Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-ноябры № 660
2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында газмотордук отун-компримирленген жаратылыш газынын рыногун өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында газмотордук отун - компримирленген жаратылыш газынын рыногун өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
- Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык;
- Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Программанын аткарылышы жөнүндө маалыматты ай сайын Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Программанын аткарылышы жөнүндө квартал сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына отчеттук кварталдан кийинки айдын 15ине чейин маалымдасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында газмотордук отун-компримирленген жаратылыш газынын рыногун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар/Иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Максаты: 2030-жылга карата автомобиль транспортунун 50%ын газмотордук отунга өткөрүүнү камсыздоо жана булгоонун кыймылдуу булактарынан зыяндуу (булгоочу) заттардын чыгындыларынын көлөмүнүн бир транспорт каражатына болгон үлүшүн 2022-жылдын деңгээлине карата 50%га төмөндөтүү | |||||
1-артыкчылык. ташуулардын өздүк наркын төмөндөтүү жана транспорттун айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтуу үчүн жаратылыш газын мотордук отун катары пайдалануу көлөмдөрүн көбөйтүү | |||||
1 | 1.1-милдет. Жаратылыш газын мотордук отун катары пайдалануу жаатындагы мыйзамдарды кайра карап чыгуу | 1.1.1. Жаратылыш газын мотордук отун катары пайдалануу жаатындагы мыйзамдарды кайра карап чыгуу жана актуалдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүү | 2022-жылдын IV кварталы | Жумушчу топ түзүү жөнүндө буйрук | ЭМ |
1.1.2. Жаратылыш газын мотордук отун катары пайдалануу жаатындагы мыйзамдарга талдоо жүргүзүү | 2022-жылдын IV кварталы | Мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштамалары менен жүргүзүлгөн талдоо | ЭМ, жумушчу топ | ||
1.1.3. КЖГга арналган газ баллондук жабдууларды орнотуу жана пайдалануу боюнча ЧУА жана техникалык документтердин долбоорлорун жумушчу топтун сунуштамаларына ылайык иштеп чыгуу жана бекитүүгө киргизүү | 2023-жылдын I кварталы | КЖГга арналган газ баллондук жабдууларды орнотуу жана пайдалануу маселелерин жөнгө салуучу кабыл алынган ЧУА | ЭМ, ИИМ, ТКМ, ЖРЭТКМ | ||
1.1.4. КЖГны газмотордук отун катары пайдалануу боюнча ЧУА жана техникалык документтердин долбоорлорун жумушчу топтун сунуштамаларына ылайык иштеп чыгуу жана бекитүүгө киргизүү | 2023-жылдын I кварталы | КЖГны газмотордук отун катары пайдалануу маселелерин жөнгө салуучу кабыл алынган ЧУА | ЭМ, ИИМ, ТКМ, ЖРЭТКМ | ||
1.2-милдет. Газмотордук отунду пайдалануу үчүн автотранспорт каражаттарын кайра жабдууга түрткү берүү | 1.2.1. КР мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын ЮКГ пайдаланган автотранспорт каражаттарын сатып алуу жана модернизациялоо жана жеке автотранспорт каражаттарын КЖГ пайдаланууга өткөрүү планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү | 2022-жылдын IV кварталы | Жумушчу топ түзүү жөнүндө буйрук | ЭМ, ТКМ | |
1.2.2. КР мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын КЖГ пайдаланган автотранспорт каражаттарын сатып алуу жана модернизациялоо планын иштеп чыгуу, каржылоо булактарын аныктоо | 2023-жылдын I кварталы | Иш-чаралардын макулдашылган планы | ФМ | ||
