Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-октябры № 591
2022-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
2022-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын мындан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2022-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык;
- Программаны ишке ашыруу боюнча жол карта (мындан ары - Жол карта) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык;
- Жол картаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык;
- Жол картанын бюджети ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык.
2. Жол картада көрсөтүлгөн жооптуу аткаруучулар Программаны ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн жана ар бир жарым жылда, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине Жол картаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ар бир жарым жылда, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Программаны колдонуу мезгилинде аны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалымат берсин.
4. Программаны ишке ашыруу жооптуу аткаруучулардын тиешелүү жылдарга бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
2022-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча ЖОЛ КАРТАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы N 680 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдет | Чара/Иш-аракет | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1 | Электр жана почта байланыш тармагындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана актуалдаштыруу | Электр жана почта байланыш тармагын жөнгө салуучу КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2027-жылдын 31-декабры | Электр жана почта байланыш тармагын жөнгө салуучу КР мыйзамдарына дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен электр жана почта байланыш операторлорунун ишиндеги негизги көйгөйлөрдү жөнгө салууну караштырган өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча КР мыйзамдарынын долбоорлору КР Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген | СӨМ, БТЖКК | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
2 | Электр байланыш рыногун өнүктүрүү | Радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна онлайн-аукциондорду өткөрүү | Зарылдыгына жараша, радиожыштык спектрине суроо-талапты баалоого ылайык | Радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна аукцион өткөрүлдү, өткөрүлгөн аукциондордон түшкөн кирешелер республикалык бюджетке түштү | БТЖКК | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
3 | Байланыш тармактарын жана/же электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн мыйзамсыз кирүүдөн коргоо боюнча укуктук негиздерди белгилөө | "Электр жана почта байланышы жөнүндө" КР Мыйзамында электр байланыш операторунун компьютердик маалыматка жана электрондук документтерге, маалымат системасына же электр байланыш тармагына санкцияланбаган кирүүнү жүзөгө ашыруучу жактарга байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн чектөө боюнча укуктарын кароо | 2025-жылдын 31-декабры | Электр жана почта байланыш тармагын жөнгө салуучу КР мыйзамдарына компьютердик маалыматка жана электрондук документтерге, маалыматтык системага же электр байланыш тармагына санкцияланбаган кирүү чөйрөсүндө кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүнү караштырган өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча КР Мыйзамынын долбоору КР Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген | УКМК, ИИМ, СӨМ, БТЖКК, БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
4 | Мобилдик байланыш түзүлүштөрүн лабораториялык-практикалык өлчөөлөрдү өнүктүрүү | Мобилдик түзүлүштөрүн (уюлдук телефондор ж.у.с. жабдууларды) радиожыштык спектринин параметрлери боюнча өлчөөлөр үчүн өлчөөчү комплекс сатып алуу. Мобилдик түзүлүштөрдү (уюлдук телефондор ж.у.с. жабдууларды) радиожыштык спектринин параметрлери боюнча өлчөөлөр үчүн жаңырыксыз чакан камера сатып алуу | 2027-жылдын 31-декабры | МАМСТ 30338-95, МАМСТ 30318-95 жана МАМСТ Р 50842-95 боюнча радиожыштык спектринин параметрлерин өлчөө бөлүгүндө мобилдик түзүлүштөрдүн параметрлерин өлчөө мүмкүнчүлүгүн берген өлчөөчү комплекстер сатып алынды | БТЖКК | Республикалык бюджетте каралган, донордук жана башка каражаттардын чегинде |
5 | Эл аралык кызматташуу | Эл аралык институттар менен кызматташуу: - Эл аралык электр байланыш уюму; - Дүйнөлүк почта уюму; - Евразия экономикалык бирлиги; - Байланыш жаатындагы региондук шериктештик | Дайыма | Улуттук ченемдик базага өзгөртүүлөр өз убагында киргизилди жана жаңы технологиялар бир кыйла ылдам киргизилди. Интернет соода менен байланышкан жаңы почта кызмат көрсөтүүлөрү киргизилди. Өлкөнүн улуттук кызыкчылыктары корголду. ЭЭСтин Жыштыктарды каттоо эл аралык маалымдамасында катталган жыштык ыйгаруулар корголду. Чектеш мамлекеттердин чек ара аймактарында радиожыштык спектри натыйжалуу жана макулдашып пайдаланылууда. Жаңы байланыш технологияларын өнүктүрүүдө кошумча тажрыйба алынды | СӨМ, БТЖКК | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
