооп берген менчик же ижарага алынган жайлардын болушу (бул кызмат көрсөтүү боюнча минималдуу социалдык стандарттарга ылайык жайларга муктаждык болбогон кызматтарды кошпогондо);
- социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын жана түзүлүштөрдүн болушу.
71. Коомдук пайдалуу долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыгы боюнча 14 жумуш күндүн ичинде мамлекеттик заказчынын жетекчисине отчет, ошондой эле коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучуга милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон сунуштар берилет.
72. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча сунуштамаларды аткарбагандыгы үчүн коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучу коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө келишимде каралган жоопкерчиликти тартат.
|
| 1-тиркеме |
Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
______________________________ (аталышы)
20___-ж. "____" __________________ |
| Бишкек шаары |
___________________________________________________________________________________
(каржылаган уюмдун аталышы жана ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнү)
(мындан ары - Мамлекеттик заказчы) __________________________________________________
негизинде иштеген бир тараптан жана _________________________________________________
(каржылоону алган уюмдун аталышы)
(мындан ары - Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучу)
_____________________________________________________ (уюмдун жетекчисинин аты-жөнү)
атынан ____________________________________________ негизинде иштеген, экинчи тараптан
төмөнкүлөр тууралуу ушул Келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1. Мамлекеттик заказчы _____________________________________________________________
(_____________________________________________) сом өлчөмүндө акча каражатын (грантты)
максаттуу пайдалануу үчүн Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучуга берет, ал эми
Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучу ушул Келишим менен бекитилген максаттарга,
шарттарга ылайык жана тартипте грантты кабыл алууга жана тескөөгө милдеттенет.
2. Акча каражатын (грантты) берүү төмөнкү график боюнча жүргүзүлөт:
____________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
3. Гранттын каражаттарын максаттуу пайдалануу болуп коомдук пайдалуу долбоорду ишке
ашыруу үчүн Мамлекеттик социалдык заказды ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп
саналган бюджеттин чыгымдар беренесине ылайык аткарууга жарыяланган
____________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
(конкурстун аталышы) конкурсунун алкагында берилген бюджеттик каражаттарды сарптоо эсептелет.
4. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү:
башталышы 20___-жылдын "____" __________________;
аякташы 20_______жылдын "____" __________________.
5. Ушул Келишимге ылайык берилген каражаттар макулдашылган мөөнөттөргө ылайык
пайдаланылууга тийиш. Мамлекеттик заказчынын атайын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз белгиленген
мөөнөт башталганга чейин же ал аяктагандан кийин максаттуу түшкөн каражаттарды пайдаланууга
уруксат берилбейт.
2. Гранттын максаттары
6. Гранттын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
7. Гранттын максаттарынын толук баяндалышы ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү
болуп саналган Техникалык тапшырмада (ушул Келишимдин 1-тиркемеси) берилет.
3. Мамлекеттик заказынын укуктары жана милдеттери
8. Мамлекеттик заказчы келишим түзүлгөн жана Мамлекеттик заказчыга Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучунун төлөм реквизиттери берилген күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде, ошондой эле ушул Келишимде аныкталган шарттарга ылайык Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучуга грантты берүүгө милдеттенет. Мамлекеттик заказчы аталган шарттарды бир тараптуу түрдө өзгөртүүгө укуксуз.
9. Мамлекеттик заказчы мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун жүрүшүнө учурдагы контролду жүргүзүүгө укуктуу.
10. Мамлекеттик заказчы Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучунун ушул Келишимди ишке ашыруу менен байланышкан ишине кийлигишүүгө укуксуз. Мамлекеттик заказчы гранттын максаттуу пайдаланылышын жана мамлекеттик социалдык заказдын талаптагыдай аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырган иш-чаралар Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучунун ишине кийлигишүү деп эсептелбейт.
11. Мамлекеттик заказчы Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучудан финансылык жана статистикалык отчетту же ушул Келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган башка маалыматтарды талап кылууга укуксуз.
4. Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучунун укуктары жана милдеттери
12. Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучу грантты ушул Келишимде аныкталган максаттарда гана пайдаланууга жана техникалык тапшырмада аныкталган кызматтарды толук көлөмдө жана ушул Келишимде белгиленген мөөнөттө көрсөтүүгө милдеттенет.
13. Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучу ушул Келишимдин 14-пунктунда каралган учурду кошпогондо, чыгымдардын беренелеринин багыттарын өзгөртүүгө укуксуз.
14. Зарыл болгон учурда Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучу тарабынан каражаттарды Мамлекеттик заказчы менен макулдашпастан бюджеттин тиешелүү беренесинин суммасынын чегинде 10%дан ашпаган өлчөмдө чыгымдар беренелеринин ортосунда кайра бөлүштүрүүгө жол берилет.
15. Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучу өз каалоосу боюнча мамлекеттик социалдык заказда каралган жумуштарды аткарууга/кызматтарды көрсөтүүгө үчүнчү жактарды (жеке жана юридикалык) тартууга укуктуу.
16. Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучу Мамлекеттик заказчынын жазуу жүзүндөгү сунушу боюнча мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун жыйынтыктарын контролдоо жана баалоо үчүн Мамлекеттик заказчынын өкүлдөрү менен кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын ортосунда жумушчу жолугушууларды уюштурууга милдеттенет.
17. Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучу ал ээлик кылган жана пайдаланган башка каражаттардан жана мүлктөн ушул Келишимдин негизинде алынган каражаттардын жана мүлктүн өзүнчө эсебин жүргүзөт.
18. Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучу ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү аяктаганда Мамлекеттик заказчыга гранттын колдонулбаган бөлүгүн кайтарууга милдеттенет.
5. Отчеттуулук жана контроль
19. Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучу Мамлекеттик заказчыга грантты пайдалануу жөнүндө төмөнкүдөй отчетторду берүүгө милдеттенет:
- коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө учурдагы (аралыктык) жазуу жүзүндөгү отчеттор
_____________________________________________________________________________________ берилет;
(мезгилдүүлүгүн көрсөтүү керек)
- коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө жыйынтыктоочу жазуу жүзүндөгү отчет 20____-ж. "____" _____________ кечиктирилбестен берилет.
20. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө учурдагы жана жыйынтыктоочу отчетторго тиешелүү финансылык отчеттор тиркелиши керек, анда долбоордун бюджетинин аткарылышы боюнча чыгымдар чагылдырылышы керек. Финансылык отчетторго чыгымдарды ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш.
21. Мамлекеттик социалдык заказды аткарууга тиешеси бар отчеттор, финансылык жана башка документтер Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучуда сакталышы керек жана зарыл болгон учурда Мамлекеттик заказчынын кызматкеринин текшерүүсү үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
22. Финансы каражаттарын жана мүлктү пайдаланууну, ошондой эле техникалык тапшырмада каралган жумуштарды аткарууну/кызматтарды көрсөтүүнү текшерүү Мамлекеттик заказчы тарабынан финансылык жана башка отчетторду изилдөөнүн, жумушчу жолугушуулардын, көз карандысыз экспертизаны жүргүзүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.
23. Мамлекеттик заказчы Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучуга мамлекеттик социалдык заказдын аткарылышы тууралуу финалдык отчетторду жактыруу тууралуу жазуу жүзүндө билдирет.
6. Тараптардын жоопкерчилиги
24. Ушул Келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди тараптардын бири аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, күнөөлүү тарап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Келишимдин шарттарына ылайык жоопкерчилик тартат.
25. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу аяктаганда же ушул Келишимди колдонуу мөөнөтүн узартууда, ушул Келишимди бузууда (мөөнөтүнөн эрте токтотууда) гранттык каражаттардан калдык калган учурда, сарпталбаган каражаттар же максаттуу пайдаланылышы тиешелүү документтерде ырасталбаган каражаттар Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучу тарабынан 30 календардык күндүн ичинде Мамлекеттик заказчынын эсебине кайтарылат.
26. Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучу ушул Келишим боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда Мамлекеттик заказчы ушул Келишим боюнча өзүнүн кошумча милдеттенмелерин аткаруудан баш тартууга жана Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучудан келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
7. Келишимди бузуу
27. Ушул Келишим төмөнкү учурларда өзүнүн колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотот:
1) тараптардын макулдашуусу боюнча;
2) сот органынын чечими боюнча.
28. Ушул Келишимдин колдонулушу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучу Мамлекеттик заказчы берген акча каражаттарын пайдалануу боюнча отчетту берет.
8. Келишимди өзгөртүү (толуктоо)
29. Ушул Келишимди өзгөртүүгө жана толуктоого тараптардын макулдашуусу боюнча жол берилет жана жазуу жүзүндө таризделүүгө тийиш.
30. Ушул Келишимдин шарттарын Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучунун абалын начарлатуучу өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго жол берилбейт.
9. Кошумча шарттар
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
10. Талаштарды чечүү
31. Ушул Келишим боюнча талаш-тартыштар келип чыккан учурда Мамлекеттик заказчы менен Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучу өз ара сүйлөшүүлөр жолу менен аларды чечүүнүн бардык чараларын көрөт.
32. Ушул Келишим боюнча талаш-тартыштарды сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салуу мүмкүн болбогон учурда тараптар аларды сот тартибинде чечет.
11. Корутунду жоболор
33. Ушул Келишим кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана 20____- ж."___" ______________ чейин колдонулат.
34. Ушул Келишим тараптардын ар бирине бирден, бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада түзүлдү.
35. Ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп төмөнкүдөй тиркемелер эсептелет:
1) Техникалык тапшырма - коомдук пайдалуу долбоорду баяндоо;
2) Коомдук пайдалуу долбоордун бюджети;
3) Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу боюнча отчеттун формасы.
12. Тараптардын колу жана реквизиттери
_________________________________ |
| ________________________________ |
(Мамлекеттик заказчынын аталышы) |
| (МСЗ аткаруучунун аталышы) |
Дареги: |
| Дареги: |
_________________________________ |
| _________________________________ |
|
|
|
Банктык реквизиттер: |
| Банктык реквизиттер: |
Банк: |
| Банк: |
________________________________ |
| ________________________________ |
Алыш-бериш эсеби: |
| Алыш-бериш эсеби: |
________________________________ |
| ________________________________ |
БИК: |
| БИК: |
Жетекчи: |
| Жетекчи: |
_________________________________ |
| _________________________________ |
(аты-жөнү) |
| (аты-жөнү) |
_________________________________ |
| _________________________________ |
(колу) |
| (колу) |
М.О. |
| М.О. |
|
| 2-тиркеме |
Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун алкагында коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу тууралуу ОТЧЕТ
Уюмдун - Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучунун аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
Долбоорду ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдын аты-жөнү жана байланыш маалыматтары |
|
|
|
|
|
|
|
Долбоордун аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
Отчеттук мезгил |
| ___________________ тартып | |
|
| ___________________ чейин | |
Отчеттун тиби |
| Аралыктык | |
|
| Финалдык | |
Иш-чаралар жана аткарылган иштер:
1-милдет
1-иш-чара
Датасы ____________________________________________________________________________
Аталышы __________________________________________________________________________
Жыйынтыктары _____________________________________________________________________
Катышуучулардын саны жана баяндоо (кайсы максаттуу топтор катышты;
катышуучулардын тизмеси)
2-иш-чара
Датасы ____________________________________________________________________________
Аталышы __________________________________________________________________________
Жыйынтыктары _____________________________________________________________________
Катышуучулардын саны жана баяндоо (кайсы максаттуу топтор катышты;
катышуучулардын тизмеси)
2-милдет
2-иш-чара
Датасы ____________________________________________________________________________
Аталышы __________________________________________________________________________
Жыйынтыктары _____________________________________________________________________
Катышуучулардын саны жана баяндоо (кайсы максаттуу топтор катышты; катышуучулардын тизмеси)
Долбоордун максатына жетүүнү жана милдеттерин талдоо
Максаттарды жана милдеттерди баяндоо | Максатка жана милдеттерге жетүү даражасы өлчөнгөн индикаторлор | Пландалган натыйжанын сан менен берилиши | Максатка жана милдеттерге жетүүнүн иш жүзүндө алынган натыйжасы |
Долбоордун максаты (Баяндоону кайталоо) |
|
|
|
1-милдет: (1-милдетти баяндоону кайталоо) |
|
|
|
2-милдет: (2-милдетти баяндоону кайталоо) |
|
|
|
Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу комментарийлер
Көйгөйлөр жана кыйынчылыктар |
|
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыктар жана сунуштар |
|
|
|
|
|
|
|
Ийгилик таржымалы |
|
|
|
|
|
|
|
Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн ЖМК чагылдыруу |
|
| Материал чыккан дата ЖМК аталышы Материалдын аталышы Материалдын көчүрмөсүн же түп нускасын тиркеңиз |
Уюмдун жетекчиси ____________________________________
(колу, аты-жөнү)
М.О.
Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун алкагында коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу тууралуу ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТ
№ | Чыгымдар беренеси | Долбоордун бюджетинде пландалган гранттык каражаттар | Уюмдун жеке салымы, башка донорлордун салымы (бар болсо) | Иш жүзүндө сарпталган гранттык каражаттар | Эскертүү |
Программалык чыгымдар | |||||
| 1-милдет |
|
|
|
|
| 1-иш-чара |
|
|
|
|
| Берене |
|
|
|
|
| Берене |
|
|
|
|
| 2-иш-чара |
|
|
|
|
| Берене |
|
|
|
|
| Берене |
|
|
|
|
| 1-милдет боюнча бардыгы: |
|
|
|
|
| 2-милдет |
|
|
|
|
| 2-иш-чара |
|
|
|
|
| Берене |
|
|
|
|
| Берене |
|
|
|
|
| 2-милдет боюнча бардыгы: |
|
|
|
|
Административдик чыгымдар | |||||
| Берене |
|
|
|
|
| Берене |
|
|
|
|
| Бардыгы: |
|
|
|
|
| Жалпы: |
|
|
|
|
Уюмдун жетекчиси ____________________________________
(колу, аты-жөнү)
М.О.
___________