1.2.3. Жеке транспорт каражаттарын КЖГга өткөрүү планын иштеп чыгуу жана бекитүү, каржылоо булактарын аныктоо | 2023-жылдын I кварталы | Иш-чаралардын бекитилген планы | ФМ, кызыкдар компаниялар (макулдашуу боюнча) | ||
1.2.4. Жеке, мамлекеттик, муниципалдык автотранспорт каражаттарын КЖГга өткөрүү планын ишке ашырууну камсыз кылуу | Бекитилген пландын 1.2.2 жана 1.2.3-пунктчаларындагы мөөнөткө ылайык | Иш-чаралардын макулдашылган планы | ТКМ, кызыкдар компаниялар (макулдашуу боюнча) | ||
1.2.5. Салык жана бажы преференцияларынын эсебинен газмотордук отунду пайдаланган автотранспорт каражаттарын сатып алуу жана/же ГБЖ - КЖГ орнотуу үчүн түрткү берүүлөрдү түзүү бөлүгүндө салык, бажы мыйзамдарын кайра карап чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү | 2022-жылдын IV кварталы | Жумушчу топту түзүү жөнүндө буйрук | ТКМ, ФМ | ||
1.2.6. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
1.2.7. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
1.3-милдет. Газмотордук инфраструктураны өнүктүрүүгө түрткү берүү | 1.3.1. Өлкөнүн аймагында КЖГ тармагынын инфраструктура объекттерин жайгаштыруунун интерактивдүү картасын иштеп чыгуу | 2023-жылдын II кварталы | Өлкөнүн аймагында КЖГ тармагынын инфраструктура объекттерин жайгаштыруунун интерактивдүү картасы | Кызыкдар компаниялар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖРЭТКМ | |
1.3.2. Интерактивдүү картаны үзгүлтүксүз актуалдаштырууну камсыз кылуу | Туруктуу негизде | Картага актуалдуу малыматтарды киргизүү | Кызыкдар компаниялар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖРЭТКМ | ||
1.3.3. Газмотордук отун рыногун өнүктүрүүдө инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү: АГТКС жана КЖГга арналган ГБЖ орнотуу жана тейлөө станцияларын куруу боюнча | Туруктуу негизде | АГТКС куруунун иштелип чыккан бизнес-долбоорлору, бизнес-форумдарга катышуу ж.б. | ИУА, кызыкдар компаниялар (макулдашуу боюнча) | ||
1.3.4. Потенциалдуу инвесторлорду издөө | Туруктуу негизде | Потенциалдуу инвесторлордун тизмеси, инвесторлор менен жолугушуулар, сүйлөшүүлөр | |||
1.3.4.1. АГТКС/ГБЖ инвестициялык бизнес долбоорлорун ишке ашыруу | Бизнес-долбоорлорду ишке ашыруунун мөөнөттөрүнө ылайык | Курулган жана иштеп жаткан АГТКС, ГБЖны тейлөө борборлору | |||
1.З.4.2. АГТКС куруу үчүн жер участокторун трансформациялоо жол-жоболорун жүргүзүүдө инвесторлордун суроо-талабы боюнча жооптуу органдарга көмөк көрсөтүү (өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына) | Туруктуу негизде | Зарыл болгон учурда жана суроо-талап боюнча АГГКС куруу үчүн башка категориядагы жерлер трансформацияланган | ЖӨБО, кызыкдар компаниялар (макулдашуу боюнча), КРП ЫУӨ | ||
1.4-милдет. Жаратылыш газын мотордук отун катары пайдаланууну кеңейтүү процессине маалыматтык колдоо көрсөтүүнү камсыздоо | 1.4.1. Компримирленген газды мотордук отун катары пайдалануунун артыкчылыктары жөнүндө калкка маалымдоо боюнча коммуникациялык стратегияны иштеп чыгуу жана бекитүү | 2022-жылдын IV кварталы | Коммуникациялык стратегия | ЖӨБО, ЖРЭТКМ, БУУӨП, кызыкдар компаниялар (макулдашуу боюнча) | |
1.4.2. Бекитилген коммуникациялык стратегияга ылайык компримирленген газды мотордук отун катары пайдаланууну кеңейтүү максатында маалыматтык-агартуу иш-чараларынын комплексин жүргүзүү | Коммуникациялык стратегиянын мөөнөттөрүнө ылайык | Өткөрүлгөн тематикалык "тегерек столдор", жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоолор, тематикалык теле жана радиоберүүлөрдү уюштуруу, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын расмий сайттарында Интернет тармагында тематикалык маалыматтарды жайгаштыруу | ЖӨБО, ЖРЭТКМ, ЭМ, жооптуу маморгандар, БУУӨП, кызыкдар компаниялар (макулдашуу боюнча) | ||
