Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 604 токтомуна) |
Социалдык талондор (ваучерлер) аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо социалдык талондор (ваучерлер) аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү формасындагы мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу тартибин белгилейт, ошондой эле "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик заказчыларга жайылтылат.
2. Юридикалык жактар (коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар (саясий партиялардан тышкары) жана жеке ишкерлер социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү формасындагы мамлекеттик социалдык заказды аткаруучулар (мындан ары - социалдык кызматтарды көрсөтүүчүлөр) боло алат.
3. Мамлекеттик заказчы:
1) социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү формасындагы программаны ишке ашыруунун планын иштеп чыгат жана бекитет, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) социалдык талондор аркылуу көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын тизмесин;
б) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга социалдык талондор берилүүчү жарандардын категорияларын жана санын;
в) социалдык кызматтарды көрсөтүүгө карата талаптарды;
г) социалдык кызматтарды көрсөтүүчүлөр үчүн квалификациялык талаптарды;
д) социалдык талондун номиналдык наркын (мониторинг аркылуу белгиленген орточо рыноктук нарк);
е) социалдык талондорду берүүнүн тартибин, мөөнөттөрүн, ордун;
ж) социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн узактыгын жана мезгилдүүлүгүн;
з) социалдык кызматтарды көрсөтүүчүлөргө социалдык талондордун наркын компенсациялоонун тартибин жана программаны сапаттуу ишке ашыруу үчүн башка маалыматтарды;
2) талондор аркылуу социалдык кызмат көрсөтүүчүлөрдү квалификациялык тандоонун башталгандыгы жөнүндө төмөнкү маалыматтарды камтыган кулактандырууну жарыялайт:
а) мамлекеттик заказчынын аты-жөнүн, анын байланыш маалыматтарын (почта дареги, электрондук почтасынын дареги, расмий сайты, жооптуу адамдын телефон номери жана байланыш маалыматтары);
б) социалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышын жана номиналдык наркын;
в) сатып алынуучу социалдык кызмат көрсөтүүгө карата стандарттарды же конкурстук талаптарды;
г) социалдык кызмат көрсөтүүчүлөргө карата квалификациялык талаптарды;
д) арыздын мазмунуна талаптарды жана социалдык кызмат көрсөтүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмегин;
е) арызды жана документтерди берүү ыкмасын (жеке, почта, электрондук почта же мамлекеттик заказчынын расмий сайты аркылуу);
ж) квалификациялык тандоого катышуу үчүн арызды жана документтерди берүүнүн акыркы мөөнөтү;
з) жарандарга социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызматтарды көрсөтүү, социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн шарттары (кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укуктуу жарандардын категориялары, социалдык талондорду берүүнүн тартиби, мөөнөттөрү жана орду) жөнүндө кулактандырууну жарыялайт.
2. Социалдык кызматтарды көрсөтүүчүлөргө карата талаптар
4. Социалдык кызматтарды көрсөтүүчүлөр төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) социалдык талон аркылуу көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
2) салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу;
3) банктык эсебинин болушу;
4) тиешелүү ишти жүргүзүүгө лицензиянын, аккредитациянын же уруксаттын болушу (эгерде иш лицензияланууга тийиш болсо же кызматтарды көрсөтүү үчүн башка уруксат зарыл болсо);
5) түздөн-түз социалдык кызматтарды көрсөтүүчү кызматкерлерде лицензиянын (уруксаттын) болушу (эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча талап кылынса).
5. Мамлекеттик заказчы сатып алынган социалдык кызмат көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрүнө жараша социалдык кызмат көрсөтүүчүлөргө төмөнкүдөй кошумча талаптарды белгилөөгө укуктуу:
1) адистештирилген транспорттун жана/же жабдуулардын болушу;
2) филиалдардын же тейлөө пункттарынын кеңири тармагынын болушу;
3) социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон башка талаптар.
6. Квалификациялык тандоого катышууга арызда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
1) жеке ишкердин аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы;
2) арыз ээси көрсөтүүчү кызматты баяндоо;
3) жетекчинин аты-жөнү жана ал өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан документтин аталышы;
4) арыз ээсинин байланыш маалыматтары (почта дареги, жумуш, үй жана мобилдик телефондорунун номерлери, электрондук почтасынын жана Интернет сайтынын дареги (бар болсо);
5) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН);
6) арыз ээсинин банктык реквизиттери.
7. Арызга төмөнкү документтер тиркелүүгө тийиш:
1) патенттин же мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) арыз ээсинин уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (юридикалык жак үчүн);
3) салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкаттар;
4) кызмат көрсөтүүгө лицензиянын же уруксаттын көчүрмөсү (эгерде иш лицензияланууга тийиш болсо же кызматтарды көрсөтүү үчүн башка уруксат керек болсо);
5) аккредитациядан өткөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү (эгерде уюмдун мамлекеттик социалдык заказдын алкагында жүзөгө ашырылуучу иши аккредитацияланууга тийиш болсо);
6) арыз ээсинин персоналынын квалификациясын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү (зарыл болгон учурда);
7) арыз ээсинин уюмунун штаттык расписаниеси (зарыл болгон учурда);
8) жабдуулардын, имараттардын, транспорт каражаттарынын болушу, саны жана абалы жөнүндө документтер жана арыз ээсинин талап кылынган кызматты көрсөтүүгө мүмкүндүктөрүн ырастаган башка документтер (зарыл болгон учурда).
8. Квалификациялык тандоого катышуу үчүн арыздарды жана документтерди кабыл алуунун мөөнөтү кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
9. Арыз ээсине анын квалификациялык тандоого катышуу үчүн арызын кабыл алуудан төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:
1) кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин арыз берүү;
2) арызда ушул Жобонун 6-7-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтардын жана документтердин жоктугу.
10. Арызды кабыл алуудан баш тартуу арызды кабыл алуудан баш тартууга себеп болгон кемчиликтер четтетилген жана кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин арыз кайрадан берилген шартта арыз ээсин кайра кайрылуу укугунан ажыратпайт.
3. Социалдык кызмат көрсөтүүчүлөрдү квалификациялык тандоо
11. Социалдык кызмат көрсөтүүчүлөрдү квалификациялык тандоо социалдык кызмат көрсөтүүчүлөрдү квалификациялык тандоо жөнүндө жарыялоо башталганга чейин мамлекеттик заказчы тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
12. Комиссия социалдык кызмат көрсөтүүчүлөрдү берилген документтердин жана алынган маалыматтардын негизинде документтерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 14 календардык күндөн кечиктирбестен тандап алат.
13. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин комиссия арыздарды жана аларга тиркелген документтерди квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү боюнча текшерет.
14. Арыз ээсинин квалификациялык талаптарга ылайык келүүсүн баалоо максатында комиссия арыз ээси ишин жүргүзүп жаткан жерди карап чыгууга жана арыз ээсинин ыйгарым укуктуу адамдары менен аңгемелешүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.
15. Квалификациялык тандоодон өткөн арыз ээлеринин санын чектөөгө жол берилбейт.
16. Социалдык кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келген арыз ээлери квалификациялык тандоодон өткөндөр деп эсептелет.
17. Социалдык кызмат көрсөтүүчүлөрдү квалификациялык тандоо жөнүндө чечим комиссиянын протоколу менен таризделет. Комиссиянын чечими мамлекеттик заказчынын буйругу менен бекитилет.
18. Квалификациялык тандоонун жыйынтыктарын бекитүү жөнүндө буйрукта тандалып алынган социалдык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн, квалификациялык тандоодон өтпөй калган арыз ээлеринин тизмеси камтылат, буйрук чыгарылган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде мамлекеттик заказчынын расмий сайтында жайгаштырылат, расмий сайты жок учурда анын маалымат тактасында жайгаштырылат.
4. Социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүүгө келишим
19. Квалификациялык тандоодон өткөн социалдык кызмат көрсөтүүчү менен келишим мамлекеттик заказчы тарабынан квалификациялык тандоо аяктаган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде түзүлөт. Келишим ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүүгө типтүү келишимдин негизинде түзүлөт.
20. Социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү келишимин колдонуу мөөнөтү программаны ишке ашыруу планында каралган кызматтарды көрсөтүү мөөнөтүнөн аз болбойт.
21. Социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүүгө келишим бюджеттик каржылоо болгон жана социалдык кызмат көрсөтүүчү тарабынан келишим талаптагыдай аткарылган учурда кийинки календардык жылга узартылышы мүмкүн.
