Загрузка документа…
|
| ||
|
| ||
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы №660 токтомуна) | |
2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында газмотордук отун-компримирленген жаратылыш газынын рыногун өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2532-VI токтому менен бекитилген "Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика концепциясында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-ноябрындагы № 605 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы өнүктүрүүнүн 2019-2023-жылдарга программасында жана башка тармактык стратегияларда, концепцияларда аныкталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын маанилүү багыты болуп өлкөнүн жаратылыш капиталын натыйжалуу пайдаланууда транспорттун айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасирин азайтууну узак мөөнөттүү келечекте камсыз кылуучу транспортту экологиялык жактан туруктуу өнүктүрүү моделине өтүү саналат.
Транспорт каражаттарын отундун экологиялык түрлөрүн керектөөгө этап-этабы менен өткөрүү транспорттун айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуунун артыкчылыктуу милдети болуп саналат, бул Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, транспорттук чыгымдарды азайтууга жана өлкөнүн транспорт системасынын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Экологиялык көйгөйлөрдү кыйла келечектүү чечүүнүн жана дүйнөлүк тажрыйбада экономикалык натыйжалуулукту алуунун бири - бул транспортту отундун альтернативдүү түрлөрүн пайдаланууга, атап айтканда компримирленген жаратылыш газына (мындан ары - КЖГ) массалык түрдө өткөрүү.
КЖГны мотордук отун катары пайдалануу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- транспорттон айлана-чөйрөгө зыяндуу заттардын чыгындыларын азайтууга (күкүрт кычкылын жана төмөн дисперсиялык бөлүкчөлөрдү - 100%га, азот кычкылын - 76%га, көмүр кычкыл газын - 27%га);
- газмотордук отундун төмөн баасынын эсебинен ташуулардын өздүк наркын 15-25%га төмөндөтүүгө;
- транспорт каражаттарынын жана атайын багыттагы техниканын кыймылдаткычтарынын ресурсун жана эксплуатациялоо мөөнөтүн 1,2-1,5 эсеге жогорулатууга;
- газмотордук техниканы коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылууга.
1. Газмотордук отун рыногунун абалынын мүнөздөмөсү
1.1. Экологиялык аспект
Кыргыз Республикасынын автомобилдешүүсүнүн жогорку деңгээли, республикадагы автомобилдердин көпчүлүк бөлүгү боюнча эскирген паркы (10-15 жылдан жогору), сапатсыз мунайзаттарды пайдалануу атмосферага булгоочу заттар - бензиндин жана дизелдик отундун күйүү продукттары болгон оор металлдардын бөлүкчөлөрүнүн, көмүртек жана азот кычкылынын, көмүрсуутектин 80%дан ашыгынын түшүүсүн камсыз кылат. Курчап турган чөйрөнү коргоо, экология жана климат чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын расмий отчеттору боюнча 2018-жылы кыймылдуу булактардан атмосферага чыгындылар 180 миң тоннаны түздү, бул 240 миң тоннанын 75%. Чыгындылардын эң көп саны көмүртек жана азот кычкылы, ошондой эле автотранспорттук бензинди керектөөдөгү көмүрсуутек болгон. Жалпысынан республика боюнча бензинди пайдалануу 2020-жылы 938 миң тоннаны түздү. Республикада бензинди - 94% жана дизелдик отунду - 89% негизги керектөө Бишкек шаарына туура келет. Бишкек жана Ош шаарларында кыймылдуу булактар жана жылуулук станциялары менен абанын булганышынын эң жогорку деңгээли белгиленүүдө. Экология жаатындагы эксперттердин маалыматтары боюнча кыймылдуу булактардан атмосферага чыгындылар транспорттун көбөйүшүнө жараша жылдан жылга көбөйүүдө.
Айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирдин натыйжасында, анын ичинде автотранспорттун зыяндуу чыгындыларынан улам Кыргызстандын калкынын ден соолугунун абалы начарлады. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча жалпысынан республика боюнча 2008-2021-жылдар аралыгында залалдуу оорулар менен ооругандардын саны 33%га көбөйгөн, дем алуу органдарынын оорулары 29%га өскөн, ал эми кан айлануу системасынын оорулары менен ооругандардын саны 53%ды түзгөн.
Өлкөдөгү экологиялык кырдаалды жакшыртуу максатында 2018-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан "Кыргызстан - жашыл экономиканын өлкөсү" жашыл экономика концепциясы бекитилген. Бул Концепциянын алкагында экологияны сактоо жана жакшыртуу максатында автотранспортто отундун экологиялык түрүн (КЖГ) пайдаланууну өнүктүрүү да каралууда.
1.2. Экономикалык аспект
Бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу колдонуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат.
КЖГ отундун экологиялык гана эмес, үнөмдүү да түрү болуп эсептелет, КЖГна болгон баа отундун салттуу түрлөрүнө караганда дээрлик эки эсеге аз. Коомдук жана муниципалдык автотранспортту КЖГга өткөрүү каржы каражаттарын үнөмдөө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу мүмкүндүгүн бере алат.
Азыркы учурда КЖГга болгон баа Кыргыз Республикасындагы эң туруктуу болуп саналарын газмотордук отунга болгон бааны талдоо көрсөттү. Кыргыз Республикасына 2014-жылы "Газпром" ачык акционердик коомунун келиши менен жаратылыш газына болгон баа 2014-жылдагы 27 сомдон 2016-жылы 19 сомго чейин төмөндөгөн. 2021-жылы КЖГ Кыргыз Республикасындагы эң арзан отун болуп калды (1-сүрөт), айырма 100%дан ашыкты түзөт.
1-сүрөт. 2015-2021-жылдар үчүн КММга жана КЖГга баалардын динамикасы (1 л/м3 үчүн сом менен)
Акыркы 6 жылда КЖГга болгон баа 4 сомго гана көтөрүлгөн (2-сүрөттү кара). Жаратылыш газына тарифти Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент аныктайт.
2-сүрөт. 2015-2021-жылдар үчүн КЖГга баалардын динамикасы (1 м3 үчүн сом менен)
КЖГга баанын төмөндөшү менен жаратылыш газын мотордук отун катары керектөөнүн көлөмү 2015-жылдагы. 2,9 млн м3дан 2021-жылы 11,9 м3га өсүү динамикасына ээ, 310%га көбөйүү байкалууда (3-сүрөттү кара).
3-сүрөт. 2015-2021-жылдар үчүн КЖГны керектөөнүн көлөмдөрүнүн динамикасы (миң м3)
КЖГны мотордук отун катары пайдаланууга техникалык мүмкүнчүлүгү бар автотранспорт каражаттарынын паркы 2021-жылдын акырына карата 2,2 миңден ашуун бирдикти (Кыргыз Республикасындагы автотранспорт каражаттар паркынын жалпы санынын 1%дан азыраагын) түздү.
4-сүрөт. 2015-2021-жылдар үчүн КЖГ пайдалануу мүмкүндүгү бар транспорттун динамикасы (бирдикте)
Сүрөт.
Экономикалык эсептөө
КЖГ өзүнүн үнөмдүүлүгүнүн натыйжасында ишенимдүү түрдө мотордук отун рыногунун лидерине айланууда. "Көгүлтүр отунга" өтүү тенденциясы АКШ, Кытай, БАЭ, Европада туу чокусуна жетти. Метандын мындай популярдуулугунун себеби анын экологиялуулугу гана эмес, жагымдуу баасы. Автомобилге жаратылыш газын толтуруунун баасы бензинге караганда 2 эсеге арзан.
Эсептөө үчүн отундун жылуулук чыгаруу жөндөмүн эске алуу зарыл. КЖГ үчүн ал 13 175 ккал/кг барабар, ал эми бензин үчүн - 10572 ккал/кг. Бул отундун түрлөрүнүн ар биринин 1 м3 энергиясын эсептеп чыгаралы. КЖГ м3 үчүн 0,71 тыгыздыкка ээ, демек анын энергиясы м3 үчүн 9354 ккалга барабар. 0,73 кг/л тыгыздыгы менен бензиндин энергиясы 7718 ккал/л түзөт. Эсептөөлөр бизди 1 л бензин 0,83 м3 метанга эквиваленттүү деген тыянакка алып келет. Бул метан чыгымы бензинге караганда 10%га аз дегенди билдирет.
