Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-ноябры № 619
Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу тууралуу иштерди кароо эрежелерин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдорунун техникалык өзгөчөлүгүн сактоону камсыз кылуу максатында, "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу тууралуу иштерди кароо эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 362 токтому менен бекитилген "Кара ниет атаандаштык жаатында монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кара ниет атаандаштык жаатында монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартибинде:
- 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-пунктунда:
экинчи абзацындагы "органдары (мындан ары - монополияга каршы орган) өз демилгеси менен, анын ичинде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен кара ниет атаандаштык боюнча иштерди кароону демилгелөөгө укуктуу" деген сөздөр "бөлүмдөрү (мындан ары - монополияга каршы орган) кара ниет атаандаштык боюнча иштерди, анын ичинде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен кароону демилгелейт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы "органдар" деген сөз "бөлүмдөр" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 4-пунктунда:
бешинчи абзацындагы "боюнча, мыйзамдарда каралган башка ыкма менен жиберилет" деген сөздөр ", электрондук почта, курьер менен жиберилет же колмо-кол берилет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пунктчасынын төртүнчү абзацы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын;
- 13-пунктунда:
биринчи абзацындагы "(жазма буйрук)" деген сөздөр ", бузууларды четтетүү жөнүндө эскертүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
-14, 15-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Эскертүү жазуу жүзүндө таризделет, ага монополияга каршы жөнгө салуу органынын жетекчиси же анын орун басары жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн начальниктери кол коюшат жана анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) эскертүү берилген жактын аталышы, жайгашкан жеринин дареги;
2) эскертүү берүү үчүн негиздердин тизмеси;
3) кара ниет атаандаштыктын белгилерин камтыган адамдын аракеттерин (аракетсиздигин) баяндоо;
4) кара ниет атаандаштыктын белгилерин камтыган аракеттерди (аракетсиздикти) токтотуу зарылдыгы жөнүндө талап жана мындай укук бузуунун келип чыгышына жөндөм түзгөн себептерди жана шарттарды жана мындай аракеттердин (аракетсиздиктин) кесепеттерин четтетүү боюнча көрүлүүгө тийиш болгон чаралардын тизмеси;
5) эскертүүнү аткаруу мөөнөтү;
6) эскертүүнү аткаруу жөнүндө монополияга каршы органга билдирүү жөнүндө талап.
15. Эскертүүнү аткаруу мөөнөтү аны ишке ашыруунун алкагында көрүлүүгө тийиш болгон чаралардын тизмесин эске алууга тийиш жана эскертүү берилген жак аны алган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кем эмес болушу керек.
Эскертүү берилген жактын жүйөлүү өтүнүчү боюнча жана эскертүүнү белгиленген мөөнөттө аткаруу мүмкүн эместиги жөнүндө жетиштүү негиздер болгон учурда көрсөтүлгөн мөөнөт монополияга каршы органдын жетекчиси же анын орун басары жана аймактык бөлүмдөрдүн начальниктери тарабынан узартылышы мүмкүн.
Эскертүүнү аткаруунун мөөнөтүн узартуу анын аткарылышын узартуу бөлүгүндө ага тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылат.";
- 4-главасынын аталышы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 16, 17-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Монополияга каршы органдын жетекчиси же анын орун басары жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн начальниктери кол койгон коштомо кат менен берилген эскертүү бир жумуш күндүн ичинде ал бериле турган жакка чарбакер субъекттин юридикалык дареги (жайгашкан дареги) боюнча тапшырылгандыгы жөнүндө (же чарбакер субъекттин мыйзамдуу өкүлү же канцеляриясынын кызматкери тиешелүү документти алган фактысын документтик ырастоону камсыз кылган башка ыкма менен) кабарлоо менен берилет.
17. Эскертүү ал берилген адам тарабынан анда көрсөтүлгөн мөөнөттө милдеттүү түрдө каралууга тийиш.
Эскертүү берилген жак аны аткаруу үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде монополияга каршы органга эскертүүнү аткаргандыгы жөнүндө кабарлайт. Кабарлоого эскертүүнүн аткарылгандыгын ырастаган материалдар (Документтер, маалыматтар) тиркелүүгө тийиш.
Эскертүү берилген жак эскертүүдө көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин берилген эскертүүгө макул эместиги жөнүндө монополияга каршы органга жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 18-21-пункттар менен толукталсын:
"18. Монополияга каршы орган эскертүүнү аткаруу жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде берилген маалыматтардын аныктыгын, анын ичинде арыз ээсине тиешелүү суроо-талаптарды жөнөтүү жолу менен текшерет.
19. Эскертүү белгиленген мөөнөттө .аткарылбаган учурда, эскертүүнү аткаруу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жана (же) адам ага берилген эскертүү менен макул болбогон учурда, ишти кароо жандандырылат жана төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынат:
- "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык мыйзамсыз алынган кирешенин суммасынын ордун толтуруу жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик чараларын көрүү жөнүндө;
- көрсөтүлгөн иштерди кароо компетенциясына кирген мамлекеттик органдарга иштерди өткөрүп берүү жөнүндө;
- иштерди сот, укук коргоо органдарына өткөрүп берүү жөнүндө.
20. Чечимдин көчүрмөсү үч жумуш күндүн ичинде ал чыгарылган адамга, ошондой эле арыз ээсине тапшырылат же жөнөтүлөт.
Чечимдин көчүрмөсү кол коюу менен тапшырылат. Көчүрмө жиберилген учурда бул тууралуу делого тиешелүү жазуу жүргүзүлөт жана жөнөтүү жөнүндө квитанция тиркелет.
21. Кара ниет атаандаштык жаатындагы монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө ишти кароонун натыйжасында кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда тараптар ага "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга укуктуу.".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жөнүндө жободо:
- 11-пунктунун 7-пунктчасындагы "даярдоо эрежелеринин" деген сөздөр "даярдоодо, сатууда жана пайдаланууда техникалык өзгөчөлүктөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунун 3-пунктчасында:
экинчи абзацы "буйруктарды," деген сөздөн кийин "эскертме," деген сөз менен толукталсын;
отуз сегизинчи абзацындагы "даярдоо эрежелеринин" деген сөздөр "даярдоодо, сатууда жана пайдаланууда техникалык өзгөчөлүктөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 365 "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамын бузуу тууралуу иштерди карап чыгуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 403 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |