Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 26-марты № 186
Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кылмыш же жорук жасагандыгы үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык)
Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кылмыш жасагандыгы үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү боюнча ишти уюштуруунун бирдиктүү тартибин аныктоо жана аларды чыгарып жиберүү боюнча чыгымдарды "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 191-беренесине ылайык каржылоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кылмыш жасагандыгы үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү боюнча нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тиешеси бар мамлекеттик органдардын тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы үч айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 15-майындагы № 38 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев | |
|
|
Тиркеме | |
| |||
| |||
Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кылмыш же жорук жасагандыгы үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү боюнча НУСКАМА
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кылмыш жасагандыгы үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү боюнча нускама Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын коргоо жана коопсуздук, тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Нускама төмөнкү тартиптерди аныктайт:
- тышкы иштер, ички иштер, улуттук коопсуздук, мамлекеттик чек араны кайтаруу, миграция, жазаларды жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу чөйрөсүндөгү органдардын (мындан ары - мамлекеттик органдар) чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кылмыш жасагандыгы үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү боюнча өз ара аракеттенүүлөрүнүн;
- чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө жана болуусуна тыюу салуунун;
- чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү боюнча чыгымдарды каржылоонун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул Нускамада колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
чыгарып жиберүү - тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана ушул Нускамада каралган учурларда жана тартипте чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагынан мамлекеттик чек ара аркылуу мажбурлап, контролдоп чыгаруу;
мамлекеттик органдар - тышкы иштер, ички иштер, улуттук коопсуздук, мамлекеттик чек араны кайтаруу, миграция, жазаларды жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу чөйрөсүндөгү органдар;
чет өлкөлүк жаран - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана кандайдыр бир чет мамлекеттин жарандыгына тиешелүү экендигинин далилдери бар адам;
жарандыгы жок адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана кандайдыр бир чет мамлекеттин жарандыгына тиешелүү экендигинин далили жок болгон адам;
жарактуу документ - ким экендигин ырастаган, анын бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө дал келген, ушуга ыйгарым укуктуу органдар тарабынан тиешелүү түрдө таризделген, мөөнөтү өтпөгөн, көрсөткөн адамдын өзүнө таандык жана жасалмасы жок документ;
өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүчү адамдын статусун ырастаган, үлгүсү дипломатиялык каналдар боюнча жиберилген жана ал, эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган документ;
ТМКБС - тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Мамлекеттик органдар өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууда төмөнкү негизги принциптерди жетекчиликке алышат:
- адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин сактоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
- мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырларды сактоо учурларын кошпогондо, ачык-айкындык.
2-глава. Мамлекеттик органдардын чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кылмыш жасагандыгы үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин чыгарып жиберүү боюнча өз ара аракеттенүүлөрүнүн тартиби
5. Чыгарып жиберүү сот тарабынан чыгарып жиберүү тууралуу чечим кабыл алынган соттолгон чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адамга карата колдонулат.
Соттор чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды чыгарып жиберүү жөнүндө сот актысын чыгаргандан кийин аны аткаруу үчүн миграция, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарына соттун чечими менен бирге кабарлама жөнөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын аймагына келүү үчүн мыйзам тарабынан аныкталган негиз жок болгон учурда, чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды кылмыш жасагандыгы үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин чыгарып жиберүү соттолгон адамды Кыргыз Республикасынын аймагынан контролдоп өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.
7. Чыгарып жиберүү жөнүндө чечим чыккан чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга жазаларды жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу органдары тарабынан төмөнкүдөй документтер даярдалат:
- паспорт, паспорту жок учурда - жарандыгы таандык болгон мамлекетке, жарандыгы жок адамдар үчүн - туруктуу/убактылуу жашаган өлкөсүнө кайтуу үчүн күбөлүк;
- жазаларды жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу органынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү түшүрүлгөн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн Кыргыз Республикасынын сотунун өкүмүнүн көчүрмөсү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Мамлекеттик чек араны кесип өтүү үчүн керек болгон, соттолгон адамдын өздүгүн ырастоочу документтерди калыбына келтирүү зарылчылыгы пайда болгон учурда жазаларды жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу органдары тышкы иштер чөйрөсүндөгү органдын консулдук кызматы аркылуу бошотууга чейин алты айдан кечиктирбестен, алар жараны болуп эсептелген, Кыргыз Республикасында аккредиттелген мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен, ал эми Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык жана консулдук мекемелери жок мамлекеттердин жарандарына карата - алардын кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашырган мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн же аларды коргоону жүзөгө ашырган эл аралык органдардан - тийиштүү маалыматтарды жана мамлекеттик чек арадан өтүү укугуна жарактуу документтерди сурашат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Жазаларды жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу органдары жазасын өтөп бүткөндөн кийин чыгарып жиберилүүгө тийиш болгон адамдын жаза өтөө мөөнөтү бүткөнгө чейин бир айдан кечиктирбестен миграция, ички иштер же улуттук коопсуздук органдарына алдыда боло турган чыгарып жиберүү зарылчылыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүшөт. Билдирүү чыгарып жиберилүүгө тийиш болгон чет өлкөлүк жаранга карата сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органына жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Чыгарып жиберүү жөнүндө чечимди аткарууга жооптуу ички иштер же улуттук коопсуздук органы зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын визалык саясат чөйрөсүндөгү мыйзамына ылайык тийиштүү визаны тариздөө үчүн тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга тийиштүү кайрылуу жиберет.
Чыгарып жиберүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын сотунун тиешелүү чечими болгон учурда чыгуу визаларын тариздөө үчүн консулдук жыйымдар алынбайт.
11. Чыгарып жиберүү жөнүндө билдирүү чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга жазаларды жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу органынын кызматкери тарабынан чыгарып жиберүүгө чейин үч күн мурда жеке кабыл алууда билдирилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Миграция органы жазаларды жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу органынан соттолгон адамды жакынкы арада чыгарып жиберүү жөнүндө билдирүү алгандан кийин 10 күндүн ичинде мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү органга тийиштүү билдирүү жиберишет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Жазаларды жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу органы чыгарылуучу чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды чыгарып жиберүү жөнүндө соттун чечимин аткарууга жооптуу болгон ички иштер же улуттук коопсуздук органына өткөрүп берет, бул туурасында мекеменин суткалык ведомостуна белги коюлат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү миграция, ички иштер же улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери тарабынан чыгарып жиберүүгө тийиш болгон адамды мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү орган менен бирдикте чыгарып жиберүү пункту катары аныкталган жерге чейин коштоп баруу менен ишке ашырылат, ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык формада биргелешип чыгарып жиберүү жөнүндө акт түзүлөт.
15. Чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды чыгарып жиберүү жөнүндө соттун чечими аткарылгандан кийин анын Кыргыз Республикасынан чыгып кеткендиги жөнүндө белги коюлган биргелешип чыгарып жиберүү жөнүндө акты чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын материалдарына тиркелет.
16. Чыгарып жиберилген чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам кайта келген учурда чыгарып жиберүүнү демилгелеген орган кайта келүүнүн себебин андан ары тактоо жана жоюу максатында бул адамды кабыл алат.
17. Ички иштер же улуттук коопсуздук органдары Кыргыз Республикасынын аймагынан чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды чыгарып жиберүү жөнүндө сот чечим кабыл алган күндөн тартып 10 күндүн ичинде миграция органына билдирүү жиберишет. Миграция органы өкүм чыгарган сотко билдирүү жиберет, ошондой эле тышкы иштер чөйрөсүндөгү орган аркылуу алар жараны болуп эсептелген, Кыргыз Республикасында аккредиттелген мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ал эми Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери жок мамлекеттердин жарандарына карата - алардын кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашырган мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же аларды коргоону жүзөгө ашырган эл аралык органдарга билдиришет.
3-глава. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө жана болуусуна тыюу салуунун тартиби
18. Ички иштер же улуттук коопсуздук органдары жазаларды жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу органынан адамды чыгарып жиберүү зарылчылыгы жөнүндө билдирүү алгандан кийин чыгарып жиберилүүчү адамдын жаза мөөнөтү аяктаганга чейин бир айдан кечиктирбестен ТМКБСда чыгарылуучу адам үчүн мурда белгиленген чектөөлөрдүн бар же жоктугун текшерет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Чыгарылуучу адамга карата ТМКБСда чектөөлөр бар болгон учурда ички иштер же улуттук коопсуздук органы ТМКБС жөнүндө жободо белгиленген тартипте бар болгон чектөөнү алып салат. Андан кийин ички иштер же улуттук коопсуздук органы тарабынан чет өлкөлүк адамдын Кыргыз Республикасына кирүүсүнө жол ачууга (жабууга) корутунду чыгарылат, андан ары ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык формада Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө жана болууга укугунан ажыратуу жөнүндө материалдар менен бирге ТМКБСга маалымат жиберилет.
20. Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана болуу укугунан ажыратуу мөөнөттөрү "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 191-статьясына ылайык белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана болуу укугунан ажыратуу мөөнөтү аяктагандан кийин ТМКБСда Кыргыз Республикасына кирүүгө болгон убактылуу тыюу салуу автоматтык түрдө алып салынат.
4-глава. Тышкы иштер, ички иштер, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү, мамлекеттик чек араны коргоо, миграция чөйрөсүндөгү органдын чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды жорук жасагандыгы үчүн жазасы аяктагандан кийин чыгарып жиберүү боюнча өз ара аракеттенүүлөрүнүн тартиби
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 508 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5-глава. Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды кылмыш же жорук жасагандыгы үчүн жазасын өтөгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү боюнча чыгымдарды каржылоо тартиби
26. Чыгарып жиберүү боюнча чыгымдарды соттолгон адам же аны Кыргыз Республикасына чакырган жеке же юридикалык жак көтөрөт.
27. Жазаларды жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу органы ички иштер жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү органга чыгарып жиберүү жөнүндө билдирүүдө чыгарылуучу адамдын эсебинде акча каражаттарынын бардыгы жөнүндө маалым кат берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Чыгарылуучу адамдын эсебинде акча каражаты болгон учурда анын жазуу жүзүндө макулдугу менен акча каражаты чыгарып жиберүү жол-жобосуна байланышкан чыгымдарды төлөө үчүн чыгарып жиберүү жол-жобосун жүзөгө ашыруучу ички иштер жана улуттук коопсуздук органынын ыйгарым укуктуу кызматкерине берилет.
29. Чыгарылуучу адамдын эсебинде акча каражаты жок болгон жана аны Кыргыз Республикасына чакырган жеке же юридикалык жактын маалыматтарын белгилөөгө мүмкүн болбогон учурда чыгарып жиберүү аны жүзөгө ашыруучу ички иштер же улуттук коопсуздук органдарына республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Чыгарылуучу адамдын эсебинде акча каражаты жок болгон жана аны Кыргыз Республикасына чакырган жеке жана юридикалык жактын маалыматтарын тактоого мүмкүн болбогон учурда чыгарып жиберүүнү жүзөгө ашыруучу ички иштер же улуттук коопсуздук органынын ыйгарым укуктуу кызматкери чыгарып жиберүү жол-жобосуна байланышкан чыгымдарды төлөө үчүн ички иштер же болбосо улуттук коопсуздук органынын финансы бөлүмүнө рапорт менен кайрылат.
31. Ички иштер же улуттук коопсуздук органынын финансы бөлүмү чыгарып жиберүү жол-жобосуна байланышкан чыгымдардын иш жүзүндөгү эсебин чыгарат жана чыгарып жиберүүнү аткаруучу ыйгарым укуктуу кызматкерге кайра отчет алуу негизинде накталай акча каражатын берет.
Чыгымдардын эсебине төмөнкүлөргө байланышкан сарптоолор кирет:
- чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын чыгуусу үчүн документтерди толтурууга;
- чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам үчүн жолдо жүрүү документтерин (авиабилеттер, темир жол билети, коомдук транспортто жүрүү үчүн билеттер) сатып алууга;
- чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам чыгарып жиберилгенден кийин чыгарып жиберүүнү аткарган ыйгарым укуктуу кызматкер ички иштер же улуттук коопсуздук органынын финансы бөлүмүнө авиабилеттердин, темир жол билеттеринин, коомдук транспортто жүрүү үчүн билеттердин отургузуучу талондорун, патенттерди, кириштөө кассалык ордерине квитанцияларды, кассалык чектерди жана чыгып кеткендигин ырастоочу башка документтерди берет.
32. Чыгарып жиберүү жүзөгө ашырылбай калган форс-мажордук (табигый кырсыктар, эпидемия, транспорт кырсыгы, метеошарттар боюнча учууга болбой турган аба-ырайы) жагдайлар болгон учурда, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам чыгарып жиберүүгө чейин төмөнкү өлчөмдө төлөнүүчү турак жай жана тамак-аш менен камсыздалат:
- тамак-аш үчүн: ар бир сутка үчүн региондордо - 500 сом, Бишкек шаарында - 600 сом;
- турак жайды ижарага алуу: ар бир сутка үчүн региондордо - 1000 сом, Бишкек шаарында - 1200 сом.