22. Мамлекеттик заказчы төмөнкү учурларда социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү келишимин аткаруудан бир тараптуу баш тартууга же келишимди бузууга укуктуу:
1) келишимдин шарттарын бузуу менен социалдык кызмат көрсөтүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга кызматтарды көрсөтүүдөн бир нече жолу (эки же андан көп жолу) баш тартканда;
2) белгиленген талаптарга жооп бербеген кызматтарды көрсөтүүдө;
3) келишимдин олуттуу шарттары бузулганда.
23. Мамлекеттик заказчы келишимдин олуттуу шарттарын бузган учурда социалдык кызматтарды көрсөтүүчү социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүүгө келишимди аткаруудан бир тараптуу баш тартууга же келишимди бузууга укуктуу.
24. Мамлекеттик заказчы тандалып алынган социалдык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ичинен социалдык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн электрондук реестрин түзөт.
5. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга социалдык талондорду берүү тартиби
25. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга социалдык талондорду берүү арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде мамлекеттик заказчы (анын аймактык бөлүмү) тарабынан жүзөгө ашырылат.
Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
- кызмат көрсөтүүлөрдү алууга арыз;
- паспорттун копиясы;
- жашаган жеринен маалымкат;
- социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун негиздүүлүгү жөнүндө кызыкдар аймактык органдын корутундусу.
26. Мамлекеттик заказчы 14 жумуш күндүн ичинде кызмат көрсөтүүчүлөрдүн арызын жана документтерин белгиленген тартипте карайт жана берүү же себептерин көрсөтүү менен баш тартуу жөнүндө чечим (буйрук/тескеме) кабыл алат.
27. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга социалдык талондор менен катар социалдык талонго алмаштыруу менен алар социалдык кызмат көрсөтүүлөрүн ала алган социалдык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн байланыш маалыматтарын (аты-жөнү, жайгашкан жери жана телефон номери) көрсөтүү менен алардын тизмеси, ошондой эле социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу социалдык талонду пайдаланууда көйгөйлөр келип чыккан учурда мамлекеттик заказчыга кайрыла ала тургандыгы жөнүндө маалымат берилет.
28. Мамлекеттик заказчы төмөнкү учурларда социалдык талонду берүүдөн баш тартууга укуктуу:
1) арыз ээси социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга анын укугун ырастоочу документтерди бербесе;
2) арыз ээси социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугу берилген жарандардын категорияларына ылайык келбесе;
3) суроо-талап кылынган социалдык кызмат көрсөтүү социалдык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн тизмегинде каралбаса.
29. Социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү бир жолку же узакка созулган мүнөзгө ээ болушу мүмкүн. Көрсөтүлгөн социалдык кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мамлекеттик заказчы социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучуга төмөнкүлөрдү берүүгө укуктуу:
1) бир жолку социалдык кызмат көрсөтүлгөн учурда бир кызмат көрсөтүүгө бир социалдык талонду;
2) белгилүү бир мезгил ичинде үзгүлтүксүз мезгилдүүлүк менен бир нече ирет көрсөтүлүүчү ар бир кызмат үчүн бирден социалдык талонду. Ошол эле учурда социалдык талондорду берүүнүн мезгилдүүлүгү социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучу кызматты өз убагында жана үзгүлтүксүз ала алгандай белгиленүүгө тийиш (мисалы, жалгыз бой муктаж болгон улгайган жарандар үчүн ай сайын чач тарач кызматына социалдык талондор);
3) социалдык кызмат көрсөтүүнүн бүткүл мезгили үчүн бир убакта бир нече социалдык талонду (мисалы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн дарылоочу укалоо курсун алуу үчүн 5 талон - ар бир сеанс үчүн бирден талон);
4) социалдык кызмат көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен башка мезгилдүүлүк менен берилген социалдык талондордун башка саны.
30. Ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык социалдык талондун бланкы так отчеттуулук документи болуп саналат. Социалдык талондордун бланктарын эсепке алуу, сактоо жана жок кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
31. Социалдык кызмат көрсөтүүчү ар бир айдын бешине чейин мамлекеттик заказчыга ал көрсөткөн кызмат үчүн акы төлөө эсебин жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын социалдык талондорунун көчүрмөлөрүн берет.
32. Мамлекеттик заказчы төлөө эсебин жана пайдаланылган социалдык талондорду алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде социалдык кызмат көрсөтүүчү тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарга акыны анын банктык эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен төлөйт.