Метандын чыгымы бензиндин чыгымына барабар жана 100 км 15 м3 түзөт деп эсептесек да, бензин отунунун финансылык чыгымы атаандашынын көрсөткүчүнөн алда канча жогору. Жылдык 30000 км жүрүүдө метан толтурууга жылына болжол менен 103500 сом сарпталат. Ошол эле шарттарда бензинге жылдык чыгымдар 216000 сомду түзөт - бул 112500 сомго көп. КЖГ менен иштөөнүн пайдасы көрүнүп турат. Буга байланыштуу жакын арада газ отунунун популярдуулугу өсөт деп күтүлүүдө.
Учурда өлкөдө мамлекеттик жана муниципалдык транспорттун саны 14 миңден ашуун бирдикти түзөт. Жыл сайын мамлекеттик жана муниципалдык бюджеттен транспорттун күйүүчү-майлоочу материалдарына (мындан ары - КММ) 2,5 млрд. сом сарпталат. КММга жана КЖГга бааны эске алганда, транспорт КММден КЖГга толук өткөндө мамлекеттик жана муниципалдык бюджеттин үнөмдөөлөрү жыл сайын болжол менен 1,5 млрд. сомду түзөрүн эсептөөлөр көрсөтүүдө.
Сүрөттөр.
Жаратылыш газын газмотордук отун катары пайдаланууга өтүүнүн маанилүү фактору болуп Кыргыз Республикасынын аймагында болгон жаратылыш газынын запастары эсептелет. Жаратылыш газынын запастарына Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Геология жана күйүүчү кен байлыктарын чалгындоо институту тарабынан жүргүзүлгөн болжолдуу баалоо Кыргыз Республикасынын аймагында 5579 млн. м3 өлчөмүндө жаратылыш газынын запасы бар экендигин жана өлкөнүн түштүгүндө жети кен чыккан жерде топтолгонун, анын бешөө Жалал-Абад облусунда жана экөө Баткен облусунда жайгашкандыгын көрсөттү. Өлкөнүн учурдагы газ керектөөсү жылына 300 млн. м3 ашык газды түзөт. Жаратылыш газынын бул запастарын өздөштүрүү Кыргыз Республикасын бир нече ондогон жылдар бою көгүлтүр отун менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
1.3. Эл аралык тажрыйба
Акыркы жылдары дүйнөдө КЖГны керектөө көлөмү туруктуу өсүүдө. Алсак, акыркы беш жылда дүйнөдө КЖГны керектөө көлөмү 3 эсеге көбөйдү, ошол эле учурда орточо жылдык өсүш темпи орточо 27%ды түздү. Суюлтулган көмүрсуутек газын (мындан ары - СКГ) керектөө көлөмү 3% жылдык орточо өсүш темпи менен ушул эле мезгилде болгону 28%га көбөйдү.
Демек КЖГ менен иштеген автомобилдердин дүйнөлүк паркы жыл сайын 25-30%га көбөйүүдө. Эл аралык газ союзунун божомолуна ылайык газ баллондуу автотранспорт паркынын өсүшү 2025-жылдагы 40 млн. бирдиктен 2030-жылы 70 млн. бирдиктен ашат (5-сүрөт).
5-сүрөт. 2000-2021-жылдар үчүн КЖГга транспорттун динамикасы
Бүгүнкү күндө дүйнөдө 30 миңден ашуун АГТКС бар (6-сүрөт).
6-сүрөт. 2000-2021-жылдар үчүн АГТКС санынын динамикасы
Дүйнөдөгү АГТКС санынын динамикасы, даана
Бүгүнкү күндө көптөгөн дүйнөлүк автоөндүрүүчүлөр (Audi, BMW, Cadillac, Ford, Mercedes-Benz, Chrysler, Honda, Kia, Toyota, Volkswagen жана башкалар) КЖГ пайдаланган автомобилдерди сериялык түрдө чыгарууну ишке ашырууда.
КЖГ дүйнөлүк рыногунун жогорку темпте өсүүсүнүн негизги себептери болуп төмөнкүлөр саналат:
- отундун салттуу түрлөрүнө (бензинге жана дизелдик отунга) салыштырмалуу КЖГнын баасынын жагымдуулугу;
- газ баллондук жабдуулардын жана аны орнотуунун наркынын өзүн-өзү актоосунун кыска мөөнөтү;
- КЖГнын экологиялуулугу жана транспорттон чыккан булгоочу заттардын чыгындыларына карата экологиялык талаптардын жогорулашы;
- КЖГны пайдалануунун коопсуздугу.
КЖГ дүйнө жүзү боюнча эң арзан мотордук отун болуп саналат, адистердин айтымында, анын запасы кеминде жакынкы 200 жылга жетет.
Газ менен жүрүүчү автомобилдер адатта дизелдик жана бензиндик аналогдорунан кымбат турат. Дүйнөдө автобустар боюнча кымбаттоо 10%дан 25%га чейин, жүк ташуучу автомобилдер жана атайын техникалар боюнча 15%дан 80%га чейинкини түзөт. Бирок наркынын кымбатыраак болгонуна карабастан, газ менен жүрүүчү автомобилдер дизелдик аналогдоруна караганда өзүн тезирээк актайт жана көбүрөөк киреше алып келет. Мисалы "КАМАЗ" газ баллондук самосвалы бирдей эксплуатациялоо шартында кыйла арзан дизелдик аналогго караганда 2 айга тезирээк өзүн актайт жана 8 жылдын ичинде эксплуатациялоодо 1,6 млн. сомго көп киреше алып келет.
КЖГ мотордук отун катары эң оболу өзүнүн газ кендери бар жана энергетикалык, экологиялык коопсуздук жана экономикалык туруктуулук чөйрөсүндө активдүү саясатты жүргүзгөн өлкөлөрдө кеңири колдонулат.
Транспорттук сектордо КЖГны керектөөнүн мындай алдыңкы өлкөлөрүнө Пакистан Республикасы, Аргентина Республикасы, Бразилия Федеративдик Республикасы, Индия Республикасы, Кытай Эл Республикасы жана Америка Кошмо Штаттары кирет.
Эл аралык тажрыйбаны талдоо көрсөткөндөй, газмотордук отун рыногун өнүктүрүү газмотордук отун рыногун өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоонун ар кандай механизмдерин пайдалануунун эсебинен камсыз кылынат, анын ичинде:
- газмотордук отунду пайдалануучу транспорт каражаттарынын паркынын санынын өсүшүнүн көрсөткүчтөрүн жана максаттуу индикаторлорун жана мамлекеттик бийлик органдары тарабынан өлкөнүн жана айрым региондордун деңгээлинде бекитилүүчү стратегиялык жана программалык документтерде газ толтуруучу инфраструктура объекттеринин санын белгилөө;
- газмотордук отунду пайдалануучу транспорт каражаттарын жана атайын максаттагы техниканы сатып алуунун тең каржылоо программаларын жүзөгө ашыруу;
- газмотордук транспорт каражаттарына жеңилдетилген салык салууну киргизүү, шаарларда акысыз токтоочу жерге жана жолдун коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн оң тилкеси менен жүрүүгө укук берүү;
- газмотордук отунга нөлдүк же жеңилдетилген акциздерди киргизүү;
- газ толтуруучу инфраструктура объекттерин курууну мамлекеттик тең каржылоо;
- транспорт каражаттарын газ баллондук жабдуулар менен жабдууга кеткен чыгымдардын бир бөлүгүнүн ордун толтуруу;
- мамлекеттик жана муниципалдык компаниялар тарабынан газмотордук техниканы сатып алууга дем берүү;
- чыгарылуучу жана эксплуатациялануучу транспорт үчүн зыяндуу заттардын чыгындыларынын көлөмүнө экологиялык талаптарды киргизүү.