Тамак-ашка жана турак жайды ижарага алууга каражаттар үч суткадан ашпаган мезгил үчүн төлөнөт.
|
| Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кылмыш же жорук жасагандыгы үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү боюнча нускамага 1-тиркеме |
Биргелешип чыгарып жиберүү жөнүндө АКТ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык)
Бишкек ш. | "____" саат "____" мүн. | 202__-ж "___" ______________. | |
Биз, __________________________________________________________________________________________________, | |||
_______________________________________________________________________________________________________, | |||
(акт түзгөн ыйгарым укуктуу адамдар жөнүндө маалыматтар (кызматы, наамы, аты-жөнү) | |||
_______________________________________________________________________________________________________ | |||
(акт түзүлгөн жер жана датасы, чыгарылган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам жөнүндө маалыматтар) | |||
_______________________________________________________________________________________________________ | |||
(чыгарып жиберүүнүн негиздери) | |||
______________________________________________________________________________________________________. | |||
Ушул акт менен тааныштым: ____________________________________________________________________________. | |||
(чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын аты-жөнү) | |||
Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын каршылыгы ____________________________________________________________________________________ | |||
___________________________________________________________________________________. | |||
| ______________________ | ||
| (колу) | ||
Алып коюлган буюмдардын тизмеги: ______________________________________________________________________ | |||
____________________________________________________________________________________. | |||
Алып коюлган буюмдарды жана документтерди алдым, биргелешип чыгарып жиберүү жөнүндө акты менен тааныштым, дооматым жок ____________________________________________________________________________ | |||
_____________________________________________________________________________________________________ | |||
(чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын аты-жөнү) | |||
____________________________________________________________________________________________________. | |||
| _______________________ | ||
| (колу) | ||
Мыйзамдуу өкүл, адвокат, котормочу ___________________________________________________________________ | |||
____________________________________________________________________________________________________ | |||
| ______________________ | ||
| (колу) | ||
Өткөрүп берди: _______________________________________________________________________________________ | |||
(чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды өткөрүп берген ыйгарым укуктуу адам жөнүндө маалыматтар (кызматы, наамы, аты-жөнү) | |||
______________________________________________________________________________________________________ | |||
(жана чыгарып жиберилүүчү чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам жөнүндө маалыматтар) | |||
___________________ |
| ______________________ | |
(колу) |
| (колу) | |
Кабыл алды: __________________________________________________________________________________________ | |||
(чыгарып жиберилүүчү чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды кабыл алган ыйгарым укуктуу адам жөнүндө маалыматтар) | |||
___________________________________________________________________________________ | |||
| ____________________ | ||
| (колу) | ||
|
| Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кылмыш жасагандыгы үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү боюнча нускамага 2-тиркеме |
(Бланктын алдыңкы бети) | |||||||||||||||||||||||||
"Бекитем" _________________________________________ (кызматы, наамы) _________________________________________ (колу, фамилиясы) | |||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||
Кыргыз Республикасына кирүүнү ачууга (жабууга) КОРУТУНДУ (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык) | |||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||
Туулган датасы: | "______" "_______" "________" | ||||||||||||||||||||||||
| (жылы) (айы) (күнү) | ||||||||||||||||||||||||
Туулган жери: | ________________________________________________________________________ | ||||||||||||||||||||||||
| (өлкөсү, штаты, провинциясы) | ||||||||||||||||||||||||
Жынысы: _______________. Жарандыгы: _____________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
Улуту: ___________________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
Жашаган өлкөсү: __________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
Иштеген иши: ____________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
(иштеген жери, кызматы, кесиби) | |||||||||||||||||||||||||
Уюм: ____________________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||
Чейин кирүүгө жабык: |
| ||||||||||||||||||||||||
Кирүүгө ачык: | "______" "_______" "________" | ||||||||||||||||||||||||
(керектүүсүнүн астын сызуу керек) | (жылы) (айы) (күнү) | ||||||||||||||||||||||||
Кирүү учурунда маалымдоо керек | _____________________________________ тел. ____________________ | ||||||||||||||||||||||||
| (фамилиясы) | ||||||||||||||||||||||||
| _____________________________________ тел. ____________________ | ||||||||||||||||||||||||
| (фамилиясы) | ||||||||||||||||||||||||
Чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга карата материалдар төмөндөгү көктөмөдө ____________________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
__________________ | к._________________ | т.__________________ | б.________________ | ||||||||||||||||||||||
(номенклатурасы) | (көктөмөнүн №) | (тому) | (бети) | ||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||
(Бланктын арткы бети) | |||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||
Кирүүнү ачуу/жабуу үчүн негиздер _________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
_____________________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
_____________________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
_____________________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
_____________________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
_____________________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
Ыкчам материалдардын маңызы (кыскача реферат) __________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
_____________________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
_____________________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
_____________________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
_____________________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
_____________________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
_____________________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
_____________________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
_____________________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
_____________________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
_____________________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
_____________________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
_____________________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
_____________________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||
Башчы ___________________________________________________________________________________ (бөлүм) | |||||||||||||||||||||||||
____________________________________________________________________________________________ (наамы) (колу) (фамилиясы) | |||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||
"Макулмун" | |||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||
Башчы _____________________________________________________________________________________ (орган, башкармалык, бөлүм) | |||||||||||||||||||||||||