1.5-милдет. Газмотордук отун-компримирленген газ рыногун өнүктүрүү программасын актуалдаштырууну камсыздоо | 1.5.1 2022-2026-жылдарга газмотордук отун-компримирленген газ рыногун өнүктүрүү программасынын жетишилген натыйжаларына талдоо жүргүзүү. Кийинки мезгилге газмотордук отун-компримирленген газ рыногун өнүктүрүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана актуалдаштыруу | 2026-жылдын II кварталы | Газмотордук отун-компримирленген газ рыногун өнүктүрүү программасы актуалдаштырылды жана 2032-жылга чейин узартылды | ЭМ | |
2-артыкчылык. Жаратылыш газын иштөө циклинин аралыгында мотордук отун катары пайдаланган транспорт каражаттарын ишке киргизүү жана натыйжалуу эксплуатациялоо үчүн техникалык жана кадрдык потенциалдарды өнүктүрүү | |||||
2 | 2.1-милдет. Жаратылыш газын мотордук отун катары пайдаланган автотранспорт менен иштөө үчүн квалификациялуу персоналды окутууну жана даярдоону камсыз кылуу | 2.1.2. КЖГга арналган ГБЖ орнотуу жана техтейлөө боюнча техникалык адистерди даярдоо программасын иштеп чыгуу жана КР орто-техникалык кесиптик окуу жайларынын окуу планына киргизүү | 2023-жылдын II кварталы | Техникалык адистерди даярдоонун бекитилген окуу пландары | БИМ, БПУАА, кызыкдар компаниялар (макулдашуу боюнча) |
Кыскартуулардын тизмеси:
БПУАА | - | "Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо боюнча агенттик" мамлекеттик эмес мекемеси; |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги; |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги; |
ИУА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик; |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; |
КРП ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; |
БУУӨП | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы; |
КР | - | Кыргыз Республикасы; |
ГБЖ | - | газ баллондук жабдуулар; |
КЖГ | - | компримирленген жаратылыш газы; |
ЧУА | - | ченемдик укуктук актылар; |
АГТКС | - | автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станция. |
|
| 3-тиркеме |
2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында газмотордук отун-компримирленген жаратылыш газынын рыногун өнүктүрүү программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
№ | Индикатордун аталышы | Ченөө бирдиги | Базалык жыл | Аралык индикаторлор | Акыркы индикаторлор (2030) | Жооптуу аткаруучулар | ||
2024 | 2025 | 2026 | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
Максаты: 2030-жылга карата автомобиль транспортунун 50%ын газмотордук отунга өткөрүүнү камсыздоо жана булгоонун кыймылдуу булактарынан зыяндуу (булгоочу) заттардын чыгындыларынын көлөмүнүн бир транспорт каражатына болгон үлүшүн 2022-жылдын деңгээлине карата 60%га төмөндөтүү | ||||||||
1-артыкчылык. Ташуулардын өздүк наркын төмөндөтүү жана транспорттун айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтуу үчүн жаратылыш газын мотордук отун катары пайдалануу көлөмдөрүн көбөйтүү | ||||||||
1 | АГТКС саны | даана | 6 | 7 | 9 | 11 | 20 | "Газпром Кыргызстан" ЖЧК, жеке инвесторлор |
2 | ГБЖ борборлорунун саны | даана | 1 | 3 | 5 | 7 | 20дан ашуун | "Газпром Кыргызстан" ЖЧК, жеке инвесторлор |
3 | КЖГны керектөө көлөмү | млн м3 | 10,2 | 13,5 | 14,3 | 16,3 | 35 | "Газпром Кыргызстан" ЖЧК, жеке инвесторлор |
Кыскартуулардын тизмеси:
АГТКС | - | автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станция; |
ГБЖ | - | газ баллондук жабдуулар; |
КЖГ | - | компримирленген жаратылыш газы; |
ЖЧК | - | жоопкерчилиги чектелген коом. |