1.4. Газмотордук отун - КЖГны пайдалануунун артыкчылыктары
Транспорттун жаратылыш газын мотордук отун катары пайдаланууга өтүшүнө түрткү берүүчү факторлордун катарына төмөнкүлөр кирет:
1. Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаттарынын паркынын жалпы санынын 80%га жакыны 10 жылдан ашык эксплуатацияланууда. Автомобилдердин жана алардын тетиктеринин наркынын өсүшү, салттуу күйүүчү майлардын баасынын жогорулашы менен автотранспорт каражаттарынын ээлери атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү камсыз кылуу үчүн ташуулардын өздүк наркын төмөндөтүүгө умтулушат.
2. Азыркы учурда мотордук отун катары жаратылыш газынын наркы дизелдик отундун наркынын 50-60% деңгээлинде, бул жаратылыш газын пайдаланууга өткөндө отундун салттуу түрлөрүн колдонууга салыштырмалуу ташуулардын өздүк наркын 20-30%га төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
3. Отундун салттуу түрлөрүнүн ордуна жаратылыш газын пайдаланууда айлана-чөйрөгө уулуу заттардын чыгышы: көмүртек диоксиди жана азот кычкылы - 1,5-2 эсеге, дисперсиялык бөлүкчөлөр - 3-6 эсеге азаят, метан менен иштеген кыймылдаткычтар иштегенде иштетилген газдардын адамдын ден соолугу үчүн зыяндуулугу мунай отуну менен иштегендерге караганда 60%га төмөн.
4. Жаратылыш газын мотордук отун катары пайдалануу транспорт каражаттарын эксплуатациялоо мөөнөтүн узартууга жана алардын техникалык тейлөө чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берет.
5. Жаратылыш газын мотордук отун катары пайдалануу транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун коопсуздук деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Метан абадан дээрлик 2 эсе жеңил, ошондуктан герметизациясы бузулганда ал башка күйүүчү майлардан айырмаланып, чөгүп кетпестен, сыртка чыгып кетет. Метан уулуу эмес, канцерогендик эмес. Мындан тышкары газдардын тутануусунун төмөнкү температуралык жана концентрациялык көрсөткүчтөрү бензин менен дизелге караганда бир кыйла жогору. Баллондордо газ басым астында болгондуктан, ага күйүү же жарылуу үчүн зарыл болгон абанын кирүү мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылат, ал эми бензин же дизелдик резервуарларда алардын буусу аба менен дайыма аралашып турат. Газ баллондору көп эселүү бышыктык запасына ээ жана автомобилдин кыйла коопсуз жерлерине орнотулат. Өрт чыккан учурда метан толтурулган баллондор жарылбайт, газ атайын кыстырмалар аркылуу чыгарылып, күйүп жок болот.
2. Көйгөйлөр
Автомобиль транспортунун жаратылыш газын мотордук отун катары пайдаланууга өтүүсүнө тоскоол болгон факторлордун катарына төмөнкүлөр кирет:
- газ толтуруучу жана тейлөө инфраструктурасынын жетишсиз өнүгүшү;
- жаратылыш газын мотордук отун катары пайдаланган автотранспорт каражаттарынын наркы отундун салттуу түрүндө иштеген автомобилдерге салыштырмалуу жогору (орточо 20%);
- иштеп жаткан автотранспорт каражаттарынын паркын мотордук отун катары жаратылыш газына өткөрүү газ баллондук жабдууларды сатып алууга жана орнотууга, кызматкерлерди даярдоого жана окутууга олуттуу чыгымдарды талап кылат;
- жаратылыш газын мотордук отун катары пайдаланууга өтүүнү пландаган автотранспорт ишканаларынын өндүрүштүк базасын реконструкциялоого жана техникалык жактан кайра жабдууга кошумча чыгымдарга муктаждык;
- автомобиль транспортуна газмотордук жабдууларды орнотууда жана каттоодо административдик тоскоолдуктардын болушу;
- жаратылыш газын мотордук отун катары пайдаланган автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо жана тейлөө үчүн даярдалган кадрлардын жоктугу.
