Загрузка документа…
|
| |
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-октябрындагы № 583 токтомуна) |
|
|
|
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы № 22, 2024-жылдын 8-октябрындагы № 613 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Энергетика жөнүндө", "Электр энергетикасы жөнүндө", "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын (мындан ары - ЭКБ) пайдалануу менен өндүрүлгөн энергиянын бардык түрлөрүнө белгиленген тарифтердин алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттарын жана тартибин аныктайт.
Тарифтик преференциялар каралган бул Жобо ЭКБны пайдалануу менен жаңы объекттерге ЭКБ-орнотмолорун эксплуатацияга киргизүү учурунан тартып колдонулат.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) ЭКБ жаатындагы иш режимдеринин түрлөрү - ЭКБны пайдалануу менен өндүрүлгөн электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү режимдери (ЭКБны пайдалануу менен, жогорулатылган коэффициент менен электр энергиясын электр тармагына берүү, келишимдик негизде ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын берүү, жеке муктаждыктар үчүн ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу);
2) ЭКБны пайдалануу менен, жогорулатылган коэффициент менен электр энергиясын электр тармагына берүү - ЭКБ жаатындагы иш режиминин түрү, мында ЭКБ-орнотмолорун пайдалануу менен өндүрүлгөн электр энергиясын ЭКБ субъекти тарабынан берүү "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеңилдетилген мезгил алкагында жогорулатылган коэффициентти колдонуу менен акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тариф боюнча жүзөгө ашырылат;
3) келишимдик негизде ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын берүү - ЭКБ жаатындагы иш режиминин түрү, мында ЭКБ-орнотмолорун пайдалануу менен өндүрүлгөн электр энергиясын ЭКБ субъекти тарабынан ЭКБ субъекти Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык, тараптар өз алдынча аныктаган баа боюнча келишимдик мамилелерде болгон сатып алуучуга берүү жүзөгө ашырылат;
4) жеке муктаждыктар үчүн ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу - ЭКБ жаатындагы иш режиминин түрү, мында ЭКБ-орнотмолорун пайдалануу менен өндүрүлгөн электр энергиясы жеке максаттарга (жеке муктаждыктар үчүн) пайдаланылат жана тарифтер белгиленбейт;
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы № 22 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) ЭКБ субъекти - ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын өндүрүү (режимдердин бардык түрлөрү), берүү (сатуу) чөйрөсүндө иштөө ниетин билдирген жана/же ишти жүзөгө ашырган юридикалык жактар, чет өлкөлүк юридикалык жактар, жеке ишкерлер (жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр);
7) ЭКБ объекти - ЭКБны пайдалануу менен электр жана (же) жылуулук энергиясын өндүрүүгө арналган техникалык түзүлүштөр жана ЭКБны пайдалануу боюнча объектти эксплуатациялоо үчүн технологиялык жактан зарыл болгон жана ЭКБны пайдалануу боюнча объекттин менчик ээсинин балансында турган өз ара байланышкан курулмалар жана инфратүзүмдөр;
8) ЭКБ-электр энергиясы - ЭКБны пайдалануу менен ЭКБ субъекти тарабынан иштелип чыккан электр энергиясы;
9) ЭКБ-орнотмосу - ЭКБдан өндүрүлгөн электр энергиясын өндүрүү же кабыл алуу (алуу), кайра түзүү, аккумуляциялоо жана (же) берүү боюнча технологиялык жабдуулар же технологиялык жабдуулардын комплекси;
10) ЭКБ-тариф - ЭКБ жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ЭКБ субъекти үчүн отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген ЭКБ-электр энергиясынын жеңилдетилген тарифи;
