Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-декабрындагы № 809 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293, 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 628 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы (мындан ары - РЖМК) радиожыштыктар спектрин пайдалануу жаатында Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун ишин координациялайт.
РЖМК өз ишин коллегиялык негизде жана юридикалык жакты түзбөстөн, коомдук негизде ишке ашырат.
2. РЖМК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди, Эл аралык электр байланыш союзунун (ЭЭС) Кыргыз Республикасында колдонулуучу эрежелерин жана сунуштамаларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. РЖМКнын милдеттери жана функциялары
3. РЖМКнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- радиожыштыктар спектрин пайдаланууну башкаруу жаатында пландаштырууну ишке ашыруу;
- мамлекеттик башкаруунун, өлкөнү коргоонун жана коопсуздугунун муктаждыктары үчүн байланыштын керектөөлөрүн камсыз кылууга шарттарды түзүү.
4. РЖМКга төмөнкүдөй функциялар жүктөлөт:
- сунуштамаларды, жалпы жол-жоболук эрежелерди иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында радиожыштыктар спектрин пайдалануу тартибин аныктоо;
- радиокызматтардын ортосунда Радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасын жана Кыргыз Республикасында радиоэлектрондук каражаттарды жана системаларды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү концепциясын пландоо жана түзүү.
3. РЖМКнын укуктары
5. РЖМК төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын аймагында радиожыштыктарды пайдалануунун белгиленген тартиби бузулган учурда аларды пайдаланууга тыюу салууга (чектөөгө);
- "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын тилкелерди (жыштык номиналдарын) бөлүп берүүгө мурда кабыл алган чечимдеринин аракетин токтото турууга (жокко чыгарууга);
- радио нурлануулардын жана радио кабыл алуулардын ченемдерине же индустриалдык радио кедергилердин жол берилген ченемдерине жооп бербеген радиоэлектрондук каражаттарды, электр жабдууларын жана башка техникалык каражаттарды иштеп чыгууну жана чыгарууну токтото турууга жана тыюу салууга.
6. Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы өз ишинде төмөнкүлөрдү эске алат:
- улуттук коргонуунун, коопсуздуктун, укук тартибин сактоонун жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюунун максаттары, ошондой эле башка өкмөттүк максаттар үчүн радиожыштык спектрине болгон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин учурдагы жана келечектеги керектөөлөрүн;
- электр байланышынын операторлорунун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка пайдалануучулардын учурдагы жана келечектеги керектөөлөрүн, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрүн иштеп чыгуу жана колдоо зарылчылыгын эске алуу менен радиожыштык спектрин натыйжалуу пайдалануунун зарылдыгын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)
4. РЖМКнын курамы
7. РЖМК төрагадан, анын орун басарынан, жооптуу катчысынан жана РЖМКнын мүчөлөрүнөн турат.
8. РЖМКны төрага башкарат, ал РЖМКнын ишин жетектейт.
9. РЖМКнын мүчөлөрү кызмат ордунан бошотулган учурда алардын РЖМК курамындагы функциясын тиешелүү кызмат ордуна жаңыдан дайындалган адам аткарат.
5. РЖМКнын чечимдерин кабыл алуу тартиби
10. РЖМКнын жыйыны зарылдыгына жараша, бирок бир жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
РЖМКнын мүчөлөрү жыйында каралып жаткан маселелерди талкуулоодо жана алар боюнча чечим кабыл алууда добуш берүүгө бирдей укуктуу.
Жооптуу катчы РЖМКнын жыйынына добуш берүүгө укугу жок катышат.
Эгерде РЖМКнын жыйынына анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, жыйын укуктуу деп саналат.
РЖМКнын чечимдери комиссиянын катышуучу мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
Добуштар тең болуп калган учурда, төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
101. РЖМКнын жыйыны РЖМКнын төрагасынын чечими боюнча видео-конференция-байланыш аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 628 токтомунун редакциясына ылайык)
102. Кечиктирилгис айрым маселелер боюнча же РЖМКнын жыйындарында талкуулоонун зарылдыгы жок маселелер боюнча жыйын өткөрбөстөн, РЖМКнын мүчөлөрүн жазуу жүзүндө сурамжылоо аркылуу РЖМК чечимдерди кабыл алышы мүмкүн.
Жазуу жүзүндө сурамжылоо аркылуу кабыл алынган РЖМКнын чечими, эгерде РЖМКнын чечиминин долбоору РЖМКнын көпчүлүк мүчөлөрү менен макулдашылса, укуктуу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 628 токтомунун редакциясына ылайык)
11. РЖМКнын жыйындары протоколдук чечимдер менен таризделет.
12. Катчы комиссиянын мүчөлөрүнө комиссиянын жыйыны өтө турган жер, убактысы, күн тартиби жана чечимдин долбоору жөнүндө, күн тартибине ылайык материалдарды жиберүү менен бирге, жыйынга чейин 5 жумуш күнүнөн кеч эмес кабарлайт.
13. Купуя мүнөздөгү маалымат берилген учурда жыйындын мүчөлөрү анын сырын сактоого тийиш.
Маалыматтын купуялуулук деңгээлин жыйындын төрагасы аныктайт.
14. Керектүү документтерди даярдоо, Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясына уюштуруу, методикалык жана башка жардамдарды берүү, ошондой эле анын чечимдерин аткаруу байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.