3. Максаты жана артыкчылыктары
2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында газмотордук отун-компримирленген жаратылыш газынын рыногун өнүктүрүү программасынын (мындан ары - Программа) максаты: 2030-жылга карата автомобиль транспортунун 50%ын газмотордук отунга өткөрүүнү камсыздоо жана булгоонун кыймылдуу булактарынан зыяндуу (булгоочу) заттардын чыгындыларынын көлөмүнүн бир транспорт каражатына болгон үлүшүн 2022-жылдын деңгээлине карата 50%га төмөндөтүү.
Жаратылыш газын мотордук отун катары пайдалануу бир катар артыкчылыктарга ээ, алардын ичинде:
- ташуулардын өздүк наркын 20-30%га азайтууга мүмкүндүк берет, бул газмотордук отунга баанын кыйла төмөн болушу менен шартталат;
- айлана-чөйрөгө уулуу заттардын чыгындыларын (көмүртек кычкылын - 2,5 эсеге, азот кычкылын - 2 эсеге, көмүрсуутектерди - 3 эсеге, түтүндүн - 9 эсеге) азайтуу;
- кыймылдаткычтардын ресурсун жана транспорт каражаттарын жана атайын багыттагы техникаларды эксплуатациялоо мөөнөтүн 1,3-1,5 эсеге жогорулатуу.
Бул Программанын эки негизги артыкчылыгы бар.
1-артыкчылык транспорттук чыгымдарды азайтуу жана транспорттун айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин төмөндөтүү үчүн жаратылыш газын мотордук отун катары пайдалануу көлөмдөрүн көбөйтүүнү камтыйт.
2-артыкчылык жаратылыш газын иштөө циклинин аралыгында мотордук отун катары пайдаланган транспорт каражаттарын ишке киргизүү жана натыйжалуу эксплуатациялоо үчүн техникалык жана кадрдык потенциалдарды өнүктүрүүнү камтыйт.
Артыкчылыктар газмотордук отун рыногун өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды жана өбөлгөлөрдү түзүү жолу менен ишке ашырылат.
4. Милдеттер жана чаралар
1-артыкчылык. Ташуулардын өздүк наркын төмөндөтүү жана транспорттун айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтуу үчүн жаратылыш газын мотордук отун катары пайдалануунун көлөмдөрүн көбөйтүү
1.1-милдет. Жаратылыш газын мотордук отун катары пайдалануу жаатындагы мыйзамдарды кайра карап чыгуу
Жаратылыш газын мотордук отун катары пайдалануу жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү менен байланышкан милдетти чечүү үчүн төмөнкүдөй чараларды ишке ашыруу пландалууда:
- жаратылыш газын мотордук отун катары өндүрүү, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу процесстерине талаптарды актуалдаштыруу;
- жаратылыш газын мотордук отун катары пайдаланган транспортту сактоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого, ошондой эле газ баллондук жабдууларга талаптарды актуалдаштыруу;
- ЕАЭБ/БС техникалык регламенттерине тиешелүү талаптарды ишке ашыруу;
- жаратылыш газын мотордук отун катары пайдаланган транспортту тейлөө жана оңдоо жаатындагы сервистик инфраструктурага ченемдик талаптарды иштеп чыгуу;
- жаратылыш газын мотордук отун катары пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик базаны өркүндөтүү боюнча башка чаралар.
ЕАЭБдин "Суюлтулган көмүрсуутек газдарын отун катары пайдалануу үчүн талаптар" (ЕАЭБ ТР 036/2016) техникалык регламентинин талаптарына ылайык 1.1-милдеттин пунктунда төмөнкүдөй текстти кошуу пландалууда:
Жаратылыш газын мотордук отун катары пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө байланышкан милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй чараларды ишке ашыруу пландалууда:
- Газмотордук отундун авто газ толтуруучу станцияларынын коопсуздук эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү;
- жаратылыш газын өндүрүү, маркалоо, сактоо, эсепке алуу жана мотордук отун катары пайдалануу процесстерине карата талаптарды актуалдаштыруу.
1.2- милдет. Газмотордук инфраструктураны өнүктүрүүгө түрткү берүү
Газмотордук инфраструктураны өнүктүрүүгө түрткү берүү менен байланышкан милдетти чечүү үчүн төмөнкүдөй чараларды ишке ашыруу пландалууда:
- газмотордук отун рыногун өнүктүрүүдө инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү: АГТКС жана КЖГна арналган газ баллондук жабдууларды (мындан ары - ГБЖ) орнотуу жана тейлөө станцияларын куруу боюнча;
- өлкөнүн аймагында КЖГ тармагынын инфраструктура объекттерин жайгаштыруунун интерактивдүү картасын иштеп чыгуу;
- потенциалдуу инвесторлорду издөө жана инвестициялык бизнес долбоорлорду ишке ашыруу.
1.3-милдет. Жаратылыш газын мотордук отун катары пайдаланууну кеңейтүү процессине маалыматтык колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу
Жаратылыш газын мотордук отун катары пайдаланууну кеңейтүү процессине маалыматтык колдоо көрсөтүү менен байланышкан милдетти чечүү үчүн жаратылыш газын мотордук отун катары пайдалануунун артыкчылыктары тууралуу калкка маалымдоо жана жаратылыш газын мотордук отун катары пайдаланууну жайылткан маалыматтык-жарнамалык иш-чаралар аркылуу пропагандалоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу пландалууда.
2-артыкчылык. Жаратылыш газын иштөө циклинин аралыгында мотордук отун катары пайдаланган транспорт каражаттарын ишке киргизүү жана натыйжалуу эксплуатациялоо үчүн техникалык жана кадрдык потенциалдарды өнүктүрүү
2.1-милдет. Жаратылыш газын мотордук отун катары пайдаланган автотранспорт менен иштөө үчүн квалификациялуу кызматкерлерди окутууну жана даярдоону камсыз кылуу
Жаратылыш газын (КЖГ) пайдаланган газ баллондук жабдууларды орнотуу жана техникалык тейлөө боюнча жана газмотордук отунду сактоо, ташуу, эсепке алуу жана сатуунун заманбап технологияларын өздөштүрүү боюнча билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
5. Күтүлүүчү натыйжалар
Бул Программанын комплекстүү мүнөзү экологияга, транспортко, энергетикага, өнөр жайына, курулушка, айыл чарбасына таасирин тийгизет.
Бул Программанын иш-чараларын ишке ашыруунун жыйынтыгында 2030-жылга карата төмөнкүдөй натыйжаларга жетишилет:
- газ толтуруучу инфраструктура объекттеринин саны диверсификацияланган кубаттуулугу менен 20 бирдикти түзөт;
- газмотордук отунду пайдаланган транспорт каражаттарынын саны 17 миң бирдикти түзөт;
- мотордук отун катары жаратылыш газын жылдык керектөөнүн көлөмү жылына 35 млн. м3 түзөт;
- эксперттердин маалыматтары боюнча автотранспорт каражаттарынан зыяндуу заттардын чыгындылары 2018-жылы болжол менен 180 миң тоннаны түзгөн. Автотранспорттун 50%ын жаратылыш газына өткөрүүдө транспорттон атмосферага зыяндуу заттардын чыгындылары 4 эсеге азаят;
- суткасына 10 автомашинаны өткөрүүгө өндүрүштүк кубаттуулугу бар газ баллондук жабдууларды орнотуу жана тейлөө боюнча сервистик борборлордун саны 20 бирдикти түзөт;
- транспортту КЖГга массалык түрдө өткөрүүдө КММ чыгымдарынан үнөмдөө биринчи жылдары 270 млн сомдон баштап КЖГга 50% өтүүдө 1,5 млрд. сомго чейин болот.
Транспорттун жана атайын багыттагы техниканын бардык түрлөрүн жаратылыш газын мотордук отун катары керектөөгө этап-этабы менен өткөрүү отун-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, транспорттук чыгымдарды азайтууга, өлкөнүн транспорт системасынын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатууга, транспорттун айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтууга мүмкүндүк берет.
Бул Программаны ишке ашыруу Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык милдеттерин төмөнкүлөрдүн эсебинен чечүүгө түрткү берет:
- жаратылыш газын мотордук отун катары пайдалануу аркылуу ташуулардын өздүк наркын төмөндөтүүнүн жана транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо мөөнөтүн жогорулатуунун натыйжасында транспорттук ишканалардын өндүрүмдүүлүгүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- транспорттун айлана-чөйрөгө зыяндуу чыгындыларынын көлөмүн азайтуу.
6. Программаны ишке ашыруу этаптары жана Программанын иш-чараларынын кыскача баяндамасы
Бул Программаны ишке ашыруу үч этапта пландалган, алардын ар биринин алкагында коюлган милдеттерди чечүү боюнча иш-чаралар ишке ашырылат. Бул Программанын этаптары иш-чараларды ишке ашырууда керектөөчүлөрдүн негизги топторун камтуу принциби боюнча бөлүнгөн.
Биринчи этапта 2022-жылдан тартып ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча чаралар, ошондой эле автотранспортту КЖГга өткөрүүнү маалыматтык камсыздоо боюнча чаралар ишке ашырылат. Газмотордук отун - КЖГны толтуруу пункттарынын жүктөмүн өстүрүүнүн жана газмотордук отун - КЖГны толтуруу жаңы пункттарын түзүүнүн эсебинен газ толтуруучу станциялардын тармагын кеңейтүүгө басым жасалат. Ишке ашырууда биринчи этаптагы керектөөчүлөрдүн максаттуу тобу мамлекеттик жана муниципалдык транспорт болот.
2023-жылдан тартып 2026-жылга чейинки экинчи этапта КЖГ пайдаланган автотранспорт каражаттарын сервистик тейлөө ишканаларын түзүү жана КЖГны пайдалануу жаатындагы кадрларды даярдоо боюнча иш-чаралар активдүү түрдө ишке ашырылат. Бул этаптагы керектөөчүлөрдүн максаттуу тобу - локалдык жана региондор аралык ташууларды ж.б. камсыз кылуучу коммерциялык ишканалар.
Үчүнчү этапта 2026-жылдан баштап магистралдык транспорттук ташуулардын жана КЖГда иштеген жеке автотранспорттогу өтүүлөрдүн региондор аралык тармагын түзүүгө көмөктөшүүчү республикалык маанидеги трассаларды бойлото инфраструктуралык тармакты кеңейтүү боюнча чаралар ишке ашырылат. Бул этапта жеке автотранспорттун керектөөчүлөрүн камтуу пландалууда.
7. Программаны ишке ашырууну финансылык камсыздоо
Бүткүл өлкө боюнча 20 бирдик АГТКС куруу үчүн болжол менен 2,1 млрд. сом керектелет. Автотранспортту активдүү өткөрүүдө АГТКСтин өзүн-өзү актоо мөөнөтү болжол менен 8-10 жылды түзөт.
Өлкөнүн 2ден 10%га чейинки автотранспортун 8 жылдын ичинде КЖГга өткөрүүдө суткасына 10 автомашинаны өткөрүүгө минималдуу өндүрүштүк кубаттуулугу бар ГБЖ орнотуу жана тейлөө боюнча 20дан ашык борбордун иштеши талап кылынат. 20 бирдик санындагы ГБЖ орнотуу жана тейлөө борборлорун ачуу үчүн 420 млн. сом керектелет. Бул борборлордун өзүн-өзү актоо мөөнөтү 2 жылды түзөт.
Бул Программанын иш-чараларын ишке ашыруу үчүн ресурстарды каржылоо инвесторлордун каражаттарынын, банктардын, донорлордун кредиттеринин, ошондой эле ишкерлердин өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Коммерциялык жана жеке автотранспортту газмотордук отунга өткөрүү боюнча финансылык чыгымдар авто ээлеринин каражаттарынын эсебинен жабылат.