11) жеңилдетилген мезгил - ЭКБ-орнотмолорун 15 жылдык мөөнөткө ишке киргизген күндөн тартып эсептелген убакыт аралыгы;
12) техникалык-экономикалык негиздеме (мындан ары - ТЭН) - инвестициялоонун максаттарын, инвестициялардын натыйжалуулугунун негизин сыпаттоо менен негизги баштапкы маалыматтарды камтыган долбоордук документ, анын ичинде: ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмону иштетүүдөн күтүлгөн экономикалык, социалдык жана (же) коммерциялык натыйжа, ошондой эле курулуш объектинин негизги техникалык жана технологиялык параметрлери жөнүндө маалымат жана объекттин техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн аныктоо менен эсептөөлөр;
13) алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме (мындан ары - алдын ала ТЭН) - долбоордун мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө менен деталдуу ТЭН ортосундагы аралык баскыч. Алдын ала ТЭН ТЭНден маалыматтын азыраак деталдуулугу, долбоордун варианттарын кароонун тереңдиги жана кошумча функциялык изилдөөлөрдү эске алуу менен аны жүзөгө ашыруунун айрым аспекттери менен айырмаланат;
14) долбоордук-сметалык документтер (мындан ары - ДСД) - долбоордук (долбоордук-сметалык) документтер, ал көлөмдүк-пландаштыруучу, конструктивдүү, технологиялык, инженердик, экономикалык жана башка чечимдерди, ошондой эле курулушту уюштуруу жана жүргүзүү үчүн сметалык эсептерди, инженердик даярдыкты жана аймакты абаттоону камтыйт;
15) эсептешүү борбору - өз алдынча уюм, ал электр энергиясынын агымы жана жоготуулары боюнча маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, аныктыгын текшерүү, талдоо, электр энергиясынын балансын түзүү, электр энергетикалык рыноктун бардык катышуучулары үчүн эсептөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле электр энергетикалык рыногунун катышуучуларынын ортосундагы өз ара эсептешүүлөргө мониторинг жүргүзүү боюнча борборлоштурулган маалыматтык аналитикалык системаны пайдалануу менен кызматтарды көрсөтөт.
16) микрогенерация - электр энергиясын көлөмүнө, технологиясына же отунуна карабастан, тармактан тышкары жана тармакка параллелдүү жерде же анын керектөө жерине жакын жерде өндүрүү;
17) микрогенерация объекти - эгерде мындай объекттин электр энергиясын электр тармагына берүү үчүн имараттагы бирден көп жайды, анын ичинде көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүнүн курамына кирген жайды тейлөө үчүн арналган электр жабдуусу пайдаланылбаса, электр энергиясын керектөөчүгө менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде таандык болгон, энергияны кабыл алуучу түзүлүштөрү чыңалуунун деңгээли 1 кВдан ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 15 кВттан ашпаган электр тармактык чарба объекттерине технологиялык жактан кошулган электр энергиясын өндүрүү боюнча объект.
18) ЭКБ субъекттеринин реестри - мамлекеттик жөнгө салынууга жана контролдонууга тийиш болгон ЭКБ субъекттерин мамлекеттик эсепке алуунун бирдиктүү системасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы N 22, 2024-жылдын 8-октябрындагы № 613 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2-глава. ЭКБны пайдалануу менен энергетика чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырган катышуучулардын ыйгарым укуктары
3. ЭКБны пайдалануу менен энергетика чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырган катышуучулар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
3) жер укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатындагы мыйзамдарында аныкталган мамлекеттик өнөктөр;
6) электр энергетикалык компаниялар;
7) эсептешүү борбору;
8) ЭКБ субъекти.
4. ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) электр компанияларынын техникалык шарттарын берүүнүн негизинде ЭКБ объекттерин курууну жөнгө салууну жана эсепке алууну жүргүзөт;
2) ЭКБны пайдалануу менен объекттерди куруу үчүн жер участокторун резервге калтырууга укуктуу;
3) жер комиссиясынын ишин демилгелөөгө, объекттерди куруу жана ЭКБны пайдалануу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө маселени кароого катышууга укуктуу;
4) ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ЭКБ-онотмолорун куруу боюнча долбоорду демилгелеген учурда, ЭКБ-орнотмолорун курууга конкурстук тандоо жүргүзүүгө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте долбоордун алдын ала ТЭНди даярдоого жана жер укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ЭКБ-орнотмолорун куруу үчүн жер мыйзамдарына ылайык жер участогун берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу;
5) объекттерди курууга конкурс өткөрүүдө инвесторлор тарабынан кепилдик милдеттенмелеринин аткарылышын жана ЭКБнын пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
6) ЭКБ субъекти менен ЭКБны пайдалануу боюнча объектти курууга инвестициялоо ниети жөнүндө макулдашууну түзүүгө укуктуу;
7) ЭКБны пайдалануу боюнча объектти куруу үчүн берилген жер участогунун максаттуу багыты бузулуп же 3 (үч) жыл бою пайдаланылбаган учурларда Кыргыз Республикасынын жер укук мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жер укук мамилелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жер участогун пайдалануу укугун токтотуу (жокко чыгаруу) жол-жобосун демилгелөөгө укуктуу;
8) ЭКБны пайдалануу менен, анын ичинде микрогенерация объекттеринен иштелип чыккан, орнотмонун менчик ээси тарабынан өз муктаждыктары үчүн керектелбеген жана башка керектөөчүлөргө келишимдик негизде сатылбаган электр энергиясын сатып алуучу электр энергетикалык компанияны аныктайт;
9) ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди куруу үчүн берилген жер участокторунун максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо маселелери боюнча мамлекеттик суу администрациясы жана башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара кызматташат;
10) ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди куруунун долбоорлорун мамлекеттик органдарда макулдашуу жол-жобосунан өткөрүүдө ЭКБ субъекттерине юридикалык жана уюштуруучулук жардам берет;
11) ЭКБны пайдалануу менен объекттерди энергия берүүчү уюмдардын электр жана (же) жылуулук тармактарына Кыргыз Республикасынын энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кошууга мониторингди жана контролду жүргүзөт;
12) ЭКБнын энергетикалык кудуретин, аларды өздөштүрүү деңгээлин жана Кыргыз Республикасындагы энергияны өндүрүүнүн жалпы көлөмүндө электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүнүн үлүшүн эсепке алуу жана талдоо жолу менен ЭКБны пайдаланууга мониторинг жүргүзөт;
13) ЭКБны пайдалануу жаатында эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
14) ЭКБ жаатындагы башка функцияларды жүзөгө ашырат;
15) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы № 22 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы № 22 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы № 22 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) ЭКБны пайдалануу менен долбоорлордун жеңилдетилген мезгилинин колдонулушун 15 (он беш) жылдык мөөнөткө белгилейт;
2) ЭКБ субъекттеринен электр энергетикалык компаниялар тарабынан сатылып алынган өндүрүлгөн электр энергиясына жогорулатуучу коэффициентти колдонуу менен бирдиктүү тарифтерди белгилейт.
6. Жер укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген тартипте:
1) жер участогун берүү жөнүндө арызды, анын ичинде ЭКБ-орнотмолорун курууга алдын ала ТЭНди карайт;
2) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына ылайык ЭКБ-орнотмолорун куруу үчүн жер участокторун берет;
3) ЭКБ субъектине ЭКБ-орнотмолорун курууда ишти уюштурууга жана ЭКБ субъектинин ишине колдоо көрсөтүү үчүн коомго консультацияларды өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
7. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатындагы мыйзамдарында аныкталган мамлекеттик өнөктөр:
1) ЭКБ-орнотмолорун куруу боюнча долбоор демилгеленген учурда долбоордун алдын ала ТЭНин даярдайт, жер укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ЭКБ-орнотмолорун куруу үчүн Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жер участогун берүү өтүнүчү менен кайрылат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте ЭКБ-орнотмолорун курууга конкурстук тандоого катышат.
8. Электр энергетикалык компаниялар:
1) ЭКБ субъектине ЭКБ-орнотмолорун электр тармактарына, анын ичинде тармактын техникалык мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен микрогенерация объекттерине технологиялык кошууга техникалык шарттарды берет;
2) ЭКБ субъекти менен ЭКБ-орнотмосу тарабынан, анын ичинде микрогенерация объекти менен өндүрүлгөн ЭКБ-электр энергиясын берүүгө келишим түзөт;
3) ЭКБ субъекти тарабынан керектөөчүлөргө, анын ичинде тармактын техникалык мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен микрогенерация объекттерине келишимдик негизде ЭКБ-электр энергиясын өткөрүп берүүдө ЭКБ-электр энергиясын ташуу боюнча кызматтарды көрсөтөт;
4) Кыргыз Республикасынын бирдиктүү электр энергетика системасынын электр тармактарына электр энергиясын берүүнүн - керектөөнүн диспетчердик графиктерин түзүүдө аларга ЭКБны пайдалануучу объекттерден берүүлөр артыкчылыктуу тартипте киргизет;
5) тиешелүү тейлөө аймагында ЭКБ-орнотмолору тарабынан иштелип чыккан жана бирдиктүү электр энергетика системасынын тармагына берилген белгиленген кубаттуулуктун жана электр энергиясынын көлөмүнүн эсебин жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы N 22, 2024-жылдын 8-октябрындагы № 613 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Эсептөө борбору өндүрүлгөн электр энергиясынын (кубаттуулугун), электр тармактарына берилген электр энергиясынын жана электр энергиясынын пайдалуу берилишинин көлөмүнүн автоматташтырылган эсебин ЭКБ-орнотмолорунда электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган системасынан келип түшкөн маалыматтар боюнча жүргүзөт.