6 | Шаар куруу жөнүндө мыйзамдарда байланыш курулмаларын, техникалык жайларды жана байланыш линияларына жетүүчү жолдорду коомдук, жарандык турак-жай жана өндүрүштүк багыттагы имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо стадиясында милдеттүү инфраструктуралык элемент катары жайгаштыруу боюнча талаптарды кароо | Ченемдик-техникалык документтерге жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2023-жылдын 31-декабры | Курулмаларды жана байланыш линияларын коргоону караштырган тийиштүү ченемдик укуктук акттар кабыл алынды | АКТКЧМА; байланыш операторлору, БОА (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
7 | Мобилдик уюлдук байланыш тармактарынын абоненттерин жекелештирүүдө (каттоодо) инсандыгын ырастоо сыяктуу методдорду ишке киргизүү максатында жарандарды аралыктан жекелештирүү (инсандыгын ырастоо) тажрыйбасын изилдөө | Аналитикалык материал түзүү. Оң натыйжа белгиленгенде колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштамаларды киргизүү | 2022-жылдын 31-декабры | 1) мобилдик уюлдук байланыш операторлорунун тармактагы абоненттери 100% жекелештирилди; 2) санариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн аянтчалар түзүлдү | СӨМ, БТЖКК; мобилдик уюлдук байланыш операторлору, БОА (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
8 | Менчикти каттоо укугун бекитип берүү маселесин изилдөө, линиялык-кабелдик байланыш түзүлүштөрүнүн белгилерине ылайык алардын кыймылдуу же кыймылсыз мүлктүн бул же тигил категориясына таандыктыгын классификациялоо | Менчик укугун бекитип берүү жөнүндө маселелерди жөнгө салууга багытталган колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштамалар менен аналитикалык материалды түзүү | 2023-жылдын 31-декабры | Мындан аркы иш-аракеттерди иштеп чыгуу боюнча аналитикалык материал түзүлдү | ЖК, СӨМ, БТЖКК, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, электр байланыш операторлору, БОА (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
9 | Санариптик инновациялык финансы кызмат көрсөтүүлөрүн мындан ары өнүктүрүү үчүн рыноктун катышуучуларын секторлор аралык интеграциялоону тоскоолдуксуз камсыз кылууга мүмкүндүк берген банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр рыногун либералдаштыруу | Мобилдик тиркемелерди колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүнүн санын көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү | 2023-жылдын 31-декабры | Банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ченемдик укуктук актылар кабыл алынды | УБ, СӨМ, мобилдик уюлдук байланыш операторлору, коммерциялык банктар, БОА (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
10 | КР калкынын БОБЛ аркылуу Интернет тармагын колдонуу мүмкүндүгүн камсыз кылуу | Магистралдык байланыш тармактарын өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана эсепке алуу | 2024-жылдын 31-декабры | БОБЛ тартууну узартуу. 2022-жылы (41 миң км) 2023-жылы (43 миң км) 2024-жылы (48 миң км) | СӨМ, БТЖКК, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
11 | КРнын телефон байланышы жок калктуу конуштарын электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыз кылуу | КРнын калктуу конуштарын электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрү менен камтуу графиктерин иштеп чыгуу, бекитүү жана аткарылышына мониторинг жүргүзүү | 2026-жылдын 31-декабры | КРнын электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн колдонуу мүмкүндүгүнө ээ эмес калктуу конуштарынын саны азайды | БТЖКК, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
12 | (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы N 680 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
13 | Ыңгайлуу салыктык шарттарды түзүү жана камсыз кылуу | Учурдагы салыктык талаш-тартыштар боюнча эл аралык келишимдердин ченемдерине ылайык КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү актысын кабыл алуу аркылуу салык салуу тартибин түшүндүрүү | 2023-жылдын 31-декабры | Улуттук мыйзамдар аталган маселе боюнча түзүлгөн эл аралык келишимдердин алкагында кабыл алынган ченемдерге ылайык келтирилди | ФМ, МСК, СӨМ, БТЖКК, БОА (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
14 | РЭКтен чыгуучу электр магниттик нурдануунун жол берилген чектеги деңгээлин өлчөөнүн улуттук санитардык эрежелерин жана ченемдерин, гигиеналык нормативдерин иштеп чыгуу | РЭКтен чыгуучу электр магниттик нурдануунун деңгээлин өлчөө, адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирдин пайда болуу мүмкүндүгүн болтурбоо үчүн санитардык эрежелерди жана ченемдерди караган, эл аралык илимий изилдөөлөргө негизделген ЧУАны иштеп чыгуу жана бекитүү | 2024-жылдын 31-декабры | РЭКтен чыгуучу электр магниттик нурдануунун деңгээлин өлчөө, адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирдин пайда болуу мүмкүндүгүн болтурбоо үчүн санитардык эрежелерди жана ченемдерди караган, эл аралык илимий изилдөөлөргө негизделген ченемдик укуктук акт кабыл алынды | ССМ, СӨМ, БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
15 | Электр байланыш операторлорунун инфраструктураны жана радиожыштык ресурсун биргелешип пайдалануусун өнүктүрүү | Электр байланыш операторлорунун ортосунда инфраструктураны (канализация, таянычтар, антенна-мачталык түзүлүштөр, станциялардын электр өткөргүч линияларын ж.б.) пайдалануу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү | 2023-жылдын 31-декабры | Электр байланыш операторлорунун инфраструктураны жана радиожыштык ресурсун биргелешип пайдалануусун регламенттөөчү ченемдик укуктук акт кабыл алынды | СӨМ, БТЖКК, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
16 | (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы N 680 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
17 | БОБЛду орнотуу үчүн жер бөлүп берүү жана магистралдык БОБЛду тартууга ТКМден уруксаттарды алуу боюнча маселелерди чечүү | БОБЛду куруу үчүн жер бөлүп берүү жана магистралдык БОБЛду жол тилкеси менен чектешкен участоктордун чегинде тартууга ТКМден уруксат алуу боюнча регламенттөөчү документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2023-жылдын 31-декабры | Электр байланыш тармактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган ченемдик укуктук актылар кабыл алынды | ТКМ, СӨМ, ЖК, ЖӨБО, БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинде каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
18 | Радиожыштыктарды конверсиялоо | Пайдаланылып жаткан радиожыштык ресурстарына кызыкдар мамлекеттик органдар менен талдоо жүргүзүү | 2026-жылдын 31-декабры | Инвестициялык абалды жакшыртуу, мамлекеттик бюджетти толтуруу, жаңы байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн ишке киргизүү максатында радиожыштык спектрин конверсиялоо планы кабыл алынды | СӨМ, БТЖКК, УКМК, КМ, ИИМ, ӨКМ, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
19 | Өлкөнүн калкынын арасында радиофобиянын деңгээлин азайтуу боюнча кампанияларды уюштуруу жана өткөрүү | Өлкөнүн калкынын арасында байланыш объекттеринин коопсуздугу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Программанын иштөө мезгилинде дайыма | Байланыш каражаттарынын иштөөсү жана коопсуздугу жөнүндө калктын билим деңгээли жогорулады. Радиофобия пайызы төмөндөдү | БТЖКК, СӨМ, ССМ, УИА, БОА, мобилдик уюлдук байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
20 | Бешинчи муундагы технологияларга тесттик сыноолорду өткөрүү | Тесттик сыноолор үчүн кызыкдар мобилдик уюлдук байланыш операторлоруна радиожыштык спектрин бөлүштүрүү. Тесттик сыноолорду өткөрүүнүн сценарийин аныктоо. 5G технологиясына тесттик сыноолорду өткөрүү | 2022-жылдын 31-декабры | 5G технологиясын ишке киргизүү келечеги бааланды | БТЖКК, мобилдик уюлдук байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
21 | IoT ишке киргизүү | Жыштыктардын диапазонун аныктоо жана IoT өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү | 2023-жылдын 31-декабры | IoT кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгү | БТЖКК, СӨМ, ЭКМ, БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
22 | Радиомониторинг системасын өнүктүрүү жана жаңылоо | Мобилдик байланыш тармактарында ченөөлөр үчүн, базалык станцияларды идентификациялоону локалдаштыруу ж.б. үчүн ченөөчү комплекстерди сатып алуу. | 2022-жылдын 31-декабры | Сигналдын булактарын, анын ичинде КР мыйзамсыз иштеген өткөргүчтөрдү ж.б. автоматтык түрдө аныктоо үчүн жабдуулар сатып алынды | БТЖКК | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын, донордук жана башка каражаттардын чегинде |
Иштеп жаткан жана пландалган байланыш технологияларын, маалымат берүү жана ТК/РУ сигналдарын эске алуу менен радиомониторинг жүргүзүү үчүн жогорку өтүүдөгү автомобилдин базасында мобилдик радиомониторинг комплекстерин сатып алуу. | 2023-жылдын 31-декабры | |||||
Болгон "R&S PR - 100" жабдуусун жаңыртуу | 2026-жылдын 31-декабры | |||||