33. Социалдык талон социалдык кызматты алуучунун күнөөсүсүз жоголгон же бузулган учурда менчик ээсинин же анын өкүлүнүн арызы боюнча мамлекеттик заказчы арыз түшкөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде ага социалдык талондун дубликатын берет. Социалдык талондун дубликатын берүү жөнүндө арыз социалдык талондун ээси же анын өкүлү тарабынан жоголгон же бузулган социалдык талондун мөөнөтү аяктаганга чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет.
34. Социалдык талондун колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучу каза болгондо, социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучу каза болду деп жарыяланганда же ал дайынсыз жок деп таанылганда;
2) аймактык органдын социалдык талон аркылуу социалдык кызмат көрсөтүүнү токтотуу жөнүндө корутундусу;
3) социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучунун башка районго көчүүсү;
4) социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучунун социалдык кызмат көрсөтүүнү алуусу үчүн үчүнчү жактарга социалдык талонду берүүсү ырасталган фактылардын болушу.
35. Социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз каалоосу боюнча ал кызматты ала турган социалдык кызмат көрсөтүүчүнү аныктоого;
2) мамлекеттик заказчыдан социалдык кызмат көрсөтүүчүлөр жөнүндө маалыматтарды суроого;
3) социалдык кызмат көрсөтүүнү алуунун шарттары, тартиби жана бул кызматты көрсөтүүгө коюлуучу талаптар жөнүндө түшүндүрмөлөрдү жана консультацияларды алууга;
4) белгиленген талаптарга ылайык жана тиешелүү сапаттагы социалдык кызмат көрсөтүүнү алууга;
5) мамлекеттик заказчыга социалдык кызмат көрсөтүүчүнүн аракетине (аракетсиздигине), көрсөтүлүүчү социалдык кызматтын сапатына даттанууларды жөнөтүүгө;
6) өзүнүн даттануусун кароонун жүрүшү жөнүндө маалыматты алууга.
36. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик заказчыга алардын жашоосундагы социалдык талонду берүүнү жокко чыгарууга алып келген бардык өзгөрүүлөр жөнүндө алар пайда болгон күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде билдирүүгө;
2) социалдык талонду белгиленген мөөнөт ичинде колдонууга;
3) социалдык талондун сакталышын жана бүтүндүгүн көзөмөлдөөгө;
4) социалдык кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн социалдык талонду башка адамдарга бербөөгө.
37. Колдонуу мөөнөтү токтотулган социалдык талондор, ошондой эле берилген социалдык талондордун дубликаттары жөнүндө маалыматтар социалдык талондордун реестрине киргизилет жана социалдык кызмат көрсөтүүчүлөргө жазуу жүзүндө маалымдалат.
6. Социалдык талондордун реестри жана социалдык кызмат көрсөтүүгө мониторинг жүргүзүү
38. Мамлекеттик заказчы берилген социалдык талондордун реестрин (мындан ары - Реестр) кагаз (боолонгон, номерленген) жана/же электрондук сактагычтарда жүргүзөт. Реестр мамлекеттик заказчы тарабынан бекитилген форма боюнча жүргүзүлөт.
39. Реестр төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) жазуунун катар номерин;
2) социалдык талон берилген чечимдин номерин жана датасын;
3) социалдык талон берилген датаны;
4) мамлекеттик заказчынын аты-жөнүн;
5) социалдык талондун номерин жана колдонуу мөөнөтүн;
6) социалдык талондун негизинде көрсөтүлүүчү социалдык кызматтын аталышын;
7) социалдык талон аркылуу көрсөтүлүүчү социалдык кызматтын наркын;
8) социалдык талонду алуучунун аты-жөнүн, ошондой эле социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн (эгерде кызмат социалдык талонду алуучуга көрсөтүлбөсө);
9) социалдык талонду алуучунун колун (кагаз жүзүндө жүргүзүлө турган реестрде);
10) социалдык талонду колдонуу датасын;
11) социалдык кызмат көрсөтүүчүнүн аталышын жана дарегин;
12) социалдык кызмат көрсөтүүчүгө социалдык талондун наркын төлөө датасын;
13) кызмат көрсөтүүчүгө социалдык талондун наркын төлөбөө себептери жөнүндө маалыматты.
40. Мамлекеттик заказчы социалдык кызмат көрсөтүүчү тарабынан социалдык талондор аркылуу социалдык кызмат көрсөтүүгө келишимдин шарттарынын сакталышын контролдоону төмөнкү ыкмалар менен жүзөгө ашырат:
1) социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучулардын даттанууларын жана арыздарын кароо;
2) социалдык кызмат көрсөтүүчүнүн келишимге ылайык ишин текшерүү.
41. Социалдык талон аркылуу социалдык кызмат көрсөтүүгө мониторинг жана баалоо квартал сайын мамлекеттик заказчы тарабынан өз алдынча же көз карандысыз эксперттерди тартуу менен жүзөгө ашырылат.
42. Социалдык талон аркылуу социалдык кызмат көрсөтүүгө мониторинг жүргүзүү жана баалоо методикасы мамлекеттик заказчы тарабынан бекитилет.
|
| 1-тиркеме |
Социалдык талондор (ваучерлер) аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүүгө ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
Мамлекеттик заказчы
_________________________________________________________________________
(мамлекеттик заказчынын аталышы)
мындан ары "Заказчы" деп аталуучу, ________________________________ негизинде
иштеген __________________________________________________________________
(жетекчинин кызматы, аты-жөнү)
атынан, бир тараптан жана _______________________________ социалдык кызматты
көрсөтүүчү _______________________________________________________________
(кызмат көрсөтүүчүнүн аталышы)
______________________________________________________________ мындан ары
"Кызмат көрсөтүүчү" деп аталуучу ____________________________________________
__________________________________________________________________ атынан,
(эгерде юридикалык жак болсо жетекчинин кызматы, аты-жөнү)
негизинде иштеген, экинчи тараптан, чогуу "Тараптар" деп аталуучулар төмөнкүлөр
тууралуу ушул Келишимди түздү.
1. Келишимдин предмети
Кызмат көрсөтүүчү жарандарга - социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучуларга
(Алуучу) Заказчы берген социалдык талонго алмаштыруу
менен __________________________________________________________________
(социалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы)
көрсөтүүгө милдеттенет, ал эми Заказчы Келишимдин шарттарына ылайык Кызмат көрсөтүүчү көрсөткөн кызматтарга акы төлөөнү милдеттенет.
2. Кызмат көрсөтүүнүн тартиби
1. Заказчы Алуучуларга социалдык талондорду берет, ошондой эле өзүнүн расмий сайтына же маалымат тактасына кызмат көрсөтүүлөрдү ала алган кызмат көрсөтүүчүлөрдүн тизмесин жайгаштырат.
2. Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн тизмеси Заказчы тарабынан алардын аталышы боюнча алфавиттик тартипте түзүлөт.
3. Социалдык талон берилген алуучу кызмат көрсөтүүчүлөрдүн тизмесинде көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүчүлөрдүн биринен өз каалоосу боюнча, анын ичинде ушул Келишим түзүлгөн Кызмат көрсөтүүчүдөн кызмат көрсөтүүнү алууга укуктуу.
4. Кызмат көрсөтүүчү төмөнкү дарек боюнча Алуучуларга кызмат көрсөтөт: _________________________________.
5. Кызмат көрсөтүүнү алууда Алуучу Кызмат көрсөтүүчүгө көрсөтүлгөн кызматка төлөм катары социалдык талонду берет.
6. Кызмат көрсөтүүчү стандарттарга жана/же Келишимдин тиркемесинде белгиленген талаптарга ылайык Алуучуга кызмат көрсөтөт жана Алуучуга социалдык талондун айрыма дүмүрчөгүн берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жана эсептешүү тартиби
7. Кызмат көрсөтүүнүн наркы социалдык талондо көрсөтүлөт.
8. Социалдык талон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен форма боюнча таризделет.
9. Ар бир айдын бешине чейин Кызмат көрсөтүүчү Заказчыга ал көрсөткөн кызматтар үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен форма боюнча төлөө эсебин берет.
10. Төлөө эсебине көрсөтүлгөн кызматтарга алынган социалдык талондор тиркелет.
11. Заказчы төлөө эсебин жана колдонулган социалдык талондорду алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде Кызмат көрсөтүүчүнүн банктык эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен ал көрсөткөн кызматтарга акы төлөйт.
4. Мониторинг жүргүзүү жана контролдоо
12. Заказчы Кызмат көрсөтүүчүнүн иши үчүн тоскоолдуктарды жаратпастан Келишимдин аткарылышына мониторинг жүргүзөт жана контролдойт.
13. Заказчы Кызмат көрсөтүүчү тарабынан Келишимдин шарттарынын талаптагыдай аткарылышын төмөнкүдөй формада контролдойт:
1) Алуучулардын арыздарын жана даттанууларын кароо;
2) Кызмат көрсөтүүчүнүн кызматтарды көрсөтүүсү боюнча ишин текшерүү.
14. Кызмат көрсөтүүчүнүн ишин Заказчы төмөнкү маалыматтар келип түшкөн учурларда текшерет:
1) Кызмат көрсөтүүчүнүн Келишимдин шарттарын бузуу менен кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартуусу жөнүндө;
2) Кызмат көрсөтүүчүнүн социалдык талонго алмашуу менен Келишимде каралбаган кызматты көрсөтүүсү жөнүндө;
3) Кызмат көрсөтүүчүнүн белгиленген стандарттарга жана/же Келишимдин тиркемесинде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген кызматтарды көрсөтүүсү жөнүндө;
4) Кызмат көрсөтүүчү менен Алуучунун ортосунда көмүскө бүтүмдүн болушу, анын натыйжасында Кызмат көрсөтүүчү Алуучуга кызмат көрсөтпөстөн акчалай жана/же башка формада социалдык талондун бир бөлүгүн же толук наркын кайтарып берет;
5) социалдык талондун негизинде жарандарга кызмат көрсөтүү боюнча Келишимдин башка шарттарын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу жөнүндө.
15. Кызмат көрсөтүүчү Келишимдин шарттарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүдө жана контролдоодо Заказчыга көмөк көрсөтүүгө милдеттенет.
5. Ал жеткис күчтүн жагдайлары
16. Эгерде Келишимди түзгөндөн кийин пайда болгон жана өзгөчө мүнөзгө ээ ал жеткис күчтүн жагдайларынын таасиринин натыйжасында талаптагыдай аткаруу мүмкүн болбосо, Тараптар Келишим боюнча милдеттенмелерди жарым-жартылай же толук аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
17. Ал жеткис күчтүн жагдайларына өрт, суу каптоо, жер титирөө, согуш, массалык башаламандыктар жана Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга түздөн-түз таасирин тийгизген башка жагдайлар кирет.
18. Келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү ал жеткис күчтүн жагдайлары болгон убакытка барабар мөөнөткө узартылат.
19. Келишим боюнча өзүнүн милдеттенмелерин ал жеткис күчтүн жагдайларынын кесепетинен аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган тарап 3 жумуш күндүн ичинде экинчи Тарапка мындай жагдайлардын пайда болгондугу тууралуу жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
20. Бир Тараптын талабы боюнча экинчи Тарап суроо-талап түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде тиешелүү ыйгарым укуктуу орган берген ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыкканын ырастоочу документти берүүгө милдеттүү.
21. Тараптар ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин Келишимдин 17-пунктунда каралган ал жеткис күчтүн жагдайларынын болгонун ырастаган документтерди берүүнү талап кылуу укугунан ажырайт.
22. Ал жеткис күчтүн жагдайлары болгондугу тууралуу кабарлабоо же өз убагында кабарлабоо, ошондой эле ал жеткис күчтүн жагдайлары болгон фактыны ырастаган документти бербөө же өз убагында бербөө Тарапты мындай жагдайларга таянуу укугунан ажыратат.
6. Келишимди бузуу
23. Заказчы Келишимди аткаруудан бир тараптуу баш тартууга же аны төмөнкү учурларда бузууга укуктуу:
1) Кызмат көрсөтүүчү Алуучуга Келишимдин шарттарын бузуу менен кызмат көрсөтүүдөн бир нече (эки жана андан көп) жолу баш тартканда;
2) белгиленген стандарттарга жана/же талаптарга ылайык келбеген же Келишимде каралбаган кызматтарды көрсөткөндө;
3) Келишимдин бардык башка олуттуу шарттарын бузганда.
24. Кызмат көрсөтүүчү Келишимдин 3-бөлүмүндө каралган шарттарды Заказчы бузган учурда бир тараптуу түрдө Келишимди аткаруудан баш тартууга же Келишимди бузууга укуктуу.
25. Келишимдин 6-бөлүмүнүн 23 жана 24-пункттарында каралган учурларда Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлоо жолу менен жүргүзүлөт. Келишимди бузуу датасы болуп экинчи Тарап жазуу жүзүндөгү кабарламаны алган күн эсептелет.
26. Келишим мөөнөтүнөн эрте бузулган учурда Кызмат көрсөтүүчү Заказчыга Келишим бузулган күнгө чейин Алуучуга көрсөткөн кызматтарга төлөө эсебин берет. Заказчы Келишимдин 2-бөлүмүнө ылайык Кызмат көрсөтүүчү көрсөткөн кызматтарга акы төлөөгө милдеттүү.
27. Заказчы Келишим мөөнөтүнөн мурда бузулган күндөн тартып 3 жылдын ичинде Келишимдин олуттуу шарттарын бузган Кызмат көрсөтүүчү менен социалдык талондор аркылуу кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзүүдөн баш тартууга укуктуу.
7. Келишимди колдонуу мөөнөтү
28. Келишимге эки тарап тең кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана 20___-ж. "___" ________ чейин колдонулат.
8. Талаш-тартыштарды чечүү, Тараптардын жоопкерчилиги жана башка жоболор
29. Келишим боюнча талаш-тартыштар Тараптардын сүйлөшүүлөрү аркылуу чечилет. Сүйлөшүүлөр жолу менен талаш-тартыштарды чечүү мүмкүн болбогон учурда, талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.
30. Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
31. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлдү.
32. Келишим Тараптардын макулдашуусу боюнча кошумча макулдашууга кол коюу жолу менен өзгөртүлүшү, толукталышы же узартылышы мүмкүн.
9. Тараптардын даректери, реквизиттери жана колдору
Заказчы | Кызмат көрсөтүүчү |
Дареги: ______________________________________________ ______________________________________________ ______________________________________________
| Дареги: ______________________________________________ ______________________________________________ ______________________________________________
|
Банктык реквизиттер: ______________________________________________ ______________________________________________ ______________________________________________
______________________________________________ Колу, М.О. | Банктык реквизиттер: ______________________________________________ ______________________________________________ ______________________________________________
______________________________________________ Колу, М.О. |
|
| 2-тиркеме |
Кызмат көрсөтүүнү алууга социалдык талон
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы: |
| |
Социалдык талондун номери: |
| |
Социалдык талондун акчалай номиналы: | _________________________ (________________________) сом (цифра жана сөз менен) | |
Социалдык талонду колдонуу мөөнөтү: | 20___-ж. ____ ________ тартып 20___-ж. ____ ________ чейин | |
Социалдык талонду берген уюм | ___________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________ (мамлекеттик заказчынын аталышы) _________________________________________ 20___-ж. ____ ________ (кызматы, колу, аты-жөнү, датасы)
М.О. | |
Социалдык талонду алуучу | _________________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________________ (социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнү, туулган датасы жана берилген датасы) | |
Кызмат көрсөтүүнү алууну ырастоо | Муну менен кызмат көрсөтүүнү алгандыгымды ырастайм __________________________________________________________________________________ (кызматты көрсөтүүчүнүн аталышы) __________________________________________ 20___-ж. "____" _______________________ (кызмат көрсөтүүнү алгандыгы тууралуу колу, датасы) | |
Социалдык талондун айрыма дүмүрчөгү
Кызмат көрсөтүүчү: аталышы (эгер кызмат көрсөтүүчү юридикалык жак болсо) же кызмат көрсөткөн жеке ишкердин аты-жөнү | ___________________________________________________________ ___________________________________________________________ ___________________________________________________________ |
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы: |
|
Кызмат көрсөтүлгөн дата: |
|
Муну менен _______________________________________________________________ __________________________________________________________________________ (кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнү) ага көрсөтүлгөн кызматка акы төлөө үчүн № ______________________________ социалдык талонду алгандыгымды ырастайм. (социалдык талондун номери) Кызмат көрсөтүүчү __________________________________________________________________________
Кызмат көрсөтүүчүнүн колу
М.О. | |
Эскертүү: социалдык талондун айрыма дүмүрчөгү алуучуга кызмат көрсөтүлгөндөн кийин андан социалдык талонду алган учурда кызмат көрсөтүүчү тарабынан толтурулат жана кызмат көрсөтүүнү алуучуга берилет.