10. ЭКБ субъекти:
1) алдын ала ТЭНди, долбоордун ТЭНин жана ДСДны даярдоону, анын ичинде ЭКБ-орнотмолорун курууда жүргүзүлгөн айлана-чөйрөгө таасир этүүнү баалоонун негизинде экологиялык экспертизаны жүргүзүүнү камсыз кылат;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы № 22 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана энергетика чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген тартипте электр энергиясын сатып алуучу электр энергетикалык компаниянын электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасына (мындан ары - ЭКЭАС) жана эсептөө борборунун маалыматтарын топтоонун жана иштетүүнүн борборлоштурулган системасына (мындан ары - МТИБС) аларды интеграциялоо мүмкүнчүлүгү менен, электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу жана контролдук коммерциялык эсепке алуу приборлорун орнотуу менен электр энергиясын эсепке алуу системасын кошкондо, ЭКБ-орнотмолорун долбоорлоо, куруу, кошуу, ишке киргизүү жана эксплуатациялоо боюнча иштерди каржылоону жана аткарууну камсыз кылат;
4) отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жыл сайын ЭКБ-электр энергиясы тармагында иштеп чыгуунун жана берүүнүн болжолдуу жана иш жүзүндөгү көлөмдөрү жөнүндө маалыматты берет;
5) электр энергетика компаниясынын берилген техникалык шарттарынын негизинде электр берүү линиясын тармакка кошуу түйүнүнө чейин куруу боюнча бардык чыгымдарды тартат;
6) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ЭКБ субъекттеринин реестрине киргизүү жөнүндө арызды жана ЭКБ субъекттеринин реестринде белгиленген маалымат өзгөргөн учурларда кабарламаны берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы N 22, 2024-жылдын 8-октябрындагы № 613 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3-глава. ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ЭКБ субъекттеринин ишин жүзөгө ашыруу өзгөчөлүктөрү
11. ЭКБ субъекттери белгиленген тарифтердин алкагында жеңилдетилген мезгил боюнча тарифтик преференцияга талапкер болууга укуктуу.
12. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы № 22 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13. ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алдын ала ТЭН жана ага ЭКБ-орнотмолорун куруу үчүн бөлүнгөн жер участогу болгондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык энергетикалык ЭКБ-орнотмолорду курууга конкурс өткөрөт.
14. ЭКБ субъекттери алар иштеп чыккан ЭКБ-электр энергиясын акыркы керектөөчүлөргө берүүнү келишимдик негизде берилип жаткан ЭКБ-электр энергиясынын баасын аныктоо менен жүзөгө ашырууга укуктуу.
15. Келишимдик негизде ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын берүүдө ЭКБ-электр энергиясына болгон тариф Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын жоболорун бузбастан, тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
16. Керектөөчүлөргө пландаштырылган орточо айлык берүүнү жабууга жана өздүк колдонууга жетишсиз болгон ЭКБ субъекти тарабынан электр энергетикалык компаниясынан сатып алуу ЭКБ субъекттери үчүн белгиленген тариф боюнча жогорулатуу коэффициентин эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
ЭКБ субъекти тарабынан учурдагы эсептик мезгилде электр энергетикалык компаниядан сатып алынган электр энергиясынын көлөмү ушул ЭКБ-орнотмосунун пландалган орточо айлык электр энергиясын өндүрүү көлөмүнөн ашпоого тийиш.
17. ЭКБ субъекттери тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясы бир эле убакта өндүрүлгөн жана керектелгенде топтолууга, сактоого, алмаштырууга жана кайтарылууга жатпайт.