23 | MKT чөйрөсүндөгү адистерди чыныгы муктаждыкка жараша даярдоону системалаштыруу жана пландоо | МКТ чөйрөсүндө адистерди даярдоонун форматын кайра карап чыгуу. СӨМгө төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды берүү: - МКТ боюнча адистерди даярдоо жаатындагы мамлекеттик билим берүү стандартына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кошуп алганда МКТ чөйрөсүндө кадрларды даярдоонун ченемдик укуктук базасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө; - кадрларды (анын ичинде байланыш) даярдоого таасир этүү боюнча. Бул үчүн тармактык институт статусун берүү менен байланыш жана МКТ жаатындагы жеке менчик жогорку окуу жайларынын биринин үстүнөн патронаж алуу жана заманбап технологияларга ылайык келген дисциплиналар боюнча окутуунун заманбап методологиясын ыкчам иштеп чыгуу максатка ылайыктуу | 2025-жылдын 31-декабры | МКТ чөйрөсүндө заманбап талаптарга жооп берген адистерди даярдоо | БИМ, СӨМ, БТЖКК, БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
24 | MKT чөйрөсүндө кадрларды даярдоо үчүн билим берүү мекемелерин окуу лабораториялык-программалык комплекстер менен жабдуу | МКТ чөйрөсүндө адистерди даярдоо боюнча билим берүү мекемелерине лицензия берүүдө жана аларды аккредитациялоодо заманбап лабораториялык-программалык комплекстердин болушунун милдеттүүлүгү жөнүндө талаптарды киргизүү | 2024-жылдын 31-декабры | Билим берүү ишин лицензиялоо чөйрөсүндөгү КР мыйзамдарына өзгөртүү киргизилди | БИМ, СӨМ, БТЖКК, БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
|
| 3-тиркеме |
2022-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча жол картасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы N 680 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдет | Индикатордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл | Аралыктык индикаторлор | Акыркы индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу аткаруучулар | ||
1 жыл | 2 жыл | 3 жыл | |||||||
1 | Электр жана почта байланыш тармагындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана актуалдаштыруу | ЧУА | ЧУА | 2022-жыл | 2023-жыл ЧУА иштеп чыгуу | 2024-жыл ЧУА иштеп чыгуу | 2025-жыл ЧУА иштеп чыгуу | 2027-жыл ЧУА | СӨМ, БТЖКК |
2 | Электр байланыш рыногун өнүктүрүү | Радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна онлайн-аукциондорду өткөрүү | Лот | Зарылдыгына жараша | 2022-жыл аукцион өткөрүү | 2023-жыл аукцион өткөрүү | 2024-жыл аукцион өткөрүү | Онлайн-аукцион | БТЖКК |
3 | Байланыш тармактарын жана/же электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн мыйзамсыз пайдалануу мүмкүндүгүнөн коргоо боюнча укуктук негиздерди белгилөө | ЧУА | документ | 2022-жыл | 2022-жыл ЧУА иштеп чыгуу |
|
| 2025-жыл ЧУА | УКМК, ИИМ, СӨМ, БТЖКК, БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) |
4 | Мобилдик байланыш түзүлүштөрүн лабораториялык-практикалык өлчөөлөрдү өнүктүрүү | Өлчөөчү жабдуу | Комплекс | 2023-жыл | 2024-жыл (13 параметрди өлчөө) | 2025-жыл (18 параметрди өлчөө) | 2026-жыл | 2027-ж. Өлчөөчү жабдуу | БТЖКК |
5 | Эл аралык кызматташуу | Иш-чара | Саны (зарылдыгына жараша ) | Дайыма | Дайыма | Дайыма | Дайыма | Иш-чара | СӨМ, БТЖКК |
6 | Шаар куруу жөнүндө мыйзамдарда байланыш курулмаларын, техникалык жайларды жана байланыш линияларына жетүүчү жолдорду коомдук, жарандык турак-жай жана өндүрүштүк багыттагы имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо стадиясында милдеттүү инфраструктуралык элемент катары жайгаштыруу боюнча талаптарды кароо | ЧУА | ЧУА | 2022-жыл | 2022-жыл (ЧУА иштеп чыгуу) |
|
| 2023-жыл ЧУА | АКТКЧМА, СӨМ, электр байланыш операторлору, БОА (макулдашуу боюнча) |
7 | Мобилдик уюлдук байланыш тармактарынын абоненттерин жекелештирүүдө (каттоодо) инсандыгын ырастоо сыяктуу методдорду ишке киргизүү максатында жарандарды аралыктан жекелештирүү (инсандыгын ырастоо) тажрыйбасын изилдөө | Аналитикалык материал | Документ | 2022-жыл | 2022-жыл (талдоо жүргүзүү) |
|
| 2022-жыл аналитикалык материал | СӨМ, БТЖКК, мобилдик уюлдук байланыш операторлору, БОА (макулдашуу боюнча) |
8 | Менчикти каттоо укугун бекитип берүү маселесин изилдөө, линиялык-кабелдик байланыш түзүлүштөрүнүн белгилерине ылайык алардын кыймылдуу же кыймылсыз мүлктүн бул же тигил категориясына таандыктыгын классификациялоо | Аналитикалык материал | Документ | 2022-жыл | 2022-жыл (талдоо жүргүзүү) |
|
| 2023-жыл аналитикалык материал | ЖК, СӨМ, БТЖКК, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) |
9 | Санариптик инновациялык финансы кызмат көрсөтүүлөрүн мындан ары өнүктүрүү үчүн рыноктун катышуучуларын секторлор аралык интеграциялоону тоскоолдуксуз камсыз кылууга мүмкүндүк берген банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр рыногун либералдаштыруу | ЧУА | ЧУА | 2022-жыл | 2022-жыл (ЧУА иштеп чыгуу) |
|
| 2023-жыл ЧУА | УБ, СӨМ, БОА, мобилдик уюлдук байланыш операторлору, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) |
10 | КР калкынын БОБЛ аркылуу Интернет тармагын колдонуу мүмкүндүгүн камсыз кылуу | Тартылган БОБЛдун саны | миң км | 2022-жыл | 2022-жыл (41 миң км) | 2023-жыл (43 миң км) | 2024-жыл (48 миң км) | 2024-жыл (48 миң км) | СӨМ, БТЖКК, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) |
11 | КР телефон байланышы жок калктуу конуштарын электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыз кылуу | КР калктуу конуштарын камтуу | % | 2022-жыл | 2024-жыл (2G - 99,1 ; 3G - 96,0; 4G - 95,0) | 2025-жыл (2G - 99,2; 3G - 96,5; 4G - 95,5) | 2026-жыл (2G - 99,3; 3G - 97,0; 4G - 96,0) | 2027-жыл (2G - 99,4; 3G - 98,2; 4G - 97,8) | БТЖКК, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) |
12 | (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы N 680 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||||||
13 | Ыңгайлуу салыктык шарттарды түзүү жана камсыз кылуу | ЧУА | ЧУА | 2022-жыл | 2022-жыл (ЧУА иштеп чыгуу) |
|
| 2023-жыл ЧУА | ФМ, МСК, СӨМ, БТЖКК, БОА (макулдашуу боюнча) |
14 | РЭКтен чыгуучу электр магниттик нурдануунун жол берилген чектеги деңгээлин өлчөөнүн улуттук санитардык эрежелерин жана ченемдерин, гигиеналык ченемдерин иштеп чыгуу | ЧУА | ЧУА | 2022-жыл | 2022-жыл (ЧУА иштеп чыгуу) |
|
| 2023-жыл ЧУА | ССМ, СӨМ, БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) |
15 | Электр байланыш операторлорунун инфраструктураны жана радиожыштык ресурсун биргелешип пайдалануусун өнүктүрүү | Инфраструктура | Саны (зарылдыгына жараша) | 2022-жыл | 2023-жыл (ЧУА демилгелөө) | 2024-жыл (ЧУА иштеп чыгуу) | 2025-жыл (ЧУА) | 2026-жыл Инфраструктура | СӨМ, БТЖКК, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) |
16 | (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы N 680 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||||||
17 | БОБЛду орнотуу үчүн жер бөлүп берүү жана магистралдык БОБЛду тартууга ТКМден уруксаттарды алуу боюнча маселелерди чечүү | ЧУА | ЧУА | 2022-жыл | 2022-жыл (ЧУА иштеп чыгуу) | 2023-ж. (ЧУА иштеп чыгуу) |
| 2023-жыл ЧУА | ТКМ, СӨМ, ЖК, ЖӨБО БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) |
18 | Радиожыштыктарды конверсиялоо | Иш-чара | Саны (зарылдыгына жараша) | 2022-жыл | 2023-жыл (талдоо жүргүзүү) | 2024-жыл (талдоо жана мамлекеттик органдар менен макулдашуу) | 2025-жыл Мамлекеттик органдар менен макулдашуу | 2026-жыл Пайдаланылып жаткан жыштык ресурстарына талдоо жүргүзүүнүн негизинде радио жыштык спектрин конверсиялоо планы | СӨМ, БТЖКК, УКМК, КМ, ИИМ, ӨКМ, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) |
19 | Өлкөнүн калкынын арасында радиофобиянын деңгээлин азайтуу боюнча кампанияларды уюштуруу жана өткөрүү | Иш-чара | Саны (зарылдыгына жараша) | Туруктуу | Туруктуу | Туруктуу | Туруктуу | Иш-чара | БТЖКК, СӨМ, ССМ, УИА, БОА, мобилдик уюлдук байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) |
20 | Бешинчи муундагы технологияларга тесттик сыноолорду өткөрүү | ЧУА | Документ | 2022-жыл | 2022-жыл (ЧУА иштеп чыгуу) |
|
| 2022-жыл ЧУА | БТЖКК, мобилдик уюлдук байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) |
21 | IoT ишке киргизүү | Жыштык диапазону аныкталды жана IoT өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү | Документ | 2022-жыл | 2022-жыл (талдоо жүргүзүү) |
|
| 2023-жыл Аналитикалык материал | БТЖКК, СӨМ, ЭКМ, БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) |
22 | Радиомониторинг системасын өнүктүрүү жана жаңылоо | Жабдуу | Комплекс | 2022-жыл | 2022-жыл (БАРМБ үчүн комплекс) | 2023-жыл (ТР РМБ үчүн комплекс) | 2026-жыл (ЧР РМБ үчүн комплекс) | 2026-жыл Жабдуулар менен камсыз болуу | БТЖКК |
23 | МКТ чөйрөсүндөгү адистерди чыныгы муктаждыкка жараша даярдоону системалаштыруу жана пландоо | ЧУА | Документ | 2022-жыл | 2022-жыл (ЧУА иштеп чыгуу | 2023-жыл (ЧУА иштеп чыгуу |
| 2025-жыл ЧУА | БИМ, СӨМ, БТЖКК, БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) |
24 | МКТ чөйрөсүндө кадрларды даярдоо үчүн билим берүү мекемелерин окуу лабораториялык-программалык комплекстер менен жабдуу | Жабдуу | Комплекс | 2022-жыл | 2023-жыл (жабдуулар менен камсыз болуу) |
|
| 2024-жыл Жабдуулар менен камсыз болуу | БИМ, СӨМ, БТЖКК, БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) |
|
| 4-тиркеме |
2022-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча жол картасынын БЮДЖЕТИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы N 680 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдет | Иш-чара/аракет | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Өлчөө бирдиги | Каржылоо муктаждыгы | Мүмкүнчүлүктөр | Финансылык айырма | |||||||||
Мам. бюджет | МИП жана гранттар | Башкалар | Бардыгы | Мам. бюджет | МИП жана гранттар | Башкалар | Бардыгы | Мам. бюджет | МИП жана гранттар | Башкалар | Бардыгы | ||||||
1 | Электр жана почта байланыш тармагындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана актуалдаштыруу | Электр жана почта байланыш тармагын жөнгө салуучу КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү | СӨМ, БТЖКК | 2027-жылдын 31-декабры | Миң сом | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | + |
|
|
| - | - | - | - | |||
2 | Электр байланыш рыногун өнүктүрүү | Радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна онлайн-аукциондорду өткөрүү | БТЖКК | Зарылдыгына жараша, радиожыштык спектрине суроо-талапты баалоого ылайык | Миң сом | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | + |
|
|
| - | - | - | - | |||
3 | Байланыш тармактарын жана/же электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн мыйзамсыз колдонуудан коргоо боюнча укуктук негиздерди белгилөө | "Электр жана почта байланышы жөнүндө" КР Мыйзамында электр байланыш операторунун компьютердик маалыматка жана электрондук документтерге, маалымат системасына же электр байланыш тармагына санкцияланбаган кирүүнү жүзөгө ашыруучу жактарга байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн чектөө боюнча укуктарын кароо | УКМК, ИИМ, СӨМ, БТЖКК, БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | 2025-жылдын 31-декабры | Миң сом | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | + |
|
|
| - | - | - | - | |||
4 | Мобилдик байланыш түзүлүштөрүн лабораториялык-практикалык өлчөөлөрдү өнүктүрүү | Мобилдик түзүлүштөрдү (уюлдук телефондор ж.у.с. жабдууларды) радиожыштык спектринин параметрлери боюнча өлчөөлөр үчүн өлчөөчү комплекс сатып алуу. Мобилдик түзүлүштөрдү (уюлдук телефондор ж.у.с. жабдууларды) радиожыштык спектринин параметрлери боюнча өлчөөлөр үчүн жаңырыксыз чакан камера сатып алуу | БТЖКК | 2027-жылдын 31-декабры | Миң сом | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | + |
| + |
| - | - | - | - | |||
5 | Эл аралык кызматташуу | Эл аралык институттар менен кызматташуу: - Эл аралык электр байланыш уюму; - Дүйнөлүк почта уюму; - Евразия экономикалык бирлиги; - Байланыш жаатындагы региондук шериктештик | СӨМ, БТЖКК | Туруктуу негизде | Миң сом | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | + |
|
|
| - | - | - | - | |||
6 | Шаар куруу жөнүндө мыйзамдарда байланыш курулмаларын, техникалык жайларды жана байланыш линияларына жетүүчү жолдорду коомдук, жарандык турак-жай жана өндүрүштүк багыттагы имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо стадиясында милдеттүү инфраструктуралык элемент катары жайгаштыруу боюнча талаптарды кароо | Ченемдик-техникалык документтерге жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | АКТКЧМА, СӨМ, электр байланыш операторлору, БОА (макулдашуу боюнча) | 2023-жылдын 31-декабры | Миң сом | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | + | - | - | - | - | - | - | - | |||
7 | Мобилдик уюлдук байланыш тармактарынын абоненттерин жекелештирүүдө (каттоодо) инсандыгын ырастоо сыяктуу методдорду ишке киргизүү максатында жарандарды аралыктан жекелештирүү (инсандыгын ырастоо) тажрыйбасын изилдөө | Аналитикалык материал түзүү. Оң натыйжа белгиленгенде колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштамаларды киргизүү | СӨМ, БТЖКК мобилдик уюлдук байланыш операторлору, БОА (макулдашуу боюнча) | 2022-жылдын 31-декабры | Миң сом | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | + |
| + |
|
|
|
|
| |||
8 | Менчикти каттоо укугун бекитип берүү маселесин изилдөө, линиялык-кабелдик байланыш түзүлүштөрүнүн белгилерине ылайык алардын кыймылдуу же кыймылсыз мүлктүн тигил же бул категориясына таандыктыгын классификациялоо | Менчик укугун бекитип берүү жөнүндө маселелерди жөнгө салууга багытталган колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштамалар менен аналитикалык материалды түзүү | ЖК, СӨМ, БТЖКК, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор; БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | 2022-жылдын 31-декабры | Миң сом | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | + |
| + |
| - | - | - | - | |||
9 | Санариптик инновациялык финансы кызмат көрсөтүүлөрүн мындан ары өнүктүрүү үчүн рыноктун катышуучуларын секторлор аралык интеграциялоону тоскоолдуксуз камсыз кылууга мүмкүндүк берген банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр рыногун либералдаштыруу | Мобилдик тиркемелерди колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүнүн санын көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү | УБ, СӨМ; БОА, мобилдик уюлдук байланыш операторлору, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) | 2022-жылдын 31-декабры | Миң сом | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | + |
| + |
| - | - | - | - | |||
10 | КР калкынын БОБЛ аркылуу Интернет тармагын колдонуу мүмкүндүгүн камсыз кылуу | Магистралдык байланыш тармактарын өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана эсепке алуу | СӨМ, БТЖКК, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | 2024-жылдын 31-декабры | Миң сом | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | + |
| + |
| - | - | - | - | |||
11 | КРнын телефон байланышы жок калктуу конуштарын электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыз кылуу | КРнын калктуу конуштарын электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрү менен камтуу графиктерин иштеп чыгуу, бекитүү жана аткарылышына мониторинг жүргүзүү | БТЖКК, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | 2026-жылдын 31-декабры | Миң сом | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар | + |
| + |
| - | - | - | - | |||
12 | (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы N 680 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||||||||||||||
13 | Ыңгайлуу салыктык шарттарды түзүү жана камсыз кылуу | Учурдагы салыктык талаш-тартыштар боюнча эл аралык келишимдердин ченемдерине ылайык КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү актысын кабыл алуу аркылуу салык салуу тартибин түшүндүрүү | ФМ, МСК, СӨМ, БТЖКК, БОА (макулдашуу боюнча) | 2023-жылдын 31-декабры | Документ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | + |
|
|
| - | - | - | - | |||
14 | РЭКтен чыгуучу электр магниттик нурдануунун жол берилген чектеги деңгээлин өлчөөнүн улуттук санитардык эрежелерин жана ченемдерин, гигиеналык ченемдерин иштеп чыгуу | РЭКтен чыгуучу электр магниттик нурдануунун деңгээлин өлчөө, адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирдин пайда болуу мүмкүндүгүн болтурбоо үчүн санитардык эрежелерди жана ченемдерди караган, эл аралык илимий изилдөөлөргө негизделген ЧУАны иштеп чыгуу жана бекитүү | ССМ, СӨМ; БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | 2024-жылдын 31-декабры | Документ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | + |
|
|
| - | - | - | - | |||
15 | Электр байланыш операторлорунун инфраструктураны жана радиожыштык ресурсун биргелешип пайдалануусун өнүктүрүү | Электр байланыш операторлорунун ортосунда инфраструктураны (канализация, таянычтар, антенна-мачталык түзүлүштөр, станциялардын электр өткөргүч линияларын ж.б.) пайдалануу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү | СӨМ, БТЖКК, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | 2026-жылдын 31-декабры | Миң сом | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар | + |
| + |
| - | - | - | - | |||
16 | (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы N 680 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||||||||||||||
17 | БОБЛду орнотуу үчүн жер бөлүп берүү жана магистралдык БОБЛду тартууга ТКМден уруксаттарды алуу боюнча маселелерди чечүү | БОБЛду куруу үчүн жер бөлүп берүү жана магистралдык БОБЛду жол тилкеси менен чектешкен участоктордун чегинде тартууга ТКМден уруксат алуу боюнча регламенттөөчү документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү | ТКМ, СӨМ, ЖК; ЖӨБО, БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | 2023-жылдын 31-декабры | Миң сом | Республикалык бюджетте, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинде каралган каражаттардын чегинде | + |
|
|
| - | - | - | - | |||
18 | Радиожыштыктарды конверсиялоо | Пайдаланылып жаткан радиожыштык ресурстарына кызыкдар мамлекеттик органдар менен талдоо жүргүзүү | СӨМ, БТЖКК, УКМК, КМ, ИИМ, ӨКМ, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | 2026-жылдын 31-декабры | Миң сом | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | + |
|
|
| - | - | - | - | |||
19 | Өлкөнүн калкынын арасында радиофобиянын деңгээлин азайтуу боюнча кампанияларды уюштуруу жана өткөрүү | Өлкөнүн калкынын арасында байланыш объекттеринин коопсуздугу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | БТЖКК, СӨМ, ССМ, УИА; БОА, мобилдик уюлдук байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Программа колдонулган мезгилде дайыма | Миң сом | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар | + |
| + |
|
|
|
|
| |||
20 | Бешинчи муундагы технологияларга тесттик сыноолорду өткөрүү | Тесттик сыноолор үчүн кызыкдар мобилдик уюлдук байланыш операторлоруна радиожыштык спектрин бөлүштүрүү. Тесттик сыноолорду өткөрүүнүн сценарийин аныктоо. 5G технологиясына тесттик сыноолорду өткөрүү | БТЖКК, мобилдик уюлдук байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | 2022-жылдын 31-декабры | Миң сом | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар | + |
| + |
| - | - | - | - | |||
21 | IoT ишке киргизүү | Жыштыктардын диапазонун аныктоо жана IoT өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү | БТЖКК, СӨМ, ЭКМ; БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | 2023-жылдын 31-декабры | Миң сом | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | + |
| + |
| - | - | - | - | |||
22 | Радиомониторинг системасын өнүктүрүү жана жаңылоо | Мобилдик уюлдук байланыш тармактарында ченөөлөр үчүн, базалык станцияларды идентификациялоону локалдаштыруу ж.б. үчүн ченөөчү комплекстерди сатып алуу. | БТЖКК | 2022-жылдын 31-декабры | Миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
| Республикалык бюджетте каралган каражаттардын, донордук жана башка каражаттардын чегинде |
|
|
|
Иштеп жаткан жана пландалган байланыш технологияларын, маалымат берүү жана ТК/РУ сигналдарын эске алуу менен радиомониторинг жүргүзүү үчүн жогорку өтүмдүүлүктөгү автомобилдин базасында мобилдик радиомониторинг комплекстерин сатып алуу. |
| 2023-жылдын 31-декабры | |||||||||||||||
Болгон "R&S PR - 100" жабдуусун жаңыртуу |
| 2026-жылдын 31-декабры | |||||||||||||||
23 | МКТ чөйрөсүндөгү адистерди чыныгы муктаждыкка жараша даярдоону системалаштыруу жана пландоо | МКТ чөйрөсүндө адистерди даярдоонун форматын кайра карап чыгуу. СӨМгө төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды берүү: - МКТ боюнча адистерди даярдоо жаатындагы мамлекеттик билим берүү стандартына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кошуп алганда МКТ чөйрөсүндө кадрларды даярдоонун ченемдик укуктук базасына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча; - кадрларды (анын ичинде байланыш) даярдоого таасир этүү боюнча. Бул үчүн тармактык институт статусун берүү менен байланыш жана МКТ жаатындагы жеке менчик жогорку окуу жайларынын биринин үстүнөн патронаж алуу жана заманбап технологияларга ылайык келген дисциплиналар боюнча окутуунун заманбап методологиясын ыкчам иштеп чыгуу максатка ылайыктуу | БИМ, СӨМ, БТЖКК; БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | 2025-жылдын 31-декабры | Миң сом | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | + | - | - | - | - | - | - | - | |||
24 | МКТ чөйрөсүндө кадрларды даярдоо үчүн билим берүү мекемелерин лабораториялык-программалык комплекстер менен жабдуу | МКТ чөйрөсүндө адистерди даярдоо билим берүү мекемелерине лицензияларды берүүдө заманбап лабораториялык-программалык комплекстердин милдеттүү түрдө болушу жөнүндө талаптарды киргизүү | БИМ, СӨМ, БТЖКК, БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | 2024-жылдын 31-декабры | Миң сом | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар | + |
| + |
| - | - | - | - | |||
Кыскартуулардын тизмеси
БОА | - | "Байланыш операторлору ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмеси |
ДПБ | - | Дүйнөлүк почта бирлиги |
БОБЛ | - | була-оптикалык байланыш линиясы |
ЖОЖ | - | жогорку окуу жайы |
АЭӨЛ | - | абадагы электр өткөрүү линиясы |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
АКТКЧМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
ЖК | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы |
МКТ | - | маалыматтык-коммуникациялык технологиялар |
КР | - | Кыргыз Республикасы |
ЛЭП | - | электр өткөрүү линиясы |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ТМК | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
КМ | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭКМ | - | Экономика жана коммерция министрлиги |
ЭЭУ | - | Эл аралык электр байланыш уюму |
ЧУА | - | ченемдик укуктук акт |
УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
РЭК | - | радиоэлектр каражаттары |
PPЛ | - | радиорелелик байланыш линиясы |
БРШ | - | Байланыш жаатындагы региондук шериктештик |
БТЖКК | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы |
КМШ | - | Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги |
АКУ | - | Атайын карызга алуу укугу |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
AMPS | - | биринчи муундагы (1G) тармактарга тиешелүү уюлдук байланыштын аналогдук стандарты |
FTTH/FTTB | - | батирге/үйгө чейинки оптикалык кабель |
GSM | - | санариптик мобилдик уюлдук байланыштын глобалдык стандарты |
IoT | - | интернетке кошулган жана маалымат алмашуучу физикалык объекттердин көптүгү |
LTE | - | өткөргүчсүз жогорку ылдамдыкта маалымат берүүнүн стандарты |
UMTS | - | универсалдуу мобилдик телекоммуникациялык система |
WCDMA | - | коддук бөлүнүш менен кеңири тилкелүү көп жеткиликтүүлүк |
3GPP | - | мобилдик телефония үчүн өзгөчөлүктөрдү иштеп чыгуучу консорциум |