Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-декабрындагы № 809 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-ноябры № 628
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жободо:
- 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 10-1, 10-2-пункттар менен толукталсын:
"10-1. РЖМКнын жыйыны РЖМКнын төрагасынын чечими боюнча видео-конференция-байланыш аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн.
10-2. Кечиктирилгис айрым маселелер боюнча же РЖМКнын жыйындарында талкуулоонун зарылдыгы жок маселелер боюнча жыйын өткөрбөстөн, РЖМКнын мүчөлөрүн жазуу жүзүндө сурамжылоо аркылуу РЖМК чечимдерди кабыл алышы мүмкүн.
Жазуу жүзүндө сурамжылоо аркылуу кабыл алынган РЖМКнын чечими, эгерде РЖМКнын чечиминин долбоору РЖМКнын көпчүлүк мүчөлөрү менен макулдашылса, укуктуу болуп саналат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 25-ноябрында № 104 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |