Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-декабрындагы № 809 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-июну № 363
Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-августундагы № 106, 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын радиожыштык спектрин жөнгө салуу жана натыйжалуу пайдалануу жаатындагы саясатты ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын КУРАМЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-августундагы № 106, 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын өкүлү, Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын жооптуу катчысы.