Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу тууралуу иштерди кароо ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык иштелип чыккан жана монополияга каршы мыйзамдарды бузуу белгилери боюнча иштерди кароонун уюштуруучулук жана укуктук негиздерин аныктайт.
2. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу белгилери боюнча териштирүүнү баштоого жана ишти кароого негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан келип түшкөн, монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун белгилеринин бар экендигин көрсөткөн материалдар (мындан ары - материалдар);
2) монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун белгилеринин бар экендигин көрсөткөн юридикалык жана жеке жактардан түшкөн арыздар (мындан ары - арыз);
3) монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун белгилеринин бар экендигин көрсөткөн жалпыга маалымдоо каражаттарындагы, Интернет тармагындагы билдирүүлөр;
4) мамлекеттик монополияга каршы органдын анын аймактык бөлүмдөрүнүн (мындан ары - монополияга каршы орган) текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн, рыноктогу атаандаштык чөйрөнүн абалына талдоолордун, үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттерге экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгында монополияга каршы мыйзамдардын бузулушун табуусу.
Монополияга каршы орган рыноктогу атаандаштык чөйрөнүн абалына баалоо жүргүзөт, ага белгилүү болгон маалыматтардын негизинде монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун негиздери боюнча иштерди ушул Эрежелерде белгиленген тартипте өз демилгеси боюнча териштирет жана карайт.
3. Аймактык бөлүмдөр таасири Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына же эки же андан ашык региондорго жайылган монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун белгилерин тапкан учурда монополияга каршы органдын борбордук аппаратына арызды, материалдарды кароо үчүн берет, бул жөнүндө өтүнмө ээсине арызды, материалдарды алган күндөн тартып же арызды, материалдарды өткөрүп берүү зарылдыгын көрсөткөн жагдайлар аныкталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде кабарлайт.
Мындай арызды, материалдарды кароо мөөнөтү алар монополияга каршы органдын борбордук аппаратында катталган күндөн тартып башталат.
2. Арыз берүү тартиби
4. Арыз, материалдар жазуу жүзүндө эркин түрдө түзүлөт жана ага арыз ээси же анын өкүлү кол коюуга тийиш.
Арызда арыз ээси жана үстүнөн арыз берилген жак жөнүндө маалыматтар, ченемдик укуктук актыларга шилтеме жасоо менен монополияга каршы мыйзамды бузуунун баяндалышы, арыз ээси кайрылган талаптардын маңызы, ошондой эле тиркелген документтердин тизмеси камтылууга тийиш.
Арыз ээси жана үстүнөн арыз берилген жак жөнүндө маалыматтар (эгерде бар болсо) төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын аталышы жана анын жайгашкан жери, жетекчисинин толук аты-жөнү, телефон жана факс номерлери;
- жеке жактар үчүн - аты-жөнү, жашаган жери, телефон номери. Инсандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү тиркелет;
- арыз ээсинин кызыкчылыктарын коргогон жана анын атынан чыгып сүйлөөгө ыйгарым укук алган жак үчүн - аты-жөнү, жашаган жери, телефон номери, өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн ишеним кат. Инсандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү тиркелет;
- арыз ээсинин пикири боюнча товар рыногунда атаандаштык эрежелерин бузуу белгилери бар болгон жактардын аракеттерин (аракетсиздигин) баяндоо.
Арызга, материалдарга монополияга каршы мыйзамдардын бузулушун ырастаган документтер (мындан ары - документтер) тиркелет. Эгерде мындай документтерди берүү мүмкүн болбосо, аларды берүүнүн мүмкүн эместигинин себеби, ошондой эле бул документтерди алууга боло турган адам же орган көрсөтүлөт.
5. Документтерде камтылган коммерциялык сыр, кызматтык сыр же мыйзам менен корголуучу башка сыр аларды монополияга каршы органга берүүдөн баш тартуу үчүн негиз боло албайт. Мында арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын коммерциялык сыр жөнүндө мыйзамдарына ылайык коммерциялык сыр боло албаган документтерди жана маалыматтарды кошпогондо, коммерциялык сырды түзгөн документтердин жана маалыматтардын толук тизмесин көрсөтүүгө милдеттүү.