18. ЭКБ-орнотмосунун ээси тарабынан жеке муктаждыктарга керектелбеген, ошондой эле келишимдик негизде башка керектөөчүлөргө сатылбаган ЭКБ-электр энергиясы ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган, бул ЭКБ-орнотмосу ЭКБны пайдалануу менен кайсы электр энергетикалык компаниянын тармактарына кошулганына карабастан, тийиштүү келишим түзгөн электр энергетикалык компания тарабынан сатып алынышы керек.
19. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы № 22 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4-глава. ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун этаптары
20. ЭКБ-электр энергиясын иштеп чыгуу боюнча иш өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) ЭКБ-орнотмолорун куруу үчүн жер участокторуна укуктарды берүү;
2) электр тармактарына кошулууга техникалык шарттарды алуу;
3) ЭКБ субъекттеринин реестрине ЭКБ субъекттерин киргизүү;
4) ЭКБ-электр энергиясын берүүгө келишим түзүү;
5) ДСДны жана ТЭНди даярдоо;
6) ЭКБ-орнотмолорун, объекттерин куруу жана электр тармактарына кошуу;
7) электр тармактарына кошуу объекттерин жана ЭКБ-орнотмолорун кабыл алуу жана пайдаланууга берүү;
8) электр энергиясын сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди алуу;
9) эсептешүү борбору менен электр энергиясын эсепке алуунун маалыматтарын топтоо жана иштеп чыгуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишимди түзүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)
20-1. Микрогенерация объекттеринен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу этаптары:
1) электр тармактарына кошулууга техникалык шарттарды алуу;
2) ЭКБ-электр энергиясын берүүгө келишим түзүү.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмону куруу үчүн жер участогуна укук берүү
21. ЭКБ-орнотмолорун куруу үчүн жер участоктору жер укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле ЭКБ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеме тарабынан ЭКБ субъекттеринин менчигине же пайдалануусуна Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында каралган тартипте берилиши мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Конкурс өткөрүү үчүн ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ЭКБ-орнотмолорун куруу үчүн жер участогуна укук берүүгө арыз менен Кыргыз Республикасынын жер укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган тартипте тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү администрацияларга жана жер участогу карамагында турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууга укуктуу.
23. ЭКБ-орнотмолорун куруу үчүн жер участогун берүүгө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: ЭКБ объектинин түрү жана пландаштырылган белгиленген кубаттуулугу, анын болжолдуу жайгашкан жери, жер участогунун болжолдуу аянтынын негиздемеси жана ага карата суралган укуктун түрү. Арызга ЭКБ-орнотмосун куруу долбоорунун алдын ала ТЭН жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин алдын ала баалоо тиркелүүгө тийиш.
24. ЭКБ-орнотмолорун куруу долбоорунун алдын ала ТЭН, ошондой эле айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин алдын ала баалоо ЭКБ субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатындагы мыйзамдарына ылайык иштин тийиштүү түрлөрүн ишке ашырууга укугу бар жеке жана юридикалык жактарды тартуу менен өз алдынча даярдалат.
6-глава. ЭКБ субъекттеринин реестрин жүргүзүү жана белгиленген тарифтердин алкагында жеңилдетилген мезгил боюнча тарифтик преференцияларды берүү
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы № 22 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7-глава. ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын берүүгө тарифтерди жана ЭКБ-орнотмолорунун жеңилдетилген мезгилин белгилөө
40. ЭКБ субъекттеринен электр энергетикалык компаниялар тарабынан сатып алынуучу иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтик преференциялар белгиленген бирдиктүү тарифтердин алкагында иштейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы № 22 токтомунун редакциясына ылайык)
41. ЭКБ субъекттеринен электр энергетикалык компаниялар тарабынан сатып алынуучу электр энергиясына тарифтерди кайра карап чыгуу электр энергиясына тарифтик саясат менен белгиленген акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына максималдуу тарифтин чоңдугунун өзгөрүшүнө жараша жүргүзүлөт.
42. ЭКБ субъекттеринин болгон кубаттуулугун жогорулатуу жеңилдетилген мезгилдин мөөнөттөрүн өзгөртүүгө алып келбейт.
8-глава. ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын берүүгө келишим түзүү
43. Белгиленген тарифтердин алкагында жогорулатуучу коэффициентти колдонуу менен тарифтик преференция жайылтылган ЭКБ субъекттери, кайсы электр энергетикалык компаниянын тармактарына бул ЭКБ-орнотмосу ЭКБны пайдалануу менен кошулганына карабастан, ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган электр энергетикалык компанияга ЭКБ-электр энергиясын берүүгө келишим түзүү жөнүндө арыз менен кайрылышат.
44. ЭКБ-орнотмодо иштелип чыккан электр энергиясын берүүгө келишим түзүү жөнүндө арызга төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:
1) жер участогуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү;
2) отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү тарифти белгилөө жөнүндө буйругу;
3) ЭКБ субъектинин укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтеринин көчүрмөлөрү.
Толук эмес, анык эмес документтер берилгенде же оңдоолор менен таризделген документтер берилгенде, арыз ээсине жетишпеген маалыматтарды же документтерди берүү жөнүндө суроо-талап жиберилет. Бул учурда арыз бардык зарыл болгон документтер берилген дата менен катталат.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы N 22, 2024-жылдын 8-октябрындагы № 613 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
45. Электр энергетикалык компания жана ЭКБ субъекти, ЭКБ-субъектинен бардык зарыл болгон документтер алынган күндөн тартып 20 (жыйырма) жумуш күндөн кечиктирбестен ЭКБ-электр энергиясын берүү жөнүндө келишимге кол коет.
Келишим түзүүдөн негизсиз баш тартуу же аны кечиктирүү Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)
8-1-глава. ЭКБ субъекттеринин реестрин жүргүзүү
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)
45-1. ЭКБ субъекттеринин реестри ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын баалоону жана статистикалык эсепке алууну камсыз кылуу максатында ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат. ЭКБ субъекттеринин реестри ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча кагаз түрүндө жана электрондук форматта жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)
45-2. ЭКБ субъекттеринин реестринде төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) ЭКБ субъекттеринин реестриндеги ЭКБ субъектинин номери;
2) юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын толук жана кыскартылган (болсо) аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык дареги жана иш жүзүндө турган жери, идентификациялык салык номери;
3) чет өлкөлүк юридикалык жак үчүн - юридикалык жактын толук жана кыскартылган (болсо) аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык дареги жана иш жүзүндө турган жери, идентификациялык салык номери, мамлекеттик реестрден же бул юридикалык жак өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп санала тургандыгын ырастоочу апостиль коюлган башка документтин көчүрмөсү. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилдерге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен берилет;
4) жеке ишкерлер (жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр) үчүн:
жеке жактар үчүн:
- жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо), катталган жана иш жүзүндө жашаган жери, ким экендигин күбөлөндүргөн документтин маалыматтары, идентификациялык жеке номери (ИЖН);
чет өлкөлүк жеке жак үчүн:
- жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо), катталган жана иш жүзүндө жашаган жери, ким экендигин күбөлөндүргөн документке, башка документтерге жана мамлекеттик жана/же расмий тилдерге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолорго ылайык идентификациялык жеке номери;
5) так координаттары менен ЭКБ объектинин жайгашкан жери;
6) пландалган ЭКБ-орнотмосунун түрү жана кубаттуулугу;
7) ЭКБ объектинин белгиленген кубаттуулугу;
8) техникалык шарттардын жана электр энергиясын берүүгө келишимдин номери;
9) арыз ээсинин байланыш телефону жана электрондук почта дареги.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)
45-3. ЭКБ субъекттеринин реестри ачык маалымат болуп саналат жана ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)
45-4. ЭКБ субъекттеринин реестрине киргизүү үчүн арыз ээси арыз берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)
45-5. Арызга төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:
1) юридикалык жактар үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уставдын;
2) жеке жактар үчүн - ким экендигин күбөлөндүргөн документтин;
3) чет өлкөлүк жеке жак үчүн - мамлекеттик реестрден берилген көчүрмөнүн (апостиль коюлган) же мамлекеттик жана/же расмий тилдерге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен бул юридикалык жак өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп санала тургандыгын күбөлөндүргөн башка документтин;
4) чет өлкөлүк жеке жак үчүн - мамлекеттик жана/же расмий тилдерге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен ким экендигин күбөлөндүргөн документтин;
5) жеке ишкерлер үчүн - жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)
45-6. ЭКБ субъекттеринин реестрине киргизүү арыз берилген күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Арыз толук эмес же туура эмес толтурулса же тиркелген документтер толук эмес болсо, арыз алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде арыз ээсине жетишсиз маалыматтарды же документтерди берүү жөнүндө суроо-талап жиберилет. Бул учурда арыз бардык зарыл болгон документтер берилген дата менен катталат.
ЭКБ субъекттеринин реестрине киргизүүдөн негизсиз баш тартылса же ал кечиктирилсе, арыз ээси административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттана алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)
45-7. Реестрге киргизилүүгө тийиш болгон ЭКБ субъекттеринин иши жөнүндө маалыматка өзгөртүүлөр ЭКБ субъекттери тарабынан ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзгөртүү үчүн негиз келип чыккан күндөн тартып бир календардык айдын ичинде жазуу жүзүндө билдирилүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)
9-глава. ДСД жана ТЭНди даярдоо
46. ДСДны даярдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 114 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
47. ЭКБны пайдалануу менен ЭКБ-орнотмолорун курууга ДСДны даярдоодо айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине толук баа берилет. ЭКБ-орнотмолорун куруу боюнча долбоордун айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо жана экологиялык экспертиза жүргүзүү Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
48. ЭКБ-орнотмолорун куруу долбоорунун ТЭНи ЭКБ субъекти тарабынан иштин тийиштүү түрлөрүн ишке ашырууга укугу бар жеке жана юридикалык жактарды тартуу менен белгиленген тартипте даярдалат.
10-глава. ЭКБны пайдалануу менен орнотмолорду куруу жана электр тармактарына кошуу
49. ЭКБ-орнотмолорун куруу жана ишке киргизүү Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 114 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
50. Электр тармактарына технологиялык туташтыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген Генерациялоочу булактарды, электр бөлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарын жана керектөөчүлөрдүн электр түзүлүштөрүн электр тармактарына технологиялык туташтыруунун эрежесине ылайык жүзөгө ашырылат.
11-глава. ЭКБ объектин кабыл алуу жана пайдаланууга берүү
51. Аягына чыгарылган курулуш объектин ишке киргизүүнүн шайкештигин баалоо акты ЭКБ объектин ишке киргизүү үчүн негиз болуп саналат.
52. ЭКБ субъекти ЭКБ объектин пайдаланууга бергенден кийин отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарым жылдын жыйынтыгы боюнча өзүнүн ишинин натыйжалары жөнүндө (сатып алуучулар боюнча бөлүштүрүү менен иштелип чыккан жана сатылган электр энергиясынын саны) билдирет.
12-глава. ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензиялык-уруксат берүүчү документтер
53. ЭКБ субъекттери ЭКБ жаатындагы иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашыруу үчүн отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан тиешелүү лицензия алууга милдеттүү.
54. ЭКБ субъекттерине лицензия берүүнүн тартиби жана шарты Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатындагы мыйзамдарына ылайык аныкталат.
13-глава. ЭКБны пайдалануу менен энергияны өндүрүүчүлөрдүн жана ЭКБ-орнотмолорун өндүрүүчүлөрдүн милдеттери
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы N 22 токтомунун редакциясына ылайык)
55. ЭКБны пайдалануу менен энергия өндүрүүчүлөр жана ЭКБ-орнотмолорун өндүрүүчүлөр төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) энергетика жана ЭКБ жаатындагы мыйзамдардын, ошондой эле экологиялык жана өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарын сактоого;
2) ЭКБны жана ЭКБ-орнотмолорун пайдалануу менен энергияны өндүрүүдө ЭКБны пайдалануу жаатындагы техникалык регламенттерди, ченемдерди жана эрежелерди сактоого;
3) жер участогун алган учурдан тартып 3 (үч) жылдын ичинде ЭКБны пайдалануу менен орнотмолорду куруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы N 22 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| 1-тиркеме Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобого |
Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттеринин РЕЕСТРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы № 22 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| 2-тиркеме Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жанатартиби жөнүндө жобого |
Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъектин каттоо жөнүндө КҮБӨЛҮК
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы № 22 токтомуна ылайык күчүн жоготту)