6. Арызда көрсөтүлгөн документтер жана маалыматтар, материалдар ишенимдүү болууга тийиш. Тиркелген документтер түп нуска же түп нусканын көчүрмөлөрү (тиешелүү түрдө таризделген жана күбөлөндүрүлгөн) болушу керек.
7. Арыз, материалдар, ошондой эле тиркелген документтер жана маалыматтар мамлекеттик же расмий тилде берилүүгө тийиш. Чет өлкөлүк жак болуп саналган арыз берүүчү монополияга каршы органга кайрылган учурда документтер мамлекеттик же расмий тилге тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн котормосу менен чет тилде берилүүгө тийиш.
8. Арыз, материалдар документтер менен бирге монополияга каршы органга төмөнкүдөй жол менен жөнөтүлөт:
1) почта жөнөтмөлөрү;
2) арыз берүүчүнүн жеке өзү тапшыруусу;
3) кол коюлуп курьер аркылуу жеткирүү;
4) аймактык бөлүмдөрү тарабынан өткөрүп берүү.
Арыз, материалдар монополияга каршы органда катталган күндөн тартып арызда баяндалган маселенин маңызын изилдөө үчүн зарыл болгон документтердин толук пакети берилген шартта берилген деп эсептелет.
9. Арызды, материалдарды берүүдө же арызды, материалдарды кароо мезгилинде, берилген документтерден жана маалыматтардан тышкары, арыз ээси монополияга каршы органга чечим кабыл алууга маанилүү болуп саналган бардык маалыматты берүүгө укуктуу.
10. Монополияга каршы орган ишти кароодо төмөнкү этаптуу иштерди жүргүзөт:
1) арызды кароо;
2) ишти иликтөө;
3) ишти кароо.
3. Арызды жана материалдарды кароонун, тергөө жүргүзүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү
11. Арызды, материалды ошондой эле өз демилгеси боюнча ачыкка чыккан монополияга каршы мыйзамды бузуу белгиси жөнүндө маалыматты кароонун жүрүшүндө монополияга каршы орган коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардан (алардын кызмат адамдарынан), мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, юридикалык жана жеке жактардан, анын ичинде жеке ишкерлерден материалдарда, арызда келтирилген кырдаал менен байланышкан документтерди, маалыматтарды, түшүндүрмөлөрдү жазуу жана оозеки түрүндө суроого укуктуу.
12. Монополияга каршы орган арызды, материалдарды карап чыгат жана ушул Эрежелерде каралган документтердин толук пакети келип түшкөн күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде алдын ала изилдөө жүргүзөт жана арыз ээсине арыздын кароого кабыл алынгандыгы жөнүндө маалымдайт.
13. Арыздарды жана материалдарды, ошондой эле монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун белгилери жөнүндө, анын ичинде өз демилгеси боюнча табылган маалыматтарды кароодо монополияга каршы орган тиешелүү рыноктордогу атаандаштык чөйрөсүнүн абалын талдоону жана баалоону, ошондой эле субъекттердин аракетин (аракетсиздигин) талдоону жүргүзөт.
Рыноктогу атаандаштык чөйрөнүн абалына талдоо жүргүзүү жана баа берүү, ошондой эле субъекттердин аракетине (аракетсиздигине) талдоо жүргүзүү мөөнөтү 90 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Мөөнөт талдоонун ар бир түрү үчүн 90 жумуш күндөн ашпайт.
Тиешелүү рыноктордо атаандаштык чөйрөсүнүн абалына талдоо жана баалоо жүргүзүү мезгилинде арызды кароо мөөнөтү токтотулуп турат жана арыз ээсине кабарлоо жөнөтүлөт.
Рынокто атаандаштык чөйрөсүнүн абалына талдоо жана баалоо жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 461 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүү тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.
Атаандаштык чөйрөнүн абалына жүргүзүлгөн талдоонун жана баалоонун жыйынтыгы боюнча монополияга каршы орган жыйынтыктоочу документ - аналитикалык отчет түзөт.
14. Аналитикалык отчет монополияга. каршы орган тарабынан чечим кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат:
1) арызды четке кагуу жөнүндө;
2) материалдардын жана маалыматтардын жетишсиздиги түрүндө арызды илгерилетпей калтыруу жөнүндө;
3) тергөө жүргүзүүнүн башталышы жөнүндө.
15. Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушун иликтөө монополияга каршы орган тарабынан тергөө жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 90 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт, тергөө жүргүзүү мөөнөтү монополияга каршы органдын чечими менен узартылат, бирок 90 жумуш күндөн ашпайт.
16. Тергөө жүргүзүүдө монополияга каршы орган монополияга каршы мыйзамдарды бузууну төмөнкүдөй жол менен квалификациялайт:
1) мыйзам бузуунун белгилери табылган рынокту аныктоо жана изилдөө, жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармагында, ачык маалымат базаларынан маалыматтарды изилдөө, ошондой эле мамлекеттик органдарга, мекемелерге, уюмдарга маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптарды жөнөтүү, берилген документтерди түшүндүрүү боюнча алардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүү;
2) ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте текшерүүлөрдү жүргүзүү, чарба субъекттерине суроо-талаптарды жөнөтүү, тигил же бул тармактын эксперттеринен жолугушууларды уюштуруу жана корутундуларды алуу жолу менен тартип бузуунун далилдерин чогултуу.
17. Тергөөнү туура жүргүзүү үчүн маанилүү болгон далилдер төмөнкүлөр болуп саналат:
1) арыз ээсинин, тергөө объектинин, кызыкдар жактардын жана күбөлөрдүн түшүндүрмөлөрү;
2) эксперттердин корутундулары;
3) буюм далилдери;
4) башка документтер, анын ичинде компьютердик маалыматты камтыган материалдар (электрондук-эсептөөчү машинанын эсинде турган, машиналык же башка электрондук-санариптик формада жазылган же реквизиттери бар электр магниттик сигналдар аркылуу байланыш каналдары аркылуу берилүүчү маалымат), монополияга каршы органда болгон жана аналитикалык отчётто тиркелген фото жана кино тасма, үн, аудио жана видео жазма.
Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча монополияга каршы органдын жетекчисине монополияга каршы мыйзамдарды бузуу белгилери боюнча иш козгоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн аналитикалык кат түзүлөт.
18. Аналитикалык катта төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
1) аналитикалык отчётту түзүүнүн тууралыгы жөнүндө корутундулар жана арызды кароо этабында материалдарды тариздөө;
2) иш боюнча өндүрүштү жокко чыгарган, бар болгон жагдайлар жөнүндө;
3) ишти кароо үчүн материалдардын жетиштүүлүгү жөнүндө:
- материалдар ушул Эрежелердин 4-пунктуна ылайык берилген;
- монополияга каршы мыйзамдарды бузуу фактысын далилдеген документтер берилди;
- арыз берүүчүлөр жана арыз берилген адам жөнүндө берилген маалыматтардын аныктыгы;
4) монополияга каршы мыйзамдарды бузуу белгилеринин бар экендиги жана монополияга каршы мыйзамдардын колдонулууга тийиш болгон ченемдери жөнүндө;
5) ишке катышуу үчүн тартылууга тийиш болгон жактардын чөйрөсү жөнүндө;
6) ишти туура жана ар тараптуу кароо үчүн зарыл болгон маселелер жөнүндө.
19. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу белгилери боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча аналитикалык каттын негизинде монополияга каршы орган төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) монополияга каршы мыйзамдарды бузуу белгилери боюнча ишти кароо жөнүндө;
2) мыйзам бузуунун ырасталбаган белгилерине байланыштуу монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө ишти кароодон баш тартуу жөнүндө.
4. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө иштерди кароонун тартиби жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу
20. Монополияга каршы органдын жетекчиси, жетекчисинин орун басары же аймактык бөлүмдүн начальниги ишти кароо, кийинкиге калтыруу, ишти кароону токтото туруу жөнүндө ушул Эрежелердин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн документтерди алган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде чечим кабыл алат, ал тиешелүү тапшырманы камтыган резолюция менен таризделет.
21. Ишти кароо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда аныктама чыгарылат, анда ишти кароонун убактысы жана жери, кароого чакырылуучу адам, иш боюнча зарыл кошумча материалдарды талап кылуу, экспертиза дайындоо же кийинкиге калтыруу, ишти кароону токтото туруу көрсөтүлөт.
Аныктама монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө иш каралып жаткан адамга үч жумуш күндүн ичинде тапшырылат же жөнөтүлөт.
22. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун белгилери жок болгон учурда ишти токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда ишти токтотуу жөнүндө чечим чыгарылат жана арыз ээсине жана иштин катышуучуларына үч жумуш күндүн ичинде жиберилет.
23. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө иш монополияга каршы мыйзамды бузган адамдын (расмий өкүлдүн) катышуусунда биротоло каралат. Бул адам жок болсо, иш ишти кароонун орду жана убактысы жөнүндө ага өз убагында кабарлоо жөнүндө маалыматтар болгон жана андан ишти кийинкиге калтыруу жөнүндө өтүнүч келип түшпөгөн учурларда гана каралат.
24. Ишти кароодо иш каралып жаткан жактын түшүндүрмөлөрү, иш боюнча кароого катышкан башка адамдардын көрсөтмөлөрү, адистердин түшүндүрмөлөрү угулат.
Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө ишти кароодо материалдарды караган түзүмдүк бөлүмдүн адиси протокол жүргүзөт, ага монополияга каршы органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси (жетекчисинин орун басары), начальниги кол коёт.
Ишти кароо жөнүндө протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) ишти кароонун датасы жана жери;
2) ишти карап жаткан кызмат адамынын кызмат орду, аты-жөнү;
3) каралууга тийиш болгон иш;
4) ишти кароого катышкан адамдардын келиши жөнүндө маалыматтар;
5) өтүнүчтүн маңызы жана аларды кароонун натыйжалары;
6) ишти кароого катышкан адамдардын түшүндүрмөлөрүнүн, көрсөтмөлөрүнүн, түшүндүрмөлөрүнүн жана кОрутундуларынын тезис түрүндө баяндалышы;
7) ишти кароодо изилденген документтердин реестри.
25. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө ишти карап чыгып, монополияга каршы орган монополияга каршы мыйзамдарды бузууларды жоюу жөнүндө чечимди (эскертүү, жазма буйрук, токтом) жиберет.
Монополияга каршы орган тарабынан арыздар, материалдар боюнча ишти кароо мөөнөтү 30 жумуш күндү түзөт.
Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушун четтетүү жөнүндө чечим тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине, юридикалык же жеке жактарга жиберилет. Аталган уюмдар жана жактар көрүлгөн чаралар жөнүндө чечимде белгиленген мөөнөттө монополияга каршы органга билдирүүгө милдеттүү.
26. Чечим төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: токтомду чыгарган органдын аталышы, ишти кароонун датасы, иш каралып жаткан адам жөнүндө маалыматтар, ишти кароодо белгиленген жагдайлардын баяндалышы, бул бузуу үчүн каралган жоопкерчиликтин аныктамасы, иш боюнча кабыл алынган чечим.
Чечимдин резолюциялык бөлүгү иш каралып бүткөндөн кийин дароо жарыяланат.
Чечимдин көчүрмөсү 3 жумуш күндүн ичинде ал чыгарылган адамга, ошондой эле арыз ээсине тапшырылат же жөнөтүлөт.
Чечимдин көчүрмөсү кол койдуруу менен берилет. Чечимдин көчүрмөсүн жөнөтүүдө бул тууралуу ишке тиешелүү жазуу жазылат жана жөнөтүлгөндүгү жөнүндө квитанция тиркелет.
27. "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 3-6, 9, 10, 13-пункттарын, 9-беренесин бузуу фактылары табылган учурда эскертүү берилет.
28. Эскертүү жазуу жүзүндө таризделет, жетекчинин же анын орун басарынын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн начальниктеринин колу коюлат жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) эскертүү берилген жактын аталышы, жайгашкан жеринин дареги;
2) эскертүү берүүнүн негиздеринин тизмеси;
3) "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 3-6, 9, 10, 13-пункттарын, 9-беренесин бузуу белгилери камтылган адамдын аракеттерин (аракетсиздигин) баяндоо;
4) "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 3-6, 9, 10, 13-пункттарын, 9-беренесин бузуу белгилерин камтыган аракеттерди (аракетсиздикти) токтотуунун зарылдыгы жөнүндө талап жана мындай тартип бузуунун пайда болушуна өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды жана мындай аракеттердин (аракетсиздиктин) кесепеттерин четтетүү үчүн жак тарабынан жүзөгө ашырылышы зарыл болгон чаралардын тизмеги;
5) эскертүүнү аткаруу мөөнөтү;
6) эскертүүнүн аткарылышы жөнүндө монополияга каршы органга кабарлоо жөнүндө талап.
29. Эскертүүнү аткаруу мөөнөтү аны аткаруунун алкагында жасалышы керек болгон чаралардын тизмегин эске алууга жана ал берилген адам тарабынан аны алган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кем болбоого тийиш.
Эскертүү берилген адамдын жүйөлүү өтүнүчү боюнча жана эскертүү белгиленген мөөнөттө аткарылбайт деген жетиштүү негиздер болгондо, көрсөтүлгөн мөөнөт монополияга каршы органдын жетекчиси же анын орун басары жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары тарабынан узартылат.
Эскертүүнү аткаруу мөөнөтүн узартуу анын аткаруу мөөнөтүн узартуу бөлүгүндө ага тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен ишке ашырылат.
30. Монополияга каршы органдын жетекчисинин же анын орун басарынын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн начальниктеринин колу коюлган коштомо кат менен берилген эскертүү бир жумуш күндүн ичинде ал берилген адамга тапшырылгандыгы жөнүндө (же болбосо тиешелүү документти мыйзамдуу өкүл же канцеляриянын кызматкерлерине алуу фактысын документтик белгилөөнү камсыз кылган башка ыкма менен) чарба жүргүзүүчү субъекттин юридикалык дареги (жайгашкан дареги) боюнча жиберилет.
31. Эскертүү анда көрсөтүлгөн мөөнөттө берилген адам тарабынан милдеттүү түрдө каралууга тийиш.
Эскертүү берилген адам эскертүүнүн аткарылышы жөнүндө монополияга каршы органга аны аткаруу үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде билдирет. Кабарлоого эскертүүнүн аткарылышын ырастаган материалдар (документтер, маалыматтар, маалыматтар) тиркелүүгө тийиш.
Эскертүү берилген адам берилген эскертүү менен макул эместиги жөнүндө эскертүүдө көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин монополияга каршы органга жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу.
32. Монополияга каршы орган эскертүүнүн аткарылышы жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде берилген маалыматтын аныктыгын, анын ичинде арыз ээсине тиешелүү суроо-талаптарды жөнөтүү жолу менен текшерет.
33. Эскертүү же жазма буйрук белгиленген мөөнөттө аткарылбаган учурда эскертүүнү аткаруу мөөнөтү бүткөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде жана (же) адам ага берилген эскертүү менен макул болбогон учурда ишти кароо кайрадан башталат жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө чечимдер чыгарылат.
34. Чечимдин көчүрмөсү үч күндүн ичинде ал чыгарылган жакка, ошондой эле арыз ээсине тапшырылат же жөнөтүлөт.
Чечимдин көчүрмөсү кол койдуруу менен берилет. Эгерде көчүрмө жиберилсе, бул тууралуу ишке тиешелүү жазуу жазылат жана жөнөтүлгөндүгү жөнүндө квитанция тиркелет.
35. Чарбакер субъект тарабынан рыноктогу атаандаштык чөйрөсүнүн абалын талдоо, монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө ишти иликтөө жана кароонун жүрүшүндө укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминде белгиленген субъекттердин аракеттерин (аракетсиздиктерин) квалификациялоодо жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жагдайлар болуп эсептелет.
5. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө ишти кийинкиге калтыруу, токтото туруу, токтотуу, бөлүп чыгаруу жана бириктирүү
36. Монополияга каршы орган монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө ишти кароону кийинкиге калтырат:
1) тиешелүү документтер менен ырасталган жүйөлүү себептер боюнча ишти кароого ошол адамдын же анын өкүлүнүн келе албагандыгына байланыштуу ишке катышкан жактын өтүнүчү боюнча;
2) кошумча далилдерди алуу зарылдыгына байланыштуу;
3) ишти кароого көмөк көрсөткөн адамдарды, ишке катышуусу зарыл болгон башка адамдарды ишке катышууга тартуу үчүн.
Иш кийинкиге калтырылганда монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө ишти кароо мөөнөтүнүн өтүшү токтотулат.
Ишти монополияга каршы органдын жаңы жыйналышында кароо ал кийинкиге калтырылган учурдан тартып кайра башталат.
37. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө ишти кароо төмөнкү учурларда убактылуу токтотулат:
1) монополияга каршы орган, сот, алдын ала тергөө органдары тарабынан монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө ишти кароо үчүн мааниси бар башка ишти кароо;
2) экспертиза жүргүзүү жана монополияга каршы органга мурда белгилүү болбогон башка кошумча маалыматтарды берүү.
Ишти кароо ал токтотулган учурдан тартып улантылат.
38. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө ишти кароо төмөнкү учурларда токтотулат:
1) монополияга каршы орган тарабынан каралып жаткан аракеттерде (аракетсиздиктерде) монополияга каршы мыйзамдар бузулбаганда;
2) иш боюнча жалгыз жоопкер болгон юридикалык жак жоюлганда;
3) иш боюнча жалгыз жоопкер болгон адам каза болгондо;
4) мурда берилген эскертүүлөр жана жазма буйруктар боюнча каралып жаткан аракеттерге (аракетсиздиктерге) карата монополияга каршы мыйзамдарды бузуу фактысын белгилөө жөнүндө монополияга каршы органдын күчүнө кирген чечими болгондо;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган монополияга каршы мыйзамдарды бузган субъект укукка каршы жүрүм-турумун токтоткондо;
6) монополияга каршы мыйзамдарды бузган атаандаштыкка каршы жана монополиялык аракеттерге тартылган субъекттер же алардын бири тарабынан этаптарга жараша монополияга каршы мыйзамдарды бузуу белгилери боюнча монополияга каршы органга көмөк көрсөтүү.
39. Монополияга каршы орган ишке катышкан жактардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси боюнча монополияга каршы орган тарабынан белгиленген тартипте иштерди толук, ар тараптуу -жана объективдүү кароо максатында монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө эки же андан ашык ишти бир өндүрүшкө бириктирет, ошондой эле өзүнчө өндүрүшкө бир же бир нече ишти бөлүп берет.
40. Ишти кийинкиге калтыруу, токтото туруу, токтотуу, бөлүү, бириктирүү жөнүндө аныктамага монополияга каршы органдын жетекчиси кол коёт жана иш боюнча катышуучуларга жана ишке катышкан башка кызыкдар жактарга аныктамага кол коюлган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жиберилет.
41. Монополияга каршы орган тарабынан белгиленген мөөнөттө маалымат берүүдөн баш тарткан, тоскоолдук кылган, туура эмес, так эмес маалымат берген, ошондой эле ушул маселенин маңызы боюнча сот процесстеринде рыноктогу атаандаштык чөйрөсүнүн абалына талдоо жүргүзүү, ишти иликтөө жана кароо мөөнөтү талаш-тартыш кырдаалдарды чечүү мезгилине автоматтык түрдө узартылат.
6. Монополияга каршы органдын чечимине даттануу тартиби
42. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө ишти кароонун натыйжасында кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда тараптар ага "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга укуктуу.
43. Монополияга каршы органдын чечимине даттануу ага карата иш каралып жаткан жакка чечимдин (эскертүүнүн, жазма буйруктун, токтомдун) же кулактандыруунун көчүрмөсү тапшырылган күндөн тартып 30 күндүн ичинде берилет.
7. Монополияга каршы органдын чечимин аткаруу
44. Монополияга каршы органдын чечими бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле кызмат адамдары, жарандар жана алардын бирикмелери, менчиктин түрүнөн көз карандысыз юридикалык жактар тарабынан аткарылууга милдеттүү.
Жаза колдонуу жөнүндө чечим ал мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып аткарылууга тийиш.
45. Монополияга каршы органдын чечимдерин